Check out the new design

ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ * - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ


ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߌߡߎ߬ߙߊ߲߬ ߞߐߙߍ   ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫:
يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لِمَ تَلۡبِسُونَ ٱلۡحَقَّ بِٱلۡبَٰطِلِ وَتَكۡتُمُونَ ٱلۡحَقَّ وَأَنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Эй, китеп ээлери! Эмне үчүн китептериңерде түшүрүлгөн акыйкатты өзүңөрдөгү жалган менен аралаштырасыңар, андагы чындыкты жана туура жолду жашырасыңар, анын ичинде Мухаммаддын пайгамбарлыгынын чындык экендиги да камтылган жана акыйкатты жалгандан, туура жолду адашуудан айырмалап билесиңер?!
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَقَالَت طَّآئِفَةٞ مِّنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ ءَامِنُواْ بِٱلَّذِيٓ أُنزِلَ عَلَى ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَجۡهَ ٱلنَّهَارِ وَٱكۡفُرُوٓاْ ءَاخِرَهُۥ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Жөөт аалымдарынын бир тобу айтышты: «Мусулмандарга түшкөн Куранга эртең менен сыртынан ыйман келтиргиле, кечинде ага каапырлык кылгыла. Балким алар силердин ыйман келтиргенден кийин каапырлык кылганыңар себептүү: «Булар бизге караганда Аллахтын китептерин жакшыраак билгендиктен андан кайтып кетишти» – деп дининен шектенип, андан кайтып кетишет.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَلَا تُؤۡمِنُوٓاْ إِلَّا لِمَن تَبِعَ دِينَكُمۡ قُلۡ إِنَّ ٱلۡهُدَىٰ هُدَى ٱللَّهِ أَن يُؤۡتَىٰٓ أَحَدٞ مِّثۡلَ مَآ أُوتِيتُمۡ أَوۡ يُحَآجُّوكُمۡ عِندَ رَبِّكُمۡۗ قُلۡ إِنَّ ٱلۡفَضۡلَ بِيَدِ ٱللَّهِ يُؤۡتِيهِ مَن يَشَآءُۗ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِيمٞ
Жана дагы: «Ыйман келтирбегиле жана диниңерди тутунгандарды гана ээрчигиле» – дешет. Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында акыйкатка карай туура жол – Аллахтын туура жолу, ал – силерге берилген жакшылык башкаларга берилбесин деген коркунучтан же силер аларга түшкөн нерсени моюнга алсаңар, алар Раббиңердин алдында силер менен талашып-тартышат деген коркунучтан улам силер карманган жалгандык жана баш ийбестик эмес». Оо, пайгамбар! Айткын: «Жакшылык Аллахтын колунда, аны пенделеринен кимге кааласа берет. Анын жакшылыгы бир эле үммөткө чектелбейт. Аллахтын жакшылыгы кең жана Ал ага татыктууларды билет».
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
يَخۡتَصُّ بِرَحۡمَتِهِۦ مَن يَشَآءُۗ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ
Жараткандарынан кимди кааласа, Өзүнүн мээримине бөлөйт жана ага туура жолду, пайгамбарлыкты, түрдүү сыйлыктарды тартуу кылат. Аллах эч кандай чеги жок улуу жакшылык ээси.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
۞ وَمِنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ مَنۡ إِن تَأۡمَنۡهُ بِقِنطَارٖ يُؤَدِّهِۦٓ إِلَيۡكَ وَمِنۡهُم مَّنۡ إِن تَأۡمَنۡهُ بِدِينَارٖ لَّا يُؤَدِّهِۦٓ إِلَيۡكَ إِلَّا مَا دُمۡتَ عَلَيۡهِ قَآئِمٗاۗ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَالُواْ لَيۡسَ عَلَيۡنَا فِي ٱلۡأُمِّيِّـۧنَ سَبِيلٞ وَيَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ وَهُمۡ يَعۡلَمُونَ
Китеп ээлеринин арасында ишенип көп мал-мүлк тапшырсаң, аманатыңды кайтарып бергендер бар, ошондой эле алардын арасында бир аз мал-мүлктү тапшырсаң, аманат кылган нерсеңди артынан түшүп доолаганда жана соттошкондо гана кайтаргандары бар. Бул алардын: «Биз арабдар үчүн жана алардын мал-мүлкүн жегенибиз үчүн күнөөкөр эмеспиз, анткени Аллах аны бизге адал кылган» – деген сөздөрү жана бузуку ишенимдери себептүү. Алар Аллахка жалаа жаап жаткандарын билип туруп ушул жалганды айтышат.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
بَلَىٰۚ مَنۡ أَوۡفَىٰ بِعَهۡدِهِۦ وَٱتَّقَىٰ فَإِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُتَّقِينَ
Абал алар ойлогондой эмес, тескерисинче, алар күнөө алышат. Бирок ким Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирип Аны менен болгон милдеттенмесин аткарса, аманатка бекем болуп адамдар менен болгон милдеттенмесин аткарса жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корксо, албетте Аллах такыбаларды жакшы көрөт жана жакында аларга эң жакшы сыйлыктарды берет.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يَشۡتَرُونَ بِعَهۡدِ ٱللَّهِ وَأَيۡمَٰنِهِمۡ ثَمَنٗا قَلِيلًا أُوْلَٰٓئِكَ لَا خَلَٰقَ لَهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ وَلَا يُكَلِّمُهُمُ ٱللَّهُ وَلَا يَنظُرُ إِلَيۡهِمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ وَلَا يُزَكِّيهِمۡ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Аллах Өзүнүн китебинде түшүргөн жана Өзүнүн элчилерине жиберген нерсеге ээрчүү тууралуу аларга кылган осуятын, ошондой эле Аллах менен болгон келишимди бузбайбыз деген анттарын арзыбаган дүйнө жыргалчылыгына алмаштыргандар акыретте эч кандай соопко ээ болушпайт, кыямат күнү Аллах аларды кубанта тургандай сөз айтпайт, аларга ырайымдуулук менен карабайт жана аларга кыйноочу азап болот.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• من علماء أهل الكتاب من يخدع أتباع ملتهم، ولا يبين لهم الحق الذي دلت عليه كتبهم، وجاءت به رسلهم.
Китеп ээлеринин аалымдарынын арасында өз динин тутунгандарды алдап, китептери көрсөткөн жана пайгамбарлары алып келген акыйкатты аларга ачыктабагандары бар.

• من وسائل الكفار الدخول في الدين والتشكيك فيه من الداخل.
Динге кирүү жана анын ичинен шек-күмөн жаратуу – каапырлардын айла-амалдарынан.

• الله تعالى هو الوهاب المتفضل، يعطي من يشاء بفضله، ويمنع من يشاء بعدله وحكمته، ولا ينال فضله إلا بطاعته.
Ал Өзүнүн жакшылыгы менен каалаганына берет, Өзүнүн адилеттиги жана даанышмандыгы менен каалаганынан тыйып коёт. Анын жакшылыгына Ага баш ийүү менен гана жетүү мүмкүн.

• كل عِوَضٍ في الدنيا عن الإيمان بالله والوفاء بعهده - وإن كان عظيمًا - فهو قليل حقير أمام ثواب الآخرة ومنازلها.
Аллахка ыйман келтирүүнүн жана Аны менен болгон келишимди аткаруунун ордуна берилген бул дүйнөдөгү ар бир сыйлык канчалык чоң болбосун, акыретте жана андагы орундар үчүн берилген сыйлыктардын алдында эч нерсеге татыбайт.

 
ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߌߡߎ߬ߙߊ߲߬ ߞߐߙߍ
ߝߐߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ
 
ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ

ߡߍ߲ ߝߘߊߣߍ߲߫ ߞߎ߬ߙߊ߬ߣߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߕߌߙߌ߲ߠߌ߲ ߝߊ߲ߓߊ ߟߊ߫.

ߘߊߕߎ߲߯ߠߌ߲