(О, Мухаммад!) Сенден олжолор жөнүндө сурашат. Айткын: Олжолор Аллах жана анын пайгамбарына тиешелүү. Эми, Аллахтан коркуп, өз ара мамилеңерди оңдоп, эгер ыймандуу болсоңор, Аллахка жана Анын пайгамбарына моюн сунгула.
Чынында, ыймандуу адамдарга Аллах эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыйманын көбөйтөт[1] жана алар Раббисине гана тобокел кылышат.
[1] Ушул аят ыймандын көбөйүп-азайып туруусуна далил болот.
Ошол сыяктуу Раббиң сени акыйкат менен үйүңдөн (согушка) чыгарганда, ыймандуулардан кээ бирөөлөрү муну жактырбай турушту.[1]
[1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам мушриктердин кербени Шамдан (азыркы Сирия, Палестина өлкөлөрү) кайтып келе жатканын угуп, аны колго алуу үчүн үч жүз он чамалуу сахабалары менен чыкканда, мушриктердин кербен башчысы Абу Суфян муну билип калат жана Меккеге кабар жиберет. Мекке мушриктери кербенин коргоп калуу үчүн миң чактуу кол менен Мединаны көздөй басат. Алар “Бадр” деген жерге жетип келгенде, Аллах Өз пайгамбарына кербенди жөн коюп, мушрик аскерлери менен беттешүүгө буюрат. Бул илахий кабарды өзү менен чыккандарга билдиргенде кээ бир сахабалар: “Оо, Аллахтын элчиси! Курал-жарагы менен, камданып келген аскерге туруштук бере албайбыз. Андан көрө, мына бул кербенди колдон чыгарбайлычы”- дешип кербенди колго алууну каалашат.
Аллах силерге эки тайпанын бирөөсүн[1] (олжо) болуусун убада кылды эле, силер курал-жарагы жогунун өзүңөр үчүн болушун кааладыңар. Аллах болсо, (силер каалагандан башканы:) Өзүнүн (өкүм) сөздөрү менен акыйкатты орундатууну жана каапырлардын “артын кыркып коюуну” каалады.[2]
[1] Же мушриктердин кербенин же аскерлерин. [2] Анткени, аскерлердин арасында мушриктердин эң ашынгандары, башчылары, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга жана Исламга өтө кас болгондору бар эле. Аллах ошолорду өлтүрүп, “каапырлардын артын кыркып” азайтып, алсыздандырууну каалады.
Силер Раббиңерге жалбарып, дуба кылганда, Ал силерге жооп берип, (пайгамбарына): “Мен силерди удаама-удаа (келүүчү) миң периште менен кубаттаймын” деди.
Муну Аллах (силердин рухуңарга) шаттык (деми) кылып жана аны менен жүрөгүңөр тынчтануусу үчүн жасады. Жеңиш - Аллахтан гана. Чынында Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.
Ошондо, (Аллах) силерди, Өзү тарабынан тынчтык-бейпилдик болуусу (жана жүрөгүңөрдөн коркууну кетирүү) үчүн (көз ирмемдик) уйку менен ороду жана жүрөгүңөрдү, кадамыңарды аны менен бекемдеп, силерден Шайтан азгырыгын кетирип, таза-аруу кылуу үчүн үстүңөргө асмандан жамгыр жаадырды.
Ошондо, (о, Мухаммад) сенин Раббиң периштелерге: “Мен силер менен биргемин. Эми, ыймандуу адамдарды шыктандыргыла! Мен тез эле каапырлардын жүрөгүнө коркуу саламын, силер дагы алардын моюндарына чаап, ар бир манжаларын кесип таштагыла!” - деп аян-кабар кылды.
Мунун себеби; алар (каапырлар) Аллахка жана пайгамбарына каршы согушту. Ким Аллах жана пайгамбары менен согушса, (билип алгыла) чынында, Аллахтын азабы катуу!
Ким ошол күндө аларга артын салса, Аллахтын каар-казабын сатып алган болот жана жайы тозок! Ал кандай жаман орун! Бирок, согуш эрежесин өзгөртүү же болбосо, (башка бир) жамаатка кошулуу максатында артын салса (анда качкан болуп эсептелбейт жана күнөө да болбойт).
(О, ыймандуулар!) Аларды силер өлтүрбөдүңөр бирок, Аллах өлтүрдү. (О, Мухаммад) атканда сен атканың жок, Аллах атты. Өзү тарабынан момундарга жакшы сыноо болсун үчүн (ушинтти).[1] Чынында - Аллах Угуучу, Билүүчү.
[1] Согуш жүрүп жатканда пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам чатырга кирип, Аллахка дуба кылып чыгат жана бир ууч топуракты алып, мушриктер тарапка чачып жиберет, Аллах Өз кудурети менен ал топуракты учуруп барып ар бир мушрик аскеринин оозуна жана көзүнө толтурат. Ушундан соң алар алсызданып калышат.
(Эй, мушриктер!) Эгер Аллахтан («качан азап түшүрөт» деп) сурасаңар, мына, силерге (каршы) жеңиш келди. Эгер (туура жолго тоскоол болуудан) токтолсоңор бул силерге жакшы. Эгер (согушка) кайтсаңар, биз дагы кайтабыз. Анда жамаатыңар канчалык көп болсо да, силерге эч жардам бере албайт. Чынында, Аллах ыймандуулар менен бирге!
Эгер Аллах алардан бир жакшылык болоорун билгенде (акыйкатты) уга турган кылып коймок. Эгер уга турган кылып койсо деле, (акыйкаттан) жүз буруп кетмек.
О, ыйман келтирген пенделер! Силерге жашоо бере турган нерсеге (ибадатка) чакырганда, Аллах менен пайгамбарына (дароо) жооп бергиле! Билип койгула, Аллах адам менен (анын) жүрөгүнүн арасын тосуп койот.[1] Чынында, бардыгыңар Анын Өзүнө чогуласыңар.
[1] Дааватты биринчи жолкусунда кабыл албай экиленсе, же кабыл албай койсо, кийин кабыл алышы өтө оор. Анткени, биринчисинде кабыл албаганынын жазасына Аллах аны менен жүрөгүнүн арасын тосуп койгон. Кабыл алайын дейт, бирок, жүрөк кургур баш бербейт. Бул – азап. Ошондуктан адам-пенде ар дайым: “О, Аллах! Оо, жүрөктөрдү өзгөртүп, оодарып туруучу Кудай! Менин жүрөгүмдү Өз диниңде бекем кылгай элең!” деп дуба кылып жүрүшү зарыл.
(О, ыймандуулар!) Эстегиле, бир кезде силер аз, жер бетинде алсыз-байкуш жана адамдар силерди басып-тоноп кетишинен корккон абалда элеңер. Кийин Аллах силерге (Мединадан) орун-очок берип, Өз жардамы менен колдоп, силерге таза нерселерди ырыскы кылып берди.(Ушуларга) шүгүр кылсаңар кана!
О, ыйман келтиргендер! Аллахка, Анын пайгамбарына жана силерге ишенип тапшырылган аманаттарга билип туруп кыянат кылбагыла![1]
[1] Адам баласы өз каалоосу менен ыйман келмесин айтып, Ислам динин кабыл алганда, Исламда (Куранда) айтылган бардык өкүмдөрдү аткарууга Аллах менен пайгамбарын ишендирген, башкача айтканда өз мойнуна аманат алган болот. Кийин эгер ал Куран өкүмдөрүн бузса – бул анын Аллахка жана пайгамбарына кыянат кылганы. Ошондой эле, мусулман пенде башка мусулман пенделеринин аманаттарына, убадаларына да кыянат кылбоосу – парыз.
О, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтан корксоңор силерге жакшылык менен жамандыкты ажырата турган илим берет, (кичинекей) күнөөңөрдү өчүрөт, жана (чоң) күнөөңөрдү кечирет. Аллах – Улук артыкчылык ээси.
(О, Мухаммад) эстегин, каапырлар (бир кезде) сени (журтуңда) калтырууга, же өлтүрүүгө, же болбосо, сүргүн кылууга айла издешкен. Алар айлакерлик кылышат, Аллах да айлакерлик кылат. Аллах айлакерлердин мыктысы.[1]
[1] Абу Жахл бин Хишам башчылыгындагы мушриктердин башчылары Меккеде исламдык дааватка чекит коюу үчүн түндөрдүн биринде масилетке чогулушат. “Эмне кылабыз, – дешет алар – ата-бабаларыбыздын динине, каада-салтына каршы болгон мына бул Мухаммадды жөн койобузбу, өлтүрөбүзбү же сүргүн кылып таштайлыбы?” Ошондо алар Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды айлакерлик менен өлтүрүү долбоорун түзүшөт. Долбоор боюнча курайш урууларынын бардыгынан бирден жигит тандап алышып, кылыч менен куралдандырылат. Бардыгы эл аягы тынганда Мухаммаддын үйүнө барып, ага бир адам сыяктуу кол салышмак болот. Ошондо анын каны (куну) урууларга тарап кетмек жана Бану Хашим (Мухаммаддын уруусу) жанга-жан алалбай, кун пулун алуу менен тынчтанып калмак. Мына ушул кутумду аткарганы желдеттер жолго чыкканда, Аллах Өз пайгамбарына окуянын кабарын билдирет жана эмне кылуу керектигин үйрөтөт. Алар келгенде Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам, капыстан бет маңдайдан чыга калып, аларга топурак чачып жиберет. Аллахтын кудурети менен бардыгынын көздөрүнө чаң толуп, абдырап, көрбөй калганда Аллахтын элчиси чыгып кетет. Ушул кетиште досу Абу Бакр экөө туп-туура Мединага барып, Аллах аны жана башка мусулмандарды мединалык ансарилер менен кубаттандырат. Ал жерде күч жыйнап, бир нече жылдан соң кайра келип, ата журту Меккени фатх кылат. Ошентип, Аллахтын айлакерлиги мушриктердин амалкерлигинен жогору келет.
Эгер аларга Биздин аяттарыбыз окулса: “Биз укканбыз. Эгер кааласак буга окшогонду биз деле айта алабыз. Бул байыркылардын жомокторунан башка нерсе эмес” дешет.[1]
[1] Бирок, алар жалган айтып жатышат. Аллах Өз пайгамбарына: “Айткын, оо, Мухаммад. Эгер алар Куран Биздин сөзүбүз экенине күмөндө болушса ушуга окшогон бир гана сүрө келтиришсин” деп сөз жарышка чакырганда эч бири жооп бере албай калышкан болчу. Бул алардын көкбеттиги. Эмне дээрин билбестен эми, “Куран байыркылардын жомогу” деп жатышат. Эмне, байыркылар айтканды кийинкилер айта албайт бекен? Жомок болсо, ошого окшотуп айтышсынчы, кана?! Анын үстүнө Куран сыяктуу, акындарды алсыз калтырган кереметти, эч кимден дарс албаган, сабатсыз Мухаммад кайдан жаза алмак. Баса, ал жазуу тургай, окууну да билбеген сабатсыз эле го!
Бир кезде алар: “Оо, Аллах! Эгер мына бул (Мухаммад айтып жаткан сөздөр) Сенин алдыңдан келген Акыйкат (экени чын) болсо, асмандан үстүбүзгө таш жаадыр же бизге жан ооруткан азап жибер!” – дешти.
(О, Мухаммад,) Сен алардын арасында экениңде, Аллах аларды азаптабайт. Алар (тообо кылып) күнөөлөрүнө (Аллахтан) кечирим сурашса да Аллах аларды азаптабайт.
(Бирок,) Алар (мусулмандарды) Масжид ал-Харамдан тосуп жатса Аллах аларды азаптабай коймок беле?! Алар Аллахтын олуялары эмес! Анын олуялары такыба адамдар. Бирок, көбү (муну) билишпейт.
Алардын “Байтуллах” (Ал-Харам) алдындагы “намаздары” ышкырык жана кол чабуудан башка эмес эле! Эми, (эй, мушриктер!) каапыр болгонуңарга жараша азапты(н даамын) таткыла!
Каапырлар (адамдарды) Аллахтын жолунан тосуу үчүн мал-дүйнөлөрүн жумшашат. Дагы эле жумшай беришет, бирок кийин (бул иштери) өз баштарына өкүнүч болот. Кийин… жеңилишет! Каапырлар (Акыретте) тозокко чогултулат,
(О, Мухаммад), каапырларга айт: Эгер (душмандыгын) токтотушса, өткөн күнөөлөрү кечирилет. Эгер улантышса, (билип коюшсун:) мурункулардын жолу өткөн![1]
[1] Алардан мурда да нечендеген мушрик коомдор Аллахтын эскертүүсүн кулактарынын сыртынан кетирип, душмандыктарын улантышканда Аллах алардын үстүнө апаат-балээлерди жиберип азаптаган.
(Оо, ыймандуулар) каапырларга каршы,(жер бетинде) фитна (ширк, исламга тоскоолдук) калбай калганга чейин жана дин-өкүмдүн бардыгы Аллахка таандык болгонго чейин согуша бергиле. Эгер токтотушса, Аллах жасаган иштерин Көрүүчү.
(Оо, ыймандуулар!) Билип алгыла: (Аллах жолундагы казаттарда) олжого алган нерсеңерден (бештен төрт бөлүгү жоокерлерге бөлүнгөндөн кийин) бештен бир бөлүгү (дагы бешке бөлүнүп, биринчи бөлүгү жалпы мусулмандардын пайдасына иштетүү үчүн) Аллахка жана пайгамбарына, (экинчи бөлүгү - садаканын ордуна[1] - пайгамбардын Бану Хашим жана Бану мутталиб уруусунан турган) тууган-уруктарына, (үчүнчү бөлүгү) жетимдерге, (төртүнчү бөлүгү) мискин-кедейлерге жана (бешинчи бөлүгү) мусаапырларга тиешелүү. (Оо, ыймандуулар!) Эгер силер Аллахка жана эки жамаат (ыймандуулар менен мушриктер) жолугушуп (кагылышып), чындык жалгандан ажыраган (Бадр казаты болгон) күнү Өз пендебизге асмандан түшүргөн жардамдарга ишенчү болсоңор, (олжолорду жогоруда көргөзүлгөндөй бөлүштүргүлө!) Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.[2]
[1] Анткени, пайгамбардын тууган-уруктарына садака жеш - арам. [2] Ушул аяттын өкүмү боюнча, согуштан түшкөн олжонун бештен төрт бөлүгү аскерлерге: жөө аскерге бир үлүш, атчанга эки (өзүнө жана атына) үлүш иретинде бөлүнүп берилген. Калган бештен бир бөлүгү төмөндөгүчө бешке бөлүнгөн: 1-Аллахка жана пайгамбарына. Бул бөлүктү Аллахтын элчиси динин өркүндөтүү жана жалпы мусулмандардын пайдасына иштеткен. Өзүнүн жеке кызыкчылыгына иштеткен эмес. 2-Тууган-уруктарга. Булар Бану Хашим жана Бану Мутталибден болгон пайгамбардын жакындары. Байы болсун, кедейи болсун, баарына бирдей бөлүштүрүлөт. 3-Жетимдерге. Булар атасы өлгөн балдар. Апасы өлүп, бирок атасы тирүү болсо, аны толук жетим катары эсептелбейт. 4-Мискиндерге. Булар аял-эркек, жаш-кары кедейлер. 5-Мусапырларга. Булар өз журтунан башка жерде толук камсыздалбай жүргөн сапардагылар.
Ошондо (Бадр согушу болуп, олжо алынган күндө) силер (Мединага) эң жакын жерде, алар (мушрик аскерлери) алысыраак жерде, ал эми, кербен силерден төмөнүрөөк (деңиз) тарапта эле.[1] Эгер силер (согуш болоор орун жана убакыт жөнүндө мурдатан) убадалашсаңар убадада келише албаган болот элеңер. Бирок, Аллах (өз тагдырында) болуп калган ишти болтуруп, өлгөндөрдү далил менен (каапырчылыкты тандаганы үчүн) өлтүрүү үчүн жана тирүү калгандарды да далил менен (ыйманга келгендери себептүү) тирүү калтыруу үчүн (силерди күтүлбөгөн жерден жолуктуруп койду) Чынында Аллах Угуучу, Билүүчү.
[1] Аллах бири-бирине көрүнбөгөн үч тараптагы жамааттын экөөсүн (мусулман аскерлери менен мушрик аскерлерин) Бадр өрөөнүндө капысынан жолугуштурду.
Ошондо, (о, Мухаммад!) Аллах сенин түшүңдө аларды (мушрик аскерлерин) аз сандуу кылып көргөздү. Эгер көп кылып көргөзсө (жана сен муну сахабаларыңа айтсаң) муунуңар бошоп, (көпчүлүгү согушууну каалабай) иште талашып калмаксыңар. Бирок, Аллах сактады. Чынында, Ал көкүрөктү ээлеген сырларды Билүүчү.
Ошондо, (о, мусулмандар), силер жолуккан кезде, Аллах (тагдырында) болуп калган ишти аткаруу үчүн көзүңөргө аларды аз көргөзүп, силерди алардын көздөрүнө аз көргөздү. Иштердин бардыгы Аллахка кайтат.
Мекендеринен (Меккеден) текеберленип, адамдардын көзүнө шаан-шөкөттөнүп жана Аллахтын жолунан (адамдарды) тосуу максатында (согушка) чыккандар сыяктуу болбогула! Аллах алардын бардык иштерин камтып алуучу.
Бир кезде шайтан аларга амалдарын кооз көрсөтүп: “Силерди бүгүн адам затынан эч ким жеңе албайт (саныңар да, даярдыгыңар да мусулмандардыкынан көп) Силерди өзүм кепилдигиме аламын (эч коркпогула)” - деди.[1] Ал эми, эки жамаат (согуш майданында) жолукканда (шайтан): «Менин силер менен ишим жок, (анткени,) мен силер көрбөгөн нерсени көрүп калдым. Мен Аллахтан коркомун! Аллахтын азабы катуу» деп, аркасына качып жөнөдү.[2]
[1] Курайштык мушриктердин “Мадлаж” деген уруу менен душмандыгы болгон. Бул уруу өтө согушчан болгондуктан курайш мушриктеринин жүрөгүн түшүрүп, коркутуп алган болчу. Амалдуу Шайтан жөн келбей, ошол уруунун баатыры Сурака бин Малик бин Жаьшам аль Мадлажинин кейпинде келип, аларды оолуктуруп, демитип турган. [2] Себеби, шайтан мусулмандардын арасында, периштелерди сап-сапка бөлүштүрүп, согушка даярдап турган Жебирейил периштени көрүп калган болчу. Наалаты Шайтан качып кеткени менен өз максатына жетип, мушриктерди согуш (өлүм) майданына алып келген эле.
Ошондо (мусулмандардын арасындагы) мунафыктар менен жүрөктөрүндө шек-күмөн болгон (ыйманы күчсүз) адамдар: “Буларды дини оолуктуруп жиберди” - дешти. Ким Аллахка тобокел кылса, Аллах Кудуреттүү (жана өз ишинде) Даанышман.[1]
[1] Мусулмандардын бул согушка коркпой киришүүсүнүн себептери жогоруда айтылды. Бул жерде дагы калган себептери баяндалууда. Бир себеп: алар өздөрүн эң кудуреттүү Аллахтын ыктыярына, коргоосуна тапшырып, жалгыз Өзүнө таянып, тобокел кылуусу болгон. Дагы бир себеп алардын бекем ишенимдери боюнча, бүт дүйнө эли аларга бир зыян жеткирүү үчүн чогулушса да, Аллах эзелки тагдырда жазганынан ашыкча зыян жеткире алышпайт. Ошондой эле, бүт дүйнө чогулуп, бир пайда жеткирүүнү кааласа, Аллах каалагандан ашыкча кыпындай да пайда жеткире алышпайт. Демек, бардыгы Аллахтын Колунда болгон соң, Аллахтын Китебинде “Аллах ыймандуулар менен” деген убадасы болгон соң, эмнеден тайсалдашмак?
(Алардын абалы) Фараондун адамдарынын жана алардан мурунку каапырлардын абалына окшош: Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, Аллах аларды күнөөлөрү себептүү азапка салды. Чынында, Аллах – Кубаттуу жана азабы катуу.
Бул (азаптар) Аллах эч бир коомго берген жакшылыктарын, качан алар өз жүрөктөрүндө болгон нерсени (ыйманды каапырчылыкка) өзгөртмөйүнчө өзгөртпөөсү себептүү болууда. Чынында Аллах Угуучу, Билүүчү.
(Дагы алардын иштери) Фараон адамдарынын жана алардан мурункулардын иштерине окшош: Раббисинин аяттарын “жалган” дешти эле, күнөөлөрү себептүү өлүм берип, Фараон адамдарын (деңизге) чөктүрүп жибердик. (Аллах жазалагандардын) баары (өздөрүнө) зулум кылуучулар болду.
Эгер (сени менен согушпастык келишимин түзгөн) бир коомдун кыянат кылуусунан корксоң, убада-келишимдерин таштап сал! (Убада бузулганын силер да, алар да) барабар (билип жүргүлө). Чынында, Аллах кыянатчыларды сүйбөйт!
(О, мусулмандар!) Аларга (душманыңарга каршы) колуңардан келген бардык күч-кубатты: жабдыкталган аттарды даярдап койгула! Аны менен Аллахтын жана өзүңөрдүн душманыңарга жана да (ким экенин) Аллах гана билип, силер билбеген башка адамдарга айбат-сүр көргөзөсүңөр. Аллахтын жолунда (жихад үчүн) эмнени сарп кылсаңар (Кыяматта) өзүңөргө зулум кылынбаган абалда толугу менен кайтарылат.
Жана (көбүрөөк кубаттуу болуш үчүн) алардын жүрөктөрүн (өз ара) үлпөт-дос кылып койду. Эгер сен жер бетиндеги бардык байлыкты сарп кылсаң да, алардын жүрөктөрүн дос кыла албайт элең. Бирок, аларды Аллах дос кылды. Чынында, Аллах – Кудуреттүү, Даанышман!
Оо, пайгамбар! Ыймандууларды согушка кайраттандыр! (О, ыймандуулар!) Эгер силерден жыйырма гана сабырдуу эр жүрөктөр болсо, (душмандан) эки жүздү, ал эми, силерден жүз болсо, каапырлардан миңди жеңе алат. Мунун себеби, алар түшүнбөгөн адамдар.
Эми, Аллах силерден (милдетиңерди) жеңилдетти. Жана силерде (он эсе, жыйырма эсе көп душманга тең келе албай турган) алсыздык бар экенин билди. Эми, силерден жүз сабырдуу болсо эки жүздү жеңет, эгер силерден миң болсо, Аллахтын уруксаты менен, эки миңди жеңет,[1] Аллах сабырдуулар менен!
[1] Демек, мусулман адам эң болбоду дегенде эки душманга тең келе ала турган күч-кубат жана даярдыкта болушу керек экен.
Качан жер бетинде (Исламга өчөшкөндөр калбай, толук) жеңүүчү болмоюнча эч бир пайгамбардын алдында туткундар(дын) болуусу мүмкүн эмес болчу. Силер дүйнө пайдасын каалайсыңар, Аллах болсо, Акыретти каалайт. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.[1]
[1] Бул аят, Бадр согушунда Исламды түбүнөн курутабыз деп келген мушриктерди, туткунга түшкөндөн соң, өздөрүнө жараша кылып “курутуп” таштабай, туткунда сактап, алардын башы үчүн белгилүү өлчөмдө кун акы (залог) алган пайгамбарыбызга жана башка момундарга Аллах тааланын эскерткени. Бир аз гана дүйнөлүк пайданы ойлоп, зыянкеч, Исламга өч немелерди бошотуп жиберүү Исламга пайда алып келбейт эле.
Эгерде, Аллахтын тагдырында (“Ислам үммөтүнөн азап көтөрүлгөн” деп) жазылып коюлбаганда алган кун акыңардын жазасына силерди чоң азап кармайт эле.[1]
[1] Бул аят жөнүндө, пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам: “Эгер Бадр күнүндө азап түшкөндө, Умардан башка эч ким тирүү калмак эмес” деген. Анткени, бир гана Умар көпчүлүктүн кун акы алуу пикирине кошулбай “алар Исламды курутканы келишкен, биз да аларды өлтүрүп салышыбыз керек” деген пикирди айткан. Аят Умардын пикирин тастыктап түшкөн.
Оо, пайгамбар! Кол астыңдагы туткундарга айт: “Эгер Аллах жүрөгүңөрдө жакшылык (ыйман) бар экенин билсе, силерге, алынган кун акыңардан жакшыраак нерсени берет жана (өткөндөгү) күнөөңөрдү кечирет. Жана Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.
Эгер алар (мушрик туткундар) сага кыянат кылууну каалашса, мындан мурун Аллахка да кыянат кылышкан болчу, кийин Аллах аларды колуңа салып берди. Аллах – Билүүчү, Даанышман.
Чынында, ыйман келтирип, (диндерин сактап калуу үчүн Меккеден Мединага) хижрат кылган жана Аллах жолунда мал-жандары менен жихад кылган мусулмандар менен, аларга (Мединадагы өз үйлөрүнөн) орун-очок берип, ансар – жардамчы болгондор бири-бирине жакын-дос. Ал эми, ыйман келтирсе да, хижрат кылбаган адамдар болсо, качан хижрат кылмайынча силерге эч нерседе дос боло алышпайт. Эгер алар силерден душмандарына каршы жардам сурашса, жардам берүү мойнуңарда милдет. Ал эми, силер менен (өз ара согушпоо жөнүндө) убада-келишими бар болгон коомго каршы жардам сурашчу болсо, анда жардам бербейсиңер. Аллах эмне иш жасаганыңарды Көрүүчү.
Каапыр адамдар бири-биринин достору. (Демек, силер эгер момун болсоңор, момундарды дос, каапырларды душман туткула). Эгер ушуну аткарбасаңар, жер бетинде бузукулуктар жана чоң күнөөлөр болот.
Ыйман келтирип, хижрат кылып, Аллахтын жолунда жихад кылган адамдар менен аларга орун-жай даярдап, жардам бергендер чыныгы ыймандуулар! Аларга (Раббисинен) кечирим жана улук ырыскылар бар!
Кийинчерээк болсо да ыйман келтирип, хижрат кылып, силер менен бирге жихад кылгандар – силерден. Жана бир туугандар Аллахтын Китебинде бири-бирине жакыныраак. Аллах ар бир нерсени Билүүчү!
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
د لټون پایلې:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".