د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (79) سورت: النحل
أَلَمۡ يَرَوۡاْ إِلَى ٱلطَّيۡرِ مُسَخَّرَٰتٖ فِي جَوِّ ٱلسَّمَآءِ مَا يُمۡسِكُهُنَّ إِلَّا ٱللَّهُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Мушриктер абада калкып жеңил учкан куштарга назар салышпайбы? Аллах аларга канаттарды берди жана абаны жумшак кылды. Ошондой эле аларга канаттарын жазып, кайра жыйноону илхам кылды. Аларды кудуреттүү Аллах гана жерге түшүрбөй абада кармайт. Чындыгында бул моюн сундурууда жана түшүрбөй кармоодо Аллахка ыйман келтирген адамдар үчүн белгилер бар. Анткени алар гана белгилерден жана сабактардан пайда алышат.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• لله تعالى الحكمة البالغة في قسمة الأرزاق بين العباد، إذ جعل منهم الغني والفقير والمتوسط؛ ليتكامل الكون، ويتعايش الناس، ويخدم بعضهم بعضًا.
Пенделердин арасында ырыскыны бөлүштүрүүдөгү чыныгы даанышмандык Аллахка гана таандык. Ал бул ааламды бүт тараптан толук кылыш үчүн, адамдар бирге жашаш үчүн жана бири-бирине кызмат кылуулары үчүн алардын арасында бай, кедей жана орто жашагандарды кылып койду.

• دَلَّ المثلان في الآيات على ضلالة المشركين وبطلان عبادة الأصنام؛ لأن شأن الإله المعبود أن يكون مالكًا قادرًا على التصرف في الأشياء، وعلى نفع غيره ممن يعبدونه، وعلى الأمر بالخير والعدل.
Аяттарда келтирилген эки мисал мушриктердин адашкандыгын жана айкелдерге сыйынуунун жалган экендигин билдирет. Анткени чыныгы кудай бардык ишти башкарууга, Ага сыйынгандарга пайда келтирүүгө жана жакшылыкка жана адилеттикке буйрууга кудуреттүү падыша болуш керек.

• من نعمه تعالى ومن مظاهر قدرته خلق الناس من بطون أمهاتهم لا علم لهم بشيء، ثم تزويدهم بوسائل المعرفة والعلم، وهي السمع والأبصار والأفئدة، فبها يعلمون ويدركون.
Аллахтын жакшылыктарынан жана Анын кудуреттүүлүгүнүн белгилеринен – адамдарды алар эч нерсе билбеген абалда энелеринин курсагынан чыгаруусу, андан соң аларга кулак, көз, жүрөктөр сымал үйрөнүүгө себеп болгон нерселерди берүүсү. Алар аркылуу үйрөнүшөт жана баамдашат.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (79) سورت: النحل
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول