വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ ആയത്ത്: (3) അദ്ധ്യായം: സൂറത്ത് ഹൂദ്
وَأَنِ ٱسۡتَغۡفِرُواْ رَبَّكُمۡ ثُمَّ تُوبُوٓاْ إِلَيۡهِ يُمَتِّعۡكُم مَّتَٰعًا حَسَنًا إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى وَيُؤۡتِ كُلَّ ذِي فَضۡلٖ فَضۡلَهُۥۖ وَإِن تَوَلَّوۡاْ فَإِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٖ كَبِيرٍ
Эй, адамдар! Кылган күнөөңөр үчүн Раббиңерден кечирим сурагыла. Ал буйруган нерселерди кыла албай калганыңарга өкүнүп Аллахка кайткыла. Ал силерди дүйнө жашоосунда белгиленген ажал убактыңар келгиче жакшы нерселер менен ырахаттандырат. Ибадат жана амалдарын жакшы кылган адамдардын барына жакшылыктары үчүн Аллах сыйлыкты эч кемитпестен толук кылып берет. Эгер мен Раббимден алып келген ыймандан жүз бурсаңар, анда кыямат күнү силерге жете турган коркунучтуу азаптан коркомун.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• إن الخير والشر والنفع والضر بيد الله دون ما سواه.
Чындыгында жакшылык менен жамандык, пайда жана зыян берүү эч бир жандын эмес бир гана Аллахтын колунда.

• وجوب اتباع الكتاب والسُّنَّة والصبر على الأذى وانتظار الفرج من الله.
Куран жана сүннөттү ээрчүүнүн милдеттүүлүгү жана ызаа берген нерселерге сабыр кылып Аллахтан келе турган жеңилдикти күтүү.

• آيات القرآن محكمة لا يوجد فيها خلل ولا باطل، وقد فُصِّلت الأحكام فيها تفصيلًا تامَّا.
Куран аяттары кемчиликсиз, андан жалган жана кемчиликти таппайсың. Андагы өкүмдөр толук чечмеленип берилген.

• وجوب المسارعة إلى التوبة والندم على الذنوب لنيل المطلوب والنجاة من المرهوب.
Тообо кылганга шашылуунун милдеттүүлүгү жана кылган күнөөлөрүнө өкүнүп, Аллах талап кылган нерсеге жетип, Ал коркуткан нерседен кутулуу.

 
പരിഭാഷ ആയത്ത്: (3) അദ്ധ്യായം: സൂറത്ത് ഹൂദ്
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

അടക്കുക