Check out the new design

Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. * - Index van vertaling


Vertaling van de betekenissen Surah: al-Israa   Vers:
۞ قُلۡ كُونُواْ حِجَارَةً أَوۡ حَدِيدًا
Оо, пайгамбар! Аларга айткын: «Эй, мушриктер! Таштай катуу болсоңор да, темирдей бекем болсоңор да, бул нерсе колуңардан келбейт.
Arabische uitleg van de Qur'an:
أَوۡ خَلۡقٗا مِّمَّا يَكۡبُرُ فِي صُدُورِكُمۡۚ فَسَيَقُولُونَ مَن يُعِيدُنَاۖ قُلِ ٱلَّذِي فَطَرَكُمۡ أَوَّلَ مَرَّةٖۚ فَسَيُنۡغِضُونَ إِلَيۡكَ رُءُوسَهُمۡ وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هُوَۖ قُلۡ عَسَىٰٓ أَن يَكُونَ قَرِيبٗا
Же көкүрөгүңөрдө улук туткан ал экөөсүнөн да чоң нерсе болсоңор да, Аллах силерди башында жараткандай кайра жаратат, баштапкы жолу жараткандай кайра тирилтет. Ал каршы чыккандар: «Биз өлгөндөн кийин бизди ким кайра тирилтет?» – деп сурашат. Айткын: «Силерди мурда эч бир окшошу болбогон турпатта баштапкы жолу жараткан Зат». Кийин алар сенин жообуңду шылдыңдай баштарын чайкап: «Ал кайра тирилүү качан?» – деп айтышат. Айткын: «Балким жакын калгандыр. Келе тургандардын баарысы жакын».
Arabische uitleg van de Qur'an:
يَوۡمَ يَدۡعُوكُمۡ فَتَسۡتَجِيبُونَ بِحَمۡدِهِۦ وَتَظُنُّونَ إِن لَّبِثۡتُمۡ إِلَّا قَلِيلٗا
Силер сурак майданына чакырыла турган күндө Аллах силерди кайра тирилтет. Анын буйругуна баш ийип, Ага мактоолорду айтып жооп бересиңер. Ошондо жер бетинде аз гана убакыт жашаптырбыз деп ойлойсуңар.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَقُل لِّعِبَادِي يَقُولُواْ ٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُۚ إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ يَنزَغُ بَيۡنَهُمۡۚ إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ كَانَ لِلۡإِنسَٰنِ عَدُوّٗا مُّبِينٗا
Оо, пайгамбар! Мага ыйман келтирген пенделериме айткын: «Маетешкен кездеринде жакшы сөздөрдү сүйлөшсүн, жаман сөздөрдөн алыс болушсун. Анткени шайтан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып алардын арасына кирип дүйнө жана акырет жашоолорун бузуп жүрбөсүн. Чындыгында шайтан адамга анык душман. Андыктан ал андан сактануусу керек».
Arabische uitleg van de Qur'an:
رَّبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِكُمۡۖ إِن يَشَأۡ يَرۡحَمۡكُمۡ أَوۡ إِن يَشَأۡ يُعَذِّبۡكُمۡۚ وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ عَلَيۡهِمۡ وَكِيلٗا
Оо, адамдар! Раббиңер силерди жакшы билет. Эч нерсеңер Ага жашыруун эмес. Ал силерге ырайым кааласа, силерди ыйман жолуна түшүүгө, жакшылык иштерди кылууга ийгилик берип ырайым кылат. Силерге азапты кааласа, силерди ыймансыз калтырып, каапырлыкта өлтүрүп азаптайт. Эй, пайгамбар! Сен аларды ыйманга салып, каапырлыктан тыйып, кылган иштерин жазып койгондой Биз сени аларга колдоочу кылып жиберген эмеспиз. Чындыгында сен Аллах жеткир буйруган нерсени гана жеткирүүчүсүң.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَرَبُّكَ أَعۡلَمُ بِمَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۗ وَلَقَدۡ فَضَّلۡنَا بَعۡضَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ عَلَىٰ بَعۡضٖۖ وَءَاتَيۡنَا دَاوُۥدَ زَبُورٗا
Оо, пайгамбар! Раббиң асмандар менен жердеги ар бир нерсени жакшы билет жана алардын абалдарын, эмнеге татыктуу экендиктерин да жакшы билет. Биз кээ бир пайгамбарларды ээргигендердин санын көп кылып, китептерди түшүрүп башка пайгамбарлардан артык кылдык. Даудга Забур деген китепти бердик.
Arabische uitleg van de Qur'an:
قُلِ ٱدۡعُواْ ٱلَّذِينَ زَعَمۡتُم مِّن دُونِهِۦ فَلَا يَمۡلِكُونَ كَشۡفَ ٱلضُّرِّ عَنكُمۡ وَلَا تَحۡوِيلًا
Оо, пайгамбар! Мушриктерге айткын: «Эй, мушриктер! Аллахтан башка силер кудай деп ойлогондоруңарга дуба кылгылачы, алар алсыз болгону үчүн силердин башыңарга түшкөн зыянды кетире албайт, аны башкаларга да оодара албайт. Ким алсыз болсо, анда ал кудай боло албайт».
Arabische uitleg van de Qur'an:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ يَبۡتَغُونَ إِلَىٰ رَبِّهِمُ ٱلۡوَسِيلَةَ أَيُّهُمۡ أَقۡرَبُ وَيَرۡجُونَ رَحۡمَتَهُۥ وَيَخَافُونَ عَذَابَهُۥٓۚ إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ كَانَ مَحۡذُورٗا
Алар дуба кылышкан периштелер же ошолор сыяктуулары өздөрү жакшылык иштерди кылып Аллахка жакындоого жол издешет. Алар өздөрү моюн сунушуп кимиси Аллахка көбүрөөк жакын деп жарышышат, аларга ырайым кылуусун үмүт кылышат, аларды азаптоосунан коркушат. Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиңдин азабынан коргонуу милдеттүү нерселерден.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَإِن مِّن قَرۡيَةٍ إِلَّا نَحۡنُ مُهۡلِكُوهَا قَبۡلَ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ أَوۡ مُعَذِّبُوهَا عَذَابٗا شَدِيدٗاۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَسۡطُورٗا
Бул дүйнөдө каапырлыгы себептүү Биз азап жана кыйроо түшүргөн же өлүм сыяктуу катуу жазалар менен сынаган кайсы шаар же айыл болбосун, ал азап менен кыйроо – Лавхул Махфузда (сакталган тагдыр китебинде) жазылган Аллахтын өкүмү.
Arabische uitleg van de Qur'an:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• القول الحسن داع لكل خلق جميل وعمل صالح، فإنَّ من ملك لسانه ملك جميع أمره.
Жакшы сөз сүйлөө адамды жакшы адептерге жана жакшы иштерге үндөйт. Чындыгында ким тилине ээлик кылса, анда ал бардык ишине ээлик кылат.

• فاضل الله بين الأنبياء بعضهم على بعض عن علم منه وحكمة.
Аллах Өз илими жана даанышмадыгы менен кээ бир пайгамбарларды кээ бирлеринен артык кылган.

• الله لا يريد بعباده إلا ما هو الخير، ولا يأمرهم إلا بما فيه مصلحتهم.
Аллах пенделерине жакшылыкты гана каалайт жана аларга пайда берген нерселерге гана буйруйт.

• علامة محبة الله أن يجتهد العبد في كل عمل يقربه إلى الله، وينافس في قربه بإخلاص الأعمال كلها لله والنصح فيها.
Аллахтын сүйүүсүнүн белгиси – пенде Аллахка жакындаткан бардык иштерди кылууга жанталашуусу, Аллахка жакындоодо бардык иштерин Ал үчүн чын ыкластан кылып жарышуусу жана башкаларга насаат кылуусу.

 
Vertaling van de betekenissen Surah: al-Israa
Surah's Index Pagina nummer
 
Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. - Index van vertaling

Uitgegeven door het Tafsier Centrum voor Koranstudies.

Sluit