د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: يونس   آیت:

Юнус

د سورت د مقصدونو څخه:
تقرير النبوة بالأدلة، ودعوة المكذبين للإيمان مع تهديدهم بالعذاب.
Пайгамбарлыкты далилдери менен баяндоо жана жалганга чыгаруучуларды азап менен коркутуп, ыйманга чакыруу.

الٓرۚ تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡحَكِيمِ
Алиф, Лам, Ра. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында айтылган. Бул сүрөөдөгү окулган мына ушул аяттар — ачык-айкын, өтө так жана өз ичине даанышмандык менен өкүмдөрдү камтыган Куран аяттары.
عربي تفسیرونه:
أَكَانَ لِلنَّاسِ عَجَبًا أَنۡ أَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ رَجُلٖ مِّنۡهُمۡ أَنۡ أَنذِرِ ٱلنَّاسَ وَبَشِّرِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَنَّ لَهُمۡ قَدَمَ صِدۡقٍ عِندَ رَبِّهِمۡۗ قَالَ ٱلۡكَٰفِرُونَ إِنَّ هَٰذَا لَسَٰحِرٞ مُّبِينٌ
Адамдарга Аллаxтын азабын эскерткин деп өздөрүнөн бир адамга ваxий түшүргөнүбүз аларды таң калдырып жатабы? Эй, Пайгамбар! Аллахка ыйман келтиргендерди сүйүндүргөн нерселер туурасында аларга кабар бер. Алардын кылган жакшы иш-аракеттеринин сыйлыгы катары алар Раббисинин алдында улуу даражага ээ болушат. Каапырлар: Чындыгында, бул аяттарды алып келген адам анык сыйкырчынын өзү, – дешти.
عربي تفسیرونه:
إِنَّ رَبَّكُمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَۖ مَا مِن شَفِيعٍ إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ إِذۡنِهِۦۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمۡ فَٱعۡبُدُوهُۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Эй, таң калгандар! Чындыгында, силердин Раббиңер асмандарды ушунчалык чоң кылып, жерди да ушунчалык кең кылып алты күндө жаратып, кийин Аршка көтөрүлдү. Эми кантип силердин араңардан бир адамды пайгамбар кылып жөнөткөнүнө таң калып жатасыңар? Ал Жалгыз Өзү кең падышалыгында каалагандай өкүм жүргүзүп башкарат. Анын алдында эч ким Анын уруксатын ыраазылыгын албай туруп эч кимге шапаат кыла албайт. Мына бул сыпаттар менен сыпатталган Зат - Ал силердин Раббиңер Аллах. Анын жалгыз Өзүнө гана чын ыкластан ибадат кылгыла. Анын Жалгыздыгын көрсөткөн бул далилдерден үлгү-насаат албайсыңарбы? Кимде-ким бир аз да болсо үлгү алганда, анда ал Аллахтын жалгыздыгын таанып-билип жана Ага ыйман келтирмек.
عربي تفسیرونه:
إِلَيۡهِ مَرۡجِعُكُمۡ جَمِيعٗاۖ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقًّاۚ إِنَّهُۥ يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ لِيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ بِٱلۡقِسۡطِۚ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَهُمۡ شَرَابٞ مِّنۡ حَمِيمٖ وَعَذَابٌ أَلِيمُۢ بِمَا كَانُواْ يَكۡفُرُونَ
Кылган иштериңердин сыйлык-жазасын берүү үчүн кыямат күнү жалгыз Аллахтын Өзүнө гана кайтасыңар. Аллахтын адамдарга берген бул убадасы акыйкат жана Ал убадасын бузбайт. Чындыгында, Ал бул нерсеге кудуреттүү. Ал макулуктарды буга чейин эч нерсеге окшобогон көрүнүштө жаратып баштайт. Андан соң өлгөндөн кийин Аллахка ыйман келтирип, жакшы иш-аракеттерди кылган адамдарды адилеттүүлүк менен сыйлыктарын берүү үчүн кайра тирилтет. Алардын сооптору кемитилбейт жана күнөөлөрү дагы көбөйтүлбөйт. Ал эми Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондорго ичегилерин үзүп кетүүчү өтө ысык, кайнак суу бар. Жана Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондору себептүү алар үчүн жан оорутуучу азап бар.
عربي تفسیرونه:
هُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ ٱلشَّمۡسَ ضِيَآءٗ وَٱلۡقَمَرَ نُورٗا وَقَدَّرَهُۥ مَنَازِلَ لِتَعۡلَمُواْ عَدَدَ ٱلسِّنِينَ وَٱلۡحِسَابَۚ مَا خَلَقَ ٱللَّهُ ذَٰلِكَ إِلَّا بِٱلۡحَقِّۚ يُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ
Ал Аллах күндү жарык чачкан жана жарыгын ар тарапка тарай турган кылып жаратты. Ал эми айды нур кылып, анын нурун пайдалануу үчүн жаратты. Жана айга жыйырма сегиз орунду белгиледи. Бир орундун аралыгы ар бир күн-түндүн өтүүсү менен өлчөнөт. Эй, адамдар! Минтип белги койгондун себеби, силер күн менен күндөрдүн санын жана ай менен айлар жана жылдардын санын билишиңер үчүн кылынган. Аллах таала Өз кудуретин жана улуулугун адамдарга көрсөтүү үчүн асмандар менен жерди жана андагы нерселерди акыйкат менен жаратты. Аллах Өзүнүн жалгыздыгын көрсөткөн ачык-айкын далилдерди, Аллахтын жалгыздыгына далил келтиргенди билген адамдар үчүн мына ушундай кылып баяндайт.
عربي تفسیرونه:
إِنَّ فِي ٱخۡتِلَٰفِ ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ وَمَا خَلَقَ ٱللَّهُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَّقُونَ
Чындыгында, түн менен күндүздүн бири-биринин артынан келүүсүндө, буларга карангылык менен ай жарыгынын бирге коштолуусунда, түн менен күндүздүн бири кыска бири узун болуусунда, асмандарда жана жердеги макулуктарда Аллахтан корккон, Анын буйруктарын аткарган жана тыйгандарынан алыс болгон адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүн көрсөткөн аят-белгилер бар.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• إثبات نبوة النبي صلى الله عليه وسلم وأن إرساله أمر معقول لا عجب فيه .
Пайгамбардын, пайгамбар экени тастыкталып бекемделиши жана анын пайгамбар болуп жөнөтүлгөнү эч кандай таң калышты жаратпаган акылга сыйган эле иш.

• خلق السماوات والأرض ومن فيهما، وتدبير الأمر، وتقدير الأزمان واختلاف الليل والنهار كلها آيات عظيمة دالة على ألوهية الله سبحانه.
Асмандардын, жердин жана андагы нерселердин жаратылуусу, иштердин тартиптелүүсү, убакыттардын өлчөлүүсү, түн менен күндүздүн бири-биринин артынан алмашып туруусу булардын баарысы Аллах тааланын Кудай экенине далил болгон чоң аят-белгилер.

• الشفاعة يوم القيامة لا تكون إلا لمن أذن له الله، ورضي قوله وفعله.
Кыямат күнү шапаат кылуу мүмкүнчүлүгү, Аллах уруксат берип, сөздөрүнөн жана иш-аракеттеринен ыраазы болгон адамдарга гана берилет.

• تقدير الله عز وجل لحركة الشمس ولمنازل القمر يساعد على ضبط التاريخ والأيام والسنين.
Аллах күндүн жылышына жана айдын орундарга жылганына өлчөм койгонунда адамдарга убакытты, күндөрдү жана жылдарды белгилөөлөрүнө жардам берет.

إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يَرۡجُونَ لِقَآءَنَا وَرَضُواْ بِٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَٱطۡمَأَنُّواْ بِهَا وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَنۡ ءَايَٰتِنَا غَٰفِلُونَ
Чындыгында, каапырлар Аллахка жолугууну үмүт кылбагандар – алар Аллахтан коркушпайт же жолугууну каалашпайт. Алар түбөлүк акырет жашоосунун ордуна жок болуп кетүүчү убактылуу дүйнө жашоосуна ыраазы болушат жана бул жашоого кубанышып, жан дүйнөлөрү бейпил болот. Ошондой эле алар Аллахтын аят-белгилеринен жана далилдеринен жүз буруп, көңүлгө албагандар.
عربي تفسیرونه:
أُوْلَٰٓئِكَ مَأۡوَىٰهُمُ ٱلنَّارُ بِمَا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ
Бул сыпаттар менен сыпатталган ал адамдардын туруктуу жери тозок. Бул жаза алардын кылган каапырлык иштери жана кыямат күнүн жалганга чыгаргандары себептүү берилди.
عربي تفسیرونه:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ يَهۡدِيهِمۡ رَبُّهُم بِإِيمَٰنِهِمۡۖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهِمُ ٱلۡأَنۡهَٰرُ فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ
Чындыгында, Аллахка ыйман келтирип, жакшы иш-аракеттерди кылгандарды Аллахтын ыраазылыгына жеткире турган жакшы иш-аракеттерди кыла турган туура жолго салат. Бул алардын ыймандары себептүү болду. Андан кийин кыямат күнү Аллах аларды алдыларынан дарыялар аккан түбөлүктүү жыргал бейиш бакчаларына киргизет.
عربي تفسیرونه:
دَعۡوَىٰهُمۡ فِيهَا سُبۡحَٰنَكَ ٱللَّهُمَّ وَتَحِيَّتُهُمۡ فِيهَا سَلَٰمٞۚ وَءَاخِرُ دَعۡوَىٰهُمۡ أَنِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Алардын бейиштеги айткан дубалары – ал Аллахты бардык кемчиликтерден аруулоо жана Аны улуктоо. Ал эми Аллахтын алар менен саламдашуусу, периштелердин жана алардын өз ара бири-бири менен саламдашканда айткан сөздөрү “салам” сөзү болот. Ошондой эле алардын дубаларынын аягы бүткүл макулуктардын Раббиси болгон Аллахка алкыш-мактоо сөздөрү менен бүтөт.
عربي تفسیرونه:
۞ وَلَوۡ يُعَجِّلُ ٱللَّهُ لِلنَّاسِ ٱلشَّرَّ ٱسۡتِعۡجَالَهُم بِٱلۡخَيۡرِ لَقُضِيَ إِلَيۡهِمۡ أَجَلُهُمۡۖ فَنَذَرُ ٱلَّذِينَ لَا يَرۡجُونَ لِقَآءَنَا فِي طُغۡيَٰنِهِمۡ يَعۡمَهُونَ
Эгерде Аллах таала адамдардын ачууланып турган кезде өздөрүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө кылган жаман дубаларын кабыл кылууда, алардын жакшы кылган дубаларына жооп бергендей тез жооп кылганда, анда алар кыйрап калышмак. Бирок Аллах аларды кийинкиге калтырат. Жана Ага жолугууну үмүт кылбагандарды таштап коёт. Анткени алар жазадан коркушпайт жана сооп да үмүт кылышпайт. Аллах аларды сурак күнү экиленип, өзүн жоготкон, шектенген абалда таштап коёт.
عربي تفسیرونه:
وَإِذَا مَسَّ ٱلۡإِنسَٰنَ ٱلضُّرُّ دَعَانَا لِجَنۢبِهِۦٓ أَوۡ قَاعِدًا أَوۡ قَآئِمٗا فَلَمَّا كَشَفۡنَا عَنۡهُ ضُرَّهُۥ مَرَّ كَأَن لَّمۡ يَدۡعُنَآ إِلَىٰ ضُرّٖ مَّسَّهُۥۚ كَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِلۡمُسۡرِفِينَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Эгерде чектен чыгып өз нафсисине зулумдук кылган адамга бир оору жетип же жаман абалга туш болсо, анда ал капталдап жаткан абалда же отурган абалда же турган абалда болсун ага жеткен зыяндыкты алып салуубузду үмүт кылып Бизге жалынып-жалбарып дуба кылат. Ал эми качан анын дубасын кабыл кылып, андагы зыяндыкты алып салганыбызда, буга чейин ага жеткен зыяндыкты алып таштообузду суранып дуба кылбагандай эски абалына кайтып кетет. Акыйкаттан жүз бурган бул адамга адашкан жолун уланта берүү кооз көрсөтүлгөндөй, каапырлык жана баш ийбестик кылып чектен ашкан жана бул кылганын таштабаган каапырларга да кылган иш-аракеттери кооз көрсөтүлдү.
عربي تفسیرونه:
وَلَقَدۡ أَهۡلَكۡنَا ٱلۡقُرُونَ مِن قَبۡلِكُمۡ لَمَّا ظَلَمُواْ وَجَآءَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ وَمَا كَانُواْ لِيُؤۡمِنُواْۚ كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡمُجۡرِمِينَ
Эй, мушриктер! Аллахтын пайгамбарларын жалганга чыгаргандары жана кылган күнөөлөрү себептүү силерден мурдагы коомдорду жок кылганбыз. Аларга пайгамбарлар алып келген нерселер анык Аллахтан экенине ачык-айкын далилдер менен келишсе да, алар ыйман келтирүүгө даяр болбогондуктан ыйман келтиришпеди. Ошондуктан Аллах аларды жардамсыз таштап койду жана аларга ыйман келтирүүнүгө ийгилик бербеди. Ошол залым коомдорду жазалаганыбыз сыяктуу ошолордой залым болгондорду ар убакта, ар жерде жазалайбыз.
عربي تفسیرونه:
ثُمَّ جَعَلۡنَٰكُمۡ خَلَٰٓئِفَ فِي ٱلۡأَرۡضِ مِنۢ بَعۡدِهِمۡ لِنَنظُرَ كَيۡفَ تَعۡمَلُونَ
Эй, адамдар! Кийин, силер жакшы иш-аракеттерди жасап, ишиңерге жараша сооп аласыңарбы же жаман иштерди жасап кылган ишиңер үчүн жазаланасыңарбы? Силерди көрүү үчүн, жалганга чыгарган коомдордон кийин, силерди алардын артынан жерге орунбасар кылдык.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• لطف الله عز وجل بعباده في عدم إجابة دعائهم على أنفسهم وأولادهم بالشر.
Адамдар өздөрүнө жана балдарына жамандыкты тилеп кылган дубаларына Аллахтын жооп бербеши – бул Аллахтын пенделерине кылган бир мээримдүүлүгү.

• بيان حال الإنسان بالدعاء في الضراء والإعراض عند الرخاء والتحذير من الاتصاف بذلك.
Адамдын кыйынчылыкта дуба кылып, бейпилдик учурда жүз буруп кетиши туурасында баян кылынды. Жана мындай сыпаттардан алыс болууну эскертти.

• هلاك الأمم السابقة كان سببه ارتكابهم المعاصي والظلم.
Мурдагы коомдордун кыйроолору, алардын кылган күнөөлөрү жана кылган зулумдуктары себептүү болгон.

وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَاتُنَا بَيِّنَٰتٖ قَالَ ٱلَّذِينَ لَا يَرۡجُونَ لِقَآءَنَا ٱئۡتِ بِقُرۡءَانٍ غَيۡرِ هَٰذَآ أَوۡ بَدِّلۡهُۚ قُلۡ مَا يَكُونُ لِيٓ أَنۡ أُبَدِّلَهُۥ مِن تِلۡقَآيِٕ نَفۡسِيٓۖ إِنۡ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰٓ إِلَيَّۖ إِنِّيٓ أَخَافُ إِنۡ عَصَيۡتُ رَبِّي عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٖ
Эгерде аларга Аллахтын жалгыздыгына ачык-айкын далил болгон Куран аяттары окулса, кайрадан тирилүүнү четке каккан, сооп үмүт кылбаган жана жазадан коркпогондор: “Эй, Мухаммад! Айкелдерге сыйынууну сөккөн жана башка нерселерди өз ичине камтыган бул Курандан башканы алып кел. Же биздин каалоолорубузга ылайыктап кээ бир жерлерин же болбосо бүтүндөй Куранды өзгөрт” – дешти. Эй, пайгамбар! Аларга айт: “Менин Куранды өзгөрткөнүм туура болбойт. Жана менде андан да жакшысын алып келүүгө кудуретим жок. Жалгыз Аллахтын Өзү гана андан каалаган жерин өзгөртөт. Мен Аллахтын мага вахий кылып жөнөткөн нерсени гана ээрчиймин. Силердин менден сураган нерсеге жооп берип, Аллахка күнөө кылуудан жана Ал улуу күндүн азабынан коркомун. Ал күн кыямат күн”.
عربي تفسیرونه:
قُل لَّوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَا تَلَوۡتُهُۥ عَلَيۡكُمۡ وَلَآ أَدۡرَىٰكُم بِهِۦۖ فَقَدۡ لَبِثۡتُ فِيكُمۡ عُمُرٗا مِّن قَبۡلِهِۦٓۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Оо, пайгамбар! Айткын: “Эгер Аллах, Куранды силерге окуп бербешимди каалаганда, анда мен аны силерге окубайт болчумун жана аны силерге жеткирбейт элем. Эгер Аллах каалаганда Куранды силерге өз тилимде үйрөтпөйт элем. Мен окубаган жана жазбаган абалда силердин араңарда узун бир убакыт –кырк жыл- болдум го. Мен бул ишти суранган дагы эмесмин, издебедим дагы. Менин силерге алып келген нерсе менин өзүмдөн эмес Аллахтан экенине акыл жүгүртпөйсүңөрбү?”.
عربي تفسیرونه:
فَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوۡ كَذَّبَ بِـَٔايَٰتِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ لَا يُفۡلِحُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ
Аллахка жалган нерсени ойлоп тапкан адамдан өткөн залым эч ким жок. Эми кантип мен Куранды жалгандан өзгөртмөк элем? Жалган ойлоп табып Аллахтын чектеринен ашкан адамдар, каалаган нерселеринде эч качан ийгиликке жетишпейт.
عربي تفسیرونه:
وَيَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَضُرُّهُمۡ وَلَا يَنفَعُهُمۡ وَيَقُولُونَ هَٰٓؤُلَآءِ شُفَعَٰٓؤُنَا عِندَ ٱللَّهِۚ قُلۡ أَتُنَبِّـُٔونَ ٱللَّهَ بِمَا لَا يَعۡلَمُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Мушриктер Аллахтан башка өздөрү кудай деп ойлошкон, пайда да зыян да бере албаган нерсеге сыйынышат. А чыныгы кудай – ал каалаган убакта пайда да зыян да берет. Алар сыйынып жаткан кудайлары туурасында мындай дешет: “Кудайларыбыз Аллахтын алдында бизге ортомчу болуп, бизге шапаат кылышат. Ошондо Аллах бизди күнөөлөрүбүз себептүү азаптабайт”. Эй, пайгамбар! Аларга айт: “Силер бардык нерсени билген Аллахка, Анын бир шериги бар экенин Ага кабар берип жатасыңарбы? Ал Аллах асмандарда да жерде да Анын шериги бар экенин билбейт”. Аллах мушриктер жалгандан айтып жаткан нерселерден Таза жана Улук.
عربي تفسیرونه:
وَمَا كَانَ ٱلنَّاسُ إِلَّآ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ فَٱخۡتَلَفُواْۚ وَلَوۡلَا كَلِمَةٞ سَبَقَتۡ مِن رَّبِّكَ لَقُضِيَ بَيۡنَهُمۡ فِيمَا فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ
Адамдар башында ыймандуу, Аллахты жалгыздаган бир үммөт болушкан. Бирок кийин пикирде келишпей болүнүп кетишти. Алардын кээ бирлери ыймандуу бойдон калды. А кээ бирлери каапыр болуп кетишти. Эгер Аллах алардын ортолорундагы келишпей бөлүнүп кеткендерине карата аларды кыйратуу өкүмүн бул дүйнөдө эмес, акыретте өкүм кылаарын тагдыр кылбаганда, анда Аллах алардын өкүмүн бул дүйнөдө берип кыйратмак. Ошондо алардын кимиси туура жолдо, кимиси адашкан экени ачыкка чыкмак.
عربي تفسیرونه:
وَيَقُولُونَ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ ءَايَةٞ مِّن رَّبِّهِۦۖ فَقُلۡ إِنَّمَا ٱلۡغَيۡبُ لِلَّهِ فَٱنتَظِرُوٓاْ إِنِّي مَعَكُم مِّنَ ٱلۡمُنتَظِرِينَ
Мушриктер айтышат: “Мухаммаддын айтып жатканы акыйкат экенин тастыктаган бир аят-белги түшүрүлбөйт бекен?”. Оо, пайгамбар! Аларга айт: “Аят-белгилердин түшүүсү – кайып нерселерден жана анын илими Аллахка гана таандык. Силер талап кылып жаткан көзгө көрүнгөн аят-белгилерди күтө бергиле. Мен дагы аны силер менен күтөмүн”.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• عظم الافتراء على الله والكذب عليه وتحريف كلامه كما فعل اليهود بالتوراة.
Жөөттөрдүн Тооратка кылгандары сыяктуу Аллахтын сөзүн бурмалап, Аллахка жалган жалаа жабуу канчалык чоң күнөө экени баяндалды

• النفع والضر بيد الله عز وجل وحده دون ما سواه.
Пайда жана зыян берүү жалгыз Аллахтын гана колунда. Андан башкасы муну кыла албайт.

• بطلان قول المشركين بأن آلهتهم تشفع لهم عند الله.
Мушриктердин кудайлары Аллахтын алдында аларга шапаат кылаары туурасында айткан сөздөрүнүн жалган экени баяндалды.

• اتباع الهوى والاختلاف على الدين هو سبب الفرقة.
Нафси каалоосун ээрчүү жана динде талашуу – бөлүнүп-жарылуунун себептеринен.

وَإِذَآ أَذَقۡنَا ٱلنَّاسَ رَحۡمَةٗ مِّنۢ بَعۡدِ ضَرَّآءَ مَسَّتۡهُمۡ إِذَا لَهُم مَّكۡرٞ فِيٓ ءَايَاتِنَاۚ قُلِ ٱللَّهُ أَسۡرَعُ مَكۡرًاۚ إِنَّ رُسُلَنَا يَكۡتُبُونَ مَا تَمۡكُرُونَ
Эгерде мушриктерге жеткен кургактык, кедейликтен кийин жамгыр жана эгин-тегиндеринде көп түшүм берип, жакшылыктарыбыздын даамын таттырсак, алар болсо аяттарыбызды шылдың кылышып жалганга чыгарышат. Эй, пайгамбар! Мушриктерге айт: “Аллахтын амалкөйлүгү тезирээк жана Анын силерге жазасы да тезирээк. Сакчы периштелер силердин кандай амалкөйлүк кылып жатканыңарды жазып турат. Периштелерден эч бир нерсе жашыруун калбайт. Эми кантип алардын Жаратуучусунан бир нерсе жашыруун калсын? Аллах силерди кылган амалкөйлүгүңөргө жараша жазалайт”.
عربي تفسیرونه:
هُوَ ٱلَّذِي يُسَيِّرُكُمۡ فِي ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِۖ حَتَّىٰٓ إِذَا كُنتُمۡ فِي ٱلۡفُلۡكِ وَجَرَيۡنَ بِهِم بِرِيحٖ طَيِّبَةٖ وَفَرِحُواْ بِهَا جَآءَتۡهَا رِيحٌ عَاصِفٞ وَجَآءَهُمُ ٱلۡمَوۡجُ مِن كُلِّ مَكَانٖ وَظَنُّوٓاْ أَنَّهُمۡ أُحِيطَ بِهِمۡ دَعَوُاْ ٱللَّهَ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ لَئِنۡ أَنجَيۡتَنَا مِنۡ هَٰذِهِۦ لَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلشَّٰكِرِينَ
Эй, адамдар! Силерди кургактыкта бастырган жана улооңордун үстүндө жүргүзгөн – ал Аллах. Жана деңизде силерди кемелердин ичинде жүргүзгөн да Аллах. Силер качан деңизде кемеде жагымдуу жел менен сүзүп баратканыңарда, кеме минип бараткандар бул жагымдуу желге сүйүнүп кетип жатышкан. Ошентип алар сүйүнүп бара жатышкан кезде күтүлбөгөн жерден катуу шамал келип, ар тараптан толкундар каптай баштаганда, алар болду биз кыйрайбыз деп түшүнүп калышты. Ошондо алар жалгыз Аллахка эч нерсени шерик кошпостон: “Эгер бизди бул кыйратуучу сыноодон куткарсаң, бизге берген бул жакшылыктарың үчүн Сага сөзсүз шүгүр кылуучулардан болобуз” – дешип Аллахка дуба кылып жалбарышат.
عربي تفسیرونه:
فَلَمَّآ أَنجَىٰهُمۡ إِذَا هُمۡ يَبۡغُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّۗ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّمَا بَغۡيُكُمۡ عَلَىٰٓ أَنفُسِكُمۖ مَّتَٰعَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ ثُمَّ إِلَيۡنَا مَرۡجِعُكُمۡ فَنُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Аллах алардын дубаларын кабыл кылып, аларды ошол кыйынчылыктан куткаргандан кийин алар каапырлык жана күнөөлөрдү кылуу менен жер жүзүндө бузукулук кылышат. Эй, адамдар! Эсиңерге келгиле. Бузукулугуңардын акыбети өзүңөргө эле кайтат. Силердин бузукулугуңар Аллахка зыян бербейт. Ал бузукулук иштериңер менен бул дүйнө жашоосунда жыргап жүрөсүңөр. Бул дүйнө жашоосу да бүтөт. Кийин кыямат күнү Бизге кайтасыңар. Ошондо кылып жүргөн күнөөлөрүңөр тууралуу кабар беребиз жана алар үчүн силерди жазалайбыз
عربي تفسیرونه:
إِنَّمَا مَثَلُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا كَمَآءٍ أَنزَلۡنَٰهُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ فَٱخۡتَلَطَ بِهِۦ نَبَاتُ ٱلۡأَرۡضِ مِمَّا يَأۡكُلُ ٱلنَّاسُ وَٱلۡأَنۡعَٰمُ حَتَّىٰٓ إِذَآ أَخَذَتِ ٱلۡأَرۡضُ زُخۡرُفَهَا وَٱزَّيَّنَتۡ وَظَنَّ أَهۡلُهَآ أَنَّهُمۡ قَٰدِرُونَ عَلَيۡهَآ أَتَىٰهَآ أَمۡرُنَا لَيۡلًا أَوۡ نَهَارٗا فَجَعَلۡنَٰهَا حَصِيدٗا كَأَن لَّمۡ تَغۡنَ بِٱلۡأَمۡسِۚ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ
Силер жыргап жүргөн бул дүйнөнүн тез жок болуусунун мисалы мындай — жамгырдын суусу жерге сиңип адамдар жей турган дан өсүмдүктөр жана мөмө-жемиштер өсүп, мал-жандыктар жей турган түрдүү чөптөр өсүп, жер көккө бөлөнүп жана ар түркүн өсүмдүктөрү менен кооздукка бөлөгөндө адамдар өсүп чыккан өсүмдүктөрдү терип алууга күчүбүз жетет деп турушканда бул өсүмдүктөрдү кыйратууга буйругубуз келип, кечээ жакында эле дарактар жана өсүмдүктөр менен кооздолуп турбагандай кылып кыйратканыбыз сыяктуу. Силерге бул дүйнөнүн абалын жана бат жок болуусун баяндагандай эле ой жүгүртүп сабак алгандар үчүн аят-белгилерибизди баяндайбыз
عربي تفسیرونه:
وَٱللَّهُ يَدۡعُوٓاْ إِلَىٰ دَارِ ٱلسَّلَٰمِ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Аллах бардык адамдарды тынчтык жайы болгон бейишке чакырат. Ал жайда адамдар кыйынчылыктардан, кайгы-кападан жана өлүмдөн кутулушат. Аллах Өзү каалаган пендесине ошол тынчтык жайына жеткире турган Ислам динине келүүгө ийгилик бере.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• الله أسرع مكرًا بمن مكر بعباده المؤمنين.
Аллахтын ыйман келтирген пенделерине айлакерлик кылгандарга Аллахтын айлакерлиги бат жетет.

• بغي الإنسان عائد على نفسه ولا يضر إلا نفسه.
Адамдын бузукулугу өзүнө гана кайтат жана өзүнө гана зыян алып келет.

• بيان حقيقة الدنيا في سرعة انقضائها وزوالها، وما فيها من النعيم فهو فانٍ.
Бул дүйнөнүн бат жок болуусун айтып бул дүйнөнүн чыныгы жүзүн ачыктоо. Бул дүйнөдөгү жыргалчылыктардын баары жок болот.

• الجنة هي مستقر المؤمن؛ لما فيها من النعيم والسلامة من المصائب والهموم.
Бейиште жыргалчылык болгондуктан жана ал жайда кыйынчылык жана кайгы-капалык болбогондуктан ал ыймандуунун туруктуу жайы.

۞ لِّلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ ٱلۡحُسۡنَىٰ وَزِيَادَةٞۖ وَلَا يَرۡهَقُ وُجُوهَهُمۡ قَتَرٞ وَلَا ذِلَّةٌۚ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Аллах буйруган ибадаттарды эң жакшы аткаргандар жана ошондой эле арам кылган күнөөлөрдү таштагандар үчүн эң жакшы жай берилет. Ал бейиш. Буга кошо дагы чоң сыйлык берилет. Ал Берешен Аллахтын жүзүн көрүү. Ал күнү алардын жүзүн чаң да, кордук да жана шерменделик да каптабайт. Жогорудагы эң жакшы аткаргандар деп сыпатталгандар – алар бейиш ээлери. Алар ал жайда түбөлүк калышат.
عربي تفسیرونه:
وَٱلَّذِينَ كَسَبُواْ ٱلسَّيِّـَٔاتِ جَزَآءُ سَيِّئَةِۭ بِمِثۡلِهَا وَتَرۡهَقُهُمۡ ذِلَّةٞۖ مَّا لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ مِنۡ عَاصِمٖۖ كَأَنَّمَآ أُغۡشِيَتۡ وُجُوهُهُمۡ قِطَعٗا مِّنَ ٱلَّيۡلِ مُظۡلِمًاۚ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Каапырлык жана күнөөлөрдөн болгон жаман иштерди кылгандар үчүн өздөрү кылган жамандыктарына жараша акыретте Аллахтын азабынан турган катаал жаза бар. Алардын жүздөрүн кордук каптап турат. Эгер Аллах аларга азабын түшүрсө, анда аларды Аллахтын азабынан тосуучу тоскоолдук жок. Оттун түтүнү жана карасы алардын жүзүн ушунчалык көп каптагандыктан караңгы түндүн карасы менен алардын жүздөрү жабылып калгандай болот. Мындай сыпаттар менен сыпатталгандар тозок ээлери. Алар ал жайда түбөлүк калышат.
عربي تفسیرونه:
وَيَوۡمَ نَحۡشُرُهُمۡ جَمِيعٗا ثُمَّ نَقُولُ لِلَّذِينَ أَشۡرَكُواْ مَكَانَكُمۡ أَنتُمۡ وَشُرَكَآؤُكُمۡۚ فَزَيَّلۡنَا بَيۡنَهُمۡۖ وَقَالَ شُرَكَآؤُهُم مَّا كُنتُمۡ إِيَّانَا تَعۡبُدُونَ
Эй, пайгамбар! Биз адамдардын баарын чогултуп, анан бул дүйнөдө Аллахка шерик кошкондорго: “Эй, мушриктер! Силер жана силер сыйынып жүргөн Аллахтан башка кудайчаларыңар, ордуңардан жылбагыла!” – деп айта турган кыямат күнүн эстегин. Биз сыйынгандар менен сыйынылгандарды бөлөбүз. Ошондо сыйынылгандар сыйынгандардан: “Силер дүйнөдө бизге сыйынбайт элеңер” – деп баш тартышат.
عربي تفسیرونه:
فَكَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدَۢا بَيۡنَنَا وَبَيۡنَكُمۡ إِن كُنَّا عَنۡ عِبَادَتِكُمۡ لَغَٰفِلِينَ
Мына ошондо сыйынып жүрүшкөн Аллахтан башка кудайчалары алардан мындай деп баш тартышат: “Аллах жетиштүү күбө, силердин бизге сыйынууңарга биз ыраазы эмес элек, биз силерди андай кылууга буйруган эмесбиз жана бизге сыйынууңарды сезген да жокбуз”.
عربي تفسیرونه:
هُنَالِكَ تَبۡلُواْ كُلُّ نَفۡسٖ مَّآ أَسۡلَفَتۡۚ وَرُدُّوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ مَوۡلَىٰهُمُ ٱلۡحَقِّۖ وَضَلَّ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ
Ошол адамдар жыйналган улуу жайда ар бир жан дүйнө жашоосунда кылган иштери тууралуу сынактан өтөт. Мушриктер аларды суракка ала турган чыныгы Раббиси болгон Аллахка кайтарылышат. Ошондой эле, бизге шапаат кылат деп айтышкан кудайчалары да аларды таштап кетишет.
عربي تفسیرونه:
قُلۡ مَن يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ أَمَّن يَمۡلِكُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَمَن يُخۡرِجُ ٱلۡحَيَّ مِنَ ٱلۡمَيِّتِ وَيُخۡرِجُ ٱلۡمَيِّتَ مِنَ ٱلۡحَيِّ وَمَن يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَۚ فَسَيَقُولُونَ ٱللَّهُۚ فَقُلۡ أَفَلَا تَتَّقُونَ
Оо, пайгамбар! Аллахка шерик кошкон ал мушриктерге мындай деп айткын: “Силерге жамгыр жаадырып асмандан ким ырыскы берет? Кен байлыктарды камтыган жана өсүмдүктөрдү өстүргөн жерден силерге ким ырыскы берет? Уруктуктан чыккан адам сыяктуу жана жумурткадан чыккан куш сыяктуу өлүктөн тирүүнү ким чыгара алат? Тирүү жандан чыккан уруктук сыяктуу жана куштан чыккан жумуртка сыяктуу тирүүдөн өлүктү ким чыгара алат? Асмандарды, жерди жана ал экөөнүн ортосундагы макулуктарды ким башкарып турат?”. Алар: “Мунун баарын кылуучу Аллах” – деп жооп беришет. Аларга: “Буларды билип, Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыйганынан тыйылып Аллахтан коркпойсуңарбы?!” – деп айткын”.
عربي تفسیرونه:
فَذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمُ ٱلۡحَقُّۖ فَمَاذَا بَعۡدَ ٱلۡحَقِّ إِلَّا ٱلضَّلَٰلُۖ فَأَنَّىٰ تُصۡرَفُونَ
Эй, адамдар! Булардын баарын кылып жаткан ал Аллах. Ал Акыйкат, силердин Жаратуучуңар жана ишиңерди башкаруучу. Акыйкатты билгенден кийин (аны ээрчибесеңер), акыйкаттан алыстоо жана жоготуу гана калат?! Бул ачык акыйкаттан адашып акылыңар кайда баратат?!
عربي تفسیرونه:
كَذَٰلِكَ حَقَّتۡ كَلِمَتُ رَبِّكَ عَلَى ٱلَّذِينَ فَسَقُوٓاْ أَنَّهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Оо, пайгамбар! Чыныгы Жаратуучулук Аллахка таандык экени тастыкталгандай көк беттик кылып акыйкаттан чыккандар ыйман келтирбейт деген Раббиңдин тагдырдагы сөзү да тастыкталды.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• أعظم نعيم يُرَغَّب به المؤمن هو النظر إلى وجه الله تعالى.
Ыймандууну кызыктырган эң чоң жакшылык бул Аллах тааланын жүзүн көрүү.

• بيان قدرة الله، وأنه على كل شيء قدير.
Аллахтын кудуретин баяндоо. Чындыгында Ал бардык нерсеге кудуреттүү.

• التوحيد في الربوبية والإشراك في الإلهية باطل، فلا بد من توحيدهما معًا.
Аллахты Анын жаратуучулуганда жалгыздап бирок ибадат кылууда Ага шерик кошуу акыйкатсыздык. Андыктан бул эки нерседе тең Аллахты жалгыздоо керек.

• إذا قضى الله بعدم إيمان قوم بسبب معاصيهم فإنهم لا يؤمنون.
Аллах таала кайси бир элдерди күнөөлөрү себептүү ыйман келтиришпейт деп өкүм кылса, анда алар ыйман келтиришпейт.

قُلۡ هَلۡ مِن شُرَكَآئِكُم مَّن يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥۚ قُلِ ٱللَّهُ يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥۖ فَأَنَّىٰ تُؤۡفَكُونَ
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге мындай деп айткын: “Силер сыйынып жаткан Аллахтан башка кудайчаңардын арасында мурун жаратылынбаган жаратылышты жарата ала турганы барбы?”. Мындай деп айткын: “Мурун жаратылынбаган көрүнүштө Аллах жаратат. Кийин ал өлгөндөн кийин аны кайра тирилтет. Эй мушриктер! Эми силер кантип чындыктан жалганга барып жатасыңар?”.
عربي تفسیرونه:
قُلۡ هَلۡ مِن شُرَكَآئِكُم مَّن يَهۡدِيٓ إِلَى ٱلۡحَقِّۚ قُلِ ٱللَّهُ يَهۡدِي لِلۡحَقِّۗ أَفَمَن يَهۡدِيٓ إِلَى ٱلۡحَقِّ أَحَقُّ أَن يُتَّبَعَ أَمَّن لَّا يَهِدِّيٓ إِلَّآ أَن يُهۡدَىٰۖ فَمَا لَكُمۡ كَيۡفَ تَحۡكُمُونَ
Оо, пайгамбар! Аларга мындай деп айткын: “Силер сыйынып жаткан Аллахтан башка кудайларыңардын арасында акыйкат жолго сала турганы барбы?”. Аларга: “Жалгыз Аллах акыйкат жолго салат” – деп айткын. Адамдарды акыйкатка салган, аларды акыйкатка чакырган (Аллах адамдардын) баш ийүүсүнө татыктуубу же башкалар туура жол көрсөтсө гана туураны көргөн кудайларыңар баш ийүүгө татыктуубу?! Ал кудайларыңарды Аллахка шерик деп кантип жалгандан өкүм кылып жатасыңар?! Силердин бул сөзүңөрдөн Аллах бийик, аруу.
عربي تفسیرونه:
وَمَا يَتَّبِعُ أَكۡثَرُهُمۡ إِلَّا ظَنًّاۚ إِنَّ ٱلظَّنَّ لَا يُغۡنِي مِنَ ٱلۡحَقِّ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِمَا يَفۡعَلُونَ
Мушриктердин көпчүлүгү өздөрү билбеген нерселерди гана ээрчишет. Алар ойго келген нерселерди жана шектүү нерселерди гана ээрчишет. Чындыгында, шектенүү анык билүүдөй эмес. Аллах алардын кылып жаткан иштерин билип турат. Алардын иштеринин эч нерсеси Аллахка жашыруун эмес жана ал иштери үчүн Аллах аларды жазалайт.
عربي تفسیرونه:
وَمَا كَانَ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانُ أَن يُفۡتَرَىٰ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلَٰكِن تَصۡدِيقَ ٱلَّذِي بَيۡنَ يَدَيۡهِ وَتَفۡصِيلَ ٱلۡكِتَٰبِ لَا رَيۡبَ فِيهِ مِن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Адамдар бул Куранга окшош китеп алып келүүгө алсыздык кылышкандыктан бул Куран адамдар тарабынан жаралышы жана ал Аллахтан башкага таандык кылынышы туура эмес. Бирок Куран өзүнөн алдыңкы түшкөн китептерди тастыктайт жана мурунку китептерде кыскача келген өкүмдөрдү баяндайт. Андыктан ал макулуктардын Раббиси аруу жана улук Аллах тараптан түшүрүлгөндүгүндө шек жок.
عربي تفسیرونه:
أَمۡ يَقُولُونَ ٱفۡتَرَىٰهُۖ قُلۡ فَأۡتُواْ بِسُورَةٖ مِّثۡلِهِۦ وَٱدۡعُواْ مَنِ ٱسۡتَطَعۡتُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Жок, ал мушриктер: “Чындыгында, Мухаммад бул Куранды өз оюнан чыгарып, кийин аны Аллахка таандык кылып койгон” – деп айтышат. Оо, пайгамбар! Аларга жооп кылып мындай деп айткын: “Мен силердей эле адам болуп туруп Куранды өзүм эле жазып алган болсом, анда силер Куранга окшош бир сүрөөнү алып келгилечи. Ошондой эле Куран ойдон чыгарылган жалган деп айтып жаткан сөзүңөр чын болсо, анда аны ачыкка чыгарышыңар үчүн кимди чакыра алсаңар чакыргыла. Силер эч качан андай кыла албайсыңар. Силер тилдин жана таза адабий тилдин ээси болуп туруп андай кылуу колуңардан келбеши – Куран Аллахтан түшүрүлгөнүнө далил болот.
عربي تفسیرونه:
بَلۡ كَذَّبُواْ بِمَا لَمۡ يُحِيطُواْ بِعِلۡمِهِۦ وَلَمَّا يَأۡتِهِمۡ تَأۡوِيلُهُۥۚ كَذَٰلِكَ كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلظَّٰلِمِينَ
Алар жооп беришпеди. Тескерисинче, Куранды түшүнүп, ага ой жүгүртүүнүн ордуна жана аларга эскертилген азап келгенге чейин алар Куранды жалганга чыгарууга шашышты. Аларга азап келишине аз калды. Мурунку элдер да ушундай жалганга чыгарышкан. Ошондо аларга жалганга чыгаргандары себептүү азап түштү. Оо, пайгамбар! Андыктан жалганга чыгарган элдердин акыр-аягы кандай болгонуна ой жүгүрткүн. Аларды Аллах кыйратты.
عربي تفسیرونه:
وَمِنۡهُم مَّن يُؤۡمِنُ بِهِۦ وَمِنۡهُم مَّن لَّا يُؤۡمِنُ بِهِۦۚ وَرَبُّكَ أَعۡلَمُ بِٱلۡمُفۡسِدِينَ
Мушриктердин арасынан өлүшүнөн алдын Куранга ыйман келтиргендери бар жана алардын арасында өлгөнгө чейин көк беттик кылып жана текеберленип ыйман келтирбегендери бар. Оо, пайгамбар! Сенин Раббиң Ал каапырлыкка бекем жармашкандарды жакшы билет жана алардын каапырлыктары үчүн аларды жазалайт.
عربي تفسیرونه:
وَإِن كَذَّبُوكَ فَقُل لِّي عَمَلِي وَلَكُمۡ عَمَلُكُمۡۖ أَنتُم بَرِيٓـُٔونَ مِمَّآ أَعۡمَلُ وَأَنَا۠ بَرِيٓءٞ مِّمَّا تَعۡمَلُونَ
Оо, пайгамбар! Сени коомуң жалганчы дешсе, аларга мындай деп айткын: “Иш-аракеттеримдин сообу мен үчүн жана анын кесепетин өзүм көтөрөм. Ошондой эле силердин иш-аракеттериңдин сообу өзүңөргө пайда жана анын жазасы да өзүңөргө зыян. Мен жасап жаткан иштин жазасынан силердин тиешеңер жок. ошондой эле силер кылып жаткан ишиңерге менин тиешем жок.
عربي تفسیرونه:
وَمِنۡهُم مَّن يَسۡتَمِعُونَ إِلَيۡكَۚ أَفَأَنتَ تُسۡمِعُ ٱلصُّمَّ وَلَوۡ كَانُواْ لَا يَعۡقِلُونَ
Оо, пайгамбар! Сен Куран окуганыңда мушриктердин арасынан сени уккандары да бар, бирок баш ийип жана кабыл кылуу менен угушпайт. Угуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган адамга сен угуза алсыңбы?! Сен ага угуза албаганыңдай эле ал акыйкатты уккусу келбегендерди да туура жолго сала албайсың, алар ага акылдарын иштетишпейт.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• الهادي إلى الحق هداية التوفيق هو الله وحده دون ما سواه.
Ийгилик берип акыйкат жолго салуучу – Ал шериги жок жалгыз Аллах.

• الحث على تطلب الأدلة والبراهين والهدايات للوصول للعلم والحق وترك الوهم والظن.
Анык билүүгө жана акыйкатка жетүү үчүн далил жана баяндарды талап кылууга жана ойго келген күмөндөрдү таштоого кызыктырат.

• ليس في مقدور أحد أن يأتي ولو بآية مثل القرآن الكريم إلى يوم القيامة.
Кыямат күнүнө чейин Куранга окшош бир аятты болсо да алып кетүү эч кимдин колунан келбейт.

• سفه المشركين وتكذيبهم بما لم يفهموه ويتدبروه.
Түшүнбөй туруп, ой жүгүртпөй туруп мушриктердин жалганга чыгаруусу жана алардын келесоолугу

وَمِنۡهُم مَّن يَنظُرُ إِلَيۡكَۚ أَفَأَنتَ تَهۡدِي ٱلۡعُمۡيَ وَلَوۡ كَانُواْ لَا يُبۡصِرُونَ
Оо, пайгамбар! Мушриктердин арасынан сени көзү менен көрүп бирок көкүрөгү менен көрбөгөндөр бар. Сен көрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылгандарды кантип көрдүрө алмак элең? Албетте, ал сенин колуңдан келбейт. Мына ошондой эле көрөгөчтүүлүктөн айрылгандарды да туура жолго салуу сенин колуңдан келбейт.
عربي تفسیرونه:
إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَظۡلِمُ ٱلنَّاسَ شَيۡـٔٗا وَلَٰكِنَّ ٱلنَّاسَ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ
Чындыгында, Аллах пенделерине зулумдук кылуудан аруу болду. Андыктан Аллах аларга кыпындай да зулумдук кылбайт. Бирок алар кыйроого алып бара турган иштерди кылышып өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышат. Бул алардын жалгандан, текеберликтен жана көк беттүүлүктөн кайтпагандары себептүү болду.
عربي تفسیرونه:
وَيَوۡمَ يَحۡشُرُهُمۡ كَأَن لَّمۡ يَلۡبَثُوٓاْ إِلَّا سَاعَةٗ مِّنَ ٱلنَّهَارِ يَتَعَارَفُونَ بَيۡنَهُمۡۚ قَدۡ خَسِرَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِلِقَآءِ ٱللَّهِ وَمَا كَانُواْ مُهۡتَدِينَ
Кыямат күнү Аллах адамдарды суракка алуу үчүн чогултат. Алар дүйнө жашоосунда жана кабырда күндүздүн бир аз убактысынчалык гана убакыттай андан ашыкча болбогондой болушат. Алар ал жерде бири-бирин таанышат. Кийин алар кыяматтын коркунучунун катуулугунан бири-бирин тааныбай да калышат. Ошондо Кыямат күнү Раббисине жолугууну жалганга чыгарып жатышкандар зыянга учурашат. Алар зыяндан кутулгудай бул дүйнөдө кыямат күнүнө ыйман келтиришкен эмес.
عربي تفسیرونه:
وَإِمَّا نُرِيَنَّكَ بَعۡضَ ٱلَّذِي نَعِدُهُمۡ أَوۡ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِلَيۡنَا مَرۡجِعُهُمۡ ثُمَّ ٱللَّهُ شَهِيدٌ عَلَىٰ مَا يَفۡعَلُونَ
Оо, пайгамбар! Биз сага убада кылган азаптардын кээ бирин сен өлгөнгө чейин сага көрсөтүүбүз мүмкүн. Же ага чейин сенин жаныңды алышыбыз мүмкүн. Бул эки абалда тең алар Кыямат күнү бизге кайтышат. Кийин Аллах алардын кылып жүргөн иштерин дыккат карап чыгат. Аллахка алардын иш-аракеттеринен эч нерсе жашырылбайт. Аларды Аллах иш-аракеттери үчүн жазалайт.
عربي تفسیرونه:
وَلِكُلِّ أُمَّةٖ رَّسُولٞۖ فَإِذَا جَآءَ رَسُولُهُمۡ قُضِيَ بَيۡنَهُم بِٱلۡقِسۡطِ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ
Мурунку ар бир элдин жиберилген элчиси бар. Ал элчи аларга жеткирүүгө буйрулган тапшырманы жеткирип, алар аны жалганга чыгарышкан кезде ал элдер менен ал элчинин ортосунда адилеттүү өкүм чыгарылып Аллах ал элчини Өз жакшылыгы менен куткарып жана аларды адилеттүүлүгү менен кыйраткан. Алар кылган иш-аракеттеринин жазасын алууда аларга эч кандай зулум кылынбайт.
عربي تفسیرونه:
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Ал каапырлар көк беттенип жана өздөрүнө ишенип мындай деп айтышат: “Силер чакырып жаткан нерседе чынчыл болсоңор, анда силер бизге убада кылып жаткан азаптын убактысы качан?”.
عربي تفسیرونه:
قُل لَّآ أَمۡلِكُ لِنَفۡسِي ضَرّٗا وَلَا نَفۡعًا إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۗ لِكُلِّ أُمَّةٍ أَجَلٌۚ إِذَا جَآءَ أَجَلُهُمۡ فَلَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ سَاعَةٗ وَلَا يَسۡتَقۡدِمُونَ
Оо, пайгамбар! Аларга мындай деп айткын: “Мен өз жаныма зыян да бере албаймын жана зыянды өз жанымдан кетире да кылбаймын. Ошондой эле өзүмө пайда да бере албаймын. Анан кантип башкаларга пайда же зыян бере алмак элем? Аллахтын каалаганы гана болот. Анан мен кантип Аллах жашырган илимди билмек элем? Аллах кыйратууну убада кылган ар бир элдин кыйроосуна белгилүү мөөнөт бар. Аны Аллах Өзү гана билет. Эгер алардын кыйроо убактысы келген болсо, анда ал убакыттан эч кандай убакыт кечикпейт да жана ал убакыттан алдын да болуп кетпейт.
عربي تفسیرونه:
قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِنۡ أَتَىٰكُمۡ عَذَابُهُۥ بَيَٰتًا أَوۡ نَهَارٗا مَّاذَا يَسۡتَعۡجِلُ مِنۡهُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ
Оо, пайгамбар! Ал азапка шашылгандарга мындай деп айткын: “Айткылачы, эгер Аллахтын азабы түнүбү же күндүзүбү кайсы бир убакта келген болсо, абалыңар кандай болот. Бул азаптын эмнесине шашып жатасыңар?!”.
عربي تفسیرونه:
أَثُمَّ إِذَا مَا وَقَعَ ءَامَنتُم بِهِۦٓۚ ءَآلۡـَٰٔنَ وَقَدۡ كُنتُم بِهِۦ تَسۡتَعۡجِلُونَ
Мурун ыйман келтирбей андан кийин ыйманы пайда бербей турган убакта, силерге убада кылынган азап келгенден кийин ыйман келтирип жатасыңарбы? Эми ыйман келтирип жатасыңарбы, силер жалганга чыгаруу менен азаптын келүүсүн шаштырып жаттыңар элего?!
عربي تفسیرونه:
ثُمَّ قِيلَ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ ذُوقُواْ عَذَابَ ٱلۡخُلۡدِ هَلۡ تُجۡزَوۡنَ إِلَّا بِمَا كُنتُمۡ تَكۡسِبُونَ
Аларды азапка салгандан кийин жана азаптан чыгарууну суранышкандан кийин аларга мындай деп айтылат: “Акыретте түбөлүктүү азапты таткыла! Силер кылып жүргөн каапырлык жана күнөөлөрдүн жазасын гана аласыңар!”.
عربي تفسیرونه:
۞ وَيَسۡتَنۢبِـُٔونَكَ أَحَقٌّ هُوَۖ قُلۡ إِي وَرَبِّيٓ إِنَّهُۥ لَحَقّٞۖ وَمَآ أَنتُم بِمُعۡجِزِينَ
Оо, пайгамбар! Мушриктер сенден: «Ушул бизге убада кылынган азап чындыкпы?» – деп сурашат. Аларга: «Ооба! Аллахка ант болсун! Албетте ал азап чындык! Силер андан качып кутула албайсыңар” – деп айткын.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• الإنسان هو الذي يورد نفسه موارد الهلاك، فالله مُنَزَّه عن الظلم.
Адам баласы өзүн-өзү кыйроо иштерине түртөт. Аллах зулум кылуудан аруу.

• مهمة الرسول هي التبليغ للمرسل إليهم، والله يتولى حسابهم وعقابهم بحكمته، فقد يعجله في حياة الرسول أو يؤخره بعد وفاته.
Элчинин милдети – жөнөтүлгөн элине динди жеткирүү. Ал эми аларды сурак кылуу, акыбетине жараша жазалоо даанышман Аллахтын колунда. Аларды (мушриктерди) кээде пайгамбардын көзү тирүүсүндө азаптайт, кээде кийинкиге калтырат.

• النفع والضر بيد الله عز وجل، فلا أحد من الخلق يملك لنفسه أو لغيره ضرًّا ولا نفعًا.
Пайда жана зыян берүү Аллах тааланын колунда. Андан башка жаратылгандардын эч кимиси өзүнө да башка бирөөгө да зыян-пайда бере албайт.

• لا ينفع الإيمان صاحبه عند معاينة الموت.
Ажал алдында ыйман келтирүү адамга пайда бербейт.

وَلَوۡ أَنَّ لِكُلِّ نَفۡسٖ ظَلَمَتۡ مَا فِي ٱلۡأَرۡضِ لَٱفۡتَدَتۡ بِهِۦۗ وَأَسَرُّواْ ٱلنَّدَامَةَ لَمَّا رَأَوُاْ ٱلۡعَذَابَۖ وَقُضِيَ بَيۡنَهُم بِٱلۡقِسۡطِ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ
Жер бетиндеги бардык баалуу байлыктар Аллахка шерик кошкон ар бир мушриктин байлыгы болуп, ага ошол байлыктарын Аллахтын азабынан кутулуу үчүн кун төлөө мүмкүнчүлүгү берилсе, анда бардык байлыктарын Аллахтын азабынан кутулуу үчүн беришмек. Мушриктер кыямат күнү азапты көрүшкөндө, кылган каапырлыктарына өкүнгөнүн жашырышат. Аллах аларга адилеттүүлүк менен өкүм жүргүзөт жана аларга зулумдук кылынбайт. Болгону алар өздөрү кылган иш-аракеттерине жараша гана жазаларын алышат.
عربي تفسیرونه:
أَلَآ إِنَّ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۗ أَلَآ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Акыйкатта асмандардагы жана жердеги нерселер жалгыз Аллахтын мүлкү эмеспи?! Чындыгында Аллах каапырларга убада кылган азап шексиз боло турган нерсе эмеспи?! Бирок бул нерсени алардын көпчүлүгү билишпегендиктен, шектене беришет.
عربي تفسیرونه:
هُوَ يُحۡيِۦ وَيُمِيتُ وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Аллах – аруу Зат. Өлүктөрдү тирилтет, тирүүлөрдү өлтүрөт. Кыямат күнү жалгыз Ага кайтасыңар. Ошондо силерге кылган иш-аракетиңерге жараша жаза же сыйлыктарды берет.
عربي تفسیرونه:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدۡ جَآءَتۡكُم مَّوۡعِظَةٞ مِّن رَّبِّكُمۡ وَشِفَآءٞ لِّمَا فِي ٱلصُّدُورِ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٞ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ
Эй, адамдар! Силерге эскертүүлөрдү, үгүттөгөн жана коркуткан аяттарды камтыган Куран келди. Куран жүрөктүн шек саноосуна жана күмөндөнүү оорууларына шыпаа. Ошондой эле ал акыйкат жолуна баштайт. Анда ыймандуулар үчүн ырайымдуулук бар. Алар аны менен пайдаланышат.
عربي تفسیرونه:
قُلۡ بِفَضۡلِ ٱللَّهِ وَبِرَحۡمَتِهِۦ فَبِذَٰلِكَ فَلۡيَفۡرَحُواْ هُوَ خَيۡرٞ مِّمَّا يَجۡمَعُونَ
Оо, пайгамбар! Адамдарга айткын: “Мен силерге алып келген Куран – силерге Аллахтан болгон артыкчылык жана ырайым. Ошондуктан бул Куран себептүү Аллахтын силерге берген артыкчылыгы жана ырайымы менен гана сүйүнгүлө, ал экөөсүнөн башка нерсе менен сүйүнбөгүлө. Мухаммад пайгамбардын Раббисинен адамдарга алып келгени – алар топтоп жаткан жок болуп кетүүчү дүйнө жыргалынан жакшы.
عربي تفسیرونه:
قُلۡ أَرَءَيۡتُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ لَكُم مِّن رِّزۡقٖ فَجَعَلۡتُم مِّنۡهُ حَرَامٗا وَحَلَٰلٗا قُلۡ ءَآللَّهُ أَذِنَ لَكُمۡۖ أَمۡ عَلَى ٱللَّهِ تَفۡتَرُونَ
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айткын: “Аллах силерге ырыскы кылып берген жакшылыктары жөнүндө мага кабар бергилечи. Силер ал ырыскылардын кээ бирлерин өз оюңар менен арамга чыгардыңар, ал эми кээ бирлерин адалга чыгардыңар”. Аларга айткын: “Силер адал кылып алган нерсеңерди Аллах адал кылдыбы же арам кылып алган нерсеңерди Ал арам кылдыбы? Же силер Аллахка жалаа жаап жатасыңарбы?!"
عربي تفسیرونه:
وَمَا ظَنُّ ٱلَّذِينَ يَفۡتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَذُو فَضۡلٍ عَلَى ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَشۡكُرُونَ
Аллахка жалаа жапкан адамдар кыямат күнү баштарына келгенде эмнени ойлонушат? Алар биздин күнөөлөр кечирилет деп ойлошобу? Минтип ойлошкону алыс нерсе. Чындыгында Аллах адамдарды азаптоого шашылбай аларга мөөнөт берүү менен аларга Өз пазилетин тартуулайт. Бирок алардын көпчүлүгү Аллахтын аларга берген жакшылыктарын четке кагышып, ал жакшылыктар үчүн шүгүр кылышпайт.
عربي تفسیرونه:
وَمَا تَكُونُ فِي شَأۡنٖ وَمَا تَتۡلُواْ مِنۡهُ مِن قُرۡءَانٖ وَلَا تَعۡمَلُونَ مِنۡ عَمَلٍ إِلَّا كُنَّا عَلَيۡكُمۡ شُهُودًا إِذۡ تُفِيضُونَ فِيهِۚ وَمَا يَعۡزُبُ عَن رَّبِّكَ مِن مِّثۡقَالِ ذَرَّةٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا فِي ٱلسَّمَآءِ وَلَآ أَصۡغَرَ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكۡبَرَ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مُّبِينٍ
Оо, пайгамбар! Иштердин кайсы бирин кылба жана Курандан эмнени окуба. Жана эй, ыймандуулар! Силер да иш-аракетердин кайсы бирин кылбагыла, Биз силер иш-аракеттерди умтулуу менен баштап жатканыңарды көрүп турабыз, силерди билип жана угуп турабыз. Асмандагы жана жердеги кыпындай нерсе жана андан да майда же чоң нерселер Раббиңден жашыруун эмес. Акыйкатта алардын баары Китепте жазылган. Ал Китепте майда жана чоң нерселердин баары эсептелип жазылып турат.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• عظم ما ينتظر المشركين بالله من عذاب، حتى إنهم يتمنون دفعه بكل ما في الأرض، ولن يُقْبلَ منهم.
Аллахка шерик кошкон адамдарды чоң азап күтүп турат. Анткени алар жер бетиндеги бүткүл байлыктарды берип болсо да кутулуп кетүүнү эңсешет. Бирок алар кыяматта канчалык байлыктарын беришсе да кабыл кылынбайт.

• القرآن شفاء للمؤمنين من أمراض الشهوات وأمراض الشبهات بما فيه من الهدايات والدلائل العقلية والنقلية.
Куран бул өзүнө камтыган акыйкат жолу менен, акылдын жана шарияттын далилдери менен ыймандуулардын шек-күмөн жана шакыбат оорууларына шыпаа болот.

• ينبغي للمؤمن أن يفرح بنعمة الإسلام والإيمان دون غيرهما من حطام الدنيا.
Ыймандуу адам бул дүйнөнүн кооздуктарына жеткендиги үчүн эмес, ал Аллах берген Ислам жана ыйман жакшылыктары менен сүйүнүш керек.

• دقة مراقبة الله لعباده وأعمالهم وخواطرهم ونياتهم.
Пенделеринин иш-аракеттерин, ойлорун жана ниеттерин Аллах кылдаттык менен көзөмөлдөп турат.

أَلَآ إِنَّ أَوۡلِيَآءَ ٱللَّهِ لَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ
Аллахтын жакын пенделери акыреттеги абалдарды көрүшкөн кезде аларга эч кандай коркунуч болбойт. Жана бул дүйнөдө жетпей калышкан жыргалчылыктарга кайгырышпайт.
عربي تفسیرونه:
ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَكَانُواْ يَتَّقُونَ
Мына ошол Аллахтын жакын пенделери – алар Аллахка жана Анын Элчисине толук ыйман келтирген адамдар жана Аллахтын буйруктарын аткарышкан, Анын тыйган нерселеринен алыс болгон такыбалар.
عربي تفسیرونه:
لَهُمُ ٱلۡبُشۡرَىٰ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِۚ لَا تَبۡدِيلَ لِكَلِمَٰتِ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Раббисинен аларга аян түш көрүү менен же адамдар аларга айткан мактоолору менен бул дүйнөдө аларга сүйүнүч кабарлар болот. Ошондой эле периштелер алардын жандарын алып жатканда да аларга сүйүнүч кабарларды айтышат. Өлүмдөн кийин жана кыяматта кайра тирилишкенде аларга Аллахтын берген убадасы эч өзгөрбөйт. Мына ушул сыйлыктар – улуу жеңиш. Анткени алар эңсеген жыргалдарга жетишти жана корккон азаптан кутулушту.
عربي تفسیرونه:
وَلَا يَحۡزُنكَ قَوۡلُهُمۡۘ إِنَّ ٱلۡعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًاۚ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Оо, пайгамбар! Алар диниңди жемелеген жана акаарат кылган сөздөрдү айткандарына капа болбо. Анткени багынтуу жана үстөмдүк кылуу Аллахка гана таандык. Аны эч нерсе алсыз кыла албайт. Аллах алардын сөздөрүн Угуучу жана кылган иштерин Билүүчү. Ошол иштерине жараша аларды жазалайт.
عربي تفسیرونه:
أَلَآ إِنَّ لِلَّهِ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَمَا يَتَّبِعُ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ شُرَكَآءَۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَإِنۡ هُمۡ إِلَّا يَخۡرُصُونَ
Акыйкатта асмандардагы жана жердеги жандуулардын баарына жалгыз Аллах гана ээлик кылбайбы?! Аллахка башка кудайларды шерик кылган мушриктер эмнени гана ээрчип жүрүшөт? Чынын айтканда алар шекти гана ээрчишет. Алар Аллахка шерик кошууда жалган сөздөрдү гана айтышат. Алар айткан сөздөрдөн Аллах аруу.
عربي تفسیرونه:
هُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ لِتَسۡكُنُواْ فِيهِ وَٱلنَّهَارَ مُبۡصِرًاۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَسۡمَعُونَ
Эй, адамдар! Силер чарчагандыктан жана кыймылдан эс алууңар үчүн түндү жалгыз Өзү гана жаратты. Жана жашоо-тиричилигиңерге пайда алып келүүгө аракеттенүүңөр үчүн күндүздү жарык кылды. Мына ушул жаратууда укканда эске алган жана кабыл алган коом үчүн ачык далилдер бар.
عربي تفسیرونه:
قَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱللَّهُ وَلَدٗاۗ سُبۡحَٰنَهُۥۖ هُوَ ٱلۡغَنِيُّۖ لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ إِنۡ عِندَكُم مِّن سُلۡطَٰنِۭ بِهَٰذَآۚ أَتَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ
Мушриктердин бир тайпасы: “Аллах периштелерди Өзүнүн кыздары кылып алды” – деп айтышты. Аллах алардын айткан сөздөрүнөн аруу болду. Ал жаратылган нерселердин эч кимисине муктаж эмес. Асмандагы жана жердеги нерселердин баары Ага гана таандык. Эй, мушриктер! Бул айткан сөзүңөргө эч кандай далил жок. Силерде эч кандай далил жок туруп акыйкатты билбей эле Аллахка перзентти таңуулайсыңарбы? Аллахка ушунчалык коркунучтуу чоң сөздөрдү да айтасыңарбы?!
عربي تفسیرونه:
قُلۡ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَفۡتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ لَا يُفۡلِحُونَ
Оо, пайгамбар! Аларга: “Аллахтын баласы бар деп жалган сөздөрдү айткан адамдар талап кылган нерселерине жетишпейт жана корккон нерсесинен да кутула алышпайт” – деп айткын.
عربي تفسیرونه:
مَتَٰعٞ فِي ٱلدُّنۡيَا ثُمَّ إِلَيۡنَا مَرۡجِعُهُمۡ ثُمَّ نُذِيقُهُمُ ٱلۡعَذَابَ ٱلشَّدِيدَ بِمَا كَانُواْ يَكۡفُرُونَ
Андыктан бул дүйнөдө тапкан жыргалчылыктарга жана кумарга алданышпасын. Анткени ал аз жана тез жок болуучу жыргалчылыктар. Андан кийин алар кыямат күнү Биздин алдыбызга кайтышат. Ошондо алар Аллахка каапырлык кылгандыгы үчүн жана Анын элчисин жалганга чыгаргандыктары үчүн аларга катуу азап беребиз.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• ولاية الله تكون لمن آمن به، وامتثل أوامره، واجتنب نواهيه، واتبع رسوله صلى الله عليه وسلم، وأولياء الله هم الآمنون يوم القيامة، ولهم البشرى في الدنيا إما بالرؤيا الصالحة أو عند الموت.
Аллахка ыйман келтирген, буйругун аткарган, тыйган нерсесинен алыс болгон жана Анын элчисин ээрчиген адамдарды Аллах Өзүнө жакын кылат. Аллахтын жакын адамдары гана кыямат күнү амандыкта болушат. Жана бул дүйнөдө алар жакшы түш көрүшүп сүйүнүчтө болушат же өлүм алдында аларга сүйүнүч кабарлар болот.

• العزة لله جميعًا وحده ؛ فهو مالك الملك، وما عُبِد من دون الله لا حقيقة له.
Ызаттуулук Аллахка гана таандык. Ал бүткүл мүлктүн Падышасы. Андан башка сыйынылган нерселердин эч кандай акыйкаты жок.

• الحث على التفكر في خلق الله؛ لأن ذلك يقود إلى الإيمان به وتوحيده.
Аллахтын жараткан нерселеринде ой жүгүртүүгө үгүттөр айтылды. Анткени ал Аллахка ыйман келтирүүгө жана Аны жалгыздоого алып барат.

• حرمة الكذب على الله عز وجل، وأن صاحبه لن يفلح، ومن أعظم الكذب نسبة الولد له سبحانه.
Аллах таалага жалган айтуу арам нерсе. Жалган айткан адам эч качан ийгиликке жетпейт. Эң чоң жалган сөз – ал Аллах тааланын баласы бар деп айтуу.

۞ وَٱتۡلُ عَلَيۡهِمۡ نَبَأَ نُوحٍ إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦ يَٰقَوۡمِ إِن كَانَ كَبُرَ عَلَيۡكُم مَّقَامِي وَتَذۡكِيرِي بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ فَعَلَى ٱللَّهِ تَوَكَّلۡتُ فَأَجۡمِعُوٓاْ أَمۡرَكُمۡ وَشُرَكَآءَكُمۡ ثُمَّ لَا يَكُنۡ أَمۡرُكُمۡ عَلَيۡكُمۡ غُمَّةٗ ثُمَّ ٱقۡضُوٓاْ إِلَيَّ وَلَا تُنظِرُونِ
Оо, пайгамбар! Тиги мушриктерге Нух пайгамбар коомуна айткан сөзүн кабарлагын. Ал коомуна: “Эй, элим! Эгерде мен силердин араңарда турушум силерге оор келип жатса жана силерди Аллахтын аяттары менен эскертип чакырганым силерге машакат келтирсе, ошондой эле мени өлтүрөбүз деп чечим чыгарсаңар, анда мен айла-амалыңарды жок кылуусуна жалгыз Аллахка гана таяндым. Чечимиңерди аткарып мени жок кылууга аракет кыла бергиле. Жардам суроо үчүн кудайларыңарды да чакыргыла. Айла-амалыңар бүдөмүк болуп жүрбөсүн. Менден жашырып өлтүрүүгө чечкен чечимиңерди бир аз болсо да кечиктирбей дароо аткаргыла.
عربي تفسیرونه:
فَإِن تَوَلَّيۡتُمۡ فَمَا سَأَلۡتُكُم مِّنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَى ٱللَّهِۖ وَأُمِرۡتُ أَنۡ أَكُونَ مِنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ
Эгерде силер менин дааватымдан жүз бурсаңар, анда ыйман келтиресиңерби же каапыр болосуңарбы мен силерден эч кандай акы сурабаймын. Раббимдин динин жеткирүүдөгү сыйлыктар Аллахтан гана болот. Ал мени баш ийип жана жакшы иш-аракеттерди кылып моюн сунгандардан болуумду буйруду.
عربي تفسیرونه:
فَكَذَّبُوهُ فَنَجَّيۡنَٰهُ وَمَن مَّعَهُۥ فِي ٱلۡفُلۡكِ وَجَعَلۡنَٰهُمۡ خَلَٰٓئِفَ وَأَغۡرَقۡنَا ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَاۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُنذَرِينَ
Ага өзүнүн эли ишенишпей аны жалганга чыгарышты. Ошондо Нухту жана аны менен кемеге чыккан ыймандууларды сактадык. Ошолорду гана коомунун тукумун улаган адамдардан кылдык. Аят-далилдер келгенге карабай жалганга чыгарган адамдарды топон суу менен жок кылдык. Эй, пайгамбар! Нух пайгамбар эскертип келген коом ыйман келтирбегендиктен, алардын акыбети кандай болгондугуна ой жүгүрт.
عربي تفسیرونه:
ثُمَّ بَعَثۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِۦ رُسُلًا إِلَىٰ قَوۡمِهِمۡ فَجَآءُوهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَمَا كَانُواْ لِيُؤۡمِنُواْ بِمَا كَذَّبُواْ بِهِۦ مِن قَبۡلُۚ كَذَٰلِكَ نَطۡبَعُ عَلَىٰ قُلُوبِ ٱلۡمُعۡتَدِينَ
Нухтан бир канча убакыттан кийин өз коомдоруна элчилерди жибердик. Элчилер өз үммөттөрүнө аяттар жана далилдер менен келишти. Ошондо алар буга чейин элчилерди жалганга чыгаруусун койбогондун себебинен гана алар ыйман келтирүүгө каалоолору болгон жок. Мындан улам Аллах алардын жүрөктөрүн мөөрлөп салды. Мурунку элчилердин убагында адамдардын жүрөктөрүн мөөрлөп салгандай эле, Аллахтын койгон чектеринен ашкан каапырлардын жүрөктөрүн кайсыл убакытта жана кайсыл жерде болсо да мөөрлөп салабыз.
عربي تفسیرونه:
ثُمَّ بَعَثۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِم مُّوسَىٰ وَهَٰرُونَ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦ بِـَٔايَٰتِنَا فَٱسۡتَكۡبَرُواْ وَكَانُواْ قَوۡمٗا مُّجۡرِمِينَ
Ал элчилерден бир канча убакыттан кийин Мисирге падыша болуп турган Фараонго жана ошол коомдун чоңдоруна Мусаны жана анын бир тууганы Харунду жибердик. Алар айткан сөздөрдүн акыйкаттыгына далил болгон аят-белгилер менен кошо жибердик. Ал экөө алып келген ыймандан алар баш тартып текеберленишти. Анткени алар Аллахка каапыр болгондуктан жана элчилерин жалганга чыгаргандыктан, алар бузуку адамдардан болушкан.
عربي تفسیرونه:
فَلَمَّا جَآءَهُمُ ٱلۡحَقُّ مِنۡ عِندِنَا قَالُوٓاْ إِنَّ هَٰذَا لَسِحۡرٞ مُّبِينٞ
Фараонго жана ал коомдун чоңдоруна Муса жана Харун алып келген акыйкат келгенде, алар Муса пайгамбардын айтканы акыйкат экендигине далил болгон аяттарына: “Чындыгында бул ачык сыйкыр. Акыйкат эмес” – деп айтышты.
عربي تفسیرونه:
قَالَ مُوسَىٰٓ أَتَقُولُونَ لِلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَكُمۡۖ أَسِحۡرٌ هَٰذَا وَلَا يُفۡلِحُ ٱلسَّٰحِرُونَ
Ошондо аларды тыйып: “Силерге келген акыйкатты сыйкырга чыгарасыңарбы?! – деди Муса пайгамбар – Жок! Ал эч кандай сыйкыр эмес. Чынында сыйкырчы эч качан ийгиликке жетпешин мен билемин.
عربي تفسیرونه:
قَالُوٓاْ أَجِئۡتَنَا لِتَلۡفِتَنَا عَمَّا وَجَدۡنَا عَلَيۡهِ ءَابَآءَنَا وَتَكُونَ لَكُمَا ٱلۡكِبۡرِيَآءُ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا نَحۡنُ لَكُمَا بِمُؤۡمِنِينَ
Фараондун коому Муса пайгамбарга мындай деп жооп беришти: “Сен бир тууганың экөөң падышалыкка жетүү үчүн ата-бабаларыбыз карманып жүргөн динден буруу үчүн бул сыйкыр менен келдиңерби? Оо, Муса менен Харун! Силер бизге жиберилген элчи экениңерге биз ишенбейбиз”.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• سلاح المؤمن في مواجهة أعدائه هو التوكل على الله.
Душмандары менен беттешүүдө ыймандуу адамдын негизги куралы – бул Аллахка таянуу.

• الإصرار على الكفر والتكذيب بالرسل يوجب الختم على القلوب فلا تؤمن أبدًا.
Элчилерди жалганга чыгаруу жана каапырлыкка тырышып туруп алуу жүрөккө мөөр басылууга алып барат. Андан кийин ал жүрөк эч ыйман келтире албай калат.

• حال أعداء الرسل واحد، فهم دائما يصفون الهدى بالسحر أو الكذب.
Элчилерге каршы чыккан адамдардын абалы бир. Алар дайыма акыйкатты сыйкыр же жалган дешет.

• إن الساحر لا يفلح أبدًا.
Сыйкырчы эч качан ийгиликке жетпейт.

وَقَالَ فِرۡعَوۡنُ ٱئۡتُونِي بِكُلِّ سَٰحِرٍ عَلِيمٖ
Фараон коомуна: “Сыйкырчылыкты жакшы өздөштүрүп билген сыйкырчыларды мага топтоп алып келгиле” – деп айтты.
عربي تفسیرونه:
فَلَمَّا جَآءَ ٱلسَّحَرَةُ قَالَ لَهُم مُّوسَىٰٓ أَلۡقُواْ مَآ أَنتُم مُّلۡقُونَ
Фараон сыйкырчылар менен келишкен кезде Муса аларга каршы жардам келээрине бекем ишенген абалда аларга: “Эй, сыйкырчылар! Эмнени таштаганы жатсаңар ошонуңарды таштагыла” - деп айтты.
عربي تفسیرونه:
فَلَمَّآ أَلۡقَوۡاْ قَالَ مُوسَىٰ مَا جِئۡتُم بِهِ ٱلسِّحۡرُۖ إِنَّ ٱللَّهَ سَيُبۡطِلُهُۥٓ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُصۡلِحُ عَمَلَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ
Алар өздөрүнүн нерселерин таштаган кезде Муса аларга айтты: “Силердин көрсөткөнүңөр – бул сыйкырчылык. Чынында Аллах силер кылган нерсени эч нерсеге таасири тийбеген пайдасыз нерсеге айландырып коёт. Силер сыйкырыңар менен жер жүзүндө бузукулук кылып жатасыңар. Кимде-ким бузуку болгон болсо, Аллах анын ишин оңдобойт”.
عربي تفسیرونه:
وَيُحِقُّ ٱللَّهُ ٱلۡحَقَّ بِكَلِمَٰتِهِۦ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡمُجۡرِمُونَ
Фараондун үй-бүлөсүнөн болгон кылмышкер каапырлар жаман көрүшсө да Аллах акыйкатты орнотот жана аны тагдырда жана шариятта жазылган сөздөрүндөгү далилдер менен кубаттайт.
عربي تفسیرونه:
فَمَآ ءَامَنَ لِمُوسَىٰٓ إِلَّا ذُرِّيَّةٞ مِّن قَوۡمِهِۦ عَلَىٰ خَوۡفٖ مِّن فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِمۡ أَن يَفۡتِنَهُمۡۚ وَإِنَّ فِرۡعَوۡنَ لَعَالٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَإِنَّهُۥ لَمِنَ ٱلۡمُسۡرِفِينَ
Коому баш тартабыз деп чечти. Муса аларга ачык-айкын аяттарды жана далилдерди алып келгенине карабастан Исраил урпактарынын кээ бир жаштары гана ага ыйман келтиришти. Эгерде алардын бул иши билинип калса, анда Фараон менен эл башчылары аларды аёсуз азаптап ыймандан кайттырат деген коркунучка да карашпады. Чындыгында Фараон Мисирди жана анын элин күчкө салып башкарган анык текебер жана каапырлыкта, кырып өлтүрүүгө, Исраил урпактарын азаптоодо чектен ашкандардан.
عربي تفسیرونه:
وَقَالَ مُوسَىٰ يَٰقَوۡمِ إِن كُنتُمۡ ءَامَنتُم بِٱللَّهِ فَعَلَيۡهِ تَوَكَّلُوٓاْ إِن كُنتُم مُّسۡلِمِينَ
Муса элине айтты: “Оо, элим! Эгерде силер чын ишеним менен Аллахка ыйман келтирсеңер жана мусулман болсоңор, анда жалгыз Аллахка таянгыла. Аллахка тобокел кылгыла, силерден жамандыкты тосот жана силерге жакшылыкты алып келет.”
عربي تفسیرونه:
فَقَالُواْ عَلَى ٱللَّهِ تَوَكَّلۡنَا رَبَّنَا لَا تَجۡعَلۡنَا فِتۡنَةٗ لِّلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Алар Мусага жооп берип айтышты: “Жалгыз Аллахка гана тобокел кылдык. Оо, Раббибиз заалымдарды биздин үстүбүздөн башчы кылба! Алар бизди азап, өлүм жана кызыктыруу менен динибизге бүлгүн салат
عربي تفسیرونه:
وَنَجِّنَا بِرَحۡمَتِكَ مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Оо, Раббибиз! Бизди Өз ырайымың менен каапыр Фараондун коомунун кол астынан чыгара көр! Алар бизди кул кылышты жана бизди өлтүрүп жана азаптап кыйнашты.
عربي تفسیرونه:
وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰ وَأَخِيهِ أَن تَبَوَّءَا لِقَوۡمِكُمَا بِمِصۡرَ بُيُوتٗا وَٱجۡعَلُواْ بُيُوتَكُمۡ قِبۡلَةٗ وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Биз Муса менен Харунга: “Жалгыз Аллахка ибадат кылуу үчүн элиңерге үйлөрдү тандап бергиле жана үйлөрүңөрдү Акса мечитине карай кыбыла кылгыла, ошондой эле намазды толук окугула” – деп аян түшүрдүк. “Эй, Муса! Ыймандууларга Аллахтын жардамын, колдоосун жана душмандарын кыйратып жок кылып, жер бетинде аларды калтырабыз деген кубанычтуу кабарын айт” – деп айттык.
عربي تفسیرونه:
وَقَالَ مُوسَىٰ رَبَّنَآ إِنَّكَ ءَاتَيۡتَ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَأَهُۥ زِينَةٗ وَأَمۡوَٰلٗا فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا رَبَّنَا لِيُضِلُّواْ عَن سَبِيلِكَۖ رَبَّنَا ٱطۡمِسۡ عَلَىٰٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ وَٱشۡدُدۡ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ فَلَا يُؤۡمِنُواْ حَتَّىٰ يَرَوُاْ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَلِيمَ
Муса пайгамбар мындай деп айтты: “Оо, Раббибиз! Сен Фараонго жана анын коомундагы кадырлуу адамдарга кооздук үчүн дүйнө зыйнаттарын бердиң. Ошондой эле дүйнө жашоосунда мал-мүлктөрдү бердиң. Алар Сен берген нерселерге шүгүр кылышпады. Тескерисинче ал нерселерди Сенин жолуңдан адаштырганга колдонушту. Оо, Раббибиз! Алардын мал-мүлктөрүн кыйратып жок кыл, жүрөктөрүн мерез кыл! Алар жан оорутуучу азапты көрмөйүнчө ыйман келтиришпейт. Ошол кезде алардын ыйман келтиргени эч пайда бербейт”.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• الثقة بالله وبنصره والتوكل عليه ينبغي أن تكون من صفات المؤمن القوي.
Аллахка жана Анын жеңишиңе ишенүү, Ага гана таянуу күчтүү момундун сыпаттарынан болуусу зарыл.

• بيان أهمية الدعاء، وأنه من صفات المتوكلين.
Дубанын артыкчылыгын баяндоо жана ал Аллахка тобокел кылуучулардын сыпаттарынан.

• تأكيد أهمية الصلاة ووجوب إقامتها في كل الرسالات السماوية وفي كل الأحوال.
Намаздын зарылдыгын жана аны бардык абалда окуу парз экенин асмандан түшкөн диндердин баары тастыктайт.

• مشروعية الدعاء على الظالم.
Залымга каршы дуба кылуунун уруксаттыгы.

قَالَ قَدۡ أُجِيبَت دَّعۡوَتُكُمَا فَٱسۡتَقِيمَا وَلَا تَتَّبِعَآنِّ سَبِيلَ ٱلَّذِينَ لَا يَعۡلَمُونَ
Аллах мындай деп айтты: “Эй, Муса жана Харун! Фараон жана анын коомундагы кадырлуу адамдарга каршы кылган дубаңарды кабыл кылдым. Эми экөөңөр диниңерге бекем болгула жана акыйкат жолду билбеген наадандардын жолун ээрчип динден чыгып кетпегиле”.
عربي تفسیرونه:
۞ وَجَٰوَزۡنَا بِبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱلۡبَحۡرَ فَأَتۡبَعَهُمۡ فِرۡعَوۡنُ وَجُنُودُهُۥ بَغۡيٗا وَعَدۡوًاۖ حَتَّىٰٓ إِذَآ أَدۡرَكَهُ ٱلۡغَرَقُ قَالَ ءَامَنتُ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱلَّذِيٓ ءَامَنَتۡ بِهِۦ بَنُوٓاْ إِسۡرَٰٓءِيلَ وَأَنَا۠ مِنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ
Биз Исраилдин урпактарына экиге бөлүнгөн деңизден аман-эсен өтүүсүн жеңил кылдык. Фараон жана анын аскерлери зулумдук жана душмандык менен аларды кууп келишти, эки бөлүнгөн деңиз биригип, чөгүшкө жакын калып, кутулуудан үмүт үзгөн Фараон мындай деп айтты: ”Исраилдин урпактары ишенген Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок деп ыйман келтирдим. Менда Аллахка баш ийип моюн сунуучуларданмын”.
عربي تفسیرونه:
ءَآلۡـَٰٔنَ وَقَدۡ عَصَيۡتَ قَبۡلُ وَكُنتَ مِنَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ
Жашоодон үмүт үзгөндөн кийин эми ыйман келтиресиңби? Эй, Фараон! Азап түшөрдөн мурун Аллахка каапырлык кылып. Анын жолунан тосуу менен күнөө кылдың. Өзүңдү жана башкаларды адаштыруу себептен сен бузукулардан болдуң.
عربي تفسیرونه:
فَٱلۡيَوۡمَ نُنَجِّيكَ بِبَدَنِكَ لِتَكُونَ لِمَنۡ خَلۡفَكَ ءَايَةٗۚ وَإِنَّ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلنَّاسِ عَنۡ ءَايَٰتِنَا لَغَٰفِلُونَ
Эй, Фараон! Сенден кийин келген адамдар сабак алыш үчүн денеңди бүгүн деңизден чыгарып жер бетинин бийик жерине коёбуз. Чындыгында көпчүлүк адамдар биздин далилдерден жана күч-кудуретибизди билдирген белгилерден бейкапар. Ал туурасында алар ой жүгүртүшпөйт.
عربي تفسیرونه:
وَلَقَدۡ بَوَّأۡنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ مُبَوَّأَ صِدۡقٖ وَرَزَقۡنَٰهُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ فَمَا ٱخۡتَلَفُواْ حَتَّىٰ جَآءَهُمُ ٱلۡعِلۡمُۚ إِنَّ رَبَّكَ يَقۡضِي بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ
Чындыгында Биз Исраилдин урпактарын берекелүү Шам өлкөсүнүн алар ыраазы болгон ардактуу жайга жайгаштырдык. Аларга адал таза ырыскы бердик. Алар Тооратта окушкан Мухаммад пайгамбардын сыпаттарын Куран тастыктап келгенге чейин дин иштеринде талашып тартышкан жок. Качан алар сенин пайгамбарчылыгыңды четке кагышканда өз мекендерин тарттырып жиберишти. Эй, пайгамбар! Кыямат күнү сенин Раббиң алардын талашып тартышкан нерселеринде Өзү өкүм чыгарат. Аллах алардын чынчыл жана жалганчыларынын ар бирине өзүнө ылайыктуу жазасын же сыйлыгын берет.
عربي تفسیرونه:
فَإِن كُنتَ فِي شَكّٖ مِّمَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ فَسۡـَٔلِ ٱلَّذِينَ يَقۡرَءُونَ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِكَۚ لَقَدۡ جَآءَكَ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكَ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُمۡتَرِينَ
Оо, пайгамбар! Биз сага түшүргөн Курандын акыйкат экендигине шектенип күмөн санагандардан болсоң, анда ыйман келтирген жөөттөрдөн жана христиандардан сура. Алар Тооратты жана Инжилди окушат. Алар сага түшкөн нерсе акыйкат экенин айтышат. Анткени анын сыпатын алар өз китептеринде табышат. Чындыгында Сага Раббиңден келген акыйкатта эч күмөн жок. Ошондуктан шектенгендерден болбо.
عربي تفسیرونه:
وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ فَتَكُونَ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Жана Аллахтын далилдерин жалганга чыгаргандардан болбо. Эгер ошондой кылсаң, анда каапырлык кылышкандары себептүү өздөрүн кыйроого учураткандардан болуп каласың. Бул эскертүүлөрдүн баарысы жалган менен шектин коркунучун баяндаш үчүн келген. Бирок пайгамбар тараптан бул күнөөлөрдүн бири да кылынышы мүмкүн эмес.
عربي تفسیرونه:
إِنَّ ٱلَّذِينَ حَقَّتۡ عَلَيۡهِمۡ كَلِمَتُ رَبِّكَ لَا يُؤۡمِنُونَ
Чындыгында, каапырлыкты көк беттик менен карманып каапыр болуп өлүшөт деп Аллахтын тагдырында жазылган адамдар эч качан ыйман келтиришпейт.
عربي تفسیرونه:
وَلَوۡ جَآءَتۡهُمۡ كُلُّ ءَايَةٍ حَتَّىٰ يَرَوُاْ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَلِيمَ
Эгер аларга жан оорутуучу азап келгенге чейин бардык шарият жана табият аят белгилери далил кылып келтирилсе да ыйман келтиришпейт. Бирок азап көздөрүнө көрүнүп калган учурда келтирген ыймандары эч пайда бербейт.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• وجوب الثبات على الدين، وعدم اتباع سبيل المجرمين.
Динде бекем болуунун милдеттүүлүгү жана күнөөкөрлөрдүн жолун ээрчүүдөн кескин тыйылуу.

• لا تُقْبل توبة من حَشْرَجَت روحه، أو عاين العذاب.
Жаны чыгарга жакын калган же өлүм көзүнө көрүнүп калган адамдын тообосу кабыл кылынбайт.

• أن اليهود والنصارى كانوا يعلمون صفات النبي صلى الله عليه وسلم، لكن الكبر والعناد هو ما منعهم من الإيمان.
Чындыгында, жөөттөр менен христиандар пайгамбардын сыпаттарын билишкен. Бирок текеберлик жана көк беттик аларды ыйман келтирүүдөн тосуп койгон.

فَلَوۡلَا كَانَتۡ قَرۡيَةٌ ءَامَنَتۡ فَنَفَعَهَآ إِيمَٰنُهَآ إِلَّا قَوۡمَ يُونُسَ لَمَّآ ءَامَنُواْ كَشَفۡنَا عَنۡهُمۡ عَذَابَ ٱلۡخِزۡيِ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَمَتَّعۡنَٰهُمۡ إِلَىٰ حِينٖ
Биз пайгамбарларыбызды жиберген шаардын жашоочулары азап көздөрүнө көрүнгөнгө чейин өздөрү каалап ыйманга киришкен жок. Алар азап көздөрүнө көрүнөөрдөн мурун ыйман келтиришкенде өздөрүнө гана пайда бермек. Бирок Юнустун коому чыныгы ыйман келтиришкен учурда аларды дүйнө жашоосундагы кордук азабынан куткардык. Аларга ажалдары келгиче жашоо жыргалчылыктарын бердик.
عربي تفسیرونه:
وَلَوۡ شَآءَ رَبُّكَ لَأٓمَنَ مَن فِي ٱلۡأَرۡضِ كُلُّهُمۡ جَمِيعًاۚ أَفَأَنتَ تُكۡرِهُ ٱلنَّاسَ حَتَّىٰ يَكُونُواْ مُؤۡمِنِينَ
Оо, пайгамбар! Эгер сенин Раббиң жер бетиндеги бардык адамдардын ыйманга келүүсүн каалаганда анда алар ыйман келтиришмек. Бирок Аллах даанышмандык үчүн андай болушун каалабады. Ал каалаган адамын Өзүнүн адилеттүүлүгү менен адаштырат, ошондой эле каалаган адамын Өз жакшылыгы менен туура жолго салат. Чындыгында сен адамдарды мажбурлап ыйманга киргизе албайсың. Алардын ыйман келтирүүсү бир гана Аллахтын колунда.
عربي تفسیرونه:
وَمَا كَانَ لِنَفۡسٍ أَن تُؤۡمِنَ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَيَجۡعَلُ ٱلرِّجۡسَ عَلَى ٱلَّذِينَ لَا يَعۡقِلُونَ
Аллахтын уруксатысыз эч бир жан өз ыктыяры менен ыйман келтире албайт. Анын каалоосуз ыйман килтирүү мүмкүн эмес. Сен каапырларды ойлонуп түйшүк тартпа. Анын буйрук-тыюуларын жана далилдерин билбеген адамдарды Аллах кор кылып азаптайт.
عربي تفسیرونه:
قُلِ ٱنظُرُواْ مَاذَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَمَا تُغۡنِي ٱلۡأٓيَٰتُ وَٱلنُّذُرُ عَن قَوۡمٖ لَّا يُؤۡمِنُونَ
Оо, пайгамбар! Сенден аят-белгилерди сураган мушриктерге: ”Асмандар менен жерде Аллахтын күч-кудуретине жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерге ой жүгүртпөйсүңөрбү?”-деп айткын. Ыйман келтирүүгө даяр эмес адамдар каапырлыкты көк беттик менен кармангандары үчүн аларга аяттардын, далилдердин түшүүсү жана пайгамбарлардын жиберилиши пайда бербейт.
عربي تفسیرونه:
فَهَلۡ يَنتَظِرُونَ إِلَّا مِثۡلَ أَيَّامِ ٱلَّذِينَ خَلَوۡاْ مِن قَبۡلِهِمۡۚ قُلۡ فَٱنتَظِرُوٓاْ إِنِّي مَعَكُم مِّنَ ٱلۡمُنتَظِرِينَ
Ал жалганчы адамдар өздөрүнөн мурун өткөн жалганчы коомдорго түшкөн Аллахтын азабын күтүп жатышабы? Оо, пайгамбар! Сен аларга айткын: ”Аллахтын азабын күтө тургула, менда силер менен Аллахтын убадасын күтөмүн”.
عربي تفسیرونه:
ثُمَّ نُنَجِّي رُسُلَنَا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْۚ كَذَٰلِكَ حَقًّا عَلَيۡنَا نُنجِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Андан кийин Биз каапырларга азап түшүрөбүз. Биз пайгамбарларыбызды жана алар менен бирге ыйман келтиргендерди куткарабыз. Ошондо алар өздөрүнүн коомуна түшкөн азапка учурашпайт. Пайгамбарларды жана алар менен бирге момундарды куткарган сыяктуу Аллахтын пайгамбарын жана аны менен бирге момундарды куткаруу Биз үчүн анык милдет болуп саналат.
عربي تفسیرونه:
قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِن كُنتُمۡ فِي شَكّٖ مِّن دِينِي فَلَآ أَعۡبُدُ ٱلَّذِينَ تَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلَٰكِنۡ أَعۡبُدُ ٱللَّهَ ٱلَّذِي يَتَوَفَّىٰكُمۡۖ وَأُمِرۡتُ أَنۡ أَكُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Оо, пайгамбар! Айткын:” Оо, адамдар! Эгер мен силерди чакырып жаткан Аллахты жалгыздоонун дининен шектенген болсоңор, анда мен силердин диниңер жалган экенине чыныгы ишенимде болуп аны ээрчибеймин. Аллахтан башка кудайга сыйынып жаткаңынарга мен сыйынбаймын. Бирок силерди өлтүрө турган Аллахка гана сыйынамын. Аллах мени жалгыз Өзүнө гана чын ихластан ибадат кылган ыймандуулардан болуумду буйруду.
عربي تفسیرونه:
وَأَنۡ أَقِمۡ وَجۡهَكَ لِلدِّينِ حَنِيفٗا وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ
Ошондой эле Аллах мени акыйкат динде түз жүрүүмдү буйруду. Мен бардык жалган диндерден алыс болуп, акыйкат динде бекем болом. Мени мушриктерден болуумду тыйды.
عربي تفسیرونه:
وَلَا تَدۡعُ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَنفَعُكَ وَلَا يَضُرُّكَۖ فَإِن فَعَلۡتَ فَإِنَّكَ إِذٗا مِّنَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, пайгамбар! Аллахтан башка айкелдерге жана пайда бере ала турганчалык деңгээлде да пайда бере албаган жана зыян бере алганчалык деңгээлде да зыян бере албаган нерселерге дуба кылбагын. Эгер сен аларга сыйынсаң, анда сен Аллахтын чегинен ашкан жана өзүнө зыян берген заалымдардан болуп каласың.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• الإيمان هو السبب في رفعة صاحبه إلى الدرجات العلى والتمتع في الحياة الدنيا.
Ыйман бул адамды бийик даражага көтөрүүгө жана дүйнө жашоосунда ырахаттанып жашоого себепчи болот.

• ليس في مقدور أحد حمل أحد على الإيمان؛ لأن هذا عائد لمشيئة الله وحده.
Эч бир жан бирөөнү мажбурлап динге киргизе албайт. Анткени ал жалгаз Аллахтын каалоосуна кайтат.

• لا تنفع الآيات والنذر من أصر على الكفر وداوم عليه.
Каапырлыкты көк беттик менен дайым карманган адамдарга сенин эскертүү аят-белгилериң эч пайда бербейт.

• وجوب الاستقامة على الدين الحق، والبعد كل البعد عن الشرك والأديان الباطلة.
Акыйкат динде түз жүрүүнүн милдеттүүлүгү жана ширк менен жалган диндерден кескин түрдө алыс болуу.

وَإِن يَمۡسَسۡكَ ٱللَّهُ بِضُرّٖ فَلَا كَاشِفَ لَهُۥٓ إِلَّا هُوَۖ وَإِن يُرِدۡكَ بِخَيۡرٖ فَلَا رَآدَّ لِفَضۡلِهِۦۚ يُصِيبُ بِهِۦ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦۚ وَهُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ
Оо, пайгамбар! Эгер Аллахтан сага сыноо келсе. Ал сыноону өзүңдөн кетирүүнү талап кылсаң, аны Аллах гана кетирет. Эгер Аллах сага жыргалчылыкты кааласа, анын жакшылыгын эч ким тыя албайт. Анын жакшылыгы каалаган пендесине жетет. Эч бир жан Аны мажбурлай албайт. Пенделеринин арасынан тообо кылгандарга Ал ырайым кылган Кечиримдүү Зат.
عربي تفسیرونه:
قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدۡ جَآءَكُمُ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكُمۡۖ فَمَنِ ٱهۡتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهۡتَدِي لِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيۡهَاۖ وَمَآ أَنَا۠ عَلَيۡكُم بِوَكِيلٖ
Оо, пайгамбар! Айткын: “Оо, адамдар! Силерге Раббиңер түшүргөн Куран келди. Ким туура жолго түшүп ага ыйман келтирсе, анда анын жакшылыгы өзүнө гана кайтат. Анткени Аллах пенделеринин ибадаттарына муктаж эмес. Ким адашса жамандыгы өзүнө гана кайтат. Пенделердин күнөө кылуусу Аллахка зыян бере албайт. Мен силер кылган амалдарыңарды сактоочу эмесмин, кылган амалдарыңар үчүн силерди сурака албайм.
عربي تفسیرونه:
وَٱتَّبِعۡ مَا يُوحَىٰٓ إِلَيۡكَ وَٱصۡبِرۡ حَتَّىٰ يَحۡكُمَ ٱللَّهُۚ وَهُوَ خَيۡرُ ٱلۡحَٰكِمِينَ
Оо, пайгамбар! Сага Раббиң вахий кылган нерселерди ээрчип ошол нерсени аткар. Сага элиңден каршы чыккандардын сага берген ызаасына сабыр кыл. Жана сен жеткирүүгө буйрулган нерселерди жеткиргенге сабыр кыл. Аллах сага алардын үстүнөн бул дүйнөдө Өз өкүмү менен жеңиш бергенге чейин буйруган нерселерин уланта бер. Эгер алар каапырлыкта өлүшсө, Аллах аларды акырет күнү азаптайт.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• إن الخير والشر والنفع والضر بيد الله دون ما سواه.
Чындыгында жакшылык менен жамандык, пайда жана зыян берүү эч бир жандын эмес бир гана Аллахтын колунда.

• وجوب اتباع الكتاب والسُّنَّة والصبر على الأذى وانتظار الفرج من الله.
Куран жана сүннөттү ээрчүүнүн милдеттүүлүгү жана ызаа берген нерселерге сабыр кылып Аллахтан келе турган жеңилдикти күтүү.

• آيات القرآن محكمة لا يوجد فيها خلل ولا باطل، وقد فُصِّلت الأحكام فيها تفصيلًا تامَّا.
Куран аяттары кемчиликсиз, андан жалган жана кемчиликти таппайсың. Андагы өкүмдөр толук чечмеленип берилген.

• وجوب المسارعة إلى التوبة والندم على الذنوب لنيل المطلوب والنجاة من المرهوب.
Тообо кылганга шашылуунун милдеттүүлүгү жана кылган күнөөлөрүнө өкүнүп, Аллах талап кылган нерсеге жетип, Ал коркуткан нерседен кутулуу.

 
د معناګانو ژباړه سورت: يونس
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول