Ааламдарга (инсан жана жин ааламына) эскертүүчү болсун деп, пендесине (Мухаммадга, чындык менен жалганды) Ажыратуучуну (Куранды) түшүргөн Аллах Улук-Берекеттүү!
(Мушриктер болсо) Андан (Аллах тааладан) башка, эч нерсени жарата албай турган, өздөрү жаратылган, өздөрүнө пайда дагы, зыян дагы жеткире албаган, не өлтүрүү, не тирилтүү, не (өлгөндөргө) кайра жан берүү колунан келбей турган нерселерди кудай тутуп алышты!
Каапырлар (Куран жөнүндө): «Бул – жалган! Аны (Мухаммад) өзү ойлоп чыгарган жана ага башкалар жардам беришкен» деп, (акыйкатка) зулумдук кылышты жана жалган күбөлүк беришти.
(Мушриктер) айтышты: «Бул эмне деген пайгамбар?! Тамак-аш жейт, базарларда жүрөт?! Эгер ага, аны менен бирге (элдерди) эскертүүчү бир периште түшүрүлсө,
же ага (асмандан) казына ташталса, же болбосо, андан жей турган (мөмөлүү) бак болсо..., (бул башка кеп). Залым (каапыр) болгондор (дагы): «(Эй, адамдар) силер сыйкырланган кишиге ээрчип жатасыңар!» - дешти.
Карачы (оо, Мухаммад!) алар сага кандай мисалдарды келтирип (эмнелерге окшотуп) жатышат. Алар адашып кетишти! Эми (эч качан туура) жолду таба алышпайт.
Эгер кааласа сага мындан да жакшыраак, түбүнөн дарыялар агып турган бактарды жана (бийик, кооздолгон) хансарайларды жасап бере ала турган Аллах Улук-Берекеттүү![1]
[1] Ал эгер кааласа Сулайман, Дауд пайгамбарларга берген сыяктуу бак-бостондорду, сарайларды Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга да бермек. Бирок, кимисинин кандай пайгамбар болуусун Ал Өзү билет. Ал Өз ишинен эч кимге эсеп бербейт.
(Ошондо, оо, Мухаммад,) сен аларга «Ушул жакшыбы же такыба кишилерге убада кылынган түбөлүк бейиш жакшы беле?» деп айткын. Ал (бейиш) такыба адамдардын кайта турган (түбөлүк) жайлары жана сыйлыктары!
(Аллах) аларды жана алар ибадат кылган Аллахтан башка «кудайларды» (бир жерге) чогулткан күндө: «(Эй, жалган кудайлар!) Менин мына бул пенделеримди («мага ибадат кыласыңар» деп) силер адаштырдыңарбы?! Же алар өздөрү адашып кетиштиби» - дейт.[1]
[1] Кыяматта мушриктер Аллахка шерик, бала, ортомчу деп ойлогон бардык «кудайларды» ал тоо-ташпы, бут-идолбу, даракпы, мазарбы, арбакпы, жинби, периштеби же Исабы.., баардыгын Аллах чогултуп, аларды «кудай» деп сыйынган адамдарга беттештирип, Өзү билип турса да, моюндарына коюш үчүн ушул суроону берет.
Алар айтышат: «Сен (Оо, Жараткан, шериги жана баласы бар болуудан) Тазасың! Сенден башканы башкаруучу-коргоочу кылуу бизге ылайык эмес! Бирок, Сен аларды жана алардын ата-бабаларын (дүйнөдө көп байлык менен) пайдалантырган элең, натыйжада зикирди (Сени эстөөнү) унутушту жана (бизди сага шерик кылып алышып) өлүмгө (тозокко) ылайык болуп калышты!».
(Эй, Мушриктер! Мына, «кудайыңар») силер айткан сөздөрдү «жалган» деди. Эми силер (өзүңөрдөн азапты) буруп жиберүүгө да («кудайыңардан») жардам алууга да жетише албайсыңар. Силерден ким (акыйкатты четке кагып) зулумдук кылган болсо, ага чоң азапты таттырабыз!
(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун Биз жиберген бардык пайгамбарлар тамак-аш жеп, базарларда жүрүшкөн. Биз бирөөңөрдү бирөөңөргө сыноо кылып койдук. (Бул сыноолорго) сабыр кыла аласыңарбы?[1] Сенин Раббиң (бардыгын) Көрүүчү!
[1] Пайгамбарлар элдерге сыноо. Себеби, кээ бирөөлөр «Пайгамбар деген базарда жүрөт бекен?» деп, сыноодон кулап калышкан. Пайгамбарлардын өзүнө элдерди чакыруу (даават) иши сыноо. Кембагалга байлык сыноо, байларга кедейлик сыноо..., Кыскасы, бул дүйнө баштан-аяк сыноо.
Бизге жолугууну үмүт кылбаган (ыймансыз) адамдар «Эгер бизге периште түшсө же Раббибизди (өз көзүбүз менен) көрсөк (ошондо гана ыйман келтирмекпиз)» - дешет.[1] Алар өздөрүнчө текеберленип жана аябай таш-жүрөк болуп кетишкен.
[1] Алар «бизге периштеден пайгамбар келсе, же адам пайгамбардын жанында периште жардамчысы болмоюнча жана Аллах бизге көрүнмөйүнчө Мухаммадка ыйман келтирбейбиз» дешти. Эми, алардын ыйман келтириши үчүн Аллахтын Өзү келип, «Мухаммадды мен жибергеним ырас» деп тастыктап кетиши керек экен. Бул алардын жүрөгүнөн чыккан сөз эмес. Алар периштелерди, өздөрүнө тастыктоочу же пайгамбар болуп келгенин эч качан көрүшпөйт. Көргөн мезгилде башкачараак абалда көрүшөт: 1) Жан алгыч периште келип, кыйнап, жанын сууруп жатканда, 2) Мүрзөгө коюлганда Мункар жана Накир деген эки периште суракка тартканда, тили сөзгө келбей, чулдурап калгандан кийин баштарына союл менен чаап азап беришкенде, 3) Кайра тирилгенде беттери менен сүйрөп, түртүп, кордоп, сурак майданына периштелер айдап барганда, 4) Тозок периштелери жан ооруткан азаптын түрүн көргөзгөндө.
Каапырлар «Эгер Куран (Мухаммадга бөлүк-бөлүк болбой) бир бүтүн болуп түшсө экен» - дешет. Биз сенин жүрөгүңдү кубаттандыруу үчүн (аны бөлүп-бөлүп түшүрдүк) жана аны (Курандын түшүүсүн) бөлүк-бөлүк кылдык.[1]
[1] Ар бир түшкөн аят, мушриктердин кежирленген көктүгүнөн же башка бир себеп менен капаланган, чарчаган пайгамбарыбыздын жүрөгүнө дем, кубат болор эле. Куранды пайгамбардын жана анын коомунун абалына жана реалдуу турмуштун окуяларына байланыштырып, биринин артынан бирин түшүрүү Аллах тааланын чоң Даанышмандыгы.
Алар (мушриктер өз пикирин тастыктоо үчүн кайдагы бир) мисалдарды сага келтирчү болсо, Биз сага Акыйкатты (Куранды) жана (анын аяттары үчүн) эң жакшы түшүндүрмөлөрдү келтиребиз.
Анан: «Экөөң Биздин аяттарыбызды жалган деген (каапыр) коомго бар(ып аларды динге чакыргыла)» дедик. (Экөө буйрукту аткарып, Фараон жана анын коомуна барып, аларды ыйманга чакырды. Бирок алар текеберленип, акыйкатты жалганга чыгарганда) аларды (деңизге чөктүрүп) бирин калтырбай кыйраттык.
Нухтун коомун дагы пайгамбарларды[1] «жалганчы» дешкенде (топон суу жиберип) чөктүрүп, адамдар үчүн ибарат-сабак кылып койдук.Биз залимдерге жан ооруткан азапты даярдап койдук.
[1] Кайсы коом бир гана пайгамбарды жалганчы десе, бардык пайгамбарларды жалганчы дегенге жатат. Буга далил – Нухтун коому анын бир өзүн жалганчы десе да Аллах таала бизге «Пайгамбарларды» деп баян кылууда.
Биз алардын баарына мисал-далилдерди келтиргенбиз (моюн толгогондон кийин гана) бардыгын кырып-жоюп жибердик! (Кырылган элдерден бири Лут пайгамбардын коому болчу. Алардын башына таш жамгыры жаап кыйраган).
Алар (Мекке мушриктери) балээ (таш) жамгыры жаадырылган шаарга келген эле го! Эмне, аны(н кесепеттерин) көрбөй жатышабы?! Жок, (көрүшкөн, бирок) алар кайра тирилүүгө ишенишпейт.
Ал бизди кудайларыбыздан азгырып жибере жаздабадыбы! Эгер бир аз аларга (кудайларыбызга) сабыр кылып турбаганда (азгырып жибермек экен)» – дешти. Жакында (тозоктогу) азапты өз көздөрү менен көргөн кезде ким туура жолдон адашуучурак экенин билип алышат.
(Оо, Мухаммад!) Өзүнүн каалоосун кудай кылып алган адамды(н бул айткандарын) карабайсынбы! Эми сен ага өкүл (көзөмөлдөөчү) болосуңбу?![1]
[1] Ал ыпылас сөздөрү менен өзүнө тозокту анык кылып алды. Эми сен аны жөн кой. Сен көзөмөлчү эмессиң. Болгону, эскертүүчүсүң. Аны менен Аллах Өзү эсептешип алат.
Же болбосо алардан көпчүлүгү угат, акылдарын иштетет деп ойлойсуңбу? Алар айбан сыяктуу болуп калган. Жок! Алар (жүргөн жолунда) айбандан да адашуучураак![1]
[1] Айбанды чабан кайда айдаса, ошол тарапка басат. Өзүнө зыян болчу жерлерди, себептерди билет жана андан абайлайт. Булар болсо, түз эле өзүн отко урууда!
(Оо, Мухаммад!) Раббиңди(н кудуретин) көрбөйсүңбү: (жер бетине) кантип көлөкөнү (таң аткандан күн чыкканга чейинки аралыкта) жайып койду. Эгер кааласа аны жылбай турган кылып коймок. Кийин Биз ага күндү далил кылдык.[1]
[1] Эгер Күн болбосо, таңкы күңүрттүк билинмек эмес.
Биз аны (Куран аяттарын) алардын арасында ар түрдүү (ыкмалар менен) баян кылдык, акыл-насаат алуулары үчүн. Бирок, көпчүлүк адамдар каапырлыктан башкасына ыраазы болушпады.
Ал (Аллах) эки деңизди (жанаша) агызып койду. Мунусу (дарыя) ширин-даамдуу, анысы (деңиз) шор-кычкыл. Жана экөөсүнүн арасына (бирин-бири бузбай, бирин экинчисине аралаштырбай турган, көрүнбөгөн) бекем тосмо кылды.[1]
[1] «Көрүнбөгөн тосмо» - бул эки суунун составынын бири бирине аралашып кетишине тоскоолдук кыла турган элементтер. «Бекем-бышык парда» бул кадимки эле жээк-тосуктар.
Алар (мушриктер) Аллахтан башка өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган «кудайларга» ибадат кылышат. Каапыр (жараткан) Раббисине каршы (шайтанга) жардамчы болду.
Айткын: «Мен ал (кабар жеткирүүчүлүгүм) үчүн силерден акы сурабаймын. Ал эми, кимде-ким (садака берүү менен) Раббисине жол тутууну кааласа (ага тоскоол болбоймун).[1]
[1] Ким муктаж адамдарга же болбосо, пайгамбардан башка дин жеткирүүчү кишилерге садака кылып, Аллахтын ыразычылыгына жол издесе-жасай берсин. Бирок, пайгамбарлар садака жебейт.
Жана сен (эч качан) өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө (Аллах таалага) таян, Аны даңктап (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула. Анын Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар.
Ал асмандар менен жерди жана экөөсүнүн арасында болгон нерселерди алты күндө жаратып, андан кийин (Өзүнүн гана улуулугуна жараша) Арштан Бийик-Жогору болду. Ал – Ырайымдуу! Сен муну (бардыгынан) Кабардар болгон Заттан сура! (Ал Өзүнүн сыпатын, улуулугун Өзү гана жакшы билет.)
Эгер аларга (мушриктерге) «Чексиз Ырайымдууга (Аллахка) сажда кылгыла» деп айтылчу болсо, «Чексиз Ырайымдууң ким? (Аны билбейбиз) Бизге буюрган нерсеңе сажда кыла беребизби?» - дешет. (Бул чакырык) алардын качуусун гана көбөйтөт.[1]
[1] Алар «эгер биз жалгыз Чексиз Ырайымдууга ибадат кылсак, ата-бабаларыбыз сыйынып келген кудайларыбыз, арбактарыбыз эмне болот» деп чындыктан качышат.
Жана Ал (Өзүнүн кереметтерин) эстеп (сабак алып) же (Аллахтын жакшылыктарына) шүгүр келтирүүнү каалаган адамдар үчүн түн менен күндүздү удаама-удаа (келе турган) кылып жаратты.[1]
[1] Ким Аллахты зикир кылууну кааласа, тынч, бейпил түн бар. Моожиза-керемет жаратылыштагы Аллахтын Кудуретинин белгилерин көрүп зикир кылууну кааласа күндүз бар.
Алар түн ичинде[1] Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат.
[1] Түңкү ибадат «тахажжуд» деп аталат жана көп сооптору бар. Айрыкча түндүн үчтөн экиси өткөндө туруп намаз окуп, дуба кылса, кабыл болуусунда үмүт чоң.
Алар Аллахтан башка «кудайларга» дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына-бузукулукка барышпайт. Кимде-ким ушуларды жасаса (айрыкча Аллахтан башкага дуба (ширк) кылса) жазага жолугат.
Ага кыямат күнү (тозокто жогорудагы күнөөлөрдүн баарын же ширк күнөөсүн кылган кишиге) азаптар кайра-кайра кайталанып берилет жана кордолгон абалда ал жерде түбөлүк калат.
Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо..., Аллах алардын жаман иштерин жакшыга алмаштырат.[1] Аллах-Кечиримдүү, Ырайымдуу.
[1] Ар канча ашынган каапыр болсун, эгер жолунан кайтып, чын дилинен Аллахка тообо кылып, ыйман келтирип, жашылык иштерди кыла баштаса, Аллах анын өткөндөгү күнөөлөрүн кечирип, жаман абалын жакшыга, тозокулугун бейишке алмаштырып койот.
Алар: «Оо, Рабби! Бизге (көргөндө) көзүбүз кубана турган жубайларды жана урпактарды белек кыл! Жана бизди такыба кишилерге имам (жол башчы) кыл» дешет.[1]
[1] Алар дуба кылуу менен гана чектелип отура бербейт. Тескерисинче ошол даражага жеткенче, балдарын, үй-бүлөсүн Аллах ыразылыгын аткаруунун натыйжасында өзүнө, көзунө кубаныч боло турган кылып тарбиялаганга аракеттенишет.
Ушул адамдар (дин жолунда) сабыр кылгандары себептүү (бейиштеги) жогорку орундар менен сыйланышат жана (аларга периштелер) салам айтышып, сый сөздөр менен күтүп алынат.[1]
[1] Аларды бейиш периштелери ызаат-урмат менен салам айтып, бейишке келиши менен куттуктап күтүп алышат.
(Оо, Мухаммад!) айткын: «Эгер (араңарда ыймандуу) дуба кылгандар болбосо, Аллах силерди (каапырларды) баалабайт. Себеби силер (динди, Куранды) жалганга чыгардыңар! Жакын арада (калпка чыгаргандын жазасы) силер менен бирге болот.[1]
[1] «Жакын арада» деген сөздөн максат - Кыямат. Анда динди, Куранды, пайгамбарды, исламды, бейиш-тозокту жалган дегендерге эч арылбай турган, бекем жабышкан азап берилет.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
د لټون پایلې:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".