ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ


ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫: (10) ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߖߎߡߊ ߝߐߘߊ
فَإِذَا قُضِيَتِ ٱلصَّلَوٰةُ فَٱنتَشِرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَٱبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِ ٱللَّهِ وَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ كَثِيرٗا لَّعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ
Ал эми жума намазын окуган соң адал эмгек кылуу жана муктаждыгыңарды канааттандыруу үчүн жер бетине таркагыла, адал эмгек жана таза киреше аркылуу Аллахтан жакшылыктарды сурагыла жана ырыскы издеген кезде Аллахты көп эстегиле. Ырыскы издөө силерге Аллахты эстөөнү унуттуруп койбосун. Балким ошондо издеген нерсеңерге жетип, корккон нерсеңерден кутуласыңар.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• وجوب السعي إلى الجمعة بعد النداء وحرمة ما سواه من الدنيا إلا لعذر.
Азандан кийин жумага шашылуунун парздыгы жана кечиримдүү себеп гана болбосо, андан башка дүйнө иштери менен алек болуунун арамдыгы.

• تخصيص سورة للمنافقين فيه تنبيه على خطورتهم وخفاء أمرهم.
Эки жүздүүлөр үчүн атайын бир сүрөөнү кылууда алардын кооптуулугу жана иштери бүдөмүк экенин эскертүү камтылган.

• العبرة بصلاح الباطن لا بجمال الظاهر ولا حسن المنطق.
Сырткы сулуулук же кооз сүйлөө эмес, ички дүйнөнүн тазалыгы маанилүү.

 
ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫: (10) ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߖߎߡߊ ߝߐߘߊ
ߝߐߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ
 
ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

ߘߊߕߎ߲߯ߠߌ߲