Аллахка асмандар жана жердегинин бардыгы тасбих айтты! Ал – Кудуреттүү, Даанышман![1]
[1] "Хашр"дын мааниси "Сүргүн". Бул сүрөнүн дагы бир аталышы "Бану Назир". Анткени, сүрөдө Бану Назир яхудилерин сүргүн кылуу окуясы баяндалат. Окуучуга сүрө аяттары түшүнүктүүрөөк болушу үчүн окуяларга учкай токтолуп кетебиз. Пайгамбарыбыз саллалоху алайхи ва саллам Меккеден Мединага хижрат кылып келген учурда бул жерде бир нече яхуди уруулары жашаган. Бану Назир ошол уруулардын бири. Пайгамбарыбыз Мединага ислам динин жайылта баштаганда яхуди уруулары менен өз ара тынчтык жана кол салышпастык келишимин түзгөн. Анан, белгилүү "бадр" согушунда аз сандуу мусулмандар үч эсе көп Мекке мушриктерин жеңип алышканда, яхудилер далбасага түшүп "Булардын эсебин таппаса болбойт" деп ойлоп жүрүшкөн. Арадан көп узабай "Ухуд" согушу болуп, анда мусулмандар жеңилет. Дал ушундай мезгилди күтүп турган яхудилер мушриктерге жетип барышып, алар менен мусулмандарга каршы сүйлөшүүнү сүйлөшүшөт. Дагы бир мезгилде пайгамбарыбыз бир жумуш менен Бану Назирге барып, бир үйдүн түбүндө эс алып турганда яхудилер үстүнөн чоң таш кулатышып, жанына кастык жасашат. Пайгамбарыбыз саллалоху алайхи ва саллам Аллахтан келген вахий кабары себептүү эки кутумдан тең кабардар болот жана тезинен Мединага барып, Бану Назирге каршы кол курап келип, алардын чептерин курчоого алып, курма бактарын кыйдырып, кысымды күчөтөт. Арадан бир нече күн өткөндөн соң, яхудилер элчи жиберишип, кыянаттык менен бузган келишимдерин жаңылоону сунуш кылышат. Бирок, пайгамбарыбыз саллалоху алайхи ва саллам кыянатчылар менен эч кандай келишим болбостугун билдирет жана яхудилерге мөөнөт берип, ар бир адам бир төө көтөргүдөй жүк-тагын алып шаардан чыгып кетүүнү талап кылат. Кыянатчы Бану Назир уруусу ушинтип "Хайбар" деген жерге сүргүн кылынат. Бирок, яхудилер тымызын кыянаттарын уланта бергени себептүү кийинчерээк алар Хайбардан да куулуп чыгарылат. Ошондуктан, сүрөнүн башында Бану Назир сүргүнүн "биринчи сүргүн" деп аталган.
Ал китеп элдеринен турган каапырларды журттарынан биринчи сүргүн үчүн чыгарды. Силер (Оо, момундар, алардын чептери бекем болгондуктан) аларды чыгат деп ойлогон эмессиңер. Жана алар дагы (бийик) сепилдери өздөрүн Аллахтан коргоп калат деп ойлошкон. Анан Аллах(тын жазасы) аларга күтпөгөн тараптан келип, жүрөктөрүнө коркуу салды[1] эле, үйлөрүн өз колдору жана момундардын колдору менен талкалап киришти. Оо, акылдуу адамдар! (Бул окуядан) сабак алгыла!
[1] Яхудилердин сепилдери чынында бекем, бийик болчу. Алар эшиктерин бекем жаап алышып, астейдил коргонууну максат кылышкан. Бирок, Аллах таала Өзүнүн «коркуу» деген аскерлерин алардын жүрөгүнө багыттады. Натыйжада азыр эле эрдемсинип турган яхудилер титиреп-какшап, көчүп кетүү үчүн өз үйлөрүн өз колдору менен буза баштады.
Эгер Аллах аларга көчүп кетүүнү (тагдыр кылып) жазбаганда, (ушул) дүйнөдө (өлүм же кулчулук сыяктуу жаза менен) жазаламак. Аларга Акыретте да тозок азабы бар.
(Оо, момундар!) эгер алардын курма бактарын кыйсаңар же тамырында турган бойдон калтырган болсоңор, (бардыгын) Аллахтын уруксаты менен жана бузукулардын адебин бериш үчүн жасадыңар.[1]
[1] Мусулмандар курчоодогу Бану Назирди алсыратыш үчүн курма бактарын кыя баштаганда, мунафыктар муну айыптап чыгышты. Мындай адат мусулмандардын согуш эрежесинде да жок болчу. Ошондуктан, пайгамбарыбыз дагы кыжаалат болуп турганда ушул аят түшүп, арадан кыжаалатчылык көтөрүлдү.
Аллах Өз пайгамбарына алардан олжолоп берген нерсеге силер ат чаптырып, төө жорттуруп барбадыңар. Бирок, Аллах Өзүнүн пайгамбарларын каалаган пенделеринин үстүнөн жеңүүчү кылат. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.
Аллах (Бану Назир) айылынын элинен Өз пайгамбарына олжолоп берген нерсе Аллахка,[1] пайгамбарга, тууган-туушкандарга,[2] жетимдерге, бей-бечараларга жана мусапырларга (бөлүнөт. Мунун себеби байлык) араңардагы (бир ууч) байлардын колунда гана айланган мүлк болуп (кембагалдар бейнасип) калбаш үчүн.[3] Жана (оо, момундар!) Пайгамбар силерди эмнеге буюрса, дароо кабыл алгыла, эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла! Аллахтан корккула, чынында Аллахтын азабы катуу!
[1] Аллахтын дининин күч алышы үчүн. [2] Мунун себеби, пайгамбар менен анын туугандары садака жебейт. [3] Мурунку замандарда көбүнчө аскерлерди улоо жана курал-жарак менен бай адамдар каржылап, олжону дагы байлар алышкан. Бул аят ошол эрежени жокко чыгарды.
(Жана ал олжолор) журттарынан (Меккеден) жана мал-мүлкүнөн чыгарып жиберилген кембагал мухажирлерге (бөлүнөт). Алар (хижрат кылуу менен) Аллахтын пазилетин, ыразычылыгын гана үмүт кылышкан жана Аллах(тын дини) менен пайгамбарына жардам беришкен. Алар (ыйманында) чынчыл пенделер!
Ал эми, аларды (алардын көчүп келишин) утурлап, короо-жайлары менен ыймандарын(ын жылуулугун) даярдап койгон (Мединалык) момундар, өздөрүнө хижрат кылып келгендерди сүйөт жана аларга берилген олжо себептүү жүрөктөрүндө көралбастык сезимин туйбайт. Өздөрүндө жетишпестик болуп турса да, аларды(н пайдасын) өздөрүнөн жогору коюшат. Ким напсинин сугалактыгынан сактана алса, дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетет.
Алардан (Мухажирлер жана ансарлардан куралган абалкы мусулман үммөтүнөн) кийин келген адамдар (дуба-тилектеринде мындай) дешет: «Оо, Раббибиз! Бизди жана бизден мурда ыйман менен өткөн (диндеги) бир туугандарыбызды кечире көр! Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуу адамдарга карата жек көрүүнү салба! Оо, Раббибиз! Өзүң Ырайымдуу, Боорукерсиң!
(Оо, Мухаммад!) Мунафык адамдарга карабайсыңбы, китеп ээлеринен болгон каапыр өнөктөштөрүнө келип: «Эгер силер (Мединадан) чыгарылсаңар, биз дагы силер менен бирге чыгабыз! Силер(ге зыян жеткирүү) жөнүндө эч качан, эч кимге моюн сунбайбыз! Эгер силерге согуш ачылса, албетте жардам беребиз!» дешет. Бирок, алардын анык жалганчы экенине Аллах күбө!
Эгер алар чыгарылса, (мунафыктар) алар менен бирге чыкпайт жана эгер өлтүрүлүп жатса да эч жардам беришпейт. Жардам берген күндө деле артына карап качышмак жана (аларга Аллахтан) жардам берилбей калмак.
(Оо, ыйман жоокерлери! Алардын сепилдерин курчап турганыңарда) алардын жүрөктөрүнө Аллахтан да айбаттуураак сезилдиңер.[1] Мунун себеби, алар (Аллахтын кудуретин) билбеген коом эле.
[1] Алар Аллахтан коркуунун ордуна жоокерлерден коркушту. Бирок, алар чындап корккон нерсе (коркуу сезими) Аллах тараптан келди.
Алар силер менен (ачык майданда) биримдикте согуша албайт. Чеп менен оролгон шаарларынын ичинде же дубалдардын ар жагында гана («чогуу» боло алышат). Алардын айбат-сүрү өздөрүнүн ичинде гана күчтүү. (Ошондуктан,) аларды биримдикте деп ойлойсуңар. Бирок, алардын жүрөктөрү ыдырап бүткөн. Мунун себеби, алар (Аллахтын аяттарынын алдында) акылын иштетпеген коом.
Алар өздөрүнөн бир аз эле мурдагы кылмышынын жазасын тарткан (каапыр) адамдарга окшойт.[1] Аларга жан ооруткан азап бар.
[1] Бану Назир окуясынан бир аз мурдараак шан-шөкөт менен, айбаттуудай көрүнүп, «Бадр» согушуна келген Мекке мушриктери өздөрүнөн үч эсе аз мусулмандардан жеңилип калышкан.
(Ал эми, аларды согушка козутуп, өздөрү келбей койгон мунафыктар) шайтанга окшош. Бир кезде ал инсанга (каапырчылыкты кооз көргөзүп): «Каапыр бол» - деди. Каапыр болду эле, (дароо өзүн оолактатып): «Сени менен ишим жок. Мен ааламдардын Раббисинен коркомун!» деди.
Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтан корккула! Ар бир жан эртеңки (Кыямат) күн үчүн эмне алып келерине карасын! Аллахтан корккула! Аллах эмне иш жасап жатканыңардан Кабардар.
Эгер Биз мына бул Куранды (бир) тоого түшүргөнүбүздө, сен анын Аллахтан коркконунан баш ийип, тыркырап кеткенин көрмөксүң. Биз бул салыштырууларды, пикирин иштетсе ажеп эмес деп, адамдарга айтып берүүдөбүз.
Ал – Аллах! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок! Ал – Аль-Малик, Аль-Куддус, Ас-Салам, Аль-Муьмин, Аль-Мухаймин, Аль-Азиз, Аль-Жаббар, Аль-Мутакаббир![1] Аллах алардын ширктеринен Аруу-Таза!
[1] Булар жана кийинки (24-) аяттагылар Аллах тааланын Ыйык Куранда келген ысымдарынан. Булардын толук мааниси боюнча сөз башы бөлүмүндөгү «Аль-Асмаа ул Хуснаа» (Аллах тааланын керемет ысым-сыпаттары) деген темага кайрылыңыз.
Ал – Аллах, Аль-Хаалык, Аль-Баариь жана Аль-Мусаввир! Анын сонун-көркөм ысымдары бар. Ага асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтат. (Анткени), Ал – Кудуреттүү, Даанышман!
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
ߢߌߣߌ߲ߠߌ߲ ߞߐߝߟߌ:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".