Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ ആയത്ത്: (23) അദ്ധ്യായം: സ്സുമർ
ٱللَّهُ نَزَّلَ أَحۡسَنَ ٱلۡحَدِيثِ كِتَٰبٗا مُّتَشَٰبِهٗا مَّثَانِيَ تَقۡشَعِرُّ مِنۡهُ جُلُودُ ٱلَّذِينَ يَخۡشَوۡنَ رَبَّهُمۡ ثُمَّ تَلِينُ جُلُودُهُمۡ وَقُلُوبُهُمۡ إِلَىٰ ذِكۡرِ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ هُدَى ٱللَّهِ يَهۡدِي بِهِۦ مَن يَشَآءُۚ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنۡ هَادٍ
Аллах пайгамбары Мухаммадга эң мыкты сөз болгон Куранды түшүрдү. Ал аны чындыкта, көркөмдүктө жана шайкештикте жана карама-каршылыктардын жоктугунда бири-бирине окшош кылып түшүрдү. Анын ичинде көптөгөн окуялар, өкүмдөр, убадалар, коркутуулар, акыйкат жана жалган жолдогу адамдардын сыпаттары тууралуу айтылган. Раббисинен корккондор андагы келген коркутууларды жана эскертүүлөрдү укканда терилери титирейт. Андан соң эгер алар андагы үмүт жараткан нерселерди жана сүйүнчү кабарларды угушса, Аллахты эстеп алардын терилери жана жүрөктөрү тынч алат. Курандагы бул айтылгандар жана анын таасири – Аллах Өзү каалаганды багыттаган туура жолу. Аллах кимди жардамсыз таштаса жана туура жолго ийлигик бербесе, анда аны эч ким туура жолго сала албайт.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• أهل الإيمان والتقوى هم الذين يخشعون لسماع القرآن، وأهل المعاصي والخذلان هم الذين لا ينتفعون به.
Ыймандуулар менен такыбалар Куранды жан дили менен берилип угушат. Ал эми күнөөкөрлөр менен жоготууга учурагандар андан эч кандай пайда алышпайт.

• التكذيب بما جاءت به الرسل سبب نزول العذاب إما في الدنيا أو الآخرة أو فيهما معًا.
Пайгамбарлар алып келген нерселерди жалганга чыгаруу бул дүйнөдө же акыретте же экөөсүндө тең азаптын түшүүсүнө себеп болот.

• لم يترك القرآن شيئًا من أمر الدنيا والآخرة إلا بيَّنه، إما إجمالًا أو تفصيلًا، وضرب له الأمثال.
Дүйнөгө жана акыретке байланыштуу кандай гана иш болбосун, ал тууралуу жалпы же жеке түрдө Куранда сөзсүз баяндалган жана ага мисалдар келтирилген.

 
പരിഭാഷ ആയത്ത്: (23) അദ്ധ്യായം: സ്സുമർ
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അടക്കുക