د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (12) سورت: الإسراء
وَجَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ ءَايَتَيۡنِۖ فَمَحَوۡنَآ ءَايَةَ ٱلَّيۡلِ وَجَعَلۡنَآ ءَايَةَ ٱلنَّهَارِ مُبۡصِرَةٗ لِّتَبۡتَغُواْ فَضۡلٗا مِّن رَّبِّكُمۡ وَلِتَعۡلَمُواْ عَدَدَ ٱلسِّنِينَ وَٱلۡحِسَابَۚ وَكُلَّ شَيۡءٖ فَصَّلۡنَٰهُ تَفۡصِيلٗا
Түндү жана күндуздү Аллахтын жалгыздыгына жана Анын кудуреттүүлүгүнө далил-белги кылып жараттык. Ал экөөнүн узун-кыскалыгында, ысык-суугунда айырмачылык бар. Түндү эс алып уктоо үчүн караңгы кылдык. Күндүздү адамдар көрүүсү жана тиричилик кылуусу үчүн жараттык. Ошондой эле күн менен түндү байкоо аркылуу жылдардын санын жана аларга керек болгон айлардын, күндөрдүн жана сааттардын убактыларын билүү үчүн жараттык. Бардык нерселер бири-биринен, акыйкат жолдогулар жалган жолдогулардан айырмалануусу үчүн Биз ар бир нерсени ачык-айкын баяндадык.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• من اهتدى بهدي القرآن كان أكمل الناس وأقومهم وأهداهم في جميع أموره.
Кимде-ким Курандын жолун ээрчисе, анда ал бардык иштеринде адамдардын эң толугу, адилеттүүсү жана туура жолдогусу болот.

• التحذير من الدعوة على النفس والأولاد بالشر.
Адамды өзүнө жана бала-чакасына жамандык тилеп дуба кылуудан эскертүү.

• اختلاف الليل والنهار بالزيادة والنقص وتعاقبهما، وضوء النهار وظلمة الليل، كل ذلك دليل على وحدانية الله ووجوده وكمال علمه وقدرته.
Түн менен күндүздүн бири-биринен азайып көбөйүп, экөөсү биринин артынан бири келип жана күндүздүн жарыгы жана түндүн караңгылыгы менен айырмаланып туруусу. Мунун баары Аллахтын жалгыздыгына, барлыгына, илиминин жана кудуретинин толуктугуна далил болот.

• تقرر الآيات مبدأ المسؤولية الشخصية، عدلًا من الله ورحمة بعباده.
Аяттардын бекемделип келүүсү – адамдык жоопкерчиликтин башаты. Бул Аллахтын пенделерине болгон адилеттүүлүгү жана ырайымы.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (12) سورت: الإسراء
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول