Kilniojo Korano reikšmių vertimas - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Vertimų turinys


Reikšmių vertimas Aja (Korano eilutė): (59) Sūra: Sūra An-Nisa
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُواْ ٱلرَّسُولَ وَأُوْلِي ٱلۡأَمۡرِ مِنكُمۡۖ فَإِن تَنَٰزَعۡتُمۡ فِي شَيۡءٖ فَرُدُّوهُ إِلَى ٱللَّهِ وَٱلرَّسُولِ إِن كُنتُمۡ تُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۚ ذَٰلِكَ خَيۡرٞ وَأَحۡسَنُ تَأۡوِيلًا
Оо, Аллахка ишенип, Анын пайгамбарына ээрчиген ыймандуулар, Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле, алардын буйруктарын аткаргыла, тыюуларынан тыйылгыла. Ошондой эле өзүңөрдүн башчыңарга, эгер ал силерди күнөөгө буйрубаса, баш ийгиле. Эгер силер Аллахка жана Кыямат күнүнө ишенген ыймандуу болсоңор жана кайсы бир нерседе ортоңордо талаш чыкса, анда дароо Аллахтын китебине (Куранга) жана пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сүннөтүнө кайткыла. Ушинтип Аллахтын китебине жана сүннөткө кайтуу, талашты күчөтүүдөн же акылга салып чечим чыгаруудан алда канча жакшы. Мунун акыбети да силерге жакшы болот.
Tafsyrai arabų kalba:
Šiame puslapyje pateiktų ajų nauda:
• من أعظم أسباب كفر أهل الكتاب حسدهم المؤمنين على ما أنعم الله به عليهم من النبوة والتمكين في الأرض.
Китеп берилгендердин каапырлыгынын негизги себеби, Аллах Таала ыймандууларга берген пайгамбарлыкты жана жер бетиндеги жашоону көрө албай ичи тардык кылганы.

• الأمر بمكارم الأخلاق من المحافظة على الأمانات، والحكم بالعدل.
Жакшы мүнөз болуп эсептелеген аманаткөйлүккө жана адил өкүм чыгарууга буйруу

• وجوب طاعة ولاة الأمر ما لم يأمروا بمعصية، والرجوع عند التنازع إلى حكم الله ورسوله صلى الله عليه وسلم تحقيقًا لمعنى الإيمان.
Эгер башчы күнөө ишке буйрубаса, ага баш ийүү милдет. Ошондой эле талаш пайда болгондо ыймандуулукту бекемдеп, Аллахтын жана Анын элчисинин өкүмүнө кайтуу да милдет.

 
Reikšmių vertimas Aja (Korano eilutė): (59) Sūra: Sūra An-Nisa
Sūrų turinys Puslapio numeris
 
Kilniojo Korano reikšmių vertimas - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Vertimų turinys

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Uždaryti