Check out the new design

Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. * - Index van vertaling


Vertaling van de betekenissen Surah: el-Anaam   Vers:
وَقَالُواْ هَٰذِهِۦٓ أَنۡعَٰمٞ وَحَرۡثٌ حِجۡرٞ لَّا يَطۡعَمُهَآ إِلَّا مَن نَّشَآءُ بِزَعۡمِهِمۡ وَأَنۡعَٰمٌ حُرِّمَتۡ ظُهُورُهَا وَأَنۡعَٰمٞ لَّا يَذۡكُرُونَ ٱسۡمَ ٱللَّهِ عَلَيۡهَا ٱفۡتِرَآءً عَلَيۡهِۚ سَيَجۡزِيهِم بِمَا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ
Бутпарастар бул мал-жандыктарды жана эгиндерди биз каалагандан башка адамдарга жегенге болбойт дешет. Бул жаныбарлардын үстү арам б.а.минүүгө, жүк артууга болбойт деп, бахираны, саибаны, хамини айтышат, буларды сойгондо Аллахтын аты аталбайт дешет. Аларды бут-айкелдердин атын атап мууздашат. Мунун баарын Аллахтан деп жалган айтышат. Ушинтип жалган жалаа жапкан себептүү кийин Аллах аларды жазалайт.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَقَالُواْ مَا فِي بُطُونِ هَٰذِهِ ٱلۡأَنۡعَٰمِ خَالِصَةٞ لِّذُكُورِنَا وَمُحَرَّمٌ عَلَىٰٓ أَزۡوَٰجِنَاۖ وَإِن يَكُن مَّيۡتَةٗ فَهُمۡ فِيهِ شُرَكَآءُۚ سَيَجۡزِيهِمۡ وَصۡفَهُمۡۚ إِنَّهُۥ حَكِيمٌ عَلِيمٞ
Ошондой эле: саиба жана бахира эгер тирүү тууса, анын ичиндегиси эркектерибизге адал, аялдарыбазга арам, а, эгер өлүк тууса, анда эркектерибизге да, аялдарыбызга да адал дешет. Эми аларды ылайыксыз сөздөрү үчүн Аллах жазалайт. Ал шариятында жана жараткандарынын абалын жөнгө салууда Даанышман, аларды жакшы Билүүчү.
Arabische uitleg van de Qur'an:
قَدۡ خَسِرَ ٱلَّذِينَ قَتَلُوٓاْ أَوۡلَٰدَهُمۡ سَفَهَۢا بِغَيۡرِ عِلۡمٖ وَحَرَّمُواْ مَا رَزَقَهُمُ ٱللَّهُ ٱفۡتِرَآءً عَلَى ٱللَّهِۚ قَدۡ ضَلُّواْ وَمَا كَانُواْ مُهۡتَدِينَ
Акылы жана илими жетишсиздиктен балдарын өлтүргөндөр жана Аллах ырыскы кылып берген мал-жандыктарды Аллахтан деп жалган айтып арамга чыгаргандар зыянга учурашты. Алар түз жолдон алыстап, туура жолго түшүүчү болбоду.
Arabische uitleg van de Qur'an:
۞ وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَنشَأَ جَنَّٰتٖ مَّعۡرُوشَٰتٖ وَغَيۡرَ مَعۡرُوشَٰتٖ وَٱلنَّخۡلَ وَٱلزَّرۡعَ مُخۡتَلِفًا أُكُلُهُۥ وَٱلزَّيۡتُونَ وَٱلرُّمَّانَ مُتَشَٰبِهٗا وَغَيۡرَ مُتَشَٰبِهٖۚ كُلُواْ مِن ثَمَرِهِۦٓ إِذَآ أَثۡمَرَ وَءَاتُواْ حَقَّهُۥ يَوۡمَ حَصَادِهِۦۖ وَلَا تُسۡرِفُوٓاْۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلۡمُسۡرِفِينَ
Кемчиликсиз Аллах жер бетине сөңгөгү жок жапыз өсө турган жана сөңгөктүү бийик көтөрүлүп өсө турган бактарды жараткан. Ошондой эле курманы ,көрүнүшү жана даамы ар түрдүү эгиндерди жаратты. Ал жалбырактары окшош, даамы окшобогон зайтун жана анарды жаратты. Эй, адамдар, бышкан учурда алардын мөмөсүн жегиле, терип-жыйганыңарда анын үшүрүн бергиле, жегенде жана напака кылып берген шарият чегинен чыкпагыла. Жеп, напака кылууда же башка жол менен иштетүүдө чектен чыккан ысырапкорлорду Аллах жашы көрбөйт, аларга ачууланат. Бул нерселерди жараткан Зат Өзү аларды силерге адал кылган, аларды арамга чыгаруу бутпарастардын иши эмес.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَمِنَ ٱلۡأَنۡعَٰمِ حَمُولَةٗ وَفَرۡشٗاۚ كُلُواْ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ وَلَا تَتَّبِعُواْ خُطُوَٰتِ ٱلشَّيۡطَٰنِۚ إِنَّهُۥ لَكُمۡ عَدُوّٞ مُّبِينٞ
Ал Зат силерге чоң төөлөр сыяктуу жүк ташуучу жана алардын кичинелери же кой-эчкилер сыяктуу майда, жүк ташууга жарабаган жан-жаныбарларды берди. Оо, адамдар, Аллах силерге адал кылып койгон ушул нерселерден жегиле, бутпарастарга окшоп Аллах адал кылган нерсени арам, арам кылган нерсени адал көрсөткөн шайтандын жолуна ээрчибегиле. Оо, адамдар, акыйкатта, шайтан ушунусу менен силерди Аллахка күнөөкөр кылууну каалаган анык душманыңар.
Arabische uitleg van de Qur'an:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• ذم الله المشركين بسبع صفات هي : الخسران والسفاهة وعدم العلم وتحريم ما رزقهم الله والافتراء على الله والضلال وعدم الاهتداء؛ فهذه أمور سبعة، وكل واحد منها سبب تام في حصول الذم.
Аллах бутпарастарды жети сапат менен айыптады: зыян тартуучу, кем акыл, илимсиз, Аллах адал кылган ырыскыны арамга чыгаруу, Аллахка жалган жалаа жабуу, адашуу, туура жолго түшпөөсү. Мына ушул жети иштин ар бири жамандыкка кабылууга себеп болот.

• الأهواء سبب تحريم ما أحل الله وتحليل ما حرم الله.
Аллах арам кылган нерсени адалга, адал кылган нерсени арамга чыгарууга каалоо напсини ээрчү себеп болот

• وجوب الزكاة في الزروع والثمار عند حصادها، مع جواز الأكل منها قبل إخراج زكاتها، ولا يُحْسَب من الزكاة.
Мөмө-жемиштерден да аларды оруп-жыйган учурда зекет берүү милдет. Зекетин берүүдөн мурда алардан жегенге болот, бул зекет болуп эсптелбейт.

• التمتع بالطيبات مع عدم الإسراف ومجاوزة الحد في الأكل والإنفاق.
Адал-таза нерселерди ысырап кылбастан, чектен чыкпай жеп жана напака кылып пайдаланууга болот.

 
Vertaling van de betekenissen Surah: el-Anaam
Surah's Index Pagina nummer
 
Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. - Index van vertaling

Uitgegeven door het Tafsier Centrum voor Koranstudies.

Sluit