Kilniojo Korano reikšmių vertimas - الترجمة القيرغيزية * - Vertimų turinys

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Reikšmių vertimas Sūra: Sūra Ar-Rūm   Aja (Korano eilutė):

Рум

الٓمٓ
Алиф, Лаам, Миим.[1]
[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.
Tafsyrai arabų kalba:
غُلِبَتِ ٱلرُّومُ
Рум (Персиядан) жеңилди.[1]
[1] Рум – бул 395-жылда Рим империясынын чыгыш бөлүгүндө пайда болгон өз алдынча империя. Бул мамлекет тарыхта Византия империясы деген ат менен белгилүү. Борбору Константинаполь (азыркы Стамбул) шаары болгон.
Tafsyrai arabų kalba:
فِيٓ أَدۡنَى ٱلۡأَرۡضِ وَهُم مِّنۢ بَعۡدِ غَلَبِهِمۡ سَيَغۡلِبُونَ
Эң жакын жерде. Жана алар (Румдук аскерлер) жеңилгенден соң тез арада дагы жеңишке жетет.[1]
[1] Бул аят Курандын чоң муъжиза экенинин далили. Анткени Аллах бул аятта Румдуктардын жеңишин окуядан тогуз жыл мурун билдирди. Эгер Куранды Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам өзү жазса, муну кайдан билмек эле?
Tafsyrai arabų kalba:
فِي بِضۡعِ سِنِينَۗ لِلَّهِ ٱلۡأَمۡرُ مِن قَبۡلُ وَمِنۢ بَعۡدُۚ وَيَوۡمَئِذٖ يَفۡرَحُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
Бир нече жылдарда. Мындан мурун да, кийин да иш Аллахтын колунда. Ошол (Рум жеңген) күндө ыймандуулар сүйүнүшөт.[1]
[1] Анткени, алар да өздөрү сыяктуу Китеп элдери, Аллахка сыйынышат. Ал эми, Персия (Фурс) жеңсе, мушриктер сүйүнүшкөн. Себеби фурстар да алар сыяктуу мушрик.
Tafsyrai arabų kalba:
بِنَصۡرِ ٱللَّهِۚ يَنصُرُ مَن يَشَآءُۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Аллах Өзүнүн жардамы менен каалаган пенделерине жеңиш берет. Ал Кудуреттүү, Ырайымдуу.
Tafsyrai arabų kalba:
وَعۡدَ ٱللَّهِۖ لَا يُخۡلِفُ ٱللَّهُ وَعۡدَهُۥ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
(Бул – ) Аллахтын убадасы. Аллах (эч качан) убадасын аткарбай койбойт. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт.
Tafsyrai arabų kalba:
يَعۡلَمُونَ ظَٰهِرٗا مِّنَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَهُمۡ عَنِ ٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ غَٰفِلُونَ
Алар (көпчүлүк адамдар) дүйнө жашоосун үстүртөн эле билишет. Бирок, акырет жөнүндө эч нерсе билишпейт.[1]
[1] Акырет жашоосуна ишенбеген жана ал жашоонун кабарларын билбеген адамдар башка илимдерде ар канча билерман болсо да дүйнөнү терең түшүнө албайт.
Tafsyrai arabų kalba:
أَوَلَمۡ يَتَفَكَّرُواْ فِيٓ أَنفُسِهِمۗ مَّا خَلَقَ ٱللَّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَآ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَأَجَلٖ مُّسَمّٗىۗ وَإِنَّ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلنَّاسِ بِلِقَآيِٕ رَبِّهِمۡ لَكَٰفِرُونَ
Алар өздөрү жөнүндө ойлонушпайбы?! Аллах асмандар менен жерди жана ал экөөнүн арасындагыларды (беймаксат эмес) акыйкат менен убактылуу мөөнөткө гана жаратты. Бирок, адамдардан көпчүлүктөрү Раббилерине жолугууга (жана бул сыноо дүйнө жашоосунан эсеп берүүгө) ишенишпейт.
Tafsyrai arabų kalba:
أَوَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ كَانُوٓاْ أَشَدَّ مِنۡهُمۡ قُوَّةٗ وَأَثَارُواْ ٱلۡأَرۡضَ وَعَمَرُوهَآ أَكۡثَرَ مِمَّا عَمَرُوهَا وَجَآءَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِۖ فَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيَظۡلِمَهُمۡ وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ
Алар жер жүзүн кезип, өздөрүнөн мурда жашагандардын акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү?[1] Алар булардан (азыркы каапырлардан) күч-кубаттуураак болушкан, жерде көбүрөөк из калтырышкан. Жана буларга караганда көбүрөөк (жакшыраак) гүлдөтүшкөн. Кийин аларга пайгамбарлары (Аллахтын) анык аят-далилдерин алып келген. Аларга Аллах зулум кылбады. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.
[1] Жер жүзүнүн ар кайсы жерлеринде байыркы каапыр (Акыретке ишенбеген) коомдордун кыйрагандан калган из-белгилери көрүнүп турат.
Tafsyrai arabų kalba:
ثُمَّ كَانَ عَٰقِبَةَ ٱلَّذِينَ أَسَٰٓـُٔواْ ٱلسُّوٓأَىٰٓ أَن كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَكَانُواْ بِهَا يَسۡتَهۡزِءُونَ
Кийин жамандык (күнөө иш) жасагандардын акыбети аябай жаман болду! Себеби, алар Аллахтын аяттарын «жалган» дешкен жана аларды (аяттарды) шылдың кылышкан.
Tafsyrai arabų kalba:
ٱللَّهُ يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ ثُمَّ إِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Аллах жан-жартылышты биринчи ирет жоктон бар кылган. Кийин аларды (дүйнөдө жашатып, өлтүргөн соң) кайрадан экинчи ирет жаратат. Кийин Анын Өзүнө кайтарыласыңар.
Tafsyrai arabų kalba:
وَيَوۡمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يُبۡلِسُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ
Кыямат кайым болгон күнү күнөөкөр адамдар (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болушат.
Tafsyrai arabų kalba:
وَلَمۡ يَكُن لَّهُم مِّن شُرَكَآئِهِمۡ شُفَعَٰٓؤُاْ وَكَانُواْ بِشُرَكَآئِهِمۡ كَٰفِرِينَ
Алардын (Аллахка) шерик кылган «кудайлары» аларга шапаатчы (күнөөлөрүн жеңилдетүүчү) болбой калат. Жана (кийин) алар өз «кудайларына» каапыр (каршы) болушат.[1]
[1] «Биз силерге сыйынып, адашкан экенбиз. Көрсө, силердин колуңардан эч нерсе келбейт турбайбы?» дешип, алардын кудайлыгына ишенбей коюшат.
Tafsyrai arabų kalba:
وَيَوۡمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يَوۡمَئِذٖ يَتَفَرَّقُونَ
Жана кыямат күнү, ошол күнү алар (каапырлар тозокко, ыймандуулар бейишке) бөлүнүп кетишет.
Tafsyrai arabų kalba:
فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَهُمۡ فِي رَوۡضَةٖ يُحۡبَرُونَ
Ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылган адамдар (бейиш) бактарда кубанычка бөлөнүп, сыйланышат.
Tafsyrai arabų kalba:
وَأَمَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَلِقَآيِٕ ٱلۡأٓخِرَةِ فَأُوْلَٰٓئِكَ فِي ٱلۡعَذَابِ مُحۡضَرُونَ
Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызга жана акыреттеги (Аллах менен) жолгушууга ишенбеген адамдар, ошолор азапта калуучулар.
Tafsyrai arabų kalba:
فَسُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ حِينَ تُمۡسُونَ وَحِينَ تُصۡبِحُونَ
Түнгө кирип баратканда жана таңды утурлай Аллахга тасбих[1] айткыла (аруулагыла)!
[1] «Тасбих» - бул «СубханАллаh» деген сөз. Мааниси «Аллаh бардык кемчиликтүү сыпаттардан Аруу-Таза».
Tafsyrai arabų kalba:
وَلَهُ ٱلۡحَمۡدُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَعَشِيّٗا وَحِينَ تُظۡهِرُونَ
Асмандар менен жерде, дигер жана бешим мезгилдеринде[1] бардык мактоо - Аллахка гана! (айтылсын).
[1] Ушул эки (17-18-) аятта беш убак намаздын убактысы көргөзүлгөн: «Түнгө кирип баратканда» Бул Шам жана куптан намаздарынын «Дигер мезгили» асир намазынын, «Бешим мезгили» бешим намазынын убакыттары. Ушул убакыттарда намаздан соң тасбих жана хамд (мактоо) айтуу пазилеттүү ибадаттардан.
Tafsyrai arabų kalba:
يُخۡرِجُ ٱلۡحَيَّ مِنَ ٱلۡمَيِّتِ وَيُخۡرِجُ ٱلۡمَيِّتَ مِنَ ٱلۡحَيِّ وَيُحۡيِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَاۚ وَكَذَٰلِكَ تُخۡرَجُونَ
(Аллах) өлүктөн тирүүнү чыгарып, тирүүдөн өлүктү чыгарат жана жерди өлгөндөн соң кайра (жамгыр менен) тирилтет. (Анан ал өлүк жерден өсүмдүктөр өнүп чыгат) Силер дагы (акыретте мүрзөлөрдөн) ушул (өсүмдүктөр) сыяктуу чыгарыласыңар.
Tafsyrai arabų kalba:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنۡ خَلَقَكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ إِذَآ أَنتُم بَشَرٞ تَنتَشِرُونَ
Силерди топурактан жараткандыгы жана адамга айланып (жер бетине) таралганыңар Анын (кудуретинин) белгилеринен.
Tafsyrai arabų kalba:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنۡ خَلَقَ لَكُم مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ أَزۡوَٰجٗا لِّتَسۡكُنُوٓاْ إِلَيۡهَا وَجَعَلَ بَيۡنَكُم مَّوَدَّةٗ وَرَحۡمَةًۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ
Жана Анын белгилеринен – алар менен тынч-бейпил болууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени[1] жана араңарга сүйүү, мээрим салып койгону. Чынында бул нерселерде пикир кылган адамдар үчүн (даанышмандыгыбыздын) белгилер(и) бар.
[1] Адам баласы өзүнүн жубайынан зор тынчтануу, сооронуу табат. Никесиз жашаган адамдарда стресс (кайгы-капа, жаалдануу, толкундануу) көп болот.
Tafsyrai arabų kalba:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ خَلۡقُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱخۡتِلَٰفُ أَلۡسِنَتِكُمۡ وَأَلۡوَٰنِكُمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّلۡعَٰلِمِينَ
Жана Анын белгилеринен: Асмандар менен жерди жаратканы, силердин тилиңерди, ыраң-түсүңөрдү ар түрдүү кылып койгону. Албетте буларда билимдүүлөр үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
Tafsyrai arabų kalba:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ مَنَامُكُم بِٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ وَٱبۡتِغَآؤُكُم مِّن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَسۡمَعُونَ
Жана Анын белгилеринен (бири) силердин түн ичинде жана күндүз(дүн бир бөлүгүндө) укташыңар. Жана (күндүздүн көп бөлүгүндө) Аллахтын жакшылыктарын издешиңер (тиричилик кылышыңар). Чынында, ушул нерседе да уга турган адамдарга белгилер бар.
Tafsyrai arabų kalba:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ يُرِيكُمُ ٱلۡبَرۡقَ خَوۡفٗا وَطَمَعٗا وَيُنَزِّلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَيُحۡيِۦ بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَآۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ
Жана Анын белгилеринен: (чагылгандын оту түшүүсүнөн) коркуп, жамгырдан) үмүт кылышыңар үчүн[1] силерге чагылганды көргөзөт. Жана Ал (силерге) асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди өлгөндөн[2] соң тирилтет. Албетте мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар.
[1] Чагылгандан көпчүлүк корксо, көпчүлүк үмүт кылат. Тоолуу аймактагылар чагылган чартылдаганда «Кудай-ай! Дагы бир жерди сел каптап кетпегей эле!» - деп кооптонсо, чөлдө жашап, тамчы сууга зар болгондор чагылгандан сүйүнүп, жамгыр үмүт кылышат.
[2] Жерге жамгыр жаабаса, ал өлөт. Б.а. кургап түшүмсүз болуп калат. Кийин Аллах жамгыр жаадырып, өлүк жерди тирилтет.
Tafsyrai arabų kalba:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَن تَقُومَ ٱلسَّمَآءُ وَٱلۡأَرۡضُ بِأَمۡرِهِۦۚ ثُمَّ إِذَا دَعَاكُمۡ دَعۡوَةٗ مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ إِذَآ أَنتُمۡ تَخۡرُجُونَ
Жана Анын белгилеринен (бири) асман менен жердин Анын буйругу менен (тынч, зыянсыз) туруусу. (Андан) Кийин (Аллах) силерди чакыраар замат бардыгыңар жерден (мүрзөдөн) чыгарыласыңар (акыреттик сурак үчүн).
Tafsyrai arabų kalba:
وَلَهُۥ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ كُلّٞ لَّهُۥ قَٰنِتُونَ
Асмандарда жана жерде болгондун баары Аллахтын мүлкү. Бардыгы Ага (кааласа каалабаса) баш ийет.
Tafsyrai arabų kalba:
وَهُوَ ٱلَّذِي يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ وَهُوَ أَهۡوَنُ عَلَيۡهِۚ وَلَهُ ٱلۡمَثَلُ ٱلۡأَعۡلَىٰ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Ал дүйнө-ааламды жоктон бар кылган жана (акыретте экинчи жолу) кайрадан жарата турган Кудай. Бул Ага абдан жеңил. Асмандардагы жана жердеги эң жогорку сыпаттоолор Өзүнө гана таандык. Ал Кудуреттүү, Даанышман.
Tafsyrai arabų kalba:
ضَرَبَ لَكُم مَّثَلٗا مِّنۡ أَنفُسِكُمۡۖ هَل لَّكُم مِّن مَّا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُم مِّن شُرَكَآءَ فِي مَا رَزَقۡنَٰكُمۡ فَأَنتُمۡ فِيهِ سَوَآءٞ تَخَافُونَهُمۡ كَخِيفَتِكُمۡ أَنفُسَكُمۡۚ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ
Ал силерге өзүңөрдөн мисал келтирди: Биз силерге (менчик) ырыскы кылып берген нерселерде силердин кулдарыңар силер менен бирдей шерик болуусуна ыраазы болосуңарбы? (Жок) Силер алардын (мал-мүлкүңөргө шериктеш болуусунан) башка бир эркин адам (жок жерден эле шериктеш болуп калуусунан) корккондой коркосуңар. Биз акыл жүгүрткөн адамдарга аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз.
Tafsyrai arabų kalba:
بَلِ ٱتَّبَعَ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ أَهۡوَآءَهُم بِغَيۡرِ عِلۡمٖۖ فَمَن يَهۡدِي مَنۡ أَضَلَّ ٱللَّهُۖ وَمَا لَهُم مِّن نَّٰصِرِينَ
Жок! Залымдар илимсиздиктен улам напси каалоолорун ээрчишти. Аллах адаштырганды ким туура жолго сала алат? (Акыретте) аларга жардамчы жок!
Tafsyrai arabų kalba:
فَأَقِمۡ وَجۡهَكَ لِلدِّينِ حَنِيفٗاۚ فِطۡرَتَ ٱللَّهِ ٱلَّتِي فَطَرَ ٱلنَّاسَ عَلَيۡهَاۚ لَا تَبۡدِيلَ لِخَلۡقِ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ ٱلدِّينُ ٱلۡقَيِّمُ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
(Оо, Мухаммад!) Ислам динине[1] баш ийип, жүзүңдү адамдардын таза табиятына ылайык кылган динге бур! Аллахтын жаратканын өзгөртүү мүмкүн эмес. Эң туура дин – ушул. Бирок, адамдардан көбү билишпейт.
[1] Арабчадагы «ханийфан» деген сөз көп кудайлыктан Таухидге (жеке кудайлыкка) өтүү дегенди түшүндүрөт.
Tafsyrai arabų kalba:
۞ مُنِيبِينَ إِلَيۡهِ وَٱتَّقُوهُ وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَلَا تَكُونُواْ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ
Ага (тообо менен) кайткыла! Андан корккула жана намаз окугула! Мушриктерден болбогула!
Tafsyrai arabų kalba:
مِنَ ٱلَّذِينَ فَرَّقُواْ دِينَهُمۡ وَكَانُواْ شِيَعٗاۖ كُلُّ حِزۡبِۭ بِمَا لَدَيۡهِمۡ فَرِحُونَ
Диндерин бөлүп-жарып, топ-топ болуп (бөлүнүп) алышкан (ошол мушриктерден болбогула!) Ар бир топ (биз гана туура жолдобуз деп) өздөрүндө болгон нерселер менен гана кубанышат.[1]
[1] Ошондуктан эч качан башканын пикирин укпайт. Таассуб-фанатизм деген – ушул.
Tafsyrai arabų kalba:
وَإِذَا مَسَّ ٱلنَّاسَ ضُرّٞ دَعَوۡاْ رَبَّهُم مُّنِيبِينَ إِلَيۡهِ ثُمَّ إِذَآ أَذَاقَهُم مِّنۡهُ رَحۡمَةً إِذَا فَرِيقٞ مِّنۡهُم بِرَبِّهِمۡ يُشۡرِكُونَ
Качан адамдарды зыян торуганда гана Раббисине кайтып, Ага (жалбарып) дуба кылышат. Анан аларга (Аллах) Өз ырайымын таттырганда, алардын кай бирлери кайрадан Раббисине ширк келтире башташат.
Tafsyrai arabų kalba:
لِيَكۡفُرُواْ بِمَآ ءَاتَيۡنَٰهُمۡۚ فَتَمَتَّعُواْ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَ
Алар (ширк келтиргендер) Биз берген жакшылыктарга каапыр боло беришсин. Мейли (оо, мушриктер, өткөөл дүйнөдө) пайдаланып калгыла. Анан билесиңер!
Tafsyrai arabų kalba:
أَمۡ أَنزَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ سُلۡطَٰنٗا فَهُوَ يَتَكَلَّمُ بِمَا كَانُواْ بِهِۦ يُشۡرِكُونَ
Же Биз аларга ширк амалдарын(ын чындыгын) сүйлөй турган далил түшүрдүк беле?!
Tafsyrai arabų kalba:
وَإِذَآ أَذَقۡنَا ٱلنَّاسَ رَحۡمَةٗ فَرِحُواْ بِهَاۖ وَإِن تُصِبۡهُمۡ سَيِّئَةُۢ بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡ إِذَا هُمۡ يَقۡنَطُونَ
Биз качан адамдарга ырайым көргөзсөк, аны менен шаттанышат. Ал эми, өз колдору жасаган иштер себептүү аларга бир жамандык жетсе, анда алар (Аллахтан) үмүт үзүшөт.
Tafsyrai arabų kalba:
أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقۡدِرُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Эмне, алар Аллах каалаган пендесине ырыскыны кенен, каалаганына тар кылганын көрбөй жатышабы? Албетте, мында ыймандуу коомдорго белгилер бар.
Tafsyrai arabų kalba:
فَـَٔاتِ ذَا ٱلۡقُرۡبَىٰ حَقَّهُۥ وَٱلۡمِسۡكِينَ وَٱبۡنَ ٱلسَّبِيلِۚ ذَٰلِكَ خَيۡرٞ لِّلَّذِينَ يُرِيدُونَ وَجۡهَ ٱللَّهِۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
Эми, (оо, ыймандуу пенде) тууган-туушканга, бей-бечараларга жана мусапырга (тиешелүү) акысын бергиниң. Аллахтын ыраазычылыгын каалаган пенделерге бул жакшы иш. Дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетишет.
Tafsyrai arabų kalba:
وَمَآ ءَاتَيۡتُم مِّن رِّبٗا لِّيَرۡبُوَاْ فِيٓ أَمۡوَٰلِ ٱلنَّاسِ فَلَا يَرۡبُواْ عِندَ ٱللَّهِۖ وَمَآ ءَاتَيۡتُم مِّن زَكَوٰةٖ تُرِيدُونَ وَجۡهَ ٱللَّهِ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُضۡعِفُونَ
Адамдардын мал-дүйнөсүнөн пайдалануу максатта үстөк кошуп бергениңер Аллахтын алдында көбөйбөйт. Ал эми, Аллахтын Жүзүн үмүт кылып берген зекетиңер болсо, дал ошолор (зекет бергендер) көп көбөйтүүлөргө ээ болуучулар.
Tafsyrai arabų kalba:
ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَكُمۡ ثُمَّ رَزَقَكُمۡ ثُمَّ يُمِيتُكُمۡ ثُمَّ يُحۡيِيكُمۡۖ هَلۡ مِن شُرَكَآئِكُم مَّن يَفۡعَلُ مِن ذَٰلِكُم مِّن شَيۡءٖۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Силерди жараткан, анан ырыскы берген, андан кийин өлтүргөн, андан соң (кыяматта кайра) тирилткен – Аллах! Ушулардан кайсы бирин силердин (Аллахка) шерик кошкон «кудайлар» жасай алат? Алардын ширктеринен Аллах Аруу жана Бийик!
Tafsyrai arabų kalba:
ظَهَرَ ٱلۡفَسَادُ فِي ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِ بِمَا كَسَبَتۡ أَيۡدِي ٱلنَّاسِ لِيُذِيقَهُم بَعۡضَ ٱلَّذِي عَمِلُواْ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Адамдардын колдору жасаган (күнөө) иштер себептүү жерде жана деңизде (ар кандай) бузуучу апаат(тар) пайда болду. Алардын кай бирлеринин жасаган (кылмыштарынын азабын бул дүйнөдө) таттырыш үчүн. Балким алар (күнөөлөрүнөн) кайтышаар!
Tafsyrai arabų kalba:
قُلۡ سِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلُۚ كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّشۡرِكِينَ
Айткын: «(Эй, каапырлар!) жер жүзүн кезип, мурдагы (каапыр) коомдордун акыбети кандай болгонун көрүп (андан сабак) алгыла! Алардын көбү (Аллахка) шерик кошуучу болушкан».
Tafsyrai arabų kalba:
فَأَقِمۡ وَجۡهَكَ لِلدِّينِ ٱلۡقَيِّمِ مِن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَ يَوۡمٞ لَّا مَرَدَّ لَهُۥ مِنَ ٱللَّهِۖ يَوۡمَئِذٖ يَصَّدَّعُونَ
Эми, сен (оо, Мухаммад, эч ким) кайтара алгыс күн (кыямат) Аллах тарабынан келип калганга чейин жүзүңдү туура динге (Исламга) буруп кал! Ал күнү (адамдар амалдарын көрүү үчүн) бөлүнүп калышат.
Tafsyrai arabų kalba:
مَن كَفَرَ فَعَلَيۡهِ كُفۡرُهُۥۖ وَمَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا فَلِأَنفُسِهِمۡ يَمۡهَدُونَ
Ким каапыр болсо, каапырлыгы(нын зыяны) өзүнө. Ким жакшылык иштерди кылса, өздөрүнө (бейишти) даярдаптыр.
Tafsyrai arabų kalba:
لِيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ مِن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Ыйман келтирип жакшылык иштерди кылгандарга Өзүнүн жакшылыктарынан сыйлык берет. Чындыгында Ал каапырларды сүйбөйт.
Tafsyrai arabų kalba:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَن يُرۡسِلَ ٱلرِّيَاحَ مُبَشِّرَٰتٖ وَلِيُذِيقَكُم مِّن رَّحۡمَتِهِۦ وَلِتَجۡرِيَ ٱلۡفُلۡكُ بِأَمۡرِهِۦ وَلِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Анын (кудуретинин) белгилеринен (бири): Ырайымын силерге таттырыш үчүн, Өз буйругу менен кемелерди жүргүзүш үчүн жана Анын жакшылыктарынан үмүт кылышыңар үчүн (жамгырдын жаашын) сүйүнчүлөөгө шамалдарды жибериши.[1] Мүмкүн силер шүгүр кылаарсыңар.
[1] Шамалдын куш кабарчы деп аталышынын себеби, ал булутту айдап келгенден кийин Аллахтын ырайымы – берекелүү жамгырлар жайт, шамал менен кемелер жүрөт.
Tafsyrai arabų kalba:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ رُسُلًا إِلَىٰ قَوۡمِهِمۡ فَجَآءُوهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَٱنتَقَمۡنَا مِنَ ٱلَّذِينَ أَجۡرَمُواْۖ وَكَانَ حَقًّا عَلَيۡنَا نَصۡرُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Биз (оо, Мухаммад) сенден мурун да элчилерди өз коомдоруна жибергенбиз жана (элчилер) аларга анык далилдерди алып келишкен. (Баш ийбегенден кийин) Биз күнөөкөрлөрдөн өч алганбыз жана ыймандууларга жардам берүү – Биздин милдет болгон.
Tafsyrai arabų kalba:
ٱللَّهُ ٱلَّذِي يُرۡسِلُ ٱلرِّيَٰحَ فَتُثِيرُ سَحَابٗا فَيَبۡسُطُهُۥ فِي ٱلسَّمَآءِ كَيۡفَ يَشَآءُ وَيَجۡعَلُهُۥ كِسَفٗا فَتَرَى ٱلۡوَدۡقَ يَخۡرُجُ مِنۡ خِلَٰلِهِۦۖ فَإِذَآ أَصَابَ بِهِۦ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦٓ إِذَا هُمۡ يَسۡتَبۡشِرُونَ
Аллах шамалдарды жиберип булуттарды козгойт. Анан (Аллах) аларды асманда Өзү каалагандай жаят жана бөлөк-бөлөк кылып таратат. Анан сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. Эми качан (Аллах) аны (жамгырды) каалаган пенделерине жеткиргенде, күтүлбөгөн жерден сүйүнүп калышат.
Tafsyrai arabų kalba:
وَإِن كَانُواْ مِن قَبۡلِ أَن يُنَزَّلَ عَلَيۡهِم مِّن قَبۡلِهِۦ لَمُبۡلِسِينَ
Эгер алар өздөрүнө (жамгыр) жаадырылышынан мурун үмүтсүз болушса, (мына эми сүйүнүп калышты).
Tafsyrai arabų kalba:
فَٱنظُرۡ إِلَىٰٓ ءَاثَٰرِ رَحۡمَتِ ٱللَّهِ كَيۡفَ يُحۡيِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَآۚ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Эми сен (оо, адам) Аллахтын ырайымынын (жамгырдын) белгилерине кара: Ал өлүк жерди кантип тирилткенине (кара)! Акыйкатта, Ал (Аллах) өлүктөрдү да албетте тирилтет! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!
Tafsyrai arabų kalba:
وَلَئِنۡ أَرۡسَلۡنَا رِيحٗا فَرَأَوۡهُ مُصۡفَرّٗا لَّظَلُّواْ مِنۢ بَعۡدِهِۦ يَكۡفُرُونَ
Ал эми Биз (эгиндерине зыян келтирген) шамал жиберип, алардын саргайып (куурап) калганын көргөндө, (Аллахка) каапыр болуп калышат.
Tafsyrai arabų kalba:
فَإِنَّكَ لَا تُسۡمِعُ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَلَا تُسۡمِعُ ٱلصُّمَّ ٱلدُّعَآءَ إِذَا وَلَّوۡاْ مُدۡبِرِينَ
(Оо, пайгамбар!) Чынында сен өлүктөргө (сөзүңдү) угуза албайсың. ошондой эле артын салып кетип бараткан (акыйкатты угуудан) керең болгондорго чакырыгыңды угуза албайсың.
Tafsyrai arabų kalba:
وَمَآ أَنتَ بِهَٰدِ ٱلۡعُمۡيِ عَن ضَلَٰلَتِهِمۡۖ إِن تُسۡمِعُ إِلَّا مَن يُؤۡمِنُ بِـَٔايَٰتِنَا فَهُم مُّسۡلِمُونَ
(Ошондой эле), сен «сокур адамдарды» да адашуучулугунан туура жолго сала албайсың. Бир гана мусулман (моюн сунган) абалдарында Биздин аяттарга ыйман келтиргендерге гана (акыйкатты) угуза аласың.
Tafsyrai arabų kalba:
۞ ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن ضَعۡفٖ ثُمَّ جَعَلَ مِنۢ بَعۡدِ ضَعۡفٖ قُوَّةٗ ثُمَّ جَعَلَ مِنۢ بَعۡدِ قُوَّةٖ ضَعۡفٗا وَشَيۡبَةٗۚ يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُۚ وَهُوَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡقَدِيرُ
Аллах силерди алсыз (тамчы суудан) жаратты. Алсыздыктан (бөбөктүктөн) кийин күч-кубат(туу адам) кылды. Кубат(туулук)тан кийин (кайрадан) алсыздык жана карылыкка алып келди. Ал каалагандай жаратат. Ал - Билимдүү, Кудуреттүү.
Tafsyrai arabų kalba:
وَيَوۡمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يُقۡسِمُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ مَا لَبِثُواْ غَيۡرَ سَاعَةٖۚ كَذَٰلِكَ كَانُواْ يُؤۡفَكُونَ
Саат (кыямат) болгондо күнөөкөр пенделер «(дүйнөдө) аз гана убакыт (жашап) турдук» – деп ант ичишет. Алар (дүйнө жашоосунда да) ушундай жалганчылар болушкан.
Tafsyrai arabų kalba:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ وَٱلۡإِيمَٰنَ لَقَدۡ لَبِثۡتُمۡ فِي كِتَٰبِ ٱللَّهِ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡبَعۡثِۖ فَهَٰذَا يَوۡمُ ٱلۡبَعۡثِ وَلَٰكِنَّكُمۡ كُنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ
Анан ыймандуу, илимдүү адамдар (аларга) айтышат: «Чындыгында Аллах (тагдырда) жазганы боюнча кайра тирилүү күнүнө чейин (жашап) турдуңар. Мына ушул – кайра тирилүү күнү. Бирок, силер билбейт (ишенбейт) элеңер».
Tafsyrai arabų kalba:
فَيَوۡمَئِذٖ لَّا يَنفَعُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ مَعۡذِرَتُهُمۡ وَلَا هُمۡ يُسۡتَعۡتَبُونَ
Ал күндө залымдарга шылтоолору[1] пайда бербейт жана алардан (тообо менен Аллахты ыраазы кылуу да) талап кылынбайт.
[1] Алар «Биз дүйнөдө бир сааттай эле жашадык. Эгер көбүрөөк жашасак ибадат кылмакпыз. Эми биз тообо кылып Раббини ыраазы кылабыз» - деп шылтоо айтышат.
Tafsyrai arabų kalba:
وَلَقَدۡ ضَرَبۡنَا لِلنَّاسِ فِي هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ مِن كُلِّ مَثَلٖۚ وَلَئِن جِئۡتَهُم بِـَٔايَةٖ لَّيَقُولَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا مُبۡطِلُونَ
Биз бул Куранда адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Эгер сен аларга бир далил алып келсең, «Силер (мусулмандар) жалганчысыңар» дешет.
Tafsyrai arabų kalba:
كَذَٰلِكَ يَطۡبَعُ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِ ٱلَّذِينَ لَا يَعۡلَمُونَ
Ошентип, Аллах (чындыкты) билбегендердин жүрөктөрүнө мөөр басат.
Tafsyrai arabų kalba:
فَٱصۡبِرۡ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞۖ وَلَا يَسۡتَخِفَّنَّكَ ٱلَّذِينَ لَا يُوقِنُونَ
(Оо, Мухаммад!) Сен эми (бул дооматчыларга) сабыр кыл. Аллахтын («жеңиш берем» деген) убадасы чындык. (Убадага) ишенбегендер сени (жеңил ойлуулукка) түрпөсүн![1]
[1] Тафсийрул Муяссар
Tafsyrai arabų kalba:
 
Reikšmių vertimas Sūra: Sūra Ar-Rūm
Sūrų turinys Puslapio numeris
 
Kilniojo Korano reikšmių vertimas - الترجمة القيرغيزية - Vertimų turinys

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

Uždaryti