Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (158) سورت: بقره
۞ إِنَّ ٱلصَّفَا وَٱلۡمَرۡوَةَ مِن شَعَآئِرِ ٱللَّهِۖ فَمَنۡ حَجَّ ٱلۡبَيۡتَ أَوِ ٱعۡتَمَرَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡهِ أَن يَطَّوَّفَ بِهِمَاۚ وَمَن تَطَوَّعَ خَيۡرٗا فَإِنَّ ٱللَّهَ شَاكِرٌ عَلِيمٌ
Каабага жакын Сафа жана Марва деп аталган эки тоо – шарияттын ачык белгилеринен. Ажылык же умра ибадаттарын аткаруу үчүн Каабага барган адам үчүн ал экөөнүн ортосунда желип чуркоо күнөө эмес. Мындагы күнөө эмес дегенден максат – ал экөөсүнүн ортосунда желип чуркоо Исламга чейинки караңгы доордон калган иш деген ишенимден улам кыжалат болгон мусулмандар үчүн тынчтануу. Аллах таала муну ажылык ибадаттарынын бири деп баяндады. Кимде-ким ыктыярдуу түрдө чын ыкластан мустахаб ибадаттарды кылса, Аллах ага ыраазылыгын билдирет, андан кабыл кылат жана ага сыйлыгын берет. Ал жакшылык кылгандарды жана сыйлыкка татыктууларды Билүүчү.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• الابتلاء سُنَّة الله تعالى في عباده، وقد وعد الصابرين على ذلك بأعظم الجزاء وأكرم المنازل.
Сыноо – Аллахтын пенделерине карата тутунган жолу. Ошондуктан сабырлууларга эң чоң сыйлыктарды жана эң улуу орундарды убада кылган.

• مشروعية السعي بين الصفا والمروة لمن حج البيت أو اعتمر.
Каабага ажылык жана умра кылгандар үчүн Сафа менен Марванын ортосунда чуркоо шариятта уруксат.

• من أعظم الآثام وأشدها عقوبة كتمان الحق الذي أنزله الله، والتلبيس على الناس، وإضلالهم عن الهدى الذي جاءت به الرسل.
Эң чоң жана жазасы катаал күнөөлөрдөн – Аллах түшүргөн акыйкатты жаап-жашыруу, адамдарды алдоо жана аларды пайгамбарлар алып келген туура жолдон адаштыруу.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (158) سورت: بقره
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول