Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: അഹ്ഖാഫ്   ആയത്ത്:

Ахкаф

സൂറത്തിൻ്റെ ഉദ്ദേശ്യങ്ങളിൽ പെട്ടതാണ്:
بيان حاجة البشريّة للرسالة وإنذار المعرضين عنها.
Адамзаттын динге муктаждыгы, андан жүз бургандарды эскертүү тууралуу (айтылган).

حمٓ
Хаа. Миим. Ушуга окшогон сөздүн түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында айтылган.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
تَنزِيلُ ٱلۡكِتَٰبِ مِنَ ٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَكِيمِ
Куран эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, Өз жаратуусунда, тагдыр кылуусунда жана шариятында Даанышман Аллах тараптан түштү.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
مَا خَلَقۡنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَآ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَأَجَلٖ مُّسَمّٗىۚ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ عَمَّآ أُنذِرُواْ مُعۡرِضُونَ
Биз асмандар менен жерди жана алардын ортосундагыларды жөн салды жараткан эмеспиз. Биз алардын баарын акыйкаттык менен жеткиликтүү даанышмандыкта жараттык. Ошол даанышмандыктан бири - пенделер ошолор аркылуу Аллахты таанып билүүсү, Ага эч нерсени шерик кылбастан жалгыз Ага ибадат кылуусу, Аллахка гана белгилүү мөөнөткө чейин жер бетинде орун басарлык милдетин аткарып туруусу. Ал эми Аллахка каапыр болгондор Анын китебиндеги эскертүүлөрдөн жүз буруп, көңүл бурбай коюшту.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
قُلۡ أَرَءَيۡتُم مَّا تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَرُونِي مَاذَا خَلَقُواْ مِنَ ٱلۡأَرۡضِ أَمۡ لَهُمۡ شِرۡكٞ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِۖ ٱئۡتُونِي بِكِتَٰبٖ مِّن قَبۡلِ هَٰذَآ أَوۡ أَثَٰرَةٖ مِّنۡ عِلۡمٍ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Оо, пайгамбар! Акыйкаттан жүз бурган мушриктерге айт: «Мага айткылачы, силер Аллахтан башка сыйынып жаткан кудайларыңар жердин кайсы бөлүгүн жаратты? Алар тоолорду жараттыбы? Алар дарыяларды жараттыбы? Же асмандарды жаратууда алардын Аллах менен шериктештиги же энчиси барбы? Кудайларыңар сыйынууга татыктуу деген сөзүңөр чын болсо, анда Аллах тараптан Курандан мурун түшкөн китепти же абалкылардан сакталып калган илимди мага алып келгилечи?».
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَمَنۡ أَضَلُّ مِمَّن يَدۡعُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَن لَّا يَسۡتَجِيبُ لَهُۥٓ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ وَهُمۡ عَن دُعَآئِهِمۡ غَٰفِلُونَ
Кыяматка чейин дубасына жооп бере албаган Аллахтан башка кудайларга сыйынган адамдан өткөн адашуучу жок. Алардын Аллахтан башка сыйынган кудайлары сыйынуучуларына пайда же зыян келтирмек турсун, алардын дубаларын капырына да алышпайт.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• الاستهزاء بآيات الله كفر.
Аллахтын аяттарын шылдыңдоо каапырлык.

• خطر الاغترار بلذات الدنيا وشهواتها.
Дүйнө жыргалчылыктарына жана ырахаттарына азгырылуунун коркунучу.

• ثبوت صفة الكبرياء لله تعالى.
Аллах текеберлик сыпатына ээ экендигин тастыктоо.

• إجابة الدعاء من أظهر أدلة وجود الله سبحانه وتعالى واستحقاقه العبادة.
Дубага жооп берүү – Аллах тааланын барлыгын жана сыйынууга татыктуулугун билдирген ачык-айкын далилдерден.

 
പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: അഹ്ഖാഫ്
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അടക്കുക