Check out the new design

ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ * - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ


ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߞߟߏߝߋ߲ ߠߎ߬   ߟߝߊߙߌ ߘߏ߫:
قُلۡ أَيُّ شَيۡءٍ أَكۡبَرُ شَهَٰدَةٗۖ قُلِ ٱللَّهُۖ شَهِيدُۢ بَيۡنِي وَبَيۡنَكُمۡۚ وَأُوحِيَ إِلَيَّ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانُ لِأُنذِرَكُم بِهِۦ وَمَنۢ بَلَغَۚ أَئِنَّكُمۡ لَتَشۡهَدُونَ أَنَّ مَعَ ٱللَّهِ ءَالِهَةً أُخۡرَىٰۚ قُل لَّآ أَشۡهَدُۚ قُلۡ إِنَّمَا هُوَ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞ وَإِنَّنِي بَرِيٓءٞ مِّمَّا تُشۡرِكُونَ
Оо, элчи, сени жалгансы деген бутпарастарга: Менин чынчылдыгыма кайсы нерсе күчтүү жана ишенимдүү күбө болот? - деп айт. Анан айт: Аллах менин чынчылдыгыма күчтүү, ишенимдүү күбө, Ал менин менен силердин ортоңордо Күбө болуучу, менинсилерге эмнени алып келгенимди жана силердин эмнени кайтарарыңарды билет. Аллах Таала мага силерди жана Куран жеткен инсан, жиндердин баарын эскертүү үчүн Куранды аян кылган. Силер, эй, бутпарастар, Аллах менен бирге дагы башка ибадат кылууга боло турган нерселер бар деп ишенесиңер. Эй, элчи, аларга дагы минтип айт: Силер ишенген нерсеңер жалган болгону үчүн ага мен күбө боло албайм, чынында Аллах ибадатка ылайыктуу Жалгыз, Анын шериги жок, мен Ага шерик кошкондордун баарынан жүз буруп четтеймин.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ يَعۡرِفُونَهُۥ كَمَا يَعۡرِفُونَ أَبۡنَآءَهُمُۘ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ فَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Биз Тооротту берген яхудилер жана Инжилди берген христиандар, Мухаммад пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өздөрүнүн балдарын башкалардын балдарынан айрып тааныгандай даана таанып билишет. Бул, тозокко кирүү менен жандарына зыян кылгандар эч ыйман келтиришпейт.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوۡ كَذَّبَ بِـَٔايَٰتِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ لَا يُفۡلِحُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Аллахка шерик кошуп, анан кошкон нерсесине сыйынган жана Аллах Таала элчисине түшүргөн аяттарды жалган деп эсептеген адамдан өткөн залым адам болбойт. Аллахка шерик кошуп жана Анын аяттарын жалганга чыгарып залым болгондор эгер тообо кылышпаса, анда эч жеңишке жетишпейт.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَيَوۡمَ نَحۡشُرُهُمۡ جَمِيعٗا ثُمَّ نَقُولُ لِلَّذِينَ أَشۡرَكُوٓاْ أَيۡنَ شُرَكَآؤُكُمُ ٱلَّذِينَ كُنتُمۡ تَزۡعُمُونَ
Кыямат күнү алардын баарын чогултканда эч кимисине кыянат кылбайбыз. Аллахка башка нерсени шерик кылып ибадат кылгандарды жемелеп: Аллахтын шериктери деп жалган айтып жүргөн шериктериңер кайда? деп айтабыз.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ثُمَّ لَمۡ تَكُن فِتۡنَتُهُمۡ إِلَّآ أَن قَالُواْ وَٱللَّهِ رَبِّنَا مَا كُنَّا مُشۡرِكِينَ
Ушундай сыноодон кийин алардын шылтоосу өздөрү сыйынган нерседен баш тартуу гана болот да: Аллахка ант болсун, о, Жаратуучубуз, ал дүйнөдө биз бутпарас болгон эмеспиз, Сага ишенген, Сени жалгыз деп тааныгандардан болгонбу - деп жалган айтышат.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ٱنظُرۡ كَيۡفَ كَذَبُواْ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡۚ وَضَلَّ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ
Оо, Мухаммад, булардын Аллахка эч нерсени шерик кылган эмеспиз деп танышканын, жана бул дүйнөдө Аллахка шерик кылган шериктеринин алардан качып, жок болуп кеткенин карачы?!
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَمِنۡهُم مَّن يَسۡتَمِعُ إِلَيۡكَۖ وَجَعَلۡنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ أَكِنَّةً أَن يَفۡقَهُوهُ وَفِيٓ ءَاذَانِهِمۡ وَقۡرٗاۚ وَإِن يَرَوۡاْ كُلَّ ءَايَةٖ لَّا يُؤۡمِنُواْ بِهَاۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءُوكَ يُجَٰدِلُونَكَ يَقُولُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّآ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Оо, элчи, сен Куран окуганда бутпарастардын арасында аны уккандары да бар, бирок алар уккандарынан пайдалана алышпайт; анткени кежирлиги жана баш ийбегендиги үчүн алардын Куранды түшүнө албай турган кылып жүрөктөрүнө тосмо койгонбуз жана пайдалуу нерсени угуудан кулактарын керең кылганбыз. Алар ачык далилдерди, айкын белгилерди көп көрсө да баары бир ишенбейт. Сага келип, чындык тууралуу жалганды айтып талашат да: Сенин айтып жаткандарың мурдагылардын китебинен алынган болмуштар - дешет.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَهُمۡ يَنۡهَوۡنَ عَنۡهُ وَيَنۡـَٔوۡنَ عَنۡهُۖ وَإِن يُهۡلِكُونَ إِلَّآ أَنفُسَهُمۡ وَمَا يَشۡعُرُونَ
Алар адамдарды элчиге ыйман келтирүүдөн тыйып, андан алыстатат, пайда алдыра койбойт, өздөрү да андан пайдаланбайт. Бул кылыктары менен өздөрүн жок кылышат, жана кылган иштери кыйроо экенин билишпейт.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
وَلَوۡ تَرَىٰٓ إِذۡ وُقِفُواْ عَلَى ٱلنَّارِ فَقَالُواْ يَٰلَيۡتَنَا نُرَدُّ وَلَا نُكَذِّبَ بِـَٔايَٰتِ رَبِّنَا وَنَكُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Оо, элчи, кыямат күнү аларды тозокко тикелей алып келгендеги абалын көргөнүңдө... Алар анда өкүнүч менен: Аттиң ай, дүйнө жашоосуна кайра барып калсак кана, анда Аллахтын аяттарын жалган дебейт элек, Аллах ишенген ыймандуулардан болот элек - дешет. Алардын оор абалын таң калуу менен көрөсүң.
ߊߙߊߓߎߞߊ߲ߡߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߟߎ߬:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• بيان الحكمة في إرسال النبي عليه الصلاة والسلام بالقرآن، من أجل البلاغ والبيان، وأعظم ذلك الدعوة لتوحيد الله.
Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) Куран менен жиберүүсүнүн хикмат-сыры өтө жеткиликтүү баян кылынды. Анын сырларынын негизгиси бир Кудайга ибадат кылуу ишенимине чакыруу

• نفي الشريك عن الله تعالى، ودحض افتراءات المشركين في هذا الخصوص.
Аллахка шерик кошуудан тыюу, бул жааттагы бутпарастардын жалган ишенимдерин жокко чыгаруу баян кылынды

• بيان معرفة اليهود والنصارى للنبي عليه الصلاة والسلام، برغم جحودهم وكفرهم.
Каапырлыктарына жана танууларына карабастан, яхудилер менен христиандар пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) таанып-билишкен

 
ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌ߬ߘߊ߬ߟߌ ߝߐߘߊ ߘߏ߫: ߞߟߏߝߋ߲ ߠߎ߬
ߝߐߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ
 
ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫ - ߘߟߊߡߌߘߊ ߟߎ߫ ߦߌ߬ߘߊ߬ߥߟߊ

ߡߍ߲ ߝߘߊߣߍ߲߫ ߞߎ߬ߙߊ߬ߣߊ ߞߘߐߦߌߘߊ ߕߌߙߌ߲ߠߌ߲ ߝߊ߲ߓߊ ߟߊ߫.

ߘߊߕߎ߲߯ߠߌ߲