د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية * - د ژباړو فهرست (لړلیک)

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

د معناګانو ژباړه آیت: (83) سورت: النساء
وَإِذَا جَآءَهُمۡ أَمۡرٞ مِّنَ ٱلۡأَمۡنِ أَوِ ٱلۡخَوۡفِ أَذَاعُواْ بِهِۦۖ وَلَوۡ رَدُّوهُ إِلَى ٱلرَّسُولِ وَإِلَىٰٓ أُوْلِي ٱلۡأَمۡرِ مِنۡهُمۡ لَعَلِمَهُ ٱلَّذِينَ يَسۡتَنۢبِطُونَهُۥ مِنۡهُمۡۗ وَلَوۡلَا فَضۡلُ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ وَرَحۡمَتُهُۥ لَٱتَّبَعۡتُمُ ٱلشَّيۡطَٰنَ إِلَّا قَلِيلٗا
Эгер аларга тынчтык же коркунуч жөнүндө бир кабар жетип калса аны дароо жайылтып жиберишет. Эгер (жайылтууга шашылбай, оболу) пайгамбарга жана өздөрүнөн болгон башчыларга алып барышса, кабарды билүүгө кызыккандар ошолордон (пайгамбардан же башчылардан) билип алышмак.[1] Эгер силерге Аллахтын артыкчылыгы жана ырайымы болбогондо, азыңардан башка баарыңар шайтанды ээрчип калмаксыңар.
[1] Бул аят менен Аллах таала мусулмандар коомуна өз ара мамиле адебин үйрөтүп жатат. Жакшыбы, жаманбы, кандай кабар болбосун угаар замат жайылтып жиберүү жаман адат. Балким, андан коомго же бир жеке адамга зыян жетип калаар. Балким, ал кабар душмандардан жашырыла турган сыр болуп жүрбөсүн? Ошондуктан, Аллах таала кандай кабар болсо да оболу акылман, билерман, тажрыйбалуу башчыларга, аксакалдарга билдирилип, алардын талкуусуна коюлгандан кийин гана же сактоого же жайылтууга уруксат берилерин үйрөтүүдө.
عربي تفسیرونه:
 
د معناګانو ژباړه آیت: (83) سورت: النساء
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية - د ژباړو فهرست (لړلیک)

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

بندول