Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ആലുഇംറാൻ   ആയത്ത്:
وَإِذۡ أَخَذَ ٱللَّهُ مِيثَٰقَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ لَتُبَيِّنُنَّهُۥ لِلنَّاسِ وَلَا تَكۡتُمُونَهُۥ فَنَبَذُوهُ وَرَآءَ ظُهُورِهِمۡ وَٱشۡتَرَوۡاْ بِهِۦ ثَمَنٗا قَلِيلٗاۖ فَبِئۡسَ مَا يَشۡتَرُونَ
Оо, пайгамбар, эстегин, Аллах Таала китеп берилген Яхуд жана христиандардын аалымдарына Аллахтын китебин элге ачык айткыла, андагы туура жолду жана Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) тууралуу кабарды жашырбагыла деп ант албады беле. Кийин аларды кээси антты бузду, ага көңүл да бурбады, чындыкты жашырып, жалганды жарыя кылды, Аллахтын ант-келишимин жарыбаган баага, мансап, мал сыяктуу нерсеге алмаштырып жиберишти.Бул кандай жаман иш.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
لَا تَحۡسَبَنَّ ٱلَّذِينَ يَفۡرَحُونَ بِمَآ أَتَواْ وَّيُحِبُّونَ أَن يُحۡمَدُواْ بِمَا لَمۡ يَفۡعَلُواْ فَلَا تَحۡسَبَنَّهُم بِمَفَازَةٖ مِّنَ ٱلۡعَذَابِۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Оо, пайгамбар, жаман иштерине кубанып, жакшылык кылбаганы үчүн башкалардан мактоо угууну каалаган адамдар азаптан саламат кутулуп кетет деп ойлобо. Тескерисинче алардын орду тозок, алар анда катуу азапталат
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَلِلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ
Асман, жер жана андагынын баарын жаратуу жана башкаруу Жалгыз Аллахтын Өзүнө таандык, Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
إِنَّ فِي خَلۡقِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱخۡتِلَٰفِ ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ لَأٓيَٰتٖ لِّأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Мурда эч болбогон асман менен жердин жаратылышы, түн менен күндүн бирде узарып, бирде кыскарып ээрчишип жүрүүсү; акыл-эси жайындагы адамдарга ааламдын жаратуучусу бардыгына жана Ал ибадат кылууга ылайыктуу Жалгыз Аллах экенине ачык-айкын далил
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ٱلَّذِينَ يَذۡكُرُونَ ٱللَّهَ قِيَٰمٗا وَقُعُودٗا وَعَلَىٰ جُنُوبِهِمۡ وَيَتَفَكَّرُونَ فِي خَلۡقِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ رَبَّنَا مَا خَلَقۡتَ هَٰذَا بَٰطِلٗا سُبۡحَٰنَكَ فَقِنَا عَذَابَ ٱلنَّارِ
Аллах Тааланы бардык учурда, туруп баратканда да, отурганда да, жамбаштап жатканында да эстеп, зикир кылгандар жана асман-жердин жаралышына ой жүгүрткөндөр: Оо, жаратуучубуз, бул көркөм жаратылышты жөндөн-жөн эле жараткан эмессиң, жөн эле жаратып коюудан Сен Аруу-Тазасың. Жакшы амалдарды аткарууга топук бер, жаман амалдардан сакта, тозок отунан алыс кыла көр" - дешет.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
رَبَّنَآ إِنَّكَ مَن تُدۡخِلِ ٱلنَّارَ فَقَدۡ أَخۡزَيۡتَهُۥۖ وَمَا لِلظَّٰلِمِينَ مِنۡ أَنصَارٖ
Оо, Жаратуучубуз, Сен пенделериңден кимди тозокко киргизсең, аны кордогонуң жана шерменде кылганың. Кыямат күнү залымдарды Аллахтын азабынан жана каарынан коргой турган эч жардамчы болбойт
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
رَّبَّنَآ إِنَّنَا سَمِعۡنَا مُنَادِيٗا يُنَادِي لِلۡإِيمَٰنِ أَنۡ ءَامِنُواْ بِرَبِّكُمۡ فَـَٔامَنَّاۚ رَبَّنَا فَٱغۡفِرۡ لَنَا ذُنُوبَنَا وَكَفِّرۡ عَنَّا سَيِّـَٔاتِنَا وَتَوَفَّنَا مَعَ ٱلۡأَبۡرَارِ
Жаратуучубуз, биз ыйманга чакырган пайгамбарың Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) уктук. Ал: Жаратуучуңарды сыйынууга ылайык Жалгыз Аллах деп ишенгиле - деп айтты. Биз анын айтканына ыйман келтирдик, шариятын кармандык. Биздин күнөөлөрүбүздү жашыр, ачыкка чыгарба, каталарыбызды кечир, ал үчүн жазалаба. Жакшы амалдарды кылып жаман амалдарды таштоого топук берип, жакшы адамдардын катарында жаныбызды ал
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
رَبَّنَا وَءَاتِنَا مَا وَعَدتَّنَا عَلَىٰ رُسُلِكَ وَلَا تُخۡزِنَا يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۖ إِنَّكَ لَا تُخۡلِفُ ٱلۡمِيعَادَ
Жаратуучубуз, пайгамбарыңдын тили менен убада кылган бул дүйнөдөгү жеңиш, туура жолду бере көр. Кыямат күнү тозокко киргизип шерменде кылба. Сен, оо, Жаратуучубуз, убадасын түк бузбаган берешенсиң.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• من صفات علماء السوء من أهل الكتاب: كتم العلم، واتباع الهوى، والفرح بمدح الناس مع سوء سرائرهم وأفعالهم.
Китеп берилгендердин аалымдарынын эң жаман сыпаты, алардын илимди жашыргандыгы, напси-каалоосун эрчигендиги, жаман иштерине мактоо укканына кубанганы

• التفكر في خلق الله تعالى في السماوات والأرض وتعاقب الأزمان يورث اليقين بعظمة الله وكمال الخضوع له عز وجل.
Асман-жердин жаралышына, замандын алмашып туруусуна пикир кылып, ой-жүгүртүү, Аллахтын Улуктугуна бекем ишенимди катуу берилүүнү пайда кылат

• دعاء الله وخضوع القلب له تعالى من أكمل مظاهر العبودية.
Аллахка дуба кылуу жана Ага жүрөк менен берилүү, пенделикти толук моюнга алуунун белгиси

 
പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ആലുഇംറാൻ
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അടക്കുക