Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ത്തഗാബുൻ   ആയത്ത്:
وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَآ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِ خَٰلِدِينَ فِيهَاۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ
Ал эми Аллахка каапырлык кылып, элчибизге түшүргөн аяттарыбызды жалган деп эсептегендер, алар тозокто түбөлүк калуучулар. Алардын барар жайы кандай жаман!
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
مَآ أَصَابَ مِن مُّصِيبَةٍ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۗ وَمَن يُؤۡمِنۢ بِٱللَّهِ يَهۡدِ قَلۡبَهُۥۚ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ
Кимдир бирөөнүн өз башына же мал-мүлкүнө же бала-чакасына келген кыйынчылык Аллахтын тагдыры менен гана болот. Кимде-ким Аллахка, Анын тагдырына жана өкүмүнө ыйман келтирсе, Аллах анын жүрөгүн Өз буйругуна баш ийүүгө жана тагдырына ыраазы болууга ийгилик берет. Аллах бүткүл нерсени Билүүчү. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَأَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُواْ ٱلرَّسُولَۚ فَإِن تَوَلَّيۡتُمۡ فَإِنَّمَا عَلَىٰ رَسُولِنَا ٱلۡبَلَٰغُ ٱلۡمُبِينُ
Аллахка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула. Эгерде пйагамбар алып келген нерседен жүз бурсаңар, анда анын күнөөсүн өзүңөр тартасыңар. Пайгамбардын милдети — Биз ага жеткир деп буйруган нерсени жеткирүү гана. Ал силерге жеткирүүгө буйрулган нерселерди жеткирди.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
Аллах – сыйынууга татыктуу кудай, Андан башка эч ким сыйынууга татыктуу эмес. Ыймандуулар бардык иштеринде Аллахка гана таянышат.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِنَّ مِنۡ أَزۡوَٰجِكُمۡ وَأَوۡلَٰدِكُمۡ عَدُوّٗا لَّكُمۡ فَٱحۡذَرُوهُمۡۚ وَإِن تَعۡفُواْ وَتَصۡفَحُواْ وَتَغۡفِرُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٌ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Чындыгында силердин аялдарыңар менен балдарыңардын арасында душмандар бар. Анткени алар силерди Аллахты эстөөдөн, Анын жолунда согушуудан алаксытат жана тоскоолдук жаратат. Алардын силерге таасир берүүсүнөн сак болгула. Эгерде силер алардын катачылыктарын кечирип жана аларга көңүл бурбастан, аларды жашырсаңар, анда Аллах силердин күнөөлөрүңөрдү кечирет жана ырайым кылат. Сыйлык же жаза иш-аракетин түрүнө жараша болот.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
إِنَّمَآ أَمۡوَٰلُكُمۡ وَأَوۡلَٰدُكُمۡ فِتۡنَةٞۚ وَٱللَّهُ عِندَهُۥٓ أَجۡرٌ عَظِيمٞ
Чындыгында байлыгыңар жана бала-чакаңар силер үчүн сыноо. Кээде алар силерди арам ырыскы табууга жана Аллахка моюн сунууну таштоого түртүшү ыктымал. Аллахка баш ийүүнү балдарга баш ийүүдөн жана мал-мүлк менен алек болуудан артык көргөн адамдар үчүн Аллахтын алдында улуу сыйлыктар бар. Ал улуу сыйлык — бейиш.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ مَا ٱسۡتَطَعۡتُمۡ وَٱسۡمَعُواْ وَأَطِيعُواْ وَأَنفِقُواْ خَيۡرٗا لِّأَنفُسِكُمۡۗ وَمَن يُوقَ شُحَّ نَفۡسِهِۦ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
Алыңар жетишинче Аллахка баш ийүү менен Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула, Аллахты жана Анын элчисин уккула жана моюн сунгула. Ошойдой эле Аллах силерге ырыскы кылган мал-мүлктөрүңөрдөн жакшылык жолдорго сарптагыла. Кимди Аллах напсисинин ачкөздүгүнөн сактаса, мына ошолор көздөгөн нерсесине жетип, корккон нерсесинен кутулуу менен жеңишке жеткендер.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
إِن تُقۡرِضُواْ ٱللَّهَ قَرۡضًا حَسَنٗا يُضَٰعِفۡهُ لَكُمۡ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡۚ وَٱللَّهُ شَكُورٌ حَلِيمٌ
Эгерде Аллахтын жолунда мал-мүлкүңөрдөн сарптап, Ага жакшы карыз берсеңер, Ал силерге бир жакшылыкты он эседен жети жүз эсеге же андан да көп эсеге чейин көбөйтүү менен сооп-сыйлыкты эселеп берет жана күнөөлөрүңөрдү кечирет. Аллах ыраазы Болуучу, Ал аз иш-аракет үчүн көп сооп берет жана Ал жазалоого шашылбаган Токтоо.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
عَٰلِمُ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Аллах таала жашыруунду жана ачыкты Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• مهمة الرسل التبليغ عن الله، وأما الهداية فهي بيد الله.
Пайгамбардын милдети – Аллах тараптан жеткирүү. Ал эми туура жолго салуу Аллахтын колунда.

• الإيمان بالقدر سبب للطمأنينة والهداية.
Тагдырга ыйман келтирүү – бейпилдиктин жана туура жолго түшүүнүн себеби.

• التكليف في حدود المقدور للمكلَّف.
Шарият милдетин жүктөө – адамдын аткаруу мүмкүнчүлүгүнүн чегинде болот.

• مضاعفة الثواب للمنفق في سبيل الله.
Аллах жолунда сарптаган адамдын сообу эселеп берилет.

 
പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ത്തഗാബുൻ
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അടക്കുക