Check out the new design

ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ * - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ


ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߌߡߎ߬ߙߊ߲߬ ߞߐߙߍ   ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫:
إِذۡ هَمَّت طَّآئِفَتَانِ مِنكُمۡ أَن تَفۡشَلَا وَٱللَّهُ وَلِيُّهُمَاۗ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
Оо, пайгамбар, эстегин, Бану Салама жана Бану Хариса урууларынан болгон момундардын эки тайпасы мунафыктар кайра тартканда, өздөрүн алсыз сезип жеңиштен үмүтү үзүлдү. Аллах Таала алардын үмүтүн жандыруу жана согушта туруктуу кылуу менен жардам берүүчү. Момундар бардык абалда Аллах Таалага гана таянып, сүйөнүшсүн
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَلَقَدۡ نَصَرَكُمُ ٱللَّهُ بِبَدۡرٖ وَأَنتُمۡ أَذِلَّةٞۖ فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Бадр согушунда да силердин саныңар, курал-жарагыңар аз болгону үчүн алсыз болуп турганыңарда бутпарастарды жеңүүңөгө Аллах Таала жардам берген. Аллахтан корккула, силерге берген жакшылыктарына шүгүр кылгыла
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
إِذۡ تَقُولُ لِلۡمُؤۡمِنِينَ أَلَن يَكۡفِيَكُمۡ أَن يُمِدَّكُمۡ رَبُّكُم بِثَلَٰثَةِ ءَالَٰفٖ مِّنَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ مُنزَلِينَ
Оо, пайгамбар, эстегин, ошондо, Бадрда бутпарастарга жардам келгенин угушканда момундарга сен дагы: Аллах Таала силерге жардам берсин деп үч миң периштени түшүргөнү жетиштүү эмеспи?! деп айттың.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
بَلَىٰٓۚ إِن تَصۡبِرُواْ وَتَتَّقُواْ وَيَأۡتُوكُم مِّن فَوۡرِهِمۡ هَٰذَا يُمۡدِدۡكُمۡ رَبُّكُم بِخَمۡسَةِ ءَالَٰفٖ مِّنَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ مُسَوِّمِينَ
Эгер ушул жетиштүү болуп, согушка сабыр кылып чыдап турсаңар жана Аллахка такыба болсоңор, силерге Аллахтан дагы бир жардам болору сүйүнчүлөнөт. Душмандарыңар силерге атырылып кол салары менен каапырлардын айласын билген, ачык белгилери бар беш миң периште менен жардам берет.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَمَا جَعَلَهُ ٱللَّهُ إِلَّا بُشۡرَىٰ لَكُمۡ وَلِتَطۡمَئِنَّ قُلُوبُكُم بِهِۦۗ وَمَا ٱلنَّصۡرُ إِلَّا مِنۡ عِندِ ٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَكِيمِ
Аллах Таала бул жардамын жана периштелер аркылуу колдоосун силердин жүрөгүңөр тынчтансын үчүн кубанычтуу кабар кылды. Болбосо, негизи жардам мындай ачык себептер менен болбойт. Жардам чынында эч ким үстөмдүк кыла албай турган Ызаттуу, тагдыры жана шариятында Даанышман Аллахтан болот
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
لِيَقۡطَعَ طَرَفٗا مِّنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَوۡ يَكۡبِتَهُمۡ فَيَنقَلِبُواْ خَآئِبِينَ
Бадрдагы силерге берилген жеңиш аркылуу Аллах Таала согушта каапырлардын бир тобун кыйратып, бир тобун ачууланган, кордолгон, үмүтсүз абалда кайтарууну каалады
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
لَيۡسَ لَكَ مِنَ ٱلۡأَمۡرِ شَيۡءٌ أَوۡ يَتُوبَ عَلَيۡهِمۡ أَوۡ يُعَذِّبَهُمۡ فَإِنَّهُمۡ ظَٰلِمُونَ
Ухудда кыйроого учурагандан кийин Аллахтын элчиси бутпарастардын башчыларын даабат кылганда, Аллах Таала: сенин колуңда аларды ары-бери кыла турган эч мүмкүнчүлүк жок, Аллах аларга өкүм чыгарганча сабыр кылып күтө тур. Алар же тообо кылып мусулман болушат, же каапыр боюнча кала беришет да азапка туш болот. Алар азапка татыктуу залымдар - деди.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَلِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ يَغۡفِرُ لِمَن يَشَآءُ وَيُعَذِّبُ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Жаратууда, башкарууда да асман-жердегинин баары Аллахтын мүлкү, пенделеринен кимди кааласа, ага ырайым кылып күнөөсүн кечирет, кимди кааласа адилдиги менен аны азаптайт. Тообо кылган пенделерине Аллах Таала ырайымдуу жана Кечиридүү
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَأۡكُلُواْ ٱلرِّبَوٰٓاْ أَضۡعَٰفٗا مُّضَٰعَفَةٗۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ
Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, берген карызыңардын үстүнө үстөк пайыз алып сүткорлук кылуудан сактангыла. Мындайды исламдан мурдагы доордо кылшычу. Буйругун аткаруу жана күнөөдөн тыйылуу менен Аллахка такыба болгула. Ошондо бул дүйнөдө жана акыретте каалаган жакшылыгыңарга жетерсиңер
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَٱتَّقُواْ ٱلنَّارَ ٱلَّتِيٓ أُعِدَّتۡ لِلۡكَٰفِرِينَ
Аллах Таала каапырларга даярдап койгон тозок менен өзүңөдүн ортоңорго тосмо койгула, бул тосмо жакшы амалдарды аткаруу, күнөөдөн тыйылуу менен болот
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَأَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَٱلرَّسُولَ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ
Буйругун аткаруу жана тыйганынан тыйылуу менен Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле. Ошондо бул дүйнөдө дагы, акыретте дагы ырайымга ээ болорсуңар
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• مشروعية التذكير بالنعم والنقم التي تنزل بالناس حتى يعتبر بها المرء.
Адамдарга беилген нээмат же балээни башкаларга ибарат болуу үчүн айтууга болот

• من أعظم أسباب تَنَزُّل نصر الله على عباده ورحمته ولطفه بهم: التزامُ التقوى، والصبر على شدائد القتال.
Аллахтын жардамына, ырайымына жана жакшылыгына ээ болуунун негизги себеби, такыба болуу жана согуштагы кыйынчылыкка сабыр кылуу

• الأمر كله لله تعالى، فيحكم بما يشاء، ويقضي بما أراد، والمؤمن الحق يُسَلم لله تعالى أمره، وينقاد لحكمه.
Иштин баары Аллахтын колунда, эмнени кааласа өкүм кылат, каалагын ишке ашырат. Чыныгы мусулман ишин бүтүндөй Аллахка тапшырат, өкүмүнө баш ийет

• الذنوب - ومنها الربا - من أعظم أسباب خِذلان العبد، ولا سيما في مواطن الشدائد والصعاب.
Күнөөлөр, анын ичинен сүткордук пенденин кор болуусуна негизги себеп, айрыкча эли кыйналып турган орундарда

• مجيء النهي عن الربا بين آيات غزوة أُحد يشعر بشمول الإسلام في شرائعه وترابطها بحيث يشير إلى بعضها في وسط الحديث عن بعض.
Ухуд согушу жөнүндө сөз болуп жаткан учурда сүткордук тууралуу айтуу, Ислам шарияты бардык нерсени ороп жана байланыштырып тургандыгын сездирүү үчүн. Ошон үчүн башка нерсе кеп болуп жатканда дагы башка нерсени айта кетет

 
ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߌߡߎ߬ߙߊ߲߬ ߞߐߙߍ
ߝߐߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ
 
ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ

ߡߍ߲ ߝߘߊߣߍ߲߫ ߞߎ߬ߙߊ߬ߣߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߕߌߙߌ߲ߠߌ߲ ߝߊ߲ߓߊ ߟߊ߫.

ߘߊߕߎ߲߯ߠߌ߲