Check out the new design

Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. * - Index van vertaling


Vertaling van de betekenissen Vers: (105) Surah: De bij
إِنَّمَا يَفۡتَرِي ٱلۡكَذِبَ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَٰذِبُونَ
Мухаммад Раббиси тараптан алып келген нерседе жалганчы эмес. Чындыгында ал жалганды Аллахтын аяттарына ишенбегендер гана ойлоп таап жатышат. Анткени алар азаптан коркушпайт жана сооп да үмүт кылышпайт. Мына ошол каапырлык менен сыпатталгандар өздөрү жалганчылар. Анткени жалган айтуу алардын көнгөн адаты болуп калган.
Arabische uitleg van de Qur'an:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• الترخيص للمُكرَه بالنطق بالكفر ظاهرًا مع اطمئنان القلب بالإيمان.
Жүрөгүндөгү ыйманы өзгөрбөгөн абалда сыртынан каапырлык сөздү айтууга мажбурланган адамга аны айтуу уруксат.

• المرتدون استوجبوا غضب الله وعذابه؛ لأنهم استحبوا الحياة الدنيا على الآخرة، وحرموا من هداية الله، وطبع الله على قلوبهم وسمعهم وأبصارهم، وجعلوا من الغافلين عما يراد بهم من العذاب الشديد يوم القيامة.
Динден кайтып кеткендер Аллахтын каарына жана азабына татыктуу болушту. Анткени алар бул дүйнөнү акыреттен артык көрүштү. Ошондуктан алар Аллахтын туура жолунан куру калышты, Аллах алардын жүрөктөрүнө, кулактарына жана көздөрүнө мөөр басты жана алар кыяматта аларга даярдалган катуу азаптан бейкапар калышты.

• كَتَبَ الله المغفرة والرحمة للذين آمنوا، وهاجروا من بعد ما فتنوا، وصبروا على الجهاد.
Аллах таала ыйман келтиргендерге, азапталууга туш болгондон кийин көчкөндөргө жана Аллах жолундагы согушка сабыр кылгандарга Өзүнүн кечиримин жана ырайымын жазды.

 
Vertaling van de betekenissen Vers: (105) Surah: De bij
Surah's Index Pagina nummer
 
Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. - Index van vertaling

Uitgegeven door het Tafsier Centrum voor Koranstudies.

Sluit