د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (102) سورت: البقرة
وَٱتَّبَعُواْ مَا تَتۡلُواْ ٱلشَّيَٰطِينُ عَلَىٰ مُلۡكِ سُلَيۡمَٰنَۖ وَمَا كَفَرَ سُلَيۡمَٰنُ وَلَٰكِنَّ ٱلشَّيَٰطِينَ كَفَرُواْ يُعَلِّمُونَ ٱلنَّاسَ ٱلسِّحۡرَ وَمَآ أُنزِلَ عَلَى ٱلۡمَلَكَيۡنِ بِبَابِلَ هَٰرُوتَ وَمَٰرُوتَۚ وَمَا يُعَلِّمَانِ مِنۡ أَحَدٍ حَتَّىٰ يَقُولَآ إِنَّمَا نَحۡنُ فِتۡنَةٞ فَلَا تَكۡفُرۡۖ فَيَتَعَلَّمُونَ مِنۡهُمَا مَا يُفَرِّقُونَ بِهِۦ بَيۡنَ ٱلۡمَرۡءِ وَزَوۡجِهِۦۚ وَمَا هُم بِضَآرِّينَ بِهِۦ مِنۡ أَحَدٍ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَيَتَعَلَّمُونَ مَا يَضُرُّهُمۡ وَلَا يَنفَعُهُمۡۚ وَلَقَدۡ عَلِمُواْ لَمَنِ ٱشۡتَرَىٰهُ مَا لَهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنۡ خَلَٰقٖۚ وَلَبِئۡسَ مَا شَرَوۡاْ بِهِۦٓ أَنفُسَهُمۡۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ
Алар Аллахтын динин таштап, анын ордуна шайтандардын Сулайман пайгамбардын падышалыгы тууралуу айткан жалган сөздөрүн ээрчип алышты. Анткени ал өзүнүн падышалыгын сыйкыр менен орнотту деп ойлошкон. Сулайман жөөттөр ойлогондой сыйкырлык менен алектенип каапырлык кылган эмес. Бирок шайтандар адамдарга сыйкырлыкты үйрөткөнү үчүн каапыр болушту. Алар адамдарды сыноо үчүн Ирактын Вавилон шаарындагы Харут жана Марут деген эки периштеге түшүрүлгөн сыйкырды үйрөтүштү. Бул эки периште кимге сыйкырды үйрөтпөсүн, аларды андан эскертип: «Чындыгында биз адамдар үчүн сынообуз. Андыктан сыйкырды үйрөнүү менен каапыр болуп калбагыла» – деп түшүрдүрүп айтышат эле. Алардын насыйкатын укпагандар алардан сыйкырды үйрөнүштү. Анын ичинде эркек менен аялдын ортосунда жек көрүүнү жаратып, аларды ажыраштырган түрү да бар болчу. Бирок бул сыйкырчылар Аллахтын каалоосу жана уруксаты жок эч кимге зыян келтире алышпайт. Алар өздөрүнө зыян келтирген жана пайда бербеген нерсени үйрөнүштү. Ал жөөттөр Аллахтын Китебин сыйкырга алмаштыргандар үчүн акыретте эч кандай үлүш да, насип да болбосун жакшы билишкен. Алар Аллахтын вахийин жана шариятын сыйкырлыкка алмаштыруу аркылуу өз жандарын сатып жиберген нерсеси кандай жаман! Эгер алар өздөрүнө эмне пайда берерин билишкенде, мындай шерменде ишке жана анык адашууга барышмак эмес.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• سوء أدب اليهود مع أنبياء الله حيث نسبوا إلى سليمان عليه السلام تعاطي السحر، فبرّأه الله منه، وأَكْذَبَهم في زعمهم.
Жөөттөрдүн Аллахтын пайгамбарларына жасаган жаман мамилеси Сулайман пайгамбарды сыйкырчылыкка катышы деп айтуулары. Аллах анын ага катышы жок экенин айтып, алардын дооматтарын жалганга чыгарды.

• أن السحر له حقيقة وتأثير في العقول والأبدان، والساحر كافر، وحكمه القتل.
Сыйкырчылык – бул анык нерсе жана ал акылга жана денеге таасирин тийгизет. Сыйкырчы – каапыр болуп эсептелет жана анын өкүмү – өлүм жазага тартуу.

• لا يقع في ملك الله تعالى شيء من الخير والشر إلا بإذنه وعلمه تعالى.
Аллахтын ээлигинде кандай гана жакшылык же жамандык болбосун, ал Анын каалоосу жана илими менен гана болот.

• سد الذرائع من مقاصد الشريعة، فكل قول أو فعل يوهم أمورًا فاسدة يجب تجنبه والبعد عنه.
Зыяндарды алдын алуу – шарияттын максаттарынан. Жаман иштерге алып бара тургандай ойлорду жараткан кандай гана сөз же аракет болбосун, алардан алыс жана сак болуу милдет.

• أن الفضل بيد الله تعالى وهو الذي يختص به من يشاء برحمته وحكمته.
Жакшылык Аллахтын гана колунда. Ал аны Өз ырайымы жана даанышмандыгы менен Өзү каалаганга гана берет.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (102) سورت: البقرة
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول