Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ഖസസ്   ആയത്ത്:
وَنُمَكِّنَ لَهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَنُرِيَ فِرۡعَوۡنَ وَهَٰمَٰنَ وَجُنُودَهُمَا مِنۡهُم مَّا كَانُواْ يَحۡذَرُونَ
Биз аларды бийлик ээлери кылуу менен жер бетинде бекем жайгаштырууну жана Фараон менен анын бийликтеги эң чоң жардамчысы Хаманга жана ал экөөнүн бийлигин колдогон аскерлерине бийликтеринен кол жууп калабыз деп кооптонгон нерселерин жана Исраил урпактарынан төрөлгөн эркек баланын кол астында жок болоорун көрсөтүүнү кааладык.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰٓ أُمِّ مُوسَىٰٓ أَنۡ أَرۡضِعِيهِۖ فَإِذَا خِفۡتِ عَلَيۡهِ فَأَلۡقِيهِ فِي ٱلۡيَمِّ وَلَا تَخَافِي وَلَا تَحۡزَنِيٓۖ إِنَّا رَآدُّوهُ إِلَيۡكِ وَجَاعِلُوهُ مِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Биз Мусанын апасына илхам кылдык: «Аны эмгиз! Эгер аны Фараон жана анын аскерлери өлтүрүп коёт деп корксоң, анда аны сандыкка салып Нил дарыясына ташта. Аны чөгүп кетет, Фараондон зыян жетет деп коркпо жана андан айрылганың үчүн кайгырба. Чындыгында Биз аны сага тирүү кайтарып беребиз жана аны Аллахтын адамдарга жиберген пайгамбарларынан кылабыз».
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
فَٱلۡتَقَطَهُۥٓ ءَالُ فِرۡعَوۡنَ لِيَكُونَ لَهُمۡ عَدُوّٗا وَحَزَنًاۗ إِنَّ فِرۡعَوۡنَ وَهَٰمَٰنَ وَجُنُودَهُمَا كَانُواْ خَٰطِـِٔينَ
Ошондо ал аны сандыкка салып дарыяга ташта деп илхам кылынган буйрукту аткарды. Кийин аны Фараондун үй-бүлөсү таап алып, Аллахтын Муса Фараонго душман болсун, анын кол астында бийлигин жок кылып, аларды кайгыга батсын деген каалоосун ишке ашырыш үчүн аны колуна алышты. Чындыгында Фараон менен анын вазири Хаман жана ал экөөнүн жардамчылары каапырлык, чектен чыгуу жана жер бетинде бузукулук кылуу себептүү күнөөкөр болушту.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَقَالَتِ ٱمۡرَأَتُ فِرۡعَوۡنَ قُرَّتُ عَيۡنٖ لِّي وَلَكَۖ لَا تَقۡتُلُوهُ عَسَىٰٓ أَن يَنفَعَنَآ أَوۡ نَتَّخِذَهُۥ وَلَدٗا وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Качан Фараон аны өлтүрүүнү каалаганда анын аялы айтты: «Бул бала мен үчүн да, сен үчүн кубаныч болсун! Аны өлтүрбөй эле койгулачы. Балким ал бизге кызмат кылып пайдасы тиет же аны бала кылып алабыз». Бирок алар бийлиги анын кол астында жок болорун билишкен жок.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَأَصۡبَحَ فُؤَادُ أُمِّ مُوسَىٰ فَٰرِغًاۖ إِن كَادَتۡ لَتُبۡدِي بِهِۦ لَوۡلَآ أَن رَّبَطۡنَا عَلَىٰ قَلۡبِهَا لِتَكُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Ал эми Мусанын апасынын жүрөгү Мусадан башка бүткүл дүйнө иштерине бопбош болуп аңгырап калды. Эгер Биз аны Раббисине тобокел кылган, Анын жазган тагдырына сабыр кылган ыймандуулардан болушу үчүн анын жүрөгүн кубаттоо жана сабыр кылдыруу менен бекем кылбаганыбызда, ал ага катуу байланганы үчүн сабыры кетип, ал анын баласы экенин айтарына аз эле калган.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَقَالَتۡ لِأُخۡتِهِۦ قُصِّيهِۖ فَبَصُرَتۡ بِهِۦ عَن جُنُبٖ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Апасы Мусаны дарыяга ыргыткандан кийин анын бир тууган эжесине: «Анын артынан калбай ээрчи! Муну эмне кылышарын бил» – деди. Ал билинип калбаш үчүн аны алыстан карап турду. Фараон менен анын коому ал анын бир тууган эжеси экенин жана ал андан кабар алып жатканын сезишкен жок.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
۞ وَحَرَّمۡنَا عَلَيۡهِ ٱلۡمَرَاضِعَ مِن قَبۡلُ فَقَالَتۡ هَلۡ أَدُلُّكُمۡ عَلَىٰٓ أَهۡلِ بَيۡتٖ يَكۡفُلُونَهُۥ لَكُمۡ وَهُمۡ لَهُۥ نَٰصِحُونَ
Муса Аллахтын башкаруусу менен аялдарды эмүүдөн баш тартты. Качан анын эжеси аялдар аны эмизүүгө аракет кылып жатканын көргөндө, аларга: «Силерге муну эмизип, ага кам көрүп, тарбия бере турган үй-бүлөнү көргөзөйүнбү?» деди.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
فَرَدَدۡنَٰهُ إِلَىٰٓ أُمِّهِۦ كَيۡ تَقَرَّ عَيۡنُهَا وَلَا تَحۡزَنَ وَلِتَعۡلَمَ أَنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Ошентип Биз Мусанын энеси аны жакындан көрүп кубануусу үчүн, андан айрылгандагы кайгысы басылсын жана Аллахтын "балаңды кайтарып берем" деген убадасы шексиз чындык экенин билсин деп аны ага кайтарып бердик. Бирок алардын көпчүлүгү бул убаданы билишпейт эле жана ал аял анын энеси экенин да эч ким билген эмес.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• تدبير الله لعباده الصالحين بما يسلمهم من مكر أعدائهم.
Аллахтын ыймандуу-жакшы пенделерин душмандардын айла-амалдарынан коргоого болгон башкаруусу.

• تدبير الظالم يؤول إلى تدميره.
Залимдин ойлогон ойлорунун акыры кыйроого алып барат.

• قوة عاطفة الأمهات تجاه أولادهن.
Эненин баласына катара болгон мээриминин күчтүүлүгү.

• جواز استخدام الحيلة المشروعة للتخلص من ظلم الظالم.
Залимдин зулумдугунан кутулуш үчүн шариятка ылайык айла-амалды колдонууга уруксат.

• تحقيق وعد الله واقع لا محالة.
Аллахтын берген убадасы сөзсүз ишке ашат.

 
പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ഖസസ്
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അടക്കുക