Check out the new design

ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ * - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ


ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߞߟߏߝߋ߲ ߠߎ߬   ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫:
وَلَوۡ جَعَلۡنَٰهُ مَلَكٗا لَّجَعَلۡنَٰهُ رَجُلٗا وَلَلَبَسۡنَا عَلَيۡهِم مَّا يَلۡبِسُونَ
Аларга периштени элчи кылып жибере турган болгонубузда деле, алар ага жолугуп, аны угуусу үчүн периштени эркек кишинин кейпинде жибермекпиз; себеби, периштени Аллах Таала жараткан чыныгы өз кейпинде жиберсек ага туруштук бере алышмак эмес. А аны киши кейпинде жиберсек, бул аларга дагы күмөн жаратмак.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَلَقَدِ ٱسۡتُهۡزِئَ بِرُسُلٖ مِّن قَبۡلِكَ فَحَاقَ بِٱلَّذِينَ سَخِرُواْ مِنۡهُم مَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
Булар сага периште түшүрүүнү талап кылып шылдыңдашса, мурдагы коомдор да элчилерин шылдыңдашкан. Кийин, алар азапка кабылды, бул азапка алар ишенбей, четке кагып шылдыңдаган эле.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
قُلۡ سِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ ثُمَّ ٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُكَذِّبِينَ
Оо, элчи, бул жалганчы, шылдыңдоочуларга минтип айт: жер бетин кыдыргыла, Аллахтын элчилерин жалганга чыгаргандарын абалы эмне болгонуна ой жүгүрткүлө, чынында, алар күчтүү, бекем болгонуна карабастан кийин Аллахтын азабына кабылышты
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
قُل لِّمَن مَّا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ قُل لِّلَّهِۚ كَتَبَ عَلَىٰ نَفۡسِهِ ٱلرَّحۡمَةَۚ لَيَجۡمَعَنَّكُمۡ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ لَا رَيۡبَ فِيهِۚ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ فَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Оо, элчи, аларга дагы минтип айт: Асмандын, жердин жана бул экөөнүн ортосундагылардын мүлк-падышалыгы кимге таандык? Айт: булардын баарынын мүлк-падышалыгы Аллахка тиешелүү. Ал пенделерине артыкчылык берип, Өз напсисине ырайымдуулукту жазып койгон, аларды азаптоого шашылбайт, качан гана тообо кылышпаса, кыямат күнү баарын жыят. бул күндүн болоруна шек жок. Аллахка каапыр болуп, өз жанына зыян кылгандар ыйман келтиришпейт жана зыяндан өз жандарын куткара алышпайт
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
۞ وَلَهُۥ مَا سَكَنَ فِي ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِۚ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Түнү-күнү жан кечиргендин баарынын мүлк-падышалыгы Аллахка таандык, Ал алардын сөздөрүн Угуучу, кылган иштерин Билүүчү, кийин ошого жараша жазалайт же сыйлайт
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
قُلۡ أَغَيۡرَ ٱللَّهِ أَتَّخِذُ وَلِيّٗا فَاطِرِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَهُوَ يُطۡعِمُ وَلَا يُطۡعَمُۗ قُلۡ إِنِّيٓ أُمِرۡتُ أَنۡ أَكُونَ أَوَّلَ مَنۡ أَسۡلَمَۖ وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ
Оо, элчи, Аллах менен бирге бут-айкелдерге ж.б. нерселерге ибадат кылган бутпарастарга минтип айт: Аллахтан башканы жардамчы кылып, андан жардам суроом акылга сыйчу ишпи?! Ал мурда эч окшошу болбогон асман менен жерди жаратты, жаратууда эч кимди алдына салбады. Ал пенделирнен кимди кааласа ошого ырыскы берет, пенделеринен эч китм ага ырыскы бере албайт. Ал пенделерине муктаж эмес, пенделер Ага муктаж. Эй, элчи, аларга дагы минтип айт: Мени Жаратуучум бул үммөттүн ичинен эң биринчи Аллахка моюн сунуп, Ага таянуучулардан болуумду буйруду жана Ага шерик кылуучулардын катарында болуудан тыйды.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
قُلۡ إِنِّيٓ أَخَافُ إِنۡ عَصَيۡتُ رَبِّي عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٖ
Оо, элчи, айткын: мен ширк жана башка Аллах тыюу салган күнөөлөргө бут коюп, Аллахка күнөөкөр болуудан, же ыйман жана башка Аллах буйруган нерселерди аткарбай кыямат күнү катуу азапка дуушар болуудан корком.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
مَّن يُصۡرَفۡ عَنۡهُ يَوۡمَئِذٖ فَقَدۡ رَحِمَهُۥۚ وَذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡمُبِينُ
Кыямат күнү Аллах кимди бул азаптан алыстатса, Аллахтын ырайымы менен жеңишке жетиптир, мын ушул Аллахтын азабынан кутулуу жеңиши - эч бир жеңиш тең келбей турган ачык-айкын, чыныгы жеңиш.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَإِن يَمۡسَسۡكَ ٱللَّهُ بِضُرّٖ فَلَا كَاشِفَ لَهُۥٓ إِلَّا هُوَۖ وَإِن يَمۡسَسۡكَ بِخَيۡرٖ فَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Оо, Адам баласы, эгер сага Аллахтан бир балээ келсе, сени андан Аллахтан башка эч ким арылта албайт, эегр сага Аллахтан жакшылык келсе, мындан Аны тосуучу жок, анын артыкчылыгын кайтаруучу да болбойт. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү, Аны эч нерсе алсыз кыла албайт
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَهُوَ ٱلۡقَاهِرُ فَوۡقَ عِبَادِهِۦۚ وَهُوَ ٱلۡحَكِيمُ ٱلۡخَبِيرُ
Ал пенделерин кордоп үстөмдүк кылуучу, аны эч нерсе алсыз кыла албай турган бардык тараптан бийик, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, баары ага көз каранды. Өзүнүн кемчиликсиз сыпаттарына ылайык пенделеринин үстүндө, жаратуучулугунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман жана Кабардар, Ага эч нерсе жашыруун калбайт.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• بيان حكمة الله تعالى في إرسال كل رسول من جنس من يرسل إليهم؛ ليكون أبلغ في السماع والوعي والقبول عنه.
Аллах Тааланын бардык элчилерди инсан жынсында жибергендигинин сыры, угууда, эстеп калууда жана кабыл кылууда жеткиликтүү болуусу үчүн.

• الدعوة للتأمل في أن تكرار سنن الأوّلين في العصيان قد يقابله تكرار سنن الله تعالى في العقاب.
Мурдагылардын күнөөнү кайталай берүү жолдору , Аллахтын аларды жазалоо жолдору менен бүткөнүнө ой жүгүртүү керек

• وجوب الخوف من المعصية ونتائجها.
Күнөөдөн жана анын акыбетинен коркуу зарыл

• أن ما يصيب البشر من بلاء ليس له صارف إلا الله، وأن ما يصيبهم من خير فلا مانع له إلا الله، فلا رَادَّ لفضله، ولا مانع لنعمته.
Адам баласынын башына келген балээни Аллахтан башка эч ким кайтара албайт, ошондой эле келген жакшылыкты Аллахтан башка эч ким тыя албайт, Анын артыкчылыгын да, жакшылыгын да кайтаруучу бобойт

 
ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߞߟߏߝߋ߲ ߠߎ߬
ߝߐߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ
 
ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ

ߡߍ߲ ߝߘߊߣߍ߲߫ ߞߎ߬ߙߊ߬ߣߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߕߌߙߌ߲ߠߌ߲ ߝߊ߲ߓߊ ߟߊ߫.

ߘߊߕߎ߲߯ߠߌ߲