Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ജിന്ന്   ആയത്ത്:
وَأَنَّا مِنَّا ٱلۡمُسۡلِمُونَ وَمِنَّا ٱلۡقَٰسِطُونَۖ فَمَنۡ أَسۡلَمَ فَأُوْلَٰٓئِكَ تَحَرَّوۡاْ رَشَدٗا
Биздин арабызда Аллахка сыйынып баш ийген мусулмандары бар жана туура жолдон адашкандары да бар. Кимде-ким Аллахка сыйынып жана жакшылык иштерди кылып моюн сунган болсо, мына ошолор туура жолду жана тууралыкты көздөгөндөр.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَأَمَّا ٱلۡقَٰسِطُونَ فَكَانُواْ لِجَهَنَّمَ حَطَبٗا
Ал эми ортолук жана туура жолдон адашкандар, адамзаттагы өздөрүнө окшогондор менен тозокко отун болуп күйгөндөр.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَأَلَّوِ ٱسۡتَقَٰمُواْ عَلَى ٱلطَّرِيقَةِ لَأَسۡقَيۡنَٰهُم مَّآءً غَدَقٗا
Ал аны жиндердин бир жамааты укту деп вахий кылган сыяктуу ага мындай деп да вахий кылды, эгерде жиндер менен адамзат Ислам жолуна түшүп, андагы нерселерди иш жүзүндө аткарышса, анда Аллах аларды мол суу менен камсыздайт жана аларга түрлүү жакшылыктарды тартуулайт.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
لِّنَفۡتِنَهُمۡ فِيهِۚ وَمَن يُعۡرِضۡ عَن ذِكۡرِ رَبِّهِۦ يَسۡلُكۡهُ عَذَابٗا صَعَدٗا
Биз муну алар Аллахтын жакшылыгына шүгүр кылышат бекен же аны танып кетишет бекен деп сынаш үчүн кылдык. Ким Курандан жана андагы осуяттардан жүз бурса, Раббиси аны көтөрө албаган катуу азапка киргизет.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَأَنَّ ٱلۡمَسَٰجِدَ لِلَّهِ فَلَا تَدۡعُواْ مَعَ ٱللَّهِ أَحَدٗا
Мечиттер башкага таандык эмес, Аллахка гана таандык. Андыктан ал жакта Аллах менен катар башкаларга дуба кылбагыла. Болбосо чиркөөлөрдөгү жана синагогалардагы жөөттөр менен христиандардай болуп каласыңар.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَأَنَّهُۥ لَمَّا قَامَ عَبۡدُ ٱللَّهِ يَدۡعُوهُ كَادُواْ يَكُونُونَ عَلَيۡهِ لِبَدٗا
Качан Аллахтын пендеси Мухаммад Нахла өрөөнүндө Раббисине сыйынып жаткан кезде, жиндер анын Куран окуп жатканын угушканда катуу тыгылыштан улам биринин үстүнө бири чыгайын деп калды.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
قُلۡ إِنَّمَآ أَدۡعُواْ رَبِّي وَلَآ أُشۡرِكُ بِهِۦٓ أَحَدٗا
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Чындыгында мен Раббиме гана дуба кылам жана ким болбосун, сыйынууда Ага эч кимди шерик кылбайм».
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
قُلۡ إِنِّي لَآ أَمۡلِكُ لَكُمۡ ضَرّٗا وَلَا رَشَدٗا
Аларга айт: «Аллах силерге тагдыр кылган зыянды кайтарууга кудуретим жетпейт жана Аллах силерге тыйып койгон пайданы келтирүүгө да кудуретим жетпейт».
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
قُلۡ إِنِّي لَن يُجِيرَنِي مِنَ ٱللَّهِ أَحَدٞ وَلَنۡ أَجِدَ مِن دُونِهِۦ مُلۡتَحَدًا
Аларга айт: «Эгер мен Ага баш ийбестик кылсам, анда мени Андан эч ким куткара албайт жана мен Андан башка баш калкалоочу жай таппайм».
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
إِلَّا بَلَٰغٗا مِّنَ ٱللَّهِ وَرِسَٰلَٰتِهِۦۚ وَمَن يَعۡصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَإِنَّ لَهُۥ نَارَ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًا
Бирок менин колумдан келген нерсе – Аллахтын силерге жеткир деген буйругун жана мен аркылуу силерге жиберилген жолдомосун жеткирүү. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине баш ийбестик кылса, анда анын тагдыры түбөлүк тозокко кирүү болот, ал андан эч качан чыкпайт».
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
حَتَّىٰٓ إِذَا رَأَوۡاْ مَا يُوعَدُونَ فَسَيَعۡلَمُونَ مَنۡ أَضۡعَفُ نَاصِرٗا وَأَقَلُّ عَدَدٗا
Каапырлар аларга дүйнөдө убада кылынган азапты каямат күнү көргөнгө чейин каапырлыктарын уланта беришет. Ошол кезде алар кимдин колдоочусу алсыз экенин жана кимдин жардамчылары аз экенин билишет.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
قُلۡ إِنۡ أَدۡرِيٓ أَقَرِيبٞ مَّا تُوعَدُونَ أَمۡ يَجۡعَلُ لَهُۥ رَبِّيٓ أَمَدًا
Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жокко чыгарган мушриктерге айт: «Силерге убада кылынган азап жакын калганын же анын Аллах гана билген мөөнөтү барбы, мен билбеймин».
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
عَٰلِمُ ٱلۡغَيۡبِ فَلَا يُظۡهِرُ عَلَىٰ غَيۡبِهِۦٓ أَحَدًا
Ал бүт кайыпты Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал кайыпты эч кимге билдирбейт. Тескерисинче, аны жеке Өзү гана билген абалда калат.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
إِلَّا مَنِ ٱرۡتَضَىٰ مِن رَّسُولٖ فَإِنَّهُۥ يَسۡلُكُ مِنۢ بَيۡنِ يَدَيۡهِ وَمِنۡ خَلۡفِهِۦ رَصَدٗا
Бирок, Ал Өзү ыраазы болгон пайгамбарларга гана каалаганын билдирет. Ошондой эле Ал пайгамбардын алды-артынан сакчы периштелерди жиберет, алар аны башка эч кимге билдирбей коргойт.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
لِّيَعۡلَمَ أَن قَدۡ أَبۡلَغُواْ رِسَٰلَٰتِ رَبِّهِمۡ وَأَحَاطَ بِمَا لَدَيۡهِمۡ وَأَحۡصَىٰ كُلَّ شَيۡءٍ عَدَدَۢا
Пайгамбар төмөнкүлөрдү билиш үчүн: андан мурунку пайгамбарлар Раббисинин аларга жеткир деп буйруган жолдомолорун жеткиришти. Анткени Аллах ал аркылуу аларды камкордукка алды жана Аллах периштелер менен пайгамбарлардын алдындагы нерсени Өз илими менен камтып алды.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• الجَوْر سبب في دخول النار.
Зулумдук – тозокко кирүүгө себеп болот.

• أهمية الاستقامة في تحصيل المقاصد الحسنة.
Жакшы максаттарга жетүүдө тууралыктын маанилүүлүгү.

• حُفِظ الوحي من عبث الشياطين.
Вахий – шайтандардын бурмалануусунан корголду.

 
പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ജിന്ന്
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അടക്കുക