د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (137) سورت: البقرة
فَإِنۡ ءَامَنُواْ بِمِثۡلِ مَآ ءَامَنتُم بِهِۦ فَقَدِ ٱهۡتَدَواْۖ وَّإِن تَوَلَّوۡاْ فَإِنَّمَا هُمۡ فِي شِقَاقٖۖ فَسَيَكۡفِيكَهُمُ ٱللَّهُۚ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Эгерде жөөттөр, христиандар жана башка каапырлар силер сыяктуу ыйман келтиришсе, алар Аллах ыраазы болгон туура жолго түшүшмөк. А эгер пайгамбарлардын баарын же кээ кээ бирин жалганга чыгарып, ыймандан жүз бурушса, алар келишпестикте жана душмандыкта болушат. Оо, пайгамбар, капаланба! Чындыгында Аллах алардын зыянынан сени коргоого жетиштүү, Ал сени алардын жамандыгынан коргойт жана аларга каршы сага жардам берет. Ал алардын сөздөрүн Угуучу, ниеттерин жана иш-аракеттерин Билүүчү.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• أن دعوى أهل الكتاب أنهم على الحق لا تنفعهم وهم يكفرون بما أنزل الله على نبيه محمد صلى الله عليه وسلم.
Китеп ээлери өздөрүн акыйкаттабыз деп айтуусу аларга пайда келтирбейт жана алар Аллах пайгамбары Мухаммадга түшүргөн нерсеге каапырлык кылышат.

• سُمِّي الدين صبغة لظهور أعماله وسَمْته على المسلم كما يظهر أثر الصبغ في الثوب.
Диндин «боёк (сибга)» деп аталышынын себеби – кийимдеги боёктун тагы көрүнүп турган сыяктуу мусулмандын да иш-аракеттери жана асыл белгилери ачык көрүнүп турат.

• أن الله تعالى قد رَكَزَ في فطرةِ خلقه جميعًا الإقرارَ بربوبيته وألوهيته، وإنما يضلهم عنها الشيطان وأعوانه.
Аллах таала Өзүнүн жалгыз жаратуучулугун (рубубият) жана жалгыз Өзү сыйынууга татыктуулугун (улухият) моюнга алууну бүткүл макулуктардын табиятына салып койгон. Аларды андан шайтан жана анын жан-жөкөрлөрү гана адаштырат.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (137) سورت: البقرة
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول