Check out the new design

Kilniojo Korano reikšmių vertimas - Vertimas į kirgizų k. - Šams Ad-Din Hakimov * - Vertimų turinys

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Reikšmių vertimas Sūra: Al-An’am   Aja (Korano eilutė):
وَمَا لَكُمۡ أَلَّا تَأۡكُلُواْ مِمَّا ذُكِرَ ٱسۡمُ ٱللَّهِ عَلَيۡهِ وَقَدۡ فَصَّلَ لَكُم مَّا حَرَّمَ عَلَيۡكُمۡ إِلَّا مَا ٱضۡطُرِرۡتُمۡ إِلَيۡهِۗ وَإِنَّ كَثِيرٗا لَّيُضِلُّونَ بِأَهۡوَآئِهِم بِغَيۡرِ عِلۡمٍۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ بِٱلۡمُعۡتَدِينَ
Силерге эмне болду, Аллахтын ысымы айтылган нерселерден жебей жатасыңар?! Аллах силерге арам болгон нерселерди толук баяндап берди го! Бир гана аргасыз калганыңарда (жан сактоо үчүн жесеңер – уруксат). Албетте, көпчүлүк адамдар билбестиктен улам, өз каалоолорун ээрчип, адашып кетишүүдө. Раббиң чектен чыгуучуларды жакшы билет.
Tafsyrai arabų kalba:
وَذَرُواْ ظَٰهِرَ ٱلۡإِثۡمِ وَبَاطِنَهُۥٓۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكۡسِبُونَ ٱلۡإِثۡمَ سَيُجۡزَوۡنَ بِمَا كَانُواْ يَقۡتَرِفُونَ
Күнөөлөрдүн көрүнгөнүн да, көмүскөсүн да таштагыла! (Кандай болбосун) күнөө иш жасаган адамдар кылмыштарына жараша жакында жазаларын алышат.
Tafsyrai arabų kalba:
وَلَا تَأۡكُلُواْ مِمَّا لَمۡ يُذۡكَرِ ٱسۡمُ ٱللَّهِ عَلَيۡهِ وَإِنَّهُۥ لَفِسۡقٞۗ وَإِنَّ ٱلشَّيَٰطِينَ لَيُوحُونَ إِلَىٰٓ أَوۡلِيَآئِهِمۡ لِيُجَٰدِلُوكُمۡۖ وَإِنۡ أَطَعۡتُمُوهُمۡ إِنَّكُمۡ لَمُشۡرِكُونَ
Аллахтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле! (Анткени,) Ал – анык бузукулук! Албетте, шайтандар өздөрүнүн досторуна (мушриктерге) силер менен талашып-тартышууну илхам кылышат. Эгер аларга моюн сунсаңар, силер дагы мушриксиңер![1]
[1] Аллах тааланын «Союлгандан башкасы – арам» деген өкүмү түшкөн кезде мушриктер өзү өлүп калган жандыктын этин адал санап жешчү. Өкүм түшкөндөн кийин мусулмандар өлүмтүктүн (тарптын) этин арам деп эсептеп калганда мушриктер алар менен: «Эмне үчүн силер өзүңөр өлтүргөндүн этин жеп, Аллах өлтүргөндүн этин жебейсиңер?» деп талаша баштады. Бул аят ошол окуяга байланыштуу түшкөн.
Tafsyrai arabų kalba:
أَوَمَن كَانَ مَيۡتٗا فَأَحۡيَيۡنَٰهُ وَجَعَلۡنَا لَهُۥ نُورٗا يَمۡشِي بِهِۦ فِي ٱلنَّاسِ كَمَن مَّثَلُهُۥ فِي ٱلظُّلُمَٰتِ لَيۡسَ بِخَارِجٖ مِّنۡهَاۚ كَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِلۡكَٰفِرِينَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Жаны жок кезде Биз ага жан берип, адамдар арасында аны менен (жолун жарытып) жүрө турган нурду колуна карматып койгон адам караңгылыктан чыкпай жүргөн адамга окшомок беле?[1] Ушул сыяктуу, каапырларга өздөрүнүн жасап жаткан иштери (шайтандар тарабынан) кооз көргөзүлүп коюлган.
[1] Каапырлык – жансыз дене сыяктуу, ыйман - бул Нур. Ыйманга кирген адам мурда өлүк болуп, кийин тирилтип, колуна Куран нурун кармап жүргөн адамга окшойт. Куран ага адал менен арамды, жакшы менен жаманды, акыйкат менен жалганды, ак менен караны ажыратып берет. Ыйманга кирбегендер караңгыда (арам-адалды ажырата албай) калган адамга окшойт.
Tafsyrai arabų kalba:
وَكَذَٰلِكَ جَعَلۡنَا فِي كُلِّ قَرۡيَةٍ أَكَٰبِرَ مُجۡرِمِيهَا لِيَمۡكُرُواْ فِيهَاۖ وَمَا يَمۡكُرُونَ إِلَّا بِأَنفُسِهِمۡ وَمَا يَشۡعُرُونَ
Ошентип, Биз ар бир айыл-шаарга, ошол жерде (динге каршы) айла-амал кылуусу үчүн, күнөөкөр чоңдорун койдук. Алар амалкөйлүк кылышат, бирок сезбеген абалда өздөрүн-өздөрү алдашат.[1]
[1] Ар бир жерде, жасаган күнөөлөрүн шайтан өзүнө кооз көргөзгөнү себептүү, динге каршы же ашкере, же тымызын айла-амал менен иштеп жаткан чоңдордун бар экени анык. Бирок, алар түзгөн айлакерликтери менен өздөрүн алдап жатканын жана Аллах алардан амалдуураак экенин билишпейт. Аллах Өз дининин эч качан жеңилбестигинин амалын түзүп койгон.
Tafsyrai arabų kalba:
وَإِذَا جَآءَتۡهُمۡ ءَايَةٞ قَالُواْ لَن نُّؤۡمِنَ حَتَّىٰ نُؤۡتَىٰ مِثۡلَ مَآ أُوتِيَ رُسُلُ ٱللَّهِۘ ٱللَّهُ أَعۡلَمُ حَيۡثُ يَجۡعَلُ رِسَالَتَهُۥۗ سَيُصِيبُ ٱلَّذِينَ أَجۡرَمُواْ صَغَارٌ عِندَ ٱللَّهِ وَعَذَابٞ شَدِيدُۢ بِمَا كَانُواْ يَمۡكُرُونَ
Эгер аларга (Ислам чындыгына) далил келчү болсо (текеберленишип): “Аллахтын пайгамбарларына берилген нерсе (пайгамбарлык) бизге да берилмейинче ыйман келтирбейбиз” - дешет. Аллах Өз пайгамбарлыгын кимге берүүнү жакшы билет. Күнөөкөр адамдар болсо, Аллахтын алдында, (динге каршы) айлакерликтери үчүн кор кылуучу, катуу азапка дуушар болушат.
Tafsyrai arabų kalba:
 
Reikšmių vertimas Sūra: Al-An’am
Sūrų turinys Puslapio numeris
 
Kilniojo Korano reikšmių vertimas - Vertimas į kirgizų k. - Šams Ad-Din Hakimov - Vertimų turinys

Išvertė Šams Ad-Din Hakimov Abdulchalik, sukurta prižiūrint Ruad vertimo centrui.

Uždaryti