Check out the new design

Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. * - Index van vertaling


Vertaling van de betekenissen Surah: Albaqarah   Vers:
وَمَآ أَنفَقۡتُم مِّن نَّفَقَةٍ أَوۡ نَذَرۡتُم مِّن نَّذۡرٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُهُۥۗ وَمَا لِلظَّٰلِمِينَ مِنۡ أَنصَارٍ
Аз болобу, көп болобу, Аллахтын ыраазылыгын көздөп эмнени сарптасаңар же силерге милдет кылынбаса да Аллахка баш ийип аткарган ишиңерге бекем болсоңор, албетте Аллах мунун баарын билет жана Анын алдында алардын эч бири жок болбойт. Силерге жакында алар үчүн эң чоң сыйлыктарды берет. Ал эми өздөрүнө милдет болгон нерселерди аткарбаган жана Аллахтын чектеринен чыккан залымдар үчүн аларды кыямат күнү азаптан куткара турган эч бир жардамчы болбойт.
Arabische uitleg van de Qur'an:
إِن تُبۡدُواْ ٱلصَّدَقَٰتِ فَنِعِمَّا هِيَۖ وَإِن تُخۡفُوهَا وَتُؤۡتُوهَا ٱلۡفُقَرَآءَ فَهُوَ خَيۡرٞ لَّكُمۡۚ وَيُكَفِّرُ عَنكُم مِّن سَيِّـَٔاتِكُمۡۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ
Эгерде садаканы мал-мүлк менен ачык көрсөтүп берсеңер, ал садакаңар кандай жакшы садака. Эгер аны жашырып, кедей-кембагалдарга берсеңер, ал көрсөтүп бергениңерге караганда жакшыраак. Анткени ал ыкластуулукка жакыныраагы. Ыкластуулардын садакаларында алардын күнөөлөрүн жаап-жашыруу жана кечирим бар. Аллах силердин эмне кылып жатканыңардан Кабардар. Силердин абалыңардын эч бири Ага жашыруун эмес.
Arabische uitleg van de Qur'an:
۞ لَّيۡسَ عَلَيۡكَ هُدَىٰهُمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَهۡدِي مَن يَشَآءُۗ وَمَا تُنفِقُواْ مِنۡ خَيۡرٖ فَلِأَنفُسِكُمۡۚ وَمَا تُنفِقُونَ إِلَّا ٱبۡتِغَآءَ وَجۡهِ ٱللَّهِۚ وَمَا تُنفِقُواْ مِنۡ خَيۡرٖ يُوَفَّ إِلَيۡكُمۡ وَأَنتُمۡ لَا تُظۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Чындыкты кабыл алуу, ага моюн сунуу жана ага алып баруу үчүн аларды туура жолго салууга милдеттүү эмессиң. Чындыгында сен аларды акыйкатка багыттоого жана аны менен тааныштырууга гана милдеттүүсүң. Ал эми акыйкатка жана туура жолго карай ийгилик берүү Аллахтын гана колунда. Ал кимди кааласа туура жолго салат. Жакшылыкка кандай нерсени сарптасаңар, анын пайдасы өзүңөргө кайтат. Анткени Аллах ага муктаж эмес. Андыктан сарптаган нерсеңер Аллах үчүн гана болсун. Чыныгы ыймандуулар Аллахтын ыраазылыгын көздөп сарпташат. Жакшылыкка сарптаган нерсеңер аз болобу же көп болобу, анын сыйлыгын кемитпестен толук аласыңар. Анткени Аллах эч кимге зулум кылбайт.
Arabische uitleg van de Qur'an:
لِلۡفُقَرَآءِ ٱلَّذِينَ أُحۡصِرُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ لَا يَسۡتَطِيعُونَ ضَرۡبٗا فِي ٱلۡأَرۡضِ يَحۡسَبُهُمُ ٱلۡجَاهِلُ أَغۡنِيَآءَ مِنَ ٱلتَّعَفُّفِ تَعۡرِفُهُم بِسِيمَٰهُمۡ لَا يَسۡـَٔلُونَ ٱلنَّاسَ إِلۡحَافٗاۗ وَمَا تُنفِقُواْ مِنۡ خَيۡرٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ بِهِۦ عَلِيمٌ
Аны ырыскы табуу үчүн сапар кылуусуна Аллах жолундагы согуш тоскоолдук жараткан кедей-кембагалдарга бергиле. Билбеген адам аларды бай деп ойлойт, анткени алар сурагандан тартынышат. Баамчыл адам аларды турпатынан жана кийимдеринен байкалган муктаждык белгилеринен эле билет. Алардын бир өзгөчөлүгү – алар адамдардын жанын койбой сурай берген башка кедейлерге окшобойт. Мал-мүлк жана башка нерселерден эмнени сарптасаңар да Аллах аны жакшы билет жана силерге анын сыйлыгын жакында берет.
Arabische uitleg van de Qur'an:
ٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمۡوَٰلَهُم بِٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ سِرّٗا وَعَلَانِيَةٗ فَلَهُمۡ أَجۡرُهُمۡ عِندَ رَبِّهِمۡ وَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ
Эл көрсүн же уксун дебестен, мал-мүлктөрүн Аллахтын ыраазылыгы үчүн күнү-түнү, ачык жана жашыруун сарптагандар үчүн кыямат күнү Раббисинин алдында сооп-сыйлыктар бар. Аллахтын ырайымы жана жакшылыгы менен алар үчүн келечекте боло турган иштеринде эч кандай коркунуч болбойт жана алар дүйнөдө болуп өткөн нерселер үчүн өкүнүшпөйт.
Arabische uitleg van de Qur'an:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• إذا أخلص المؤمن في نفقاته وصدقاته فلا حرج عليه في إظهارها وإخفائها بحسب المصلحة، وإن كان الإخفاء أعظم أجرًا وثوابًا لأنها أقرب للإخلاص.
Эгер ыймандуу адам сарптаган мал-мүлкүндө жана садакаларында ыкластуулук кылса, анда аны пайдасына карап ачык береби же жашыруун береби айырмасы жок. Жашыруун бергендин сооп-сыйлыгы көбүрөөк, анткени ушундай кылуу ыкластуулукка жакыны.

• دعوة المؤمنين إلى الالتفات والعناية بالمحتاجين الذين تمنعهم العفة من إظهار حالهم وسؤال الناس.
Ыймандууларды, абалын ачык айтууга жана адамдардан суроого абийири жол бербеген муктаж адамдарга көңүл бурууга чакыруу.

• مشروعية الإنفاق في سبيل الله تعالى في كل وقت وحين، وعظم ثوابها، حيث وعد تعالى عليها بعظيم الأجر في الدنيا والآخرة.
Бардык убакта жана мезгилде Аллах жолунда мал-мүлк сарптоо шариятта уруксат жана анын сообу чоң. Анткени Аллах таала ал үчүн дүйнөдө жана акыретте чоң сыйлыктарды убада кылган.

 
Vertaling van de betekenissen Surah: Albaqarah
Surah's Index Pagina nummer
 
Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. - Index van vertaling

Uitgegeven door het Tafsier Centrum voor Koranstudies.

Sluit