Check out the new design

Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. * - Index van vertaling


Vertaling van de betekenissen Surah: Hoed   Vers:
قَالَ يَٰقَوۡمِ أَرَءَيۡتُمۡ إِن كُنتُ عَلَىٰ بَيِّنَةٖ مِّن رَّبِّي وَءَاتَىٰنِي مِنۡهُ رَحۡمَةٗ فَمَن يَنصُرُنِي مِنَ ٱللَّهِ إِنۡ عَصَيۡتُهُۥۖ فَمَا تَزِيدُونَنِي غَيۡرَ تَخۡسِيرٖ
Салих өз элине жооп иретинде мындай деди: «Оо, элим! Мага айткылачы! Мен Раббим тараптан ачык далил болдум, мага Раббим пайгамбарлыкты берди. Эгер мен силерге жеткирүүгө буйруган нерсени жеткирбестен таштап күнөөкөр болсом, ким мени Анын азабынан куткарат? Силер мага адашуудан башка жана Анын ыразылыгынан алыстатуудан башка эч нерсе айткан жоксуңар.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَيَٰقَوۡمِ هَٰذِهِۦ نَاقَةُ ٱللَّهِ لَكُمۡ ءَايَةٗۖ فَذَرُوهَا تَأۡكُلۡ فِيٓ أَرۡضِ ٱللَّهِۖ وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوٓءٖ فَيَأۡخُذَكُمۡ عَذَابٞ قَرِيبٞ
Оо, элим! Бул Аллахтын төөсү – силерге чындыкты айткандыгымдын белгиси. Аны бош таштап койгула. Аллахтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага эч кандай зыян бербегиле. Эгер силер аны сойсоңор жакынкы убакта башыңарга азап түшөт.
Arabische uitleg van de Qur'an:
فَعَقَرُوهَا فَقَالَ تَمَتَّعُواْ فِي دَارِكُمۡ ثَلَٰثَةَ أَيَّامٖۖ ذَٰلِكَ وَعۡدٌ غَيۡرُ مَكۡذُوبٖ
Алар аны чектен ашып жалганга чыгарышкандыгы үчүн союп салышты. Ошондо аларга Салих айтты: «Өзүңөрдүн жериңерде аны сойгон күндөн баштап үч күндүк жашооңорду пайдалангыла. Андан кийин силерге Аллахтын азабы түшөт. Аллахтын азабынын келүүсү жалган эмес, сөзсүз түрдө аткарылуучу убада. Тактап айканда ал чыныгы убада».
Arabische uitleg van de Qur'an:
فَلَمَّا جَآءَ أَمۡرُنَا نَجَّيۡنَا صَٰلِحٗا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥ بِرَحۡمَةٖ مِّنَّا وَمِنۡ خِزۡيِ يَوۡمِئِذٍۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ ٱلۡقَوِيُّ ٱلۡعَزِيزُ
Аларды кыйратып жок кылууга буйругубуз келгенде Биз Салихти жана аны менен бирге болгон ыймандууларды Биз тараптан болгон ырайымдуулук менен аман калтырдык. Аларды ошол күндүн коркунучунан жана кордугунан сактап калдык. Оо, пайгамбар! Чындыгында, сенин Раббиң Күчтүү жана Кудуреттүү. Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. Ошондуктан Ал жалганга чыгарган коомду кыйратып жок кылды.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَأَخَذَ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ ٱلصَّيۡحَةُ فَأَصۡبَحُواْ فِي دِيَٰرِهِمۡ جَٰثِمِينَ
Самуд коомуна асмандан кыйратуучу катуу үн түшкөндө үндүн катуулугунан баары өлүштү. Алар беттери менен жыгылышып алардын беттери топуракка жабышып калды.
Arabische uitleg van de Qur'an:
كَأَن لَّمۡ يَغۡنَوۡاْ فِيهَآۗ أَلَآ إِنَّ ثَمُودَاْ كَفَرُواْ رَبَّهُمۡۗ أَلَا بُعۡدٗا لِّثَمُودَ
Кудум алар өз шаарларында жашоо жыргалчылыгында жана жакшылыгында жашашпаган сыяктуу. Чындыгында, Самуд коому Раббиси Аллахка каапыр болушпадыбы. Ошондуктан алар ар дайым Аллахтын ырайымынан алыс.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَلَقَدۡ جَآءَتۡ رُسُلُنَآ إِبۡرَٰهِيمَ بِٱلۡبُشۡرَىٰ قَالُواْ سَلَٰمٗاۖ قَالَ سَلَٰمٞۖ فَمَا لَبِثَ أَن جَآءَ بِعِجۡلٍ حَنِيذٖ
Периштелер Ибрахим пайгамбарга адам келбетинде келишти да ага жана аялына Исхак, андан кийин Якуб менен сүйүнчүлөштү. Ошондо периштелер: «Салам» – деп айтканда ага Ибрахим өз сөзү менен: «Салам» – деп жооп берди. Ибрахим аларды адамдар деп күмөн кылып шашып чыгып, алар жеш үчүн какталып бышырылган торпокту алып келди.
Arabische uitleg van de Qur'an:
فَلَمَّا رَءَآ أَيۡدِيَهُمۡ لَا تَصِلُ إِلَيۡهِ نَكِرَهُمۡ وَأَوۡجَسَ مِنۡهُمۡ خِيفَةٗۚ قَالُواْ لَا تَخَفۡ إِنَّآ أُرۡسِلۡنَآ إِلَىٰ قَوۡمِ لُوطٖ
Сара бул сүйүнчү кабарга таңыркаганда периштелер айтышты: «Сен Аллах тагдыр кылган нерсеге жана Анын буйругуна таң каласыңбы?!». Албетте сендей адамдар үчүн Аллах таала бардык нерсеге Кудуреттүү экендиги жашыруун эмес. Эй, Ибрахимдин үй бүлөсү! Силерге Аллахтын ырайымы жана берекеси болсун. Чындыгында, Аллах сыпаттарында жана иштеринде мактоого ээ болгон зат жана Даңазалуу, Улуулук ээси.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَٱمۡرَأَتُهُۥ قَآئِمَةٞ فَضَحِكَتۡ فَبَشَّرۡنَٰهَا بِإِسۡحَٰقَ وَمِن وَرَآءِ إِسۡحَٰقَ يَعۡقُوبَ
Ибрахимдин аялы Сара турган эле. Ага Биз аны сүйүнтө турган нерсени кабар бердик. Ал сүйүнүчтүү кабар – Сара Исхакты төрөйт. Исхактын Якуб аттуу баласы болот. Ошондо ал сүйүнүчтүү кабарды укканда кубанды.
Arabische uitleg van de Qur'an:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• عناد واستكبار المشركين حيث لم يؤمنوا بآية صالح عليه السلام وهي من أعظم الآيات.
• Мушриктер баш ийбегендиктен жана текеберликтен Салих пайгамбардын аят-белгилерине ыйман келтиришкен жок. Ал чоң аят-белгилерден болгон.

• استحباب تبشير المؤمن بما هو خير له.
• Ыймандуулага жакшылык нерселерди сүйүнчүлөө жакшы иштерден.

• مشروعية السلام لمن دخل على غيره، ووجوب الرد.
• Башка бирөөнүкүнө киргенде салам айтуу жана саламга алик алуу милдет экендигинин шариятта негизделиши.

• وجوب إكرام الضيف.
• Конокторду сыйлоо милдет экендиги.

 
Vertaling van de betekenissen Surah: Hoed
Surah's Index Pagina nummer
 
Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. - Index van vertaling

Uitgegeven door het Tafsier Centrum voor Koranstudies.

Sluit