Check out the new design

Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. * - Index van vertaling


Vertaling van de betekenissen Surah: ar-Rad   Vers:
۞ مَّثَلُ ٱلۡجَنَّةِ ٱلَّتِي وُعِدَ ٱلۡمُتَّقُونَۖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ أُكُلُهَا دَآئِمٞ وَظِلُّهَاۚ تِلۡكَ عُقۡبَى ٱلَّذِينَ ٱتَّقَواْۚ وَّعُقۡبَى ٱلۡكَٰفِرِينَ ٱلنَّارُ
Аллах тааланын буйруктарына моюн сунуп жана Анын тыйгандарын таштаган такыба адамдар үчүн Аллахтын убада берген бейишинин сыпаты – кан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турат. Ал жердин мөмө-жемиштери эч качан түгөнбөйт. Алар бул дүйнөдөгү мөмө-жемиштердей эмес. Көлөкөсү да туруктуу, жок болуп жана кыскарып да кетпейт. Аллахка такыбалык кылган, Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарынан кайткан адамдын акыбети мына ушундай. Ал эми каапырлардын акыбети тозок. Алар ага киришип, ал жакта түбөлүк калышат.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ يَفۡرَحُونَ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَۖ وَمِنَ ٱلۡأَحۡزَابِ مَن يُنكِرُ بَعۡضَهُۥۚ قُلۡ إِنَّمَآ أُمِرۡتُ أَنۡ أَعۡبُدَ ٱللَّهَ وَلَآ أُشۡرِكَ بِهِۦٓۚ إِلَيۡهِ أَدۡعُواْ وَإِلَيۡهِ مَـَٔابِ
Оо, пайгамбар! Биз Тооратты берген жөөттөр жана Инжилди берген христиандар сага түшүрүлгөн нерсенин кээ бири аларга түшкөн нерселерге шайкеш келгендиги үчүн сүйүнүшөт. Жөөттөр менен христиандардын кээ бир тайпалары сага түшүрүлгөн кээ бир нерселерди өздөрүнүн каалоолоруна ылайык келбегендиги үчүн же аларды өзгөртүп бурмалагандарын сыпаттагандыгы үчүн четке кагышат. Оо, пайгамбар! Аларга айт: “Чындыгында Аллах таала мени жалгыз Өзүнө сыйынуумду жана Ага эч нерсени шерик кошпоомду буйруду”. Жалгыз Ага гана дуба кылам, Андан башка эч кимге дуба кылбайм. Жалгыз Ага гана кайтамын. Тоорат жана Инжил да мына ушул нерселер менен келген.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَكَذَٰلِكَ أَنزَلۡنَٰهُ حُكۡمًا عَرَبِيّٗاۚ وَلَئِنِ ٱتَّبَعۡتَ أَهۡوَآءَهُم بَعۡدَ مَا جَآءَكَ مِنَ ٱلۡعِلۡمِ مَا لَكَ مِنَ ٱللَّهِ مِن وَلِيّٖ وَلَا وَاقٖ
Оо, пайгамбар! Биз мурунку китептерди элдеринин тилинде түшүргөнүбүз сыяктуу сага да өкүмдү ачыктап, акыйкатты баяндай турган Куранды араб тилинде түшүрдүк. Эй, пайгамбар! Эгер Аллах сага үйрөткөн илим келгенден кийин Китеп ээлеринин каалоолоруна ылайык келбеген нерсени өчүрүү туурасында сени менен тартышкан нерсесинде алардын каалоолоруна ээрчий турган болсоң, анда Аллах тарабынан сенин ишиңе жардам бере турган дос да, душмандарыңа каршы сага жардамчы да болбойт. Жана сени Анын азабынан тыя турган эч ким болбойт.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا رُسُلٗا مِّن قَبۡلِكَ وَجَعَلۡنَا لَهُمۡ أَزۡوَٰجٗا وَذُرِّيَّةٗۚ وَمَا كَانَ لِرَسُولٍ أَن يَأۡتِيَ بِـَٔايَةٍ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۗ لِكُلِّ أَجَلٖ كِتَابٞ
Оо, пайгамбар! Чынында сенден мурда да адамдардан пайгамбарларды жибергенбиз. Сен жаңы пайда болгон жалгыз пайгамбар эмессиң. Аларга да башка адамдар сыяктуу аялдарды жана бала-чакаларды бердик. Аларды үйлөнбөгөн жана бала көрбөгөн периштелер сыяктуу кылбадык. Сен дагы үйлөнүп, бала көргөн адамдардан болгон пайгамбарлардансың. Эми эмнеге мушриктер сенин ушундай болгонуңа таң калып жатышат? Аллахтын уруксатысыз эч бир пайгамбар өзүнөн бир аят-белги алып келүүсү мүмкүн эмес. Аллах тагдыр кылган ар бир иштин мөөнөтү эскерилген китеп бар. Ал мөөнөт оозуп да кетпейт кеч да калбайт.
Arabische uitleg van de Qur'an:
يَمۡحُواْ ٱللَّهُ مَا يَشَآءُ وَيُثۡبِتُۖ وَعِندَهُۥٓ أُمُّ ٱلۡكِتَٰبِ
Аллах таала жакшылык-жамандыктын же бактылуулук-бактысыздыктын жана башка нерселердин каалаганын кетирип жок кылат. Жана алардан каалаганын бекемдеп коёт. Тагдыр китеби да Анын алдында. Ал бардык нерсенин кайта турган жери. Өчүрүлгөн же бекемделген кандай гана нерсе болбосун, анын баары андагы жазылган нерсеге туура келет.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَإِن مَّا نُرِيَنَّكَ بَعۡضَ ٱلَّذِي نَعِدُهُمۡ أَوۡ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِنَّمَا عَلَيۡكَ ٱلۡبَلَٰغُ وَعَلَيۡنَا ٱلۡحِسَابُ
Оо, пайгамбар! Биз убада кылып жаткан азаптын кээ бирин сен өлө элегиңде сага көрсөтүү — ал биздин ишибиз. Же сага көрсөткөнгө чейин сенин жаныңды алсак да сенин милдетиң жеткирүүгө буйрулган нерсени жеткирүү гана. Аларды жазалап жана суракка алуу сенин милдетиң эмес. Ал Биздин ишибиз.
Arabische uitleg van de Qur'an:
أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّا نَأۡتِي ٱلۡأَرۡضَ نَنقُصُهَا مِنۡ أَطۡرَافِهَاۚ وَٱللَّهُ يَحۡكُمُ لَا مُعَقِّبَ لِحُكۡمِهِۦۚ وَهُوَ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ
Биз Исламды жайылтуу менен жана мусулмандардын жерлерди ачуусу менен каапырлык кылынган жерлерди четинен кемитип жатканыбызды ал каапырлар көрүшкөн жокбу. Аллах Өзү каалаган нерсе менен пенделеринин арасында өкүм кылат. Анын өкүмүн эч ким бузуп же өзгөртүп же алмаштыруу менен артка кайтара албайт. Ал Аруу Аллахтын азабы бат болот. Абалкылар менен кийинкилерди бир күндө суракка алат.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَقَدۡ مَكَرَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ فَلِلَّهِ ٱلۡمَكۡرُ جَمِيعٗاۖ يَعۡلَمُ مَا تَكۡسِبُ كُلُّ نَفۡسٖۗ وَسَيَعۡلَمُ ٱلۡكُفَّٰرُ لِمَنۡ عُقۡبَى ٱلدَّارِ
Мурунку элдер пайгамбарларына айлакерлик кылышты жана алар алып келген динди жалганга чыгарышты. Бирок, алар айлакерликтери менен эмне кыла алышты? Эч нерсе кыла алган жок. Анткени, ишке ашкан чечим, эч кимдин чечими эмес, Аллахтын чечими. Ошондой эле Аллах Таала алардын кылып жаткан иштерин билет жана ал үчүн аларды жазалайт. Мына ошондо алар Аллахка ыйман келтирбей канчалык ката кетиргенин жана мусулмандар туура жолду карманып, ошол себептүү бейишке жана жакшы акыбетке ээ болгонун билишет.
Arabische uitleg van de Qur'an:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• الترغيب في الجنة ببيان صفتها، من جريان الأنهار وديمومة الرزق والظل.
Бейиштин сыпаттарын айтуу менен ага кызыктыруу. Мисалы, дарыялардын агып турушу, ырыскынын дайым болушу жана көлөкөлүүгү.

• خطورة اتباع الهوى بعد ورود العلم وأنه من أسباب عذاب الله.
Илим келгенден кийин аны ээрчибестен өз каалоосун ээрчип кетүүнүн коркунучтуулугу жана бул Аллахтын азабына кабылуунун себептеринен.

• بيان أن الرسل بشر، لهم أزواج وذريات، وأن نبينا صلى الله عليه وسلم ليس بدعًا بينهم، فقد كان مماثلًا لهم في ذلك.
Пайгамбарлар дагы адамдар экенин, алардын да аялдары жана урпактары бар экенин баяндоо. Ошондой эле биздин пайгамбарыбыз да бул нерселерде мурунку пайгамбарлардан өзгөчөлөнбөй ошолор сыяктуу эле пайгамбар экенин ачыктоо.

 
Vertaling van de betekenissen Surah: ar-Rad
Surah's Index Pagina nummer
 
Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. - Index van vertaling

Uitgegeven door het Tafsier Centrum voor Koranstudies.

Sluit