(О, Мухаммад) Аларга Нухтун кабарын окуп бер: Бир кезде Нух коомуна (кайрылып) айтты: “О, коомум! Эгер менин (динге даават кылып, көп жылдар араңарда) турушум жана Аллахтын аяттарын эскертишим силерге оор келген болсо, Аллахка тобокел кылдым, (мага каршы) бардык амал-күчүңөрдү жана Аллахка шерик кылган бардык “кудайыңарды” чогулта бергиле. Ишиңер өзүңөргө белгисиз болуп калбасын. Анан мага эч мөөнөт бербей, (колуңардан келгенин) кылгыла![1]
[1] Нух алейхи-салам тогуз жүз элүү жыл элдерди Таухидге – жалгыз Аллахтын Өзүнө сыйынууга чакыруудан чарчабаган. Тескерисинче, наадан коому өз пайдаларына айтылган насаттардан чарчап, Нухтун өзүнө ызырынып калышканда, тогуз кылым карыткан абышка, каапыр коомдун бардыгын, ишенген “кудайлары” менен кошо тирешүүгө чакырып: “колуңан келгенин жасап ал!” деп туру! Эгер Нух чыныгы пайгамбар болбосо жана артында жөлөнгөн кудуреттүү Кудайы – Аллах болбосо, мындай кайрат - өктөмдүктү көргөзө алат беле?
Эгер (насааттарымды кабыл албай) кетсеңер, мен силерден (динге чакырганым үчүн) акы сураганым жок. Сооп-сыйлыкты мен Аллахтан гана сураймын. Жана мен мусулмандардан (Аллахтын Өзүнө гана моюн сунуучулардан) болууга буюрулганмын”.
Андан соң коому аны (дагы бир ирет) “жалганчы” дешти. Анан Биз аны жана аны менен бирге болгондорду кемеде куткарып, (топон суудан кыйрагандарга) орунбасар кылдык жана Биздин аяттарыбызды “жалган дегендерди чөктүрүп салдык. Эскертилген адамдардын акыбалы кандай болгонун көрүп кой.
Кийин Биз анын (Нухтун) артынан (көп) пайгамбарларды өз коомдоруна жибердик. Алар коомдоруна анык далилдерди (моожизаларды) көргөзүштү. Бирок, алар, (моожизаларды көрсө да) мындан мурун “жалган” деген нерселерине (динге) ыйман келтиришпеди. Биз чектен чыгуучулардын жүрөгүн ушинтип мөөрлөп койобуз.
Андан соң пайгамбарлардын артынан Муса (бин Имран) менен (агасы) Харунду Фараон жана анын сарай кызматчыларына, Өзүбүздүн моожизаларыбыз менен жиберген кезде алар текеберленип, кылмышкер коом болуп калышты.
Алар айтышты: “Силер бизди ата-бабалар жүргөн динден тосуу үчүн жана (биздин) жердеги бийлик силерге ооп калуу үчүн (жана бизди өз жерибизден чыгарып жиберүү үчүн) келдиңерби?! Биз экөөңө (эч качан) ыйман келтирбейбиз!”[1]
[1] Фараон менен сарай адамдары акыйкат Муса тарапта экенин билип турса да, эптеп эле аны элине жаманатты кылыш үчүн жана наадан элди экөөнө каршы тукуруш үчүн ушул сөздөрдү элдин көзүнчө айтышты.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Paieškos rezultatai:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".