د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (35) سورت: النحل
وَقَالَ ٱلَّذِينَ أَشۡرَكُواْ لَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَا عَبَدۡنَا مِن دُونِهِۦ مِن شَيۡءٖ نَّحۡنُ وَلَآ ءَابَآؤُنَا وَلَا حَرَّمۡنَا مِن دُونِهِۦ مِن شَيۡءٖۚ كَذَٰلِكَ فَعَلَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ فَهَلۡ عَلَى ٱلرُّسُلِ إِلَّا ٱلۡبَلَٰغُ ٱلۡمُبِينُ
Аллах менен катар башкаларга сыйынып ширк кылгандар айтышты: «Эгерде Аллах бизди Өзүнө гана сыйынуубузду жана Ага ширк кылбашыбызды каалаганда, анда биз жана бизден мурунку ата-бабаларыбыз да Андан башка эч кимге сыйынмак эмес. Эгерде Ал биз бир нерсени арам кылышыбызды каалабаганда, анда биз аны арам кылмак эмеспиз». Мына ушундай эле жалган дооматтарды мурунку каапырлар да айтышкан. Элчилерге жеткир деп буйрулган нерселерди ачык-айкын жеткирүү милдети гана жүктөлгөн. Алар аны жеткиришти. Эми каапырлар тагдырды шылтоолоп доомат кыла алышпайт. Анткени Аллах аларга каалоо, тандоо берди жана аларга пайгамбарларды жиберди.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• العاقل من يعتبر ويتعظ بما حل بالضالين المكذبين كيف آل أمرهم إلى الدمار والخراب والعذاب والهلاك.
Акылдуу адам адашкандардын, жалганга чыгаргандардын акыбети кандай кыйроого, азапка жана жок болууга алып келгенин көрүп сабак алат.

• الحكمة من البعث والمعاد إظهار الله الحقَّ فيما يختلف فيه الناس من أمر البعث وكل شيء.
Кайра тирилүүнүн жана акыретке кайтуунун түпкү максаты – адамдардын кайра тирилүү жана башка нерселер тууралуу талашып тартышуусундагы акыйкатты ачыкка чыгаруу.

• فضيلة الصّبر والتّوكل: أما الصّبر: فلما فيه من قهر النّفس، وأما التّوكل: فلأن فيه الثقة بالله تعالى والتعلق به.
Сабырдуулук жана тобокелчиликтин артыкчылыгы көп. Сабырдуулук напсини тыйдырат. Тобокелчилик Аллахка болгон ишеним жана байланышты (бекемдейт).

• جزاء المهاجرين الذين تركوا ديارهم وأموالهم وصبروا على الأذى وتوكّلوا على ربّهم، هو الموطن الأفضل، والمنزلة الحسنة، والعيشة الرّضية، والرّزق الطّيّب الوفير، والنّصر على الأعداء، والسّيادة على البلاد والعباد.
Өз мекенин, мал-мүлкүн таштап, кыйноолорго сабыр кылып жана Раббисине тобокел кылып Аллах жолунда көчкөндөрдүн сыйлыгы – эң жакшы турак-жай, эң бийик даража, бакубат жашоо, кенен адал ырыскы, душмандарды жеңүү, өлкөлөрдү жана адамдарды башкаруу.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (35) سورت: النحل
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول