Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: അൻആം   ആയത്ത്:
۞ وَإِذۡ قَالَ إِبۡرَٰهِيمُ لِأَبِيهِ ءَازَرَ أَتَتَّخِذُ أَصۡنَامًا ءَالِهَةً إِنِّيٓ أَرَىٰكَ وَقَوۡمَكَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Оо, элчи, Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) буттарга сыйынган атасына кайрылып: "Ата, Аллахты танып, ушул буттарга ибадат кыласыңбы? Сиз дагы, буттарга ибадат кылган сиздин коомуңуз дагы Аллахты танып, Андан башка нерселерге ибадат кылып, ачык-айкын адашышты жана чыныгы туура жолдон четтеп кетишти. Ал Кемчиликсиз Аллах чыныгы ибадатка татыктуу, Андан башкалары ибадат кылууга татыктуу эмес
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَكَذَٰلِكَ نُرِيٓ إِبۡرَٰهِيمَ مَلَكُوتَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلِيَكُونَ مِنَ ٱلۡمُوقِنِينَ
Атасынын жана анын коомунун адашуусун көрсөткөн сыяктуу, Аллахтын жалгыздыгына, ибадат кылуу жалгыз Ага ылайык экенине жыйынтык чыгарып, Аллах эч бир шериги жок, бардык нерсеге Кудуреттүү экенине анык ишенүүчүлөрдөн болуусу үчүн ага асман-жердин түгөнгүс мүлкүн көрсөттүк.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
فَلَمَّا جَنَّ عَلَيۡهِ ٱلَّيۡلُ رَءَا كَوۡكَبٗاۖ قَالَ هَٰذَا رَبِّيۖ فَلَمَّآ أَفَلَ قَالَ لَآ أُحِبُّ ٱلۡأٓفِلِينَ
Караңгы киргенде асмандан жылдызды көрүп: "Ушул менин Раббим" - деди. (Жер жарып) жылдыз көрүнбөй калганда: "Жок болуп кетүүчүлөрдү жакшы көрбөймүн" , - деди. Анткени, чыныгы Кудай дайыма бар болот, Ал жоголуп кетпейт.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
فَلَمَّا رَءَا ٱلۡقَمَرَ بَازِغٗا قَالَ هَٰذَا رَبِّيۖ فَلَمَّآ أَفَلَ قَالَ لَئِن لَّمۡ يَهۡدِنِي رَبِّي لَأَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلضَّآلِّينَ
Толуп чыккан айды көрүп: "Мына ушул менин Раббим" - деди. Ай батып кеткенде: "Жалгыздыгын таанууга жана Ага ибадат кылууга Аллах Өзү жол көрсөтпөсө, Анын чыныгы дининен алыстап, адашкан коомдон болуп калчудаймын" - деди.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
فَلَمَّا رَءَا ٱلشَّمۡسَ بَازِغَةٗ قَالَ هَٰذَا رَبِّي هَٰذَآ أَكۡبَرُۖ فَلَمَّآ أَفَلَتۡ قَالَ يَٰقَوۡمِ إِنِّي بَرِيٓءٞ مِّمَّا تُشۡرِكُونَ
Жаркырап тийген күндү көрүп: "Мына бул жылдыздан да, айдан да чоң болгон Күн менин Раббим" - деди. Күн батып кеткенде: "Эй, эл-журт, силер Аллахка шерик кылган нерселердин баарынан жүз бурдум" - деди.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
إِنِّي وَجَّهۡتُ وَجۡهِيَ لِلَّذِي فَطَرَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ حَنِيفٗاۖ وَمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ
Мен көп кудайлуулук ишениминен бир Кудайга ишенүүгө кайтып, мурда эч бир окшошу болбогон асман-жердин Жаратуучусуна динимди тапшырдым. Мен Аллахка башка нерсени шерик кылып ибадат кылуучулардан эмесмин.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَحَآجَّهُۥ قَوۡمُهُۥۚ قَالَ أَتُحَٰٓجُّوٓنِّي فِي ٱللَّهِ وَقَدۡ هَدَىٰنِۚ وَلَآ أَخَافُ مَا تُشۡرِكُونَ بِهِۦٓ إِلَّآ أَن يَشَآءَ رَبِّي شَيۡـٔٗاۚ وَسِعَ رَبِّي كُلَّ شَيۡءٍ عِلۡمًاۚ أَفَلَا تَتَذَكَّرُونَ
Бутпарас коому Аллахтын жалгыздыгы тууралуу талашып-тартышып, аны бут-айкелдери менен коркута баштаганда, аларга минтип айтты: "Аллахтын жалгыздыгы, ибадатка татыктуулугу тууралуу талашасыңарбы? Раббим мени бул жолго Өзү багыттаган, мен силердин бут-айкелдериңерден коркпоймун. Анткени, эгер Аллах каалабаса, алар мага зыянын да, пайдасын да тийгизе албайт. Аллах каалаган нерсе гана болот. Аллах бардык нерсени билип турат, асман-жерде болгондордун баары ага жашыруун эмес. Эй, эл, силер Ага каапыр болуп, ширк кылып, жалгыз Аллахка ишенбей жүрөсүңөр, ушуну ойлонбойсуңарбы?!
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَكَيۡفَ أَخَافُ مَآ أَشۡرَكۡتُمۡ وَلَا تَخَافُونَ أَنَّكُمۡ أَشۡرَكۡتُم بِٱللَّهِ مَا لَمۡ يُنَزِّلۡ بِهِۦ عَلَيۡكُمۡ سُلۡطَٰنٗاۚ فَأَيُّ ٱلۡفَرِيقَيۡنِ أَحَقُّ بِٱلۡأَمۡنِۖ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Силер Аллахка эч далилсиз ширк кылып, Аллах жараткан нерселерди Ага шерик кылуудан коркпосоңор, мен силер ибадат кылып жаткан буттардан эмнеге коркмок элем.?! Бул эки топтун: бир Кудайга ишенүүчүлөр менен ширк кылуучулардын кайсынысы бейпилдикке, тынчтыкка татыктуу? Булардын кайсынысы татыктуураак экенин билсеңер, ошонусун ээрчииле, акыйкатта татыктуурагы - эч шексиз - бир Кудайга ишенүүчү, ыймандуулардын тобу.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• الاستدلال على الربوبية بالنظر في المخلوقات منهج قرآني.
Жаратылгандарга көз чаптырып Аллахтын ибадатка татыктуулугуна далил табуу - Курандын жолу

• الدلائل العقلية الصريحة توصل إلى ربوبية الله.
Акылга сыйчу ачык далилдер Аллах ибадатка татыктуу экенин билдирип турат

 
പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: അൻആം
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അടക്കുക