Адамдарга өздөрүнүн эсеби (Кыямат) жакындап калды.[1] Алар болсо (Аллах буюрган парыздардан) жүз үйрүгөн бойдон кайдыгер жүрүшөт.
[1] Кыяматтын жакындыгы жөнүндө пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам: «Мен пайгамбар болуп жиберилдим. Мени менен Кыяматтын арасы мына мындай» деп, сөөмөйү менен ортоңку манжаларын жанаштырып көргөзгөн.
жүрөктөрү кайдыгер болуп. Жана залим (каапыр) адамдар: «Бул (Мухаммад) эч ким эмес, өзүңөр сыяктуу жөнөкөй эле адам (ал «аят» деген нерселер болсо, сыйкыр). Силер көрүп туруп сыйкырга келе жатасыңарбы?» (деп) шыбырап сүйлөшүштү.
«Андай эмес», – дешти алар (Мухаммад айтып жаткан нерселер) түштөгү жобурануу, жок, аларды өзү ойлоп чыгарган, жок андай эмес, ал акын. (Эгер пайгамбарлыгы чын болсо, абалкы(пайгамбар)ларга жиберилген сыяктуу бир керемет келтирсинчи, кана?!»
(Оо, Мухаммад) Биз сенден мурун (периште же болбосо аял затынан эмес) жалаң эркек кишилерди гана пайгамбар кылып, аларга вахий жибергенбиз. Эгер билбесеңер Зикир (Ыйык Китеп) ээлеринен сурагыла.
Кийин Биз пайгамбарларга берген убаданы аткарып (каапырларга азап жиберип), пайгамбарларды жана Өзүбүз каалаган (ыймандуу) адамдарды куткарып, чектен чыккандарды кыйратып салдык.
(Оо, пайгамбар менен мусулмандар!) Биз силерге Китеп (Куран) түшүрдүк. Анын ичинде силердин шоорат-даңкыңар бар. Акылыңарды иштетпейсиңерби?[1]
[1] Эгер силер акылыңарды иштетип, Куран көргөзмөсү менен жашасаңар, ишенимиңерде да, ишиңерде да ошого таянсаңар сөзсүз эки дүйнөдө даңктуу адамдардан болосуңар!
Биз Асман менен Жерди жана ал экөөнүн ортосундагы нерселерди оюн-эрмек үчүн жараткан жокпуз.[1]
[1] Аллах бир нерсени эрмек үчүн жаратуудан Аруу. Тескерисинче Ал бүт ааламды Өз даанышмандыгы менен анык максат менен жаратты. Ааламдын бир бөлүгү болгон инсаниятты болсо, жалгыз Өзүнө ибадат кылуу үчүн жаратты.
Эгер (асман-жерди) эрмек кылып алууну кааласак, Биз аны (эрмек-зоокту) Өзүбүздүн алдыбыздан (асмандардын үстүндөгү жогорку Арштан) деле тапмакпыз, эгер табууну кааласак.
Биз Акыйкатты (Куранды) жалгандын үстүнө таштайбыз жана ал аны эзип, жанчып салат! Анан жалган жок болот. (Оо, Аллахтын шериги, аялы, баласы бар дегендер!) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге (Уайл)[1] азап болсун!
[1] Уайл – тозоктогу өтө катуу азап берилчү бир орундун аты.
Эгер Асман менен Жерде Аллахтан башка кудайлар болгондо, экөө тең ойрон болмок. (Улуу, Бийик) Арштын Раббиси болгон Аллах мушриктер сыпаттаган нерселерден Аруу-Таза![1]
[1] Мушриктер «Аллахтын шериги бар. Ар бир иштин, сезимдердин да өз кудайы бар» дешет. Аллах дагы бир аятта бул жалганды төмөнкүчө Акыйкат менен жокко чыгарат: «Аллах бала тутунган эмес, Аны менен бирге дагы бир кудай да жок. Эгер болсо, ар бир кудай өз жараткан нерсеси менен кетип, бири-бирине үстөмдүк көргөзүшмөк. (Мушриктер) Сыпаттаган сыпаттардан Аллах Аруу-Таза!»
Же, алар Аллахтан башкаларды кудай кылып алыштыбы?! Айткын: «(Андай болсо) далилиңерди алып келгиле! Мына мендеги нерсенин (Курандын) сөздөрү жана менден мурунку нерселердин (Тоорат менен Инжилдин) сөздөрү! Жок, Алардын көпчүлүгү Акыйкатты билишпейт. (Мунун себеби) Алар жүз буруп кетишкен!
(Мушриктер): «Чексиз Ырайымдуунун[1] баласы бар» дешти. Аллах бала күтүүдөн Аруу-Таза. Андай эмес, алар (периштелер) урматтуу пенделер.[2]
[1] «Чексиз Ырайымдуу» арабчасы Ар-Рахман – Аллах тааланын 99 ысымы жана сыпаттарынан бири. [2] Араб мушриктери: «Периштелер – Аллахтын кыздары» дешкен. Бул аят алардын сөздөрүн жалганга чыгарып, периштелердин чыныгы сыпатын баяндап берүүдө.
(Аллах) Алардын келечектерин да, өтмүштөрүн да билет. Алар (Аллахтын алдында) Ал каалагандар үчүн гана колдоочу боло алышат. Алар Аллахтан коркуп, ырайымына жалдырап турушат.
«Каапырлар билишпейби, асмандар менен жер (мурда) бири-бирине жабышып турган болчу. Кийин Биз алардын ортосун бөлүп койдук. Жана Биз ар бир тирүү нерсени суудан[1] жараттык. Ыйман келтиришпейби?!»
[1] Илгери асманда не булут, не жамгыр болгон эмес. Жерде да пайдалуу өсүмдүктөр, дарыя-деңиздер болгон эмес. Бардыгы тосулган, кулпуланган эле. Анан Аллах сууну жаратуу менен, аны буулантып асманга көтөрүп, булут, жамгыр жаратып, ошонун шарапаты менен жер «тирилди».
Жана асманды корголгон там кылдык.[1] Алар Биздин (бул) аян-белгилерибизден жүз бурушууда!
[1] Асман Аллахтын Кудурети менен корголуп турат. Анын жылдыздары төгүлүп кетпейт. Күн нурунун зыяндуу болгондорун белгилүү катмарлар (озон) кармап калат. Ошондой эле, эң жогорку асмандар жин-шайтандардын чабуулунан, сагаалап, кайып кабар уурдоосунан корголгон.
Ар бир жан өлүмдү(н даамын) татуучу. (Ошого чейин) Биз силерди (кээде) жакшылык, (кээде) жамандык менен сынайбыз. Жана (өмүрүңөр бүткөндө) Өзүбүзгө кайтарыласыңар.
Эгер сени каапырлар көрсө (бири-бирине) силердин (Аллахтан башка) кудайыңарды (буларга сыйынып болбойт деп) тилге алган ушулбу?» деп шылдыңдашат. Алар Чексиз Ырайымдууну эскерүүдөн каапыр болушууда.
(Кыямат) Аларга капыстан келет. Ошондо алар аны кайтаруудан алсыз болуп, коркуудан селейип калышат. (Анда) аларга (тообо кылуу үчүн) мөөнөт берилбейт![1]
[1] Кыяматтын белгилери келип, бүт ааламдык катастрофалар (кыйроолор) башталганда, алар мунун кыямат экенин түшүнүп, «Оо, Аллах! Бизге мөөнөт бер, Өзүңө ибадат кылууга үлгүрүп калалы!» деп, жалдырап калышат.
(Оо, Мухаммад! Алардын шылдыңына чөкпөгүн). Сенден мурунку пайгамбарларды деле шылдыңдашкан. Кийин алардын башына шылдыңдаган нерселери балээ болуп түшкөн.
Жок, аларды да, ата-бабаларын да өмүрү узун болгонго чейин Биз пайдалантуудабыз. Алар көрбөй жатабы, Биз жерди ар тараптан кыскартып жатабыз го?![1] Эмне, алар (Аллахтын тагдырына моюн сунбай), жеңүүчү болушат бекен?
(Оо, Мухаммад), сен аларга: «Мен силерди вахий (Аллахтан келген кабар) менен эскертип жатамын. Бирок, дүлөй адамдар эскертилген чакырыкты укпайт» деп айткын.
«Биз кыямат күн үчүн адилет таразаларды орнотобуз. Эч бир жан(га) зулумдук кылынбайт. (Сообунан кемитилбейт). Эгер (сообу же күнөөсү) сары кычы данынчалык болсо да, аны алып келебиз. Биз жетиштүү эсепчибиз».
(Ибрахим) Айтты: «Силер да, ата-бабаңар да анык адашууда болгонсуңар!»[1]
[1] Мушриктердин ар дайымкы жообу – ушул. Эч бир далили жок сыйына беришет, кайдагы нерселерге. Далил сурасаң «ата-бабам» дейт. Ата-бабалар адашкан болсо, артынан кете бериш керекпи, адашып?!
Силерден дагы, Аллахтан башка сыйынган кудайыңардан дагы тажадым! Акылыңарды иштетпейсиңерби?!» (деди Ибрахим). (Мушриктер Ибрахимдин далилдерине жооп бере албай, күч колдонууну каалашты жана):
Жана Биз аны (Ибрахим) менен Лут экөөсүн, ааламдар үчүн берекелүү кылган жерге (Шам өлкөсүнө) куткарып (чыгарып) жибердик.[1]
[1] Лут анын агасынын баласы болчу. Ибрахим каапыр атасын, элин таштап, өз журту Вавилондон (Ирактан) Шам (азыркы Сирия, Иордания жана Палестина) жерине чыгып кетти. Аны менен Луттан башка, аялы Сара да болгон.
Биз аларды Өзүбүздүн гана ишибизге (динибизге) баштоочу имамдардан кылдык. Жана аларга жакшы иштерди жасоону, намаз окууну жана зекет берүүнү вахий кылдык. Алар Бизге (эч нерсени шерик кошпой) ибадат кылуучулардан болчу.
Биз Лутка да өкүм (пайгамбарчылык) жана илим (шарият) бердик. Биз аны ыпластык (бачабаздык) иштерди жасаган шаардан чыгарып кеттик. Алар (шаар эли) жаман, бузук адамдар болгон.
Жана Нухту (эскер). Мурун ал (Бизге бийик добуш менен) дуба кылды эле, Биз аны кабыл алдык. Анан Биз аны менен үй-бүлөсүн улук кайгыдан (топон суудан) куткарып калдык.[1]
[1] Нух пайгамбар каапыр элин тогуз жүз элүү жыл жалгыз Аллахка сыйынууга чакырса да, таш жүрөк коому кабылдоонун ордуна шылдыңдоо менен жооп беришти. Сабыр чөйчөгү толгон Нух алейхис-салам: «Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырдын үй-жайын койбогун!» деп дуба кылды эле, дубасы кабыл болуп, топон суу каптап кирди.
Биз ага аяттарыбызды «жалган» деген (каапыр) коомдон (алардын зыян келтирүүсүнөн) жардам бердик. Алар жаман адамдар болчу. Биз алардын бирин койбой (топон сууга) чөктүрдүк.
Дауд менен Сулайманды (эстегин). Бир кезде ал экөөсү бир коомдун койлору (түндөсү каптап кирип) майкандап койгону жөнүндө өкүм кылышкан, Биз алардын өкүмүнө күбө болгонбуз.[1]
[1] Эгинзардын ээси койдун ээсинен арызданып падыша Дауддун алдына келгенде, ал майкандалган бактын ээсине койлорду алып берип коет. Анда уулу Сулайман: «Атаке, койлорду ээсинен биротоло алып койбой, убактылуу гана алып берсек. Ал эгинзарына зыян келтирген үчүн койлордун сүтүнөн, жүнүнөн гана пайдаланып турсун. Койдун ээси болсо, эгинди сугарып, өстүрүп кайра калыбына келтиргенде, койлорун кайра алсын» деп өкүм кылат. Атасы ушул өкүмдү туура көрөт.
Сулайманга бул чечимди түшүндүрдүк. Биз экөөнө тең (Дауд менен Сулайманга) өкүм жана илим бергенбиз. Даудга өзү менен кошо (Аллахка) тасбих айткан тоолорду жана куштарды моюн сундурдук.[1] (Ушуну) Биз жасадык.
[1] Дауд пайгамбардын үнү аябай жагымдуу жана бийик болгон. Ал Аллахты эскерип, Ыйык Китептин аяттарын мукамдуу окуганда тоолор эригидей болуп, асмандагы куштар үстүндө чарк айланып, аны менен кошо тасбих айтып турушкан.
Биз Даудга силерди сокку-зыяндан сактай турган (зоот) кийимдерди жасоону үйрөттүк. Эми шүгүр кылаарсыңар?![1]
[1] Согуштарда денени найза, жаанын огу жана кылычтан сактай турган зоот кийим Дауд пайгамбардан мурда болгон эмес. Демек, Аллах таала Дауд пайгамбар аркылуу инсаниятка чоң жакшылык берди. Бул шүгүр кылууга татыктуу нерсе. Кээ бир тафсирчилер: «Аллах темирди Даудка моюн сундургандан улам, аны камыр ийлегендей ийлеп, эч бир кыздырбай эле каалаган нерсесин жасап алчу. Бул Аллахтын Даудка берген пайгамбарлык моожизасы болчу» дешет. Мына ушундан улам «темирдин пири Дөөт» деген туура эмес түшүнүк калыптанган. Дауд эч нерсенин пири эмес. Андагы бардык касиеттер Аллах тааладан.
Жана ал (Сулайман) үчүн суунун астында сүзүүчү жана мындан башка (инсан жасай албай турган) иштерди жасап бере турган жин-шайтандарды (моюн сундурдук). Аларды Биз Өзүбүз көзөмөлдөөчүбүз.[1]
[1] Суучул жиндер деңиз түбүнөн асыл таштарды алып чыгышкан. Башка иш жасагандары Сулайманга чоң аскалардан сарайлар жасап беришкен.
Жана Аюбду да эсте. Ал Раббисине: «Мени зыян каптады! Өзүң ырайым кылуучулардын эң ырайымдуусусуң!» – деп, кайрылып дуба кылды.[1]
[1] Аллах Аюб пайгамбарды оор дарт менен сынаган. Анын тагдырдагы буйругу менен Аюбдун бүт денесин ириңдүү жара каптайт. Аллах Аюбдун үй-бүлөсүн, байлык-мүлкүн да жоготот. Бирок, Аюб мунун бардыгына сабыр кылат, тагдырына ыраазы болот. Бирок, адам пенде, темир эмес. Аллахка аятта айтылгандай жалбарып жардам тилейт.
Кийин Биз анын дубасын кабыл кылып, андагы зыянды арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат иретинде жана (сабырдуу) ибадат кылуучуларга эскерме-сабак болсун деп ага үй-бүлөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик.
Зуннунду да эстегин.[1] Бир кезде ал ачууланып (элинен ээн жерге) кетип калды. Ал Бизди өзүн тар (жана караңгы) жерде калтырбайт деп ойлогон.[2] Ал караңгылыктарда (калып): «Өзүңдөн башка сыйынылуучу Зат жок. (Оо, Раббим!) Сен Аруу-Таза Кудайсың! Мен залимдерден болуп калдым!» – деп жалбарды.
[1] Зуннун – бул Юнус пайгамбар. Арабча «зу» - «ээси» дегенди, «нун» кит-балык дегенди билдирет. Юнус пайгамбарды балык жутуп жибергенден улам Зуннун – балык ээси деп аталат. [2] Юнус пайгамбар элин туура жолго чакырганда кабыл албай койду. Адаттагыдай баштарына азап келип калганда Аллахка: «Эми ыкластуу ибадат кылабыз» деп жалбарышты. Аллах Өзүнө гана белгилүү себеп менен эч бир элден көтөрбөгөн азапты Юнустун элинен көтөрдү. Юнус элин жакшы эле тарбиялады. Бирок, бир нерседен ачууланып, сабырсыздык кылып, ээн-эркиндик издеп, журтунан чыгып кетет. Жолдо кемеге минет. Бир мезгилде добул туруп, кемедегилер: «Адам көп, кеме баарыбызды көтөрүп жээкке жете албайт. Чек таштап, бирөөнү сууга ыргытабыз» дешет. Чек Юнуска түшөт. Аллахтын буйругу менен аны чоң балык жутуп жиберет. Кенендик издеп чыккан Юнус, ушинтип тар, караңгы жерде калат.
Биз анын дубасын кабыл алдык жана кайгыдан куткардык. Биз ыймандуу адамдарды мына ушинтип куткарабыз.[1]
[1] Балыктын ичинде жатып жалбарган дубасын Аллах кабыл алып, Балыкка Юнусту жээкке чыгарып таштоосун буюрган. Ыймандуу адам ар кандай кырдаалда Аллахтын жардамынан үмүт үзбөш керек.
Жана Закарияны эсте: Ал Раббисине: «Оо, Раббим! Мени жалгыз (туяксыз) калтырба! Өзүң мурас алуучулардын (бардыгынын артында калуучулардын) эң жакшысысың!» деп дуба кылганда,
Биз анын дубасын кабыл алып, ага Яхьяны белек кылганбыз жана төрөбөс аялын да айыктырып койгонбуз. Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. (Жакшылыктардан) үмүт кылып (жамандыктардан) коркуп дуба кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичипейил пенделер болгон.
Жана абийирин сактаган кызды (Мариямды) да эстегин. Кийин Биз ага Өз Рухубуздан үйлөдүк. Аны жана анын уулун ааламдар үчүн (Өз Кудуретибизден) белги кылдык.[1]
[1] Мариям өзүн ибадатка багыштаган такыба кыз бала болчу. Аллах ошол кыз баланын жатынында перзент пайда кылууну каалап, Жебирейил периштени жиберди. Периште анын жакасынан үйлөп койду эле, ошол демден (Рухтан) анын боюна бүтүп, Иса алейхи салам төрөлдү.
(Оо, адамдар!) Силердин бул үммөтүңөр (диниңер) бир үммөт[1] жана Мен силердин Раббиңер боломун. Демек, Мага гана ибадат кылгыла!
[1] Бардык дүйнө элдерине келген пайгамбарлар бир Аллахтын Өзүнөн. Бир максат – элдерди жалгыз Аллахка ибадат кылууга чакыруу үчүн келген. Дини бир дегени – ушул.
Тээ качан гана Яжуж-Маьжуж (тосмосу) ачылганда, алар (Яжуж-Маьжуж эли) ар кайсы дөбөдөн агылган бойдон келишет.[1]
[1] Падыша Зулкарнайн камап койгон Яжуж-Мажуж элдери кыяматка жакын тосмону жээрип (жарып) чыгып дүйнөнү каптайт. «Агып келишет» деген сөз алардын көптүгүн, тездигин билдирет.
Акыйкат убада (Кыямат) жакындап калды. Ал келгенде каапырлар көздөрү чанагынан чыгып: «Өлдүк эми! Биз бул нерседен бейкапар болчубуз! Жок, (бейкапар гана эмес) залымдардан (ишенбегендерден) болчубуз!» дешет.
Алар үчүн мурдатан Биз тараптан (Тагдыр Китебине) жакшылык жазылган адамдар[1] тозоктон алыста болушат.
[1] Белгилүү болгондой көпчүлүк мушриктер Исага, Узайр олуяга жана периштелерге да сыйынышкан. Бирок, булар өздөрү буга нараазы болгондуктан жана бүт аалам жаралаардан илгери Аллах тарабынан жазып коюлган Лавхул-Махфуз (тагдыр) китебинде жакшылык (бейиш) жазып коюлганы себептүү, мушриктердин кудайларынын катарында тозокко кирбейт.
«Ошол күнү Биз асманды кат жазылган китепти жапкан сыяктуу жаап койобуз. (Калк-калайыкты) абалкы жолу жараткан калыбына кайтарабыз. Бул (кайра жаратуу) Биздин милдетибиздеги убада. Биз аны аткарабыз».
Биз Зикирден (Лавхул Махфуздан) кийин Забур китебинде да «Жерди[1] Менин салих (ыймандуу) пенделерим мурас кылып алышат» деп жазып койгонбуз:
[1] Аяттагы «жер» сөзүн кээ бир тафсирчи аалымдар «Бейиш жери» деп түшүндүрсө, кээ бирөөлөрү «дүйнөдөгү эле кадимкидей жер» дешет. Туурасын Аллах гана билет.
(Эй, Мушриктер! Силерге азап-жаза келбей турушу) балким силер үчүн сыноодур же убактысы келгенге чейин (кенен берилген) пайдалануудур, мен муну билбеймин».
Оо, Раббим Өзүң акыйкат менен өкүм кыл! (Эй, мушриктер!) Биздин Раббибиз, силер сыпаттаган (ширк) нерселерден коргоо сурала турган Чексиз Ырайымдуу Зат!
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Zoekresultaten:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".