د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (195) سورت: البقرة
وَأَنفِقُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلَا تُلۡقُواْ بِأَيۡدِيكُمۡ إِلَى ٱلتَّهۡلُكَةِ وَأَحۡسِنُوٓاْۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Аллахка баш ийүү үчүн Анын жолундагы согушка жана башка нерселерге мал-мүлк сарптагыла. Аллах жолунда согушууну жана ага мал-мүлк сарптоону таштоо менен же өлүмгө себеп боло турган нерселерге өзүңөрдү дуушар кылуу менен өзүңөрдү өзүңөр кыйроого түртпөгүлө. Ибадатыңарды, мамилеңерди жана адеп-ахлагыңарды жакшырткыла. Чындыгында Аллах бардык иштеринде жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт, алардын сообун көбөйтөт жана аларга туура жолго түшүүгө ийгилик берет.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• مقصود الجهاد وغايته جَعْل الحكم لله تعالى وإزالة ما يمنع الناس من سماع الحق والدخول فيه.
Аллах жолунда согушуунун максаты – өкүмдү Аллах таалага таандык кылуу, адамдардын акыйкатты угуусуна жана аны кабыл кылуусуна тоскоол болгон нерселерди жок кылуу.

• ترك الجهاد والقعود عنه من أسباب هلاك الأمة؛ لأنه يؤدي إلى ضعفها وطمع العدو فيها.
Аллах жолунда согушууну токтотуу жана ага барбай коюу – үммөттүн кыйроосунун себептеринин бири. Анткени ал анын алсыроосуна жана душмандын ага көз артуусуна алып келет.

• وجوب إتمام الحج والعمرة لمن شرع فيهما، وجواز التحلل منهما بذبح هدي لمن مُنِع عن الحرم.
Шарият талап кылгандарга ажылык менен умраны толук аткаруу милдет жана Аль-Харамга кирүүдөн тыйылгандар үчүн курмандык чалуу менен андан кутулуу уруксат.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (195) سورت: البقرة
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول