Check out the new design

Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. * - Index van vertaling


Vertaling van de betekenissen Surah: De bij   Vers:
وَمَآ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ إِلَّا رِجَالٗا نُّوحِيٓ إِلَيۡهِمۡۖ فَسۡـَٔلُوٓاْ أَهۡلَ ٱلذِّكۡرِ إِن كُنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун адамзаттан эркек кишилерге гана кабар түшүрүп аларды пайгамбар кылып жибергенбиз. Ал эми периштелерден пайгамбар жиберген эмеспиз. Бул Биздин адатта карманган жолубуз. Эгерде муну четке каксаңар, анда мурунку Китеп ээлеринен сурагыла. Алар силерге пайгамбарлар адамзаттан болгондугун айтышат. Алар периштелерден болгон эмес, эгер силер аларды адамзаттан эмес деп билген болсоңор.
Arabische uitleg van de Qur'an:
بِٱلۡبَيِّنَٰتِ وَٱلزُّبُرِۗ وَأَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلذِّكۡرَ لِتُبَيِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ إِلَيۡهِمۡ وَلَعَلَّهُمۡ يَتَفَكَّرُونَ
Биз адамзаттан болгон ошол пайгамбарларды ачык-айкын далилдер жана ыйык китептер менен жибердик. Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды адамдарга түшүндүрүү зарыл болгон жерлерин ачыкташ үчүн түшүрдүк. Балким алар акылдарын иштетип, андагы айтылгандардан сабак алышар.
Arabische uitleg van de Qur'an:
أَفَأَمِنَ ٱلَّذِينَ مَكَرُواْ ٱلسَّيِّـَٔاتِ أَن يَخۡسِفَ ٱللَّهُ بِهِمُ ٱلۡأَرۡضَ أَوۡ يَأۡتِيَهُمُ ٱلۡعَذَابُ مِنۡ حَيۡثُ لَا يَشۡعُرُونَ
Аллахтын жолунан тосуш үчүн айла-амалдарды кылгандар Аллах Карунду жерге жуттургандай аларды да жерге жуттуруудан же алар күтпөгөн тараптан аларга азап келүүсүнөн көңүлдөрү тынчпы?!
Arabische uitleg van de Qur'an:
أَوۡ يَأۡخُذَهُمۡ فِي تَقَلُّبِهِمۡ فَمَا هُم بِمُعۡجِزِينَ
Же болбосо алар жер кесип жана тиричилик кылып жүрүшкөн учурда аларга азап келүүсүнөн көңүлдөрү тынчпы?! Алар андан коргоно да кутула да алышпайт.
Arabische uitleg van de Qur'an:
أَوۡ يَأۡخُذَهُمۡ عَلَىٰ تَخَوُّفٖ فَإِنَّ رَبَّكُمۡ لَرَءُوفٞ رَّحِيمٌ
Же алар Аллахтан корккон абалда Анын азабына кабылышынан көңүлдөрү тынчпы?! Аллах аларды бардык абалда азаптоого кудуреттүү. Чындыгында Раббиңер өтө Мээримдүү, Ырайымдуу. Ал жазалоону эртелетпейт. Балким пенделери Ага тообо кылып кайтышар.
Arabische uitleg van de Qur'an:
أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ إِلَىٰ مَا خَلَقَ ٱللَّهُ مِن شَيۡءٖ يَتَفَيَّؤُاْ ظِلَٰلُهُۥ عَنِ ٱلۡيَمِينِ وَٱلشَّمَآئِلِ سُجَّدٗا لِّلَّهِ وَهُمۡ دَٰخِرُونَ
Жалганга чыгарган адамдар Анын жараткандарына ой жүгүртүү менен назар салышпайбы? Алардын көлөкөсү Раббисине моюн сунуп Ага чындап сажда кылган абалда күндүзү күндүн жүрүшүнө, түндөсү айдын жылышына карап оңго, солго жылып жатпайбы?
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَلِلَّهِۤ يَسۡجُدُۤ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ مِن دَآبَّةٖ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَهُمۡ لَا يَسۡتَكۡبِرُونَ
Асмандар менен жердеги жандыктардын баарысы жалгыз Аллахка гана сажда кылышат. Периштелер да жалгыз Ага гана сажда кылышат. Алар Аллахка ибадат кылуудан жана Ага моюн сунуудан текеберленишпейт.
Arabische uitleg van de Qur'an:
يَخَافُونَ رَبَّهُم مِّن فَوۡقِهِمۡ وَيَفۡعَلُونَ مَا يُؤۡمَرُونَ۩
Алар дайым кылган ибадаттарына жана моюн сунгандарына карабастан Раббисинен коркушат. Ал Өз Заты, багынтуусу жана бийлиги менен алардан жогору. Ошондой эле алар Раббиси буйруган ибадаттарды аткарышат.
Arabische uitleg van de Qur'an:
۞ وَقَالَ ٱللَّهُ لَا تَتَّخِذُوٓاْ إِلَٰهَيۡنِ ٱثۡنَيۡنِۖ إِنَّمَا هُوَ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞ فَإِيَّٰيَ فَٱرۡهَبُونِ
Аллах бардык пенделерине айтты: «Эки кудай тутуп албагыла! Чындыгында Ал жалгыз чыныгы Кудай, Анын экинчиси да шериги да жок. Менден гана корккула жана Менден башка эч кимден коркпогула».
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَلَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلَهُ ٱلدِّينُ وَاصِبًاۚ أَفَغَيۡرَ ٱللَّهِ تَتَّقُونَ
Жаратууда, бийлик кылууда жана башкарууда асмандар менен жердеги нерселер жалгыз Ага гана таандык. Баш ийүү, жалбаруу, ыкластуулук жалгыз Ага гана тиешелүү. Эми силер Аллахтан башкадан коркуп жатасыңарбы?! Жок! Андан гана корккула!
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَمَا بِكُم مِّن نِّعۡمَةٖ فَمِنَ ٱللَّهِۖ ثُمَّ إِذَا مَسَّكُمُ ٱلضُّرُّ فَإِلَيۡهِ تَجۡـَٔرُونَ
Оо, адамдар! Силерде болгон диний жана дүйнөлүк жакшылыктардын баарысы бир Аллахтын Өзүнөн. Кийин силердин башыңарга балээ же оору же жакырлык түшсө, ал нерседен кутулуш үчүн жалгыз Ага гана дуба кылып жалбарасыңар. Ким жакшылыктарды берип, жамандыктардан куткарган болсо, анда жалгыз ошого гана сыйынуу милдет.
Arabische uitleg van de Qur'an:
ثُمَّ إِذَا كَشَفَ ٱلضُّرَّ عَنكُمۡ إِذَا فَرِيقٞ مِّنكُم بِرَبِّهِمۡ يُشۡرِكُونَ
Анан Ал силердин дубаңарды кабыл кылып, башыңарга түшкөн балээден куткаргандан кийин силердин бир тобуңар Раббисине ширк кылып, Аны менен катар башкаларга да сыйынып кетишти. Бул не деген жүзү каралык?!
Arabische uitleg van de Qur'an:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• على المجرم أن يستحي من ربه أن تكون نعم الله عليه نازلة في جميع اللحظات ومعاصيه صاعدة إلى ربه في كل الأوقات.
Күнөөкөр адам Раббисинен уялуусу керек. Анткени Аллахтын жакшылыктары ага бардык убакта түшүп турат, ал эми анын кылган күнөөлөрү Раббисине бардык учурда көтөрүлүп турат.

• ينبغي لأهل الكفر والتكذيب وأنواع المعاصي الخوف من الله تعالى أن يأخذهم بالعذاب على غِرَّة وهم لا يشعرون.
Каапырлар, жалганчылар жана күнөөкөрлөр Аллахтан коркуулары зарыл. Анткени Ал аларды күтпөгөн жерден азапка салуусу мүмкүн.

• جميع النعم من الله تعالى، سواء المادية كالرّزق والسّلامة والصّحة، أو المعنوية كالأمان والجاه والمنصب ونحوها.
Бардык жакшылыктар Аллахтан. Ал жакшылык ырыскы, саламаттык, чың ден-соолук сыяктуу материалдык болобу же тынчтык, кадыр-барк, бийлик ж.б. сыяктуу руханий болобу, баарысы Аллахтан.

• لا يجد الإنسان ملجأً لكشف الضُّرِّ عنه في وقت الشدائد إلا الله تعالى فيضجّ بالدّعاء إليه؛ لعلمه أنه لا يقدر أحد على إزالة الكرب سواه.
Адам кыйынчылык убактарда балээден кутулуш үчүн Аллахтан башка барар жай таппайт. Ошондо ал Ага жалынып дуба кылат. Анткени Андан башка эч ким аны кыйынчылыктан куткарууга күчү жетпесин билет.

 
Vertaling van de betekenissen Surah: De bij
Surah's Index Pagina nummer
 
Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. - Index van vertaling

Uitgegeven door het Tafsier Centrum voor Koranstudies.

Sluit