ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ


ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫: (235) ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߣߛߌ߬ߡߛߏ ߝߐߘߊ
وَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ فِيمَا عَرَّضۡتُم بِهِۦ مِنۡ خِطۡبَةِ ٱلنِّسَآءِ أَوۡ أَكۡنَنتُمۡ فِيٓ أَنفُسِكُمۡۚ عَلِمَ ٱللَّهُ أَنَّكُمۡ سَتَذۡكُرُونَهُنَّ وَلَٰكِن لَّا تُوَاعِدُوهُنَّ سِرًّا إِلَّآ أَن تَقُولُواْ قَوۡلٗا مَّعۡرُوفٗاۚ وَلَا تَعۡزِمُواْ عُقۡدَةَ ٱلنِّكَاحِ حَتَّىٰ يَبۡلُغَ ٱلۡكِتَٰبُ أَجَلَهُۥۚ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا فِيٓ أَنفُسِكُمۡ فَٱحۡذَرُوهُۚ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ حَلِيمٞ
Силер күйөөсү өлүп же толук талак түшүп күтүү (идда) мөөнөтүндөгү аялдарга жуучу түшүрүү тууралуу ниетиңерди ачык билдирбестен, мисалы: «Күтүү мөөнөтүң бүтсө, мага айтып кой» – деп өз каалооңорду кыйытып айтууңарда эч кандай күнөө жок. Ошондой эле күтүү мөөнөтү бүткөн аялдарга үйлөнүү тууралуу каалооңорду ичиңерге жашырып койсоңор да күнөө эмес. Аллах силердин аларга болгон каалооңордун күчтүүлүгүнөн улам аларды эстериңерди билди, ошол себептен аларга ачык билдирбестен, кыйытып айтууңарга уруксат берди. Алардын күтүү мөөнөтүндө алар менен үйлөнүү тууралуу жашыруун убадалашуудан сак болгула. Бирок кыйытып айткан белгилүү сөздөр болсо гана уруксат. Күтүү (идда) мөөнөтү учурунда никеге турбагыла. Билгиле, Аллах силерге уруксат берген жана тыйган нерселердин кайсынысын ичиңерге жашырганыңарды билет. Андыктан Андан сак болгула, Анын буйругуна каршы чыкпагыла. Билгиле, Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, жазалоого шашылбаган Токтоо.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• مشروعية العِدة على من توفي عنها زوجها بأن تمتنع عن الزينة والزواج مدة أربعة أشهر وعشرة أيام.
Шарият боюнча күтүү (идда) мөөнөтүндөгү аялга төрт ай он күн жасанууга жана турмушка чыгууга болбойт.

• معرفة المؤمن باطلاع الله عليه تَحْمِلُه على الحذر منه تعالى والوقوف عند حدوده.
Ыймандуу адамдын Аллах тааланы таанып билүүсү аны Андан сак болууга жана Анын чектеринен чыкпоого түрткү берет.

• الحث على المعاملة بالمعروف بين الأزواج والأقارب، وأن يكون العفو والمسامحة أساس تعاملهم فيما بينهم.
Жубайларды жана туугандарды бири-бирине жакшы мамиледе болууга үндөө жана алардын ортосундагы мамиле кечиримдүүлүккө жана айкөлдүккө негизделүүгө тийиш.

 
ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫: (235) ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߣߛߌ߬ߡߛߏ ߝߐߘߊ
ߝߐߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ
 
ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

ߘߊߕߎ߲߯ߠߌ߲