Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: അഅ്റാഫ്   ആയത്ത്:
وَٱذۡكُرُوٓاْ إِذۡ جَعَلَكُمۡ خُلَفَآءَ مِنۢ بَعۡدِ عَادٖ وَبَوَّأَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ تَتَّخِذُونَ مِن سُهُولِهَا قُصُورٗا وَتَنۡحِتُونَ ٱلۡجِبَالَ بُيُوتٗاۖ فَٱذۡكُرُوٓاْ ءَالَآءَ ٱللَّهِ وَلَا تَعۡثَوۡاْ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُفۡسِدِينَ
Силерди Аад коомунун артынан алып келгендеги Аллахтын жакшылыктарын эстегиле. Жалганчылыгы жана каапырлыгы чектен чыккан Аад коому кыйратылгандан кийин силерди жерге жайгаштырып, анда орун-очок алдыңар, издегениңерди таптыңар. Силер эми жердин тегиз бетине ак сарайларды саласыңар, үй жасоо үчүн тоолорду кесесиңер. Аллахка шүгүр кылуу үчүн Анын жакшылыктарын эстегиле. Жер бетинде бузукулук кылып жүрүүнү таштагыла. Бузкулукту таштоо - Аллахка каапырлык кылууну жана күнөөлөрдү таштоо аркылуу болот.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
قَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦ لِلَّذِينَ ٱسۡتُضۡعِفُواْ لِمَنۡ ءَامَنَ مِنۡهُمۡ أَتَعۡلَمُونَ أَنَّ صَٰلِحٗا مُّرۡسَلٞ مِّن رَّبِّهِۦۚ قَالُوٓاْ إِنَّا بِمَآ أُرۡسِلَ بِهِۦ مُؤۡمِنُونَ
Коомундагы текеберленген байлары жана башчылары ыйман келтирген жарды-жармачтарды (шылдыңдап): "Эй, ыймандуулар, силер, Салих чын эле Аллахтын пайгамбары деп ишенесиңерби? - дешет. Кедей ыймандуулар аларга жооп кылып: "Биз Салих алып келген нерсеге ишенүүчү, тастыктоочу, баш ийүүчү жана анын шариятын аткаруучубуз" - дешти.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
قَالَ ٱلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُوٓاْ إِنَّا بِٱلَّذِيٓ ءَامَنتُم بِهِۦ كَٰفِرُونَ
Коомундагы текеберлер: "Эй, ыймандуулар, биз силер ишенген нерсеге каапырбыз, ага эч ишенбейбиз жана анын шариятын да аткарбайбыз" - дешти.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
فَعَقَرُواْ ٱلنَّاقَةَ وَعَتَوۡاْ عَنۡ أَمۡرِ رَبِّهِمۡ وَقَالُواْ يَٰصَٰلِحُ ٱئۡتِنَا بِمَا تَعِدُنَآ إِن كُنتَ مِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Анан Аллахтын буйругун аткарууга текеберлик кылып, зыян тийгизбегиле деп буйруган төөнү союп салышты да, Салих аларга убада кылган азапка ишенбей, шылдыңдап: "Эй, Салих, эгер чындап эле Аллахтын элчилеринен болсоң, бизге айтып жүргөн катуу азабыңды алып кел" - дешти.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلرَّجۡفَةُ فَأَصۡبَحُواْ فِي دَارِهِمۡ جَٰثِمِينَ
Каапырларга алар шашылган азап келип, катуу жер титиреди да, өздөрү да, минген улоолору да баары жерге жутулуп жок болду. Бул кыйроодон алардын бирөөсү да кутулбады.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
فَتَوَلَّىٰ عَنۡهُمۡ وَقَالَ يَٰقَوۡمِ لَقَدۡ أَبۡلَغۡتُكُمۡ رِسَالَةَ رَبِّي وَنَصَحۡتُ لَكُمۡ وَلَٰكِن لَّا تُحِبُّونَ ٱلنَّٰصِحِينَ
Салих, коому аны кабыл кылуусунан үмүтүн үзгөндөн кийин, алардан тескери бурулуп: "Эй, коомум, Аллах мага силерге жеткирүүну буйруган нерсени жеткирдим, силерди коркутуп жана кызыктырып насаат айттым, бирок, силер жакшылыкка жакындатып, жамандыктан алыстатууга кызыкдар болгон насаат айтуучуларды жактырбадыңар" - деди.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَلُوطًا إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦٓ أَتَأۡتُونَ ٱلۡفَٰحِشَةَ مَا سَبَقَكُم بِهَا مِنۡ أَحَدٖ مِّنَ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Өзүнүн коомуна жийиркенип: "Эркекти эркек эңсеген эң жаман жийиркеничтүү ишти кыласыңарбы?! Бул ишти силер баштап жатасыңар, силерге чейин мындай ишке эч ким барган эмес" - деген Лут пайгамбарды да эстегин.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
إِنَّكُمۡ لَتَأۡتُونَ ٱلرِّجَالَ شَهۡوَةٗ مِّن دُونِ ٱلنِّسَآءِۚ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٞ مُّسۡرِفُونَ
Кумарыңарды кандырууга ылайык жаратылган аялдарды карабай, эркектер менен кумар кандырууну каалайсынарбы. Бул кылыгыңар акылга да сыйбайт, адамдын таза табиятына да туура келбейт. Силер адамдык сапаттан чыгып жана адамдын акылы менен табияты талап кылган нерсени бузуп, Аллах чектенген чегинен чыгып кеттиңер!
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• الاستكبار يتولد غالبًا من كثرة المال والجاه، وقلة المال والجاه تحمل على الإيمان والتصديق والانقياد غالبًا.
Көбүнчө адамды байлыгы менен мансабы текеберликке түртөт. Ал эми кедейлик жана мансаптын жоктугу адамды ыйманга, ишенимге жана баш ийүүгө алып барат.

• جواز البناء الرفيع كالقصور ونحوها؛ لأن من آثار النعمة: البناء الحسن مع شكر المنعم.
Бийик, жакшы үйлөрдү салууга болот, анткени, жакшы үйлөрдү салуу жана жакшылыкты берүүчүгө шүгүр кылуу - жакшылыктын бир көрүнүшү.

• الغالب في دعوة الأنبياء أن يبادر الضعفاء والفقراء إلى الإصغاء لكلمة الحق التي جاؤوا بها، وأما السادة والزعماء فيتمردون ويستعلون عليها.
Пайгамбарлардын чакырыгында, көбүнчө, алсыз, кедей-кембагалдар алар алып келген чындык сөздү угууга шашылышат. Ал эми башчы, чоңдору болсо, моюн сунбайт жана текеберленет.

• قد يعم عذاب الله المجتمع كله إذا كثر فيه الخَبَث، وعُدم فيه الإنكار.
Эгер бузукулук көбөйүп, андан кайтарган эч ким болбосо, азап ошол элдин баарына бирдей түшөт.

 
പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: അഅ്റാഫ്
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അടക്കുക