Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: نحل   آیت:
لِيَكۡفُرُواْ بِمَآ ءَاتَيۡنَٰهُمۡۚ فَتَمَتَّعُواْ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَ
Алардын Аллахка кылган ширктери – аларды кыйынчылыктан куткаруу сыяктуу Анын аларга кылган жакшылыктарын танууга түрттү. Мына ошондуктан аларга: «Эртеби-кечпи акыры силерге Аллахтын азабы келгенге чейин берилген жакшылыктарга жыргай бергиле» – деп айтылат.
عربي تفسیرونه:
وَيَجۡعَلُونَ لِمَا لَا يَعۡلَمُونَ نَصِيبٗا مِّمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡۗ تَٱللَّهِ لَتُسۡـَٔلُنَّ عَمَّا كُنتُمۡ تَفۡتَرُونَ
Мушриктер өздөрүнүн эч нерсе билбеген, пайда-зыян бербеген жансыз кудайларына Биз аларга ырыскы кылып берген мал-мүлктөрүнүн бир бөлүгүн аларга жакындаш үчүн арнашат. Эй, мушриктер! Аллахка ант, силер кыямат күнү бул айкелдерди кудайлар деп жана мал-мүлкүңөрдөн алардын да энчиси бар деп ойлогонуңар үчүн сөзсүз сураласыңар.
عربي تفسیرونه:
وَيَجۡعَلُونَ لِلَّهِ ٱلۡبَنَٰتِ سُبۡحَٰنَهُۥ وَلَهُم مَّا يَشۡتَهُونَ
Мушриктер Аллахтын кыздары бар, алар периштелер деп ойлошот. Ошондой эле Ага перзентти таңуулашып, өздөрүнө жакпаган нерселерди Ага тийиштүү кылышат. Аллах алардын кылып жаткандарынан аруу жана ыйык. Ал эми өздөрүнө болсо көңүлдөрүнө жаккан уул балдарды арнашат. Мындан да өткөн күнөө барбы?!
عربي تفسیرونه:
وَإِذَا بُشِّرَ أَحَدُهُم بِٱلۡأُنثَىٰ ظَلَّ وَجۡهُهُۥ مُسۡوَدّٗا وَهُوَ كَظِيمٞ
Эгерде ал мушриктердин бирөөсүнө кыздуу болгону тууралуу кабар айтылса, анда уккан нерсесин ушунчалык жек көргөндүгүнөн жүзү карарып, жүрөгү кайгы-капага толуп кетет. Андан соң өзүнө жакпаган нерсени Аллахка тийиштүү кылат.
عربي تفسیرونه:
يَتَوَٰرَىٰ مِنَ ٱلۡقَوۡمِ مِن سُوٓءِ مَا بُشِّرَ بِهِۦٓۚ أَيُمۡسِكُهُۥ عَلَىٰ هُونٍ أَمۡ يَدُسُّهُۥ فِي ٱلتُّرَابِۗ أَلَا سَآءَ مَا يَحۡكُمُونَ
Ал кыздуу болгондугу тууралуу айтылган сүйүнчү кабардын жамандыгынан намыстанып элге көрүнбөй жашырынып: «Бул кызды кордукка карабай алып калсамбы же жерге тирүүлөй көмүп салсамбы?» – деп өзүнчө сүйлөнөт. Мушриктердин бул кылган өкүмү кандай жаман! Анткени алар Раббисине өздөрүнө жакпаган нерсени өкүм кылышты.
عربي تفسیرونه:
لِلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ مَثَلُ ٱلسَّوۡءِۖ وَلِلَّهِ ٱلۡمَثَلُ ٱلۡأَعۡلَىٰۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Акыретке ыйман келтирбеген каапырларга балага болгон муктаждык, наадандык жана каапырлык сыяктуу эң төмөн сыпаттар таандык. Ал эми Аллахка улуулук, кемчилсиздик, беймуктаждык, илим сыяктуу мактоого арзыган бийик сыпаттар таандык. Ал Өз падышалыгында Кудуреттүү, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. Ал жаратууда, башкарууда жана өкүм кылууда Даанышман.
عربي تفسیرونه:
وَلَوۡ يُؤَاخِذُ ٱللَّهُ ٱلنَّاسَ بِظُلۡمِهِم مَّا تَرَكَ عَلَيۡهَا مِن دَآبَّةٖ وَلَٰكِن يُؤَخِّرُهُمۡ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗىۖ فَإِذَا جَآءَ أَجَلُهُمۡ لَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ سَاعَةٗ وَلَا يَسۡتَقۡدِمُونَ
Эгерде Аллах таала адамдарды зулумдуктары, каапырлыктары себептүү жазалай турган болсо, анда жер бетинде кыбыр эткен адам да жандык да калмак эмес. Бирок Ал Өз илиминде аларды белгилүү убакытка чейин кечиктирет. Эгер Анын илиминде белгиленген ошол убакыт келсе, анда алар аны бир аз мөөнөткө алдыга да артка да жылдыра алышпайт.
عربي تفسیرونه:
وَيَجۡعَلُونَ لِلَّهِ مَا يَكۡرَهُونَۚ وَتَصِفُ أَلۡسِنَتُهُمُ ٱلۡكَذِبَ أَنَّ لَهُمُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ لَا جَرَمَ أَنَّ لَهُمُ ٱلنَّارَ وَأَنَّهُم مُّفۡرَطُونَ
Алар өздөрүнө жакпаган кыз перзентти Аллахка таңуулашат жана алар үчүн Аллахтын алдында эң жакшы даража бар деп тилдери менен жалган сүйлөшөт. Эгер алар айткандай кайра тирилери чындык болсо, анда алар үчүн тозок болору анык. Алар ал жайга ташталат жана ал жактан эч качан чыгышпайт.
عربي تفسیرونه:
تَٱللَّهِ لَقَدۡ أَرۡسَلۡنَآ إِلَىٰٓ أُمَمٖ مِّن قَبۡلِكَ فَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَعۡمَٰلَهُمۡ فَهُوَ وَلِيُّهُمُ ٱلۡيَوۡمَ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Оо, Мухаммад! Аллахка ант, Биз сенден мурунку коомдорго да пайгамбарларды жибергенбиз. Бирок шайтан алар кылган ширкти, каапырлыкты жана күнөөлөрдү аларга кооз кылып көргөздү. Алар аны кыяматта бизге колдоо көргөзгөн колдоочу болот деп ойлошот. Алар үчүн кыяматта жан ооруткан азап бар.
عربي تفسیرونه:
وَمَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ إِلَّا لِتُبَيِّنَ لَهُمُ ٱلَّذِي ٱخۡتَلَفُواْ فِيهِ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٗ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Оо, пайгамбар! Биз сага адамдар талашып тартышып жаткан Аллахты жалгыздоо, кайра тирилүү жана шарият өкүмдөрү сыяктуу нерселерди жалпы адамдарга түшүндүрүп беришиң үчүн гана Куранды түшүрдүк. Ошондой эле Куран – туура жол жана Аллахка, пайгамбарларга, Курандагы келген нерселерге ыйман келтиргендер үчүн ырайымдуулук. Мына ошолор гана акыйкаттан пайда алышат.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• من جهالات المشركين: نسبة البنات إلى الله تعالى، ونسبة البنين لأنفسهم، وأَنفَتُهم من البنات، وتغيّر وجوههم حزنًا وغمَّا بالبنت، واستخفاء الواحد منهم وتغيبه عن مواجهة القوم من شدّة الحزن وسوء الخزي والعار والحياء الذي يلحقه بسبب البنت.
Мушриктердин наадандыктарынан – Аллахка кыздарды, ал эми өздөрүнө уул балдарды тийиштүү кылганы, кыздуу болууну жек көрүүлөрү, кыздуу болгону үчүн маанайы бузулуп жүздөрү кубаруусу жана кызы себептүү адамдардан уялып, кайгырып, айып көрүп, кордукка кабылгандай элге көрүнбөй жашынып жүрүүсү.

• من سنن الله إمهال الكفار وعدم معاجلتهم بالعقوبة ليترك الفرصة لهم للإيمان والتوبة.
Каапырларга мөөнөт берүү жана аларга ыйман келтирүүгө, тообо кылууга мүмкүнчүлүк бериш үчүн жазаны кечиктирүү – Аллахтын жолдорунан.

• مهمة النبي صلى الله عليه وسلم الكبرى هي تبيان ما جاء في القرآن، وبيان ما اختلف فيه أهل الملل والأهواء من الدين والأحكام، فتقوم الحجة عليهم ببيانه.
Пайгамбардын эң чоң милдети – Курандагы келген нерселерди түшүндүрүү жана башка диндерди жана өз каалоолорун ээрчигендердин дин жана шарият өкүмдөрү тууралуу талашып тартышкандарын баяндоо. Аны баяндаган соң алар кыяматта доомат коё алышпайт.

 
د معناګانو ژباړه سورت: نحل
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول