وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان


وه‌رگێڕانی ماناكان سوره‌تی: سورەتی ق   ئایه‌تی:

Caf

لە مەبەستەکانی سورەتەکە:
وعظ القلوب بالموت والبعث.
Жүрөктөрдү өлүм жана кайра тирилүү менен насаат кылып эскертүү.

قٓۚ وَٱلۡقُرۡءَانِ ٱلۡمَجِيدِ
Каф. Ушуга окшогон сөздүн түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында айтылган. Аллах маанилерди, көптөгөн жакшылыктар менен берекени камтыган ыйык Куран менен ант берди. Силер кыямат күндөгү сурак, сыйлык жана жаза үчүн сөзсүз тирилтилесиңер.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
بَلۡ عَجِبُوٓاْ أَن جَآءَهُم مُّنذِرٞ مِّنۡهُمۡ فَقَالَ ٱلۡكَٰفِرُونَ هَٰذَا شَيۡءٌ عَجِيبٌ
Алардын баш тартуусунун себеби, алар сени калп айтат деп күтүшкөн эмес, анткени алар сенин чынчылдыгыңды билишет, тескерисинче, аларга периштелерден эмес, өздөрүнөн болгон пайгамбар келгенине таң калышты. Алар таң калып айтышты: «Бизге адамзаттан пайгамбардын келиши таң калыштуу!
تەفسیرە عەرەبیەکان:
أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗاۖ ذَٰلِكَ رَجۡعُۢ بَعِيدٞ
Биз өлүп, топуракка айлангандан кийин кайра тирилебизби? Ошол кайра тирилүү жана денебиз чиригенден кийин ага жашоонун кайра кайтуусу мүмкүн эмес нерсе, андай болбойт».
تەفسیرە عەرەبیەکان:
قَدۡ عَلِمۡنَا مَا تَنقُصُ ٱلۡأَرۡضُ مِنۡهُمۡۖ وَعِندَنَا كِتَٰبٌ حَفِيظُۢ
Биз алар өлүп жок болгондон кийин алардын денелерин жер жегенин билебиз. Алардын эч бири Бизге жашыруун эмес. Биздин алдыбызда Аллах алардын жашоосундагы жана өлгөндөн кийинки тагдыр кылган бүткүл нерселерди сактоочу Китеп бар.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
بَلۡ كَذَّبُواْ بِٱلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَهُمۡ فَهُمۡ فِيٓ أَمۡرٖ مَّرِيجٍ
Бирок ал мушриктер пайгамбар алып келген Куранды жалганга чыгарышты. Алар оңтойсуз абалда турушат. Ал тууралуу эч нерсени далилдей алышпады.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
أَفَلَمۡ يَنظُرُوٓاْ إِلَى ٱلسَّمَآءِ فَوۡقَهُمۡ كَيۡفَ بَنَيۡنَٰهَا وَزَيَّنَّٰهَا وَمَا لَهَا مِن فُرُوجٖ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар үстүндөгү асман тууралуу ой жүгүртүшпөйбү, Биз аны кантип жараттык, кантип курдук жана жылдыздарды жайгаштырып кантип кооздодук? Аны кемчилдүү кылган эч кандай жаракалары жок. Ушундай асманды жараткан Аллах өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүү.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَٱلۡأَرۡضَ مَدَدۡنَٰهَا وَأَلۡقَيۡنَا فِيهَا رَوَٰسِيَ وَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوۡجِۭ بَهِيجٖ
Биз жерди жашоого ыңгайлаштырып кең кылдык, ал термелбеш үчүн бекем тоолорду орноттук жана көзгө жагымдуу түрдүү-түрдүү өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды өстүрдүк.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
تَبۡصِرَةٗ وَذِكۡرَىٰ لِكُلِّ عَبۡدٖ مُّنِيبٖ
Биз булардын баарысын Раббисине моюн сунуп кайткан пенделерге түшүнүк жана эскертүү болсун деп жараттык.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَنَزَّلۡنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ مُّبَٰرَكٗا فَأَنۢبَتۡنَا بِهِۦ جَنَّٰتٖ وَحَبَّ ٱلۡحَصِيدِ
Биз асмандан көптөгөн пайдалары жана жакшылыктары бар суу түшүрдүк, ошол суу менен бактарды өстүрдүк жана силер түшүмүн жыйнаган арпанын данын жана башка нерселерди өстүрдүк.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَٱلنَّخۡلَ بَاسِقَٰتٖ لَّهَا طَلۡعٞ نَّضِيدٞ
Жана сабактары бири-биринин үстүнө төшөлгөн бийик курма дарактарын өстүрдүк.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
رِّزۡقٗا لِّلۡعِبَادِۖ وَأَحۡيَيۡنَا بِهِۦ بَلۡدَةٗ مَّيۡتٗاۚ كَذَٰلِكَ ٱلۡخُرُوجُ
Биз бул өстүргөн нерселерди пенделер жей турган ырыскы болуш үчүн өстүрдүк. Жана аны менен өсүмдүк өспөгөн жерди тирилттик. Биз бул жамгыр менен өсүмдүк өспөгөн жерди тирилткен сыяктуу өлүктөрдү да тирилтебиз, алар тирилип чыгышат.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
كَذَّبَتۡ قَبۡلَهُمۡ قَوۡمُ نُوحٖ وَأَصۡحَٰبُ ٱلرَّسِّ وَثَمُودُ
Оо, пайгамбар! Сени жалганга чыгаргандардан мурунку коомдор да өз пайгамбарларын жалганга чыгарышкан. Нухтун коому, кудук ээлери жана Самуд коому жалганга чыгарышты.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَعَادٞ وَفِرۡعَوۡنُ وَإِخۡوَٰنُ لُوطٖ
Аад коому, Фараон жана Луттун коому жалганга чыгарышты.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡأَيۡكَةِ وَقَوۡمُ تُبَّعٖۚ كُلّٞ كَذَّبَ ٱلرُّسُلَ فَحَقَّ وَعِيدِ
Айка жана Йемендеги Туббъа коому пайгамбары Шуаъйбды жалганга чыгарды, бул коомдордун баары аларга Аллах жиберген пайгамбарларды жалганга чыгарышты жана аларга Аллах убада кылган азапка кабылышты.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
أَفَعَيِينَا بِٱلۡخَلۡقِ ٱلۡأَوَّلِۚ بَلۡ هُمۡ فِي لَبۡسٖ مِّنۡ خَلۡقٖ جَدِيدٖ
Биз кайра тирилтүүдө алсыздык кылчудай силерди биринчи жаратканда алсыздык кылыптырбызбы? Бирок алардын биринчи жаралуудан кийин кайра жаралуу тууралуу баштары катып жатат.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
سوودەکانی ئایەتەکان لەم پەڕەیەدا:
• المشركون يستعظمون النبوة على البشر، ويمنحون صفة الألوهية للحجر!
Мушриктер пайгамбарчылык адам баласына ылайык келбейт деп ойлошот, бирок өздөрү таштарга кудай сыпатын ыйгарышат.

• خلق السماوات، وخلق الأرض، وإنزال المطر، وإنبات الأرض القاحلة، والخلق الأول: كلها أدلة على البعث.
Асмандарды жаратуу, жерди жаратуу, жамгыр жаадыруу, кургак жерден өсүмдүктөрдү чыгаруу, абалкы жаралуу – ушулардын баарысы кайра тирилүүнүн далилдери.

• التكذيب بالرسل عادة الأمم السابقة، وعقاب المكذبين سُنَّة إلهية.
Пайгамбарларды жалганга чыгаруу мурунку коомдордун адаты жана жалганчыларды жазалоо Аллахтын карманган жолу.

وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ وَنَعۡلَمُ مَا تُوَسۡوِسُ بِهِۦ نَفۡسُهُۥۖ وَنَحۡنُ أَقۡرَبُ إِلَيۡهِ مِنۡ حَبۡلِ ٱلۡوَرِيدِ
Биз инсанды жараттык жана ал дилинде сүйлөгөн сөздөрдү жана ой толгоолорду билебиз. Биз ага жүрөк менен байланышкан моюндагы күрөө тамырынан да жакынбыз.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
إِذۡ يَتَلَقَّى ٱلۡمُتَلَقِّيَانِ عَنِ ٱلۡيَمِينِ وَعَنِ ٱلشِّمَالِ قَعِيدٞ
Анын иш-аракеттерин кабыл алуучу эки периште бар, алардын бири оң тарабында, экинчиси сол тарабында олтурат.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
مَّا يَلۡفِظُ مِن قَوۡلٍ إِلَّا لَدَيۡهِ رَقِيبٌ عَتِيدٞ
Ал кандай гана сөз айтпасын, анын сүйлөгөндөрүн күзөтүп туруучу даяр периште бар.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَجَآءَتۡ سَكۡرَةُ ٱلۡمَوۡتِ بِٱلۡحَقِّۖ ذَٰلِكَ مَا كُنتَ مِنۡهُ تَحِيدُ
Качып кутулуу мүмкүн болбогон өлүм кыйынчылыгы акыйкат менен келди. Оо, бейкапар инсан! Бул сен алыстап качып жүргөн нерсе.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَنُفِخَ فِي ٱلصُّورِۚ ذَٰلِكَ يَوۡمُ ٱلۡوَعِيدِ
Керней тартууга жоопкер периште кернейди экинчи жолу тартты. Мына ушул кыямат күн. Каапырлар менен күнөөкөрлөргө азап убада кылынган күн.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَجَآءَتۡ كُلُّ نَفۡسٖ مَّعَهَا سَآئِقٞ وَشَهِيدٞ
Ар бир жанды бир периште коштоп алып келет. Ал периште анын кылган иш-аракеттерине күбө болот.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
لَّقَدۡ كُنتَ فِي غَفۡلَةٖ مِّنۡ هَٰذَا فَكَشَفۡنَا عَنكَ غِطَآءَكَ فَبَصَرُكَ ٱلۡيَوۡمَ حَدِيدٞ
Ал алып келинген инсанга айтылат: «Сен дүйнөдө кумарларга жана жыргалчылыктарга азгырылганың себептүү бул күндөн бейкапар болчусуң. Эми Биз сен тарткан азап менен кыйынчылыктар себептүү сенин бейкапарлыгыңды кетирип койдук. Бүгүн болсо сен капырыңа албай жүргөн нерселерди көрө турганчалык көзүң курч.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَقَالَ قَرِينُهُۥ هَٰذَا مَا لَدَيَّ عَتِيدٌ
Периштелерден болгон ага жоопкер жандоочусу айтты: «Мына менде анын кылган иштери алымча-кошумчасы жок даяр турат».
تەفسیرە عەرەبیەکان:
أَلۡقِيَا فِي جَهَنَّمَ كُلَّ كَفَّارٍ عَنِيدٖ
Аллах ал эки периштеге, коштоочу менен күбөгө өтүүчүгө айтты: «Акыйкатты четке кагып, ага баш ийбегендердин баарысын тозокко ыргыткыла.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
مَّنَّاعٖ لِّلۡخَيۡرِ مُعۡتَدٖ مُّرِيبٍ
Ал Аллахтын ага жүктөгөн милдеттеринен көп баш тарткан, Аллахтын чектеринен чыккан жана ага айтылган убада же азап тууралуу шектенген.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
ٱلَّذِي جَعَلَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَأَلۡقِيَاهُ فِي ٱلۡعَذَابِ ٱلشَّدِيدِ
Ал Аллахка сыйынууда Аны менен катар башка нерселерди кудай тутуп алган. Аны катуу азапка таштагыла».
تەفسیرە عەرەبیەکان:
۞ قَالَ قَرِينُهُۥ رَبَّنَا مَآ أَطۡغَيۡتُهُۥ وَلَٰكِن كَانَ فِي ضَلَٰلِۭ بَعِيدٖ
Анын шайтандардан болгон жандоочусу андан баш тартып айтты: «Раббибиз! Мен аны адаштырган жокмун. Бирок ал өзү акыйкаттан алыстап адашууга түштү».
تەفسیرە عەرەبیەکان:
قَالَ لَا تَخۡتَصِمُواْ لَدَيَّ وَقَدۡ قَدَّمۡتُ إِلَيۡكُم بِٱلۡوَعِيدِ
Аллах айтты: «Менин алдымда талашпагыла! Мындан эч пайда чыкпайт. Мен силерге дүйнөдө пайгамбарларым алып келген нерсе аркылуу Мага каапырлык жана баш ийбестик кылган адамга катаал азап убада кылынганын алдын ала эскерткем.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
مَا يُبَدَّلُ ٱلۡقَوۡلُ لَدَيَّ وَمَآ أَنَا۠ بِظَلَّٰمٖ لِّلۡعَبِيدِ
Менин алдымда сөз өзгөрбөйт жана убадам бузулбайт. Мен пенделеримдин жакшылыктарын кемитип, күнөөлөрүн көбөйтүп аларга зыян келтирбеймин. Тескерисинче, Мен алардын кылган иштерине жараша сыйлыгын же жазасын беремин».
تەفسیرە عەرەبیەکان:
يَوۡمَ نَقُولُ لِجَهَنَّمَ هَلِ ٱمۡتَلَأۡتِ وَتَقُولُ هَلۡ مِن مَّزِيدٖ
Биз ошол күнү тозоктон: «Сага ыртыгылган каапырлар менен күнөөлөргө толдуңбу?» – деп сурайбыз. Ошондо ал Раббисине: «Дагы барбы?» – деп Раббиси үчүн ачууланып кошумча талап кылып сурайт.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَأُزۡلِفَتِ ٱلۡجَنَّةُ لِلۡمُتَّقِينَ غَيۡرَ بَعِيدٍ
Раббисинин буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан корккондорго бейиш жакындатылды. Алар андагы жыргалчылыктарды анчалык алыс эмес жерден көрүштү.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
هَٰذَا مَا تُوعَدُونَ لِكُلِّ أَوَّابٍ حَفِيظٖ
Аларга айтылат: «Мына ушул Раббисине дайым тообо кылып кайткан, Анын ага жүктөгөн милдеттерин аткарган ар бир адамга берилет деп Аллахтын силерге берген убадасы.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
مَّنۡ خَشِيَ ٱلرَّحۡمَٰنَ بِٱلۡغَيۡبِ وَجَآءَ بِقَلۡبٖ مُّنِيبٍ
Кимде-ким Аллах гана көрө тургандай жашыруун абалда Андан корксо жана Ага бет алуу менен дайым Ага кайтып, таза жүрөк менен жолукса,
تەفسیرە عەرەبیەکان:
ٱدۡخُلُوهَا بِسَلَٰمٖۖ ذَٰلِكَ يَوۡمُ ٱلۡخُلُودِ
Ошолорго айтылат: «Силер жаман көргөн нерседен саламатта бейишке киргиле! Бул эч качан бүтпөгөн түбөлүктүү күн».
تەفسیرە عەرەبیەکان:
لَهُم مَّا يَشَآءُونَ فِيهَا وَلَدَيۡنَا مَزِيدٞ
Алар үчүн ал жакта эч качан түгүнбөгөн, алар каалагандай жыргалчылыктар бар. Ошондой эле Биздин алдыбызда эч бир көз көрбөгөн, эч бир кулак укпаган, адам баласынын жүрөгү туйбаган жыргалчылыктар бар. Мына ошолордун бири – Аллах тааланы көрүү.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
سوودەکانی ئایەتەکان لەم پەڕەیەدا:
• علم الله بما يخطر في النفوس من خير وشر.
Аллах адамдын дилинде жакшылык жана жамандык тууралуу пайда болгон ойлорду билет.

• خطورة الغفلة عن الدار الآخرة.
Акырет жайынан бейкапар жүрүүнүн коркунучу.

• ثبوت صفة العدل لله تعالى.
Аллах таала адилеттүүлүк сыпатына ээ экенин тастыктоо.

وَكَمۡ أَهۡلَكۡنَا قَبۡلَهُم مِّن قَرۡنٍ هُمۡ أَشَدُّ مِنۡهُم بَطۡشٗا فَنَقَّبُواْ فِي ٱلۡبِلَٰدِ هَلۡ مِن مَّحِيصٍ
Мекке элинен чыккан жалганчы мушриктерден мурун аларга караганда алд канча кубаттуу болгон канчалаган коомдорду кыйратып жок кылганбыз. Алар шаарларында ары-бери качып, азаптан сактоочу жай издеди, бирок таба албады.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَذِكۡرَىٰ لِمَن كَانَ لَهُۥ قَلۡبٌ أَوۡ أَلۡقَى ٱلسَّمۡعَ وَهُوَ شَهِيدٞ
Чындыгында мурунку коомдордун кыйроосу тууралуу айтылган бул нерседе акыл жүгүртүүчү жүрөгү бар же бейкапар болбостон, жүрөгү менен туюп кулак салган адамдар үчүн эскертүүлөр жана сабакбар бар.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ وَمَا مَسَّنَا مِن لُّغُوبٖ
Биз асмандарды, жерди жана алардын ортосундагы нерселерди көз ирмемде жаратып коюуга кудуреттүү болгонубузга карабай алты күндө жараттык жана жөөттөр айтышкандай Биз алсыраган жокпуз.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
فَٱصۡبِرۡ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ قَبۡلَ طُلُوعِ ٱلشَّمۡسِ وَقَبۡلَ ٱلۡغُرُوبِ
Оо, пайгамбар! Жөөттөрдүн жана башкалардын айткандарына сабыр кыл. Раббиңе мактоолорду айтып Ал үчүн күн чыкканга чейин багымдат намазын оку жана күн батканга чейин асыр намазын оку.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَمِنَ ٱلَّيۡلِ فَسَبِّحۡهُ وَأَدۡبَٰرَ ٱلسُّجُودِ
Түндүн бир бөлүгүндө Ал үчүн намаз оку жана намаздардан кийин Аны аруула.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَٱسۡتَمِعۡ يَوۡمَ يُنَادِ ٱلۡمُنَادِ مِن مَّكَانٖ قَرِيبٖ
Оо, пайгамбар! Уккун, ал күнү сурнай тартууга жоопкер периште жакын жерде сурнайды экинчи жолу тартып жар салат.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
يَوۡمَ يَسۡمَعُونَ ٱلصَّيۡحَةَ بِٱلۡحَقِّۚ ذَٰلِكَ يَوۡمُ ٱلۡخُرُوجِ
Ал күнү бардык макулуктар шек-күмөнсүз акыйкат менен кайра тирилүүнүн кыйкырык үнүн угушат. Аны угушкан күн – өлүктөр сурак, жаза жана сыйлык үчүн кабырларынан чыккан күн.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
إِنَّا نَحۡنُ نُحۡيِۦ وَنُمِيتُ وَإِلَيۡنَا ٱلۡمَصِيرُ
Чындыгында Биз тирилтебиз жана өлтүрөбүз. Бизден башка тирилтүүчү жана өлтүрүүчү жок. Кыямат күнү пенделер сурак, жаза жана сыйлык үчүн Бизге гана кайтып келишет.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
يَوۡمَ تَشَقَّقُ ٱلۡأَرۡضُ عَنۡهُمۡ سِرَاعٗاۚ ذَٰلِكَ حَشۡرٌ عَلَيۡنَا يَسِيرٞ
Ал күнү жер ачылып, алар андан шашылган абалда чыгышат. Бул чогултуу Биз үчүн оңой.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
نَّحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَا يَقُولُونَۖ وَمَآ أَنتَ عَلَيۡهِم بِجَبَّارٖۖ فَذَكِّرۡ بِٱلۡقُرۡءَانِ مَن يَخَافُ وَعِيدِ
Биз ал жалганчылардын эмне деп жатышкандарын жакшы билебиз. Оо, пайгамбар! Сен аларды ыйманга мажбурлай тургандай алардын үстүнөн башкаруучу эмессиң. Сен болгону Аллахтын буйругун гана жеткирүүчүсүң. Андыктан сен Менин азабын тууралуу убадаларымдан корккон каапырларды жана күнөөкөрлөрдү Куран менен эскерт.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
سوودەکانی ئایەتەکان لەم پەڕەیەدا:
• الاعتبار بوقائع التاريخ من شأن ذوي القلوب الواعية.
Тарыхта болуп өткөн окуялардан сабак алуу – баамчыл жүрөк ээлеринин иши.

• خلق الله الكون في ستة أيام لِحِكَم يعلمها الله، لعل منها بيان سُنَّة التدرج.
Аллах ааламды алты күндө жаратты. Анын сырларын Өзү гана билет. Балким муну менен баскыч-баскыч менен ишке ашуунун жолун баяндады.

• سوء أدب اليهود في وصفهم الله تعالى بالتعب بعد خلقه السماوات والأرض، وهذا كفر بالله.
Жөөттөрдүн Аллах асмандар менен жерди алты күндө жараткандан кийин чарчады деп сыпаттоолору жаман сыпат жана бул каапырлык болуп эсептелет.

 
وه‌رگێڕانی ماناكان سوره‌تی: سورەتی ق
پێڕستی سوره‌ته‌كان ژمارەی پەڕە
 
وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

داخستن