Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: നൂഹ്   ആയത്ത്:

Нух

സൂറത്തിൻ്റെ ഉദ്ദേശ്യങ്ങളിൽ പെട്ടതാണ്:
بيان منهج الدعوة للدعاة، من خلال قصة نوح.
Нух пайгамбардын окуясы аркылуу даават кылуучулардын даават тартиби баяндалган.

إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوۡمِهِۦٓ أَنۡ أَنذِرۡ قَوۡمَكَ مِن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Биз Нухту коомун чакырыш үчүн, аларга Аллахка ширк кылгандары себептүү кыйноочу азап келерден мурун эскерткин деп жибердик.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
قَالَ يَٰقَوۡمِ إِنِّي لَكُمۡ نَذِيرٞ مُّبِينٌ
Нух коомуна айтты: «Оо, элим! Эгерде Аллахка тообо кылбасаңар, мен силерди күткөн азапты анык эскертүүчүмүн.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱتَّقُوهُ وَأَطِيعُونِ
Менин силерге болгон эскертмемдин талабы мындайча: «Аллахка гана сыйынгыла, Ага эч нерсени шерик кылбагыла, Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен буйруган нерселерде мага баш ийгиле.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
يَغۡفِرۡ لَكُم مِّن ذُنُوبِكُمۡ وَيُؤَخِّرۡكُمۡ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمًّىۚ إِنَّ أَجَلَ ٱللَّهِ إِذَا جَآءَ لَا يُؤَخَّرُۚ لَوۡ كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Эгер силер муну аткарсаңар, Аллах силердин пенделердин укуктарына байланышпаган күнөөлөрүңөрдү кечирет, силердин үммөтүңөрдүн жашоодогу мөөнөтүн Аллахтын илиминде белгиленген убакытка чейин узартат. Силер ушул абалдан тайбасаңар, жер бетин гүлдөтөсүңөр. Чындыгында өлүм келген кезде ал кечиктирилбейт. Эгерде силер билгениңерде, анда Аллахка ыйман келтирүүгө жана силер кылган ширктен жана адашуудан тообо кылмаксыңар».
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
قَالَ رَبِّ إِنِّي دَعَوۡتُ قَوۡمِي لَيۡلٗا وَنَهَارٗا
Нух айтты: «Оо, Раббим! Мен элимди күнү-түнү тынбастан Сага ибадат кылууга жана Сага гана сыйынууга чакырдым.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
فَلَمۡ يَزِدۡهُمۡ دُعَآءِيٓ إِلَّا فِرَارٗا
Бирок менин дааватым алардын качуусун жана мен чакырган нерседен алыстоосун гана күчөттү.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَإِنِّي كُلَّمَا دَعَوۡتُهُمۡ لِتَغۡفِرَ لَهُمۡ جَعَلُوٓاْ أَصَٰبِعَهُمۡ فِيٓ ءَاذَانِهِمۡ وَٱسۡتَغۡشَوۡاْ ثِيَابَهُمۡ وَأَصَرُّواْ وَٱسۡتَكۡبَرُواْ ٱسۡتِكۡبَارٗا
Мен аларды Сага гана ибадат кылуу, Сага жана Сенин элчиңе моюн сунуу сыяктуу алардын күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болгон нерселерге чакырган сайын, алар менин чакырыгымды укпаш үчүн манжаларын кулактарына тыгып, мени көрбөш үчүн беттерин кийимдери менен жаап, ширк кылууну уланта беришти жана мен аларды чакырган нерсени кабыл алып, ага баш ийүүдөн текеберленишти.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ثُمَّ إِنِّي دَعَوۡتُهُمۡ جِهَارٗا
Оо, Раббим! Кийин мен аларды ачык түрдө чакырдым.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ثُمَّ إِنِّيٓ أَعۡلَنتُ لَهُمۡ وَأَسۡرَرۡتُ لَهُمۡ إِسۡرَارٗا
Кийин мен аларга дааватым түрдүү ыкмада болсун деп үнүмдү бийик чыгарып да, жай чыгарып да даават кылдым жана жашыруун сыр кылып да айттым.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
فَقُلۡتُ ٱسۡتَغۡفِرُواْ رَبَّكُمۡ إِنَّهُۥ كَانَ غَفَّارٗا
Аларга айттым: «Оо, элим! Раббиңерге тообо кылып, Андан кечирим сурагыла. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• خطر الغفلة عن الآخرة.
Акыретке кайдыгер кароонун коркунучу.

• عبادة الله وتقواه سبب لغفران الذنوب.
Аллахка ибадат кылуу жана Андан коркуу – күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот.

• الاستمرار في الدعوة وتنويع أساليبها حق واجب على الدعاة.
Дааватты улантуу жана аны түрдүү ыкмада кылуу – даават кылгандар үчүн кескин милдет.

 
പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: നൂഹ്
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അടക്കുക