Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قيرغيزي ژباړه - شمس الدين حكيموف * - د ژباړو فهرست (لړلیک)

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

د معناګانو ژباړه سورت: یونس   آیت:
أَلَآ إِنَّ أَوۡلِيَآءَ ٱللَّهِ لَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ
Уккула! Чынында, Аллахтын досторуна (келечекте) эч коркунуч жок жана алар (өтмүштөгү иштерине да) кайгырышпайт.
عربي تفسیرونه:
ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَكَانُواْ يَتَّقُونَ
Алар ыйман келтирип, такыба болгон адамдар.
عربي تفسیرونه:
لَهُمُ ٱلۡبُشۡرَىٰ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِۚ لَا تَبۡدِيلَ لِكَلِمَٰتِ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Алар үчүн Дүйнөдө жана Акыретте сүйүнчү кабарлар бар. Аллахтын сөздөрү (эч качан) өзгөртүлбөйт. Бул – Улуу Жеңиш!
عربي تفسیرونه:
وَلَا يَحۡزُنكَ قَوۡلُهُمۡۘ إِنَّ ٱلۡعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًاۚ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
(О, Мухаммад) Сени алардын (динге жана сага багытталган ыпылас) сөздөрү капа кылбасын. Бардык урмат-ызаат Аллах үчүн! Ал – Угуучу, Билүүчү!
عربي تفسیرونه:
أَلَآ إِنَّ لِلَّهِ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَمَا يَتَّبِعُ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ شُرَكَآءَۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَإِنۡ هُمۡ إِلَّا يَخۡرُصُونَ
Уккула, чынында асмандар жана жерде болгондун бардыгы Аллахтын гана мүлкү. Аллахтан башка “кудайларга” дуба (ибадат) кылып жаткандар шек-күмөндөрдү гана ээрчишет жана жалгандарды гана божомолдошот.[1]
[1] Эгер Аллахтан башка алар сыйынган нерселер чындап кудай болсо, асман-жердин бир үлүшүнө кожоюнбу?! Же өз “пенделерине” ырыскы береби?! Кыпындай гана нерсени жоктон жарата алабы?! Же ааламдарды башкарууда шерикпи?! Эгер бул суроонун бардыгына “жок” деген жооп болсо, демек ал сыйынууга татыктуу эмес. Ошондой болгон соң ага сыйынып, ибадат кылуу – күмөнгө негизделген акмакчылык!
عربي تفسیرونه:
هُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ لِتَسۡكُنُواْ فِيهِ وَٱلنَّهَارَ مُبۡصِرًاۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَسۡمَعُونَ
Ал (Аллах) силерге анын койнунда бейпил дем алышыңар үчүн түндү жана (анда турмуш-тиричилик кылууңар үчүн) жарык күндүздү чыгарып берди. Албетте, бул нерседе (аң-сезим менен) уга билген адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
عربي تفسیرونه:
قَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱللَّهُ وَلَدٗاۗ سُبۡحَٰنَهُۥۖ هُوَ ٱلۡغَنِيُّۖ لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ إِنۡ عِندَكُم مِّن سُلۡطَٰنِۭ بِهَٰذَآۚ أَتَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ
(Каапырлар) “Аллахтын баласы бар” дешти. Ал (каапырлардын сыпаттоосунан) Таза! Ал – Беймуктаж. Асмандар жана жердеги бардык нерселер Анын менчиги. (Оо, каапырлар!) Силердин алдыңарда бул сөзүңөргө далил жок! Эмне, силер Аллах жөнүндө билбеген (далилсиз) нерселерди сүйлөй берсиңерби?!
عربي تفسیرونه:
قُلۡ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَفۡتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ لَا يُفۡلِحُونَ
Айткын: “Аллахка жалгандарды ойлоп тапкан адамдар (тозоктон) кутулушпайт!”
عربي تفسیرونه:
مَتَٰعٞ فِي ٱلدُّنۡيَا ثُمَّ إِلَيۡنَا مَرۡجِعُهُمۡ ثُمَّ نُذِيقُهُمُ ٱلۡعَذَابَ ٱلشَّدِيدَ بِمَا كَانُواْ يَكۡفُرُونَ
(Алар үчүн) Дүйнөдө (өз жалгандары менен бир аз) пайдалануу бар. Анан, Өзүбүзгө (кайтып) келишет. Анан, аларга каапырчылыктары себептүү катуу азап таттырабыз!
عربي تفسیرونه:
 
د معناګانو ژباړه سورت: یونس
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قيرغيزي ژباړه - شمس الدين حكيموف - د ژباړو فهرست (لړلیک)

شمس الدين حكيموف عبدالخالق لخوا ژباړل شوې، د رواد الترجمة مرکز تر څارنې لاندې انکشاف ورکړل شوی.

بندول