Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: کهف   آیت:
إِنَّا مَكَّنَّا لَهُۥ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَءَاتَيۡنَٰهُ مِن كُلِّ شَيۡءٖ سَبَبٗا
Биз ага жер бетинде бийликти жана көздөгөн максатына жетүү үчүн зарыл талаптарга байланышкан бардык нерсени бердик.
عربي تفسیرونه:
فَأَتۡبَعَ سَبَبًا
Анан ал Биз ага берген каражаттарды жана максатына жеткирген жолдорду пайдаланып батышты көздөй бет алды.
عربي تفسیرونه:
حَتَّىٰٓ إِذَا بَلَغَ مَغۡرِبَ ٱلشَّمۡسِ وَجَدَهَا تَغۡرُبُ فِي عَيۡنٍ حَمِئَةٖ وَوَجَدَ عِندَهَا قَوۡمٗاۖ قُلۡنَا يَٰذَا ٱلۡقَرۡنَيۡنِ إِمَّآ أَن تُعَذِّبَ وَإِمَّآ أَن تَتَّخِذَ فِيهِمۡ حُسۡنٗا
Ал (Зулкарнайн) жер бетинде жүрүп отуруп, жердин күн батыш тарабынын акырына чейин жетти. Ошондо ага күн кара балчыктуу ысык булакка батып бараткандай көрүндү. Ал күн баткан жерден каапыр элге жолукту. Ошондо Биз ага ыктыяр берип: «О, Зулкарнайн! Эгер сен кааласаң буларды өлтүрүп же башкача азапка сал, эгер кааласаң аларга жакшылык кыл» – деп айттык.
عربي تفسیرونه:
قَالَ أَمَّا مَن ظَلَمَ فَسَوۡفَ نُعَذِّبُهُۥ ثُمَّ يُرَدُّ إِلَىٰ رَبِّهِۦ فَيُعَذِّبُهُۥ عَذَابٗا نُّكۡرٗا
Зулкарнайн айтты: «Биз аларды Аллахка сыйынууга чакыргандан кийин кимиси Аллахка ширк кылып, андан кайтпай турган болсо, анда биз аны бул дүйнөдө өлүм менен жазалайбыз. Кийин кыяматта Раббисине кайтканда, аны оор жаза менен жазалайт.
عربي تفسیرونه:
وَأَمَّا مَنۡ ءَامَنَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا فَلَهُۥ جَزَآءً ٱلۡحُسۡنَىٰۖ وَسَنَقُولُ لَهُۥ مِنۡ أَمۡرِنَا يُسۡرٗا
Ал эми алардын кимиси Аллахка ыйман келтирсе, жакшылык иштерди кылса, анда ага бейиш болот. Бул анын Раббисине келтирген ыйманынын жана кылган жакшы иштеринин сыйлыгы. Биз ага Өз буйругубуздан кичипейилдик, жумшактыкты камтыган сөздөрдү айтабыз».
عربي تفسیرونه:
ثُمَّ أَتۡبَعَ سَبَبًا
Андан соң ал башка жолго түшүп Күн чыгышты көздөй бет алды.
عربي تفسیرونه:
حَتَّىٰٓ إِذَا بَلَغَ مَطۡلِعَ ٱلشَّمۡسِ وَجَدَهَا تَطۡلُعُ عَلَىٰ قَوۡمٖ لَّمۡ نَجۡعَل لَّهُم مِّن دُونِهَا سِتۡرٗا
Ал жол жүрүп отуруп, күн чыккан тарапка жетип, күн бир элдин үстүнө тийип турганын көрдү. Ал элге Биз күндөн башка, тура турган үй, көлөкөлөй турган дарак жараткан эмес элек.
عربي تفسیرونه:
كَذَٰلِكَۖ وَقَدۡ أَحَطۡنَا بِمَا لَدَيۡهِ خُبۡرٗا
Зулкарнайндын чоо-жайы ушундай! Биздин илимибиз андагы болгон күч-кубатты жана бийликти өзүнө камтып алган.
عربي تفسیرونه:
ثُمَّ أَتۡبَعَ سَبَبًا
Кийин батыш менен чыгыштын ортосундагы башка жолго түштү.
عربي تفسیرونه:
حَتَّىٰٓ إِذَا بَلَغَ بَيۡنَ ٱلسَّدَّيۡنِ وَجَدَ مِن دُونِهِمَا قَوۡمٗا لَّا يَكَادُونَ يَفۡقَهُونَ قَوۡلٗا
Ал жол жүрүп отуруп эки тоонун ортосунда жайгашкан анча чоң эмес ачык жерге жетти. Ал жерден башкалардын сөзүнө таптакыр түшүнбөгөн элге жолукту.
عربي تفسیرونه:
قَالُواْ يَٰذَا ٱلۡقَرۡنَيۡنِ إِنَّ يَأۡجُوجَ وَمَأۡجُوجَ مُفۡسِدُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَهَلۡ نَجۡعَلُ لَكَ خَرۡجًا عَلَىٰٓ أَن تَجۡعَلَ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَهُمۡ سَدّٗا
Алар айтышты: «Оо, Зулкарнайн! Чындыгында Яжуж-Мажуж (адам урпактарынан болгон эки чоң эл) жер бетине кыргын салып, ар кандай бузукулук иштерди жасап жатышат. Биз сага акы катары дунүйө, мал-мүлк чогултуп берели, а сен бизге алар менен ортобузду тоскон тосмо дубал кылып бербейсиңби?».
عربي تفسیرونه:
قَالَ مَا مَكَّنِّي فِيهِ رَبِّي خَيۡرٞ فَأَعِينُونِي بِقُوَّةٍ أَجۡعَلۡ بَيۡنَكُمۡ وَبَيۡنَهُمۡ رَدۡمًا
Зулкарнайн айтты: «Раббим мага ырыскы кылып берген байлык жана бийлик силер бере турган дүнүйө, мал-мүлккө караганда жакшыраак. Андан көрө кишилериңер, аспап-куралдарыңар менен мага жардам бергиле, мен силер менен алардын ортоңорго тосмо куруп берейин».
عربي تفسیرونه:
ءَاتُونِي زُبَرَ ٱلۡحَدِيدِۖ حَتَّىٰٓ إِذَا سَاوَىٰ بَيۡنَ ٱلصَّدَفَيۡنِ قَالَ ٱنفُخُواْۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَعَلَهُۥ نَارٗا قَالَ ءَاتُونِيٓ أُفۡرِغۡ عَلَيۡهِ قِطۡرٗا
Темир сыныктарын алып келгиле! Алар алып келишип, эки тоонун ортосуна толтуруп жыйышты. Качан аларды тоо менен теңме-тең кылышканда жумушчуларга: «Эми бул темирлерге отту үйлөткүлө!» – деди. Темир сыныктары кыпкызыл болуп кызыганда айтты: «Эми эриген жезди алып келгиле, үстүнө куям».
عربي تفسیرونه:
فَمَا ٱسۡطَٰعُوٓاْ أَن يَظۡهَرُوهُ وَمَا ٱسۡتَطَٰعُواْ لَهُۥ نَقۡبٗا
Анан Яжуж-Мажуж тосмонун бийиктигинен анын үстүнө да чыга албай, анын бекемдигинен этек жагын теше да албай калышты.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• أن ذا القرنين أحد الملوك المؤمنين الذين ملكوا الدنيا وسيطروا على أهلها، فقد آتاه الله ملكًا واسعًا، ومنحه حكمة وهيبة وعلمًا نافعًا.
Зулкарнайн адамдарга бийлик кылып, буткүл дүйнөнү башкарган, ыймандуу падышалардын бири болгон. Аллах ага чексиз бийлик берип, ага даанышмандыкты, айбаттуулукту, пайдалуу илимди тартуулаган.

• من واجب الملك أو الحاكم أن يقوم بحماية الخلق في حفظ ديارهم، وإصلاح ثغورهم من أموالهم.
Адамдарды өз мекенинде коргоо жана алардын каржылоосу менен чек араларды жөнгө салуу башчынын же падышанын милдеттеринен.

• أهل الصلاح والإخلاص يحرصون على إنجاز الأعمال ابتغاء وجه الله.
Жакшылык кылуучу жана ыкластуу адамдар кылган иштерин Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана кылууга умтулушат.

 
د معناګانو ژباړه سورت: کهف
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول