د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (165) سورت: البقرة
وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَتَّخِذُ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَندَادٗا يُحِبُّونَهُمۡ كَحُبِّ ٱللَّهِۖ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَشَدُّ حُبّٗا لِّلَّهِۗ وَلَوۡ يَرَى ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ إِذۡ يَرَوۡنَ ٱلۡعَذَابَ أَنَّ ٱلۡقُوَّةَ لِلَّهِ جَمِيعٗا وَأَنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعَذَابِ
Ушундай ачык-айкын аят-белгилерге карабастан, адамдардын арасында Аллахтан башка кудайларды тутунган, аларды Аллах таалага теңеп, Аллахты сүйгөндөй сүйгөн адамдар бар. Ал эми ыйман келтиргендердин Аллахка болгон сүйүүсү алардын кудайларына болгон сүйүүсүнөн күчтүүрөөк. Анткени алар Аллахка эч кимди шерик кылышпайт, жыргалчылыкта да, кыйынчылыкта да Аллахты жакшы көрүшөт. Ал эми тигилер кудайларын жыргалчылык учурда гана жакшы көрүшөт, ал эми кыйынчылыкта Аллахка гана дуба кылышат. Эгерде ширк жана күнөө кылган залымдар акыретте азапка күбө болушканын көрүшкөндө, бүткүл күч-кубатка Аллах гана ээ экенин жана баш ийбестик кылгандарга Анын азабы катаал экенин билишмек. Эгерде алар муну көрүшкөндө, Ага эч кимди шерик кылышмак эмес.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• المؤمنون بالله حقًّا هم أعظم الخلق محبة لله؛ لأنهم يطيعونه على كل حال في السراء والضراء، ولا يشركون معه أحدًا.
Аллахка чындап ыйман келтиргендер – алар адамдардын ичинен Аллахты өтө жакшы көргөндөр. Анткени алар жыргалчылыкта да, кыйынчылыкта да, бардык абалдарда Аллахка баш ийишет, Ага эч кимди шерик кылышпайт.

• في يوم القيامة تنقطع كل الروابط، ويَبْرَأُ كل خليل من خليله، ولا يبقى إلا ما كان خالصًا لله تعالى.
Кыямат күнү бардык байланыштар үзүлөт, дос досунан баш тартат, Аллах таала үчүн болгондору гана калат.

• التحذير من كيد الشيطان لتنوع أساليبه وخفائها وقربها من مشتهيات النفس.
Шайтандын ыкмаларынын түрдүүлүгү, жашыруундугу жана напси каалоолоруна жакындыгы себептүү анын айла-амалдарынан эскертүү.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (165) سورت: البقرة
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول