Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (46) سورت: کهف
ٱلۡمَالُ وَٱلۡبَنُونَ زِينَةُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ وَٱلۡبَٰقِيَٰتُ ٱلصَّٰلِحَٰتُ خَيۡرٌ عِندَ رَبِّكَ ثَوَابٗا وَخَيۡرٌ أَمَلٗا
Мал-мүлк, бала-чака бул дүйнө жашоосунун кооздуктары. Аллах ыраазылыгы үчүн гана сарпталган мал-мүлк акыретте пайда берет. Аллахты ыраазы кылган иш-аракеттер жана сөздөр – сооптуулук жактан Аллахтын алдында бул дүйнөдөгү бардык кооздуктардан да жана адамга үмүт жараткан нерселерден да жакшыраак. Анткени дүйнө кооздуктары бүтүүчү, ал эми жакшылык иштердин жана сөздөрдүн сооптору Аллахтын алдында түбөлүк калуучу.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• على العبد الإكثار من الباقيات الصالحات، وهي كل عمل صالح من قول أو فعل يبقى للآخرة.
Пенде сообу түбөлүк калуучу иштерди көп кылуусу зарыл. Алар сөз же иш түрүндө аткарылып акыретке калган бардык жакшылык иштер.

• على العبد تذكر أهوال القيامة، والعمل لهذا اليوم حتى ينجو من أهواله، وينعم بجنة الله ورضوانه.
Пендеге кыяматтагы коркунучтарды эстеп туруу жана андагы коркунучтардан аман калыш үчүн ал күн үчүн амал кылуу зарыл. Ошондо ал Аллахтын ыраазылыгына жана бейиш ырахатына бөлөнөт.

• كَرَّم الله تعالى أبانا آدم عليه السلام والجنس البشري بأجمعه بأمره الملائكة أن تسجد له في بدء الخليقة سجود تحية وتكريم.
Аллах таала түпкү атабыз Адамды жана бүткүл адамзатты урматтады жана аны жаңы жаратканда периштелерге ага сый-урмат көрсөтүп саламдашуу иретинде сажда кылууларын буйруду.

• في الآيات الحث على اتخاذ الشيطان عدوًّا.
Аяттарда шайтанды душман туткула деген чакырык айтылды.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (46) سورت: کهف
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول