د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (220) سورت: البقرة
فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِۗ وَيَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلۡيَتَٰمَىٰۖ قُلۡ إِصۡلَاحٞ لَّهُمۡ خَيۡرٞۖ وَإِن تُخَالِطُوهُمۡ فَإِخۡوَٰنُكُمۡۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ ٱلۡمُفۡسِدَ مِنَ ٱلۡمُصۡلِحِۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَأَعۡنَتَكُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Бул дүйнөдө жана акыретте силерге эмне пайдалуу экенине ой жүгүртүүңөр үчүн ушулар шарият кылынды. Оо, пайгамбар! Сахабаларың сенден жетимдерди кепилдикке алуу, алар менен болгон мамиледе кандай иш жүргүзүү керектигин жана аларды каржылоодо, тамак-ашы жана турак-жайы бирге болгондо алардын мал-мүлкүн аралаштырса болобу деп сурашат. Алар жооп кылып айт: «Алардын мал-мүлкүнөн төлөм акы албастан же аралаштырбастан аны жөнгө салуу менен жакшылык кылганыңар — силер үчүн Аллахтын алдында жакшыраак жана сообу көбүрөөк. Бул алардын мал-мүлкү үчүн жакшы, анткени муну менен мал-мүлктөрү сакталат. Эгерде силер турмуш-тиричиликте, турак-жайда жана башка нерселерде алардын мал-мүлкүн өзүңөрдүкүнө кошуп шериктеш болсоңор, мунун эч кандай жамандыгы жок. Анткени алар диндеш бир тууганыңар, ал эми бир туугандар бири-бирине жардам беришет жана бири-биринин иштерине көмөктөшөт. Аллах жетимдердин мал-мүлкүнө шериктеш болгон камкорчулардын кимиси жамандыкты, кимиси жакшылыкты көздөгөнүн жакшы билет. Эгерде жетимдер маселесинде силерге кыйынчылык жаратууну кааласа, анда кыйынчылык жаратмак. Бирок Ал силер үчүн алар менен болгон мамилени жеңилдетип койду. Анткени Анын шарияты жеңилдикке негизделген. Чындыгында Аллах эч бир нерсеге жеңилбеген Кудуреттүү, Өз жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• تحريم النكاح بين المسلمين والمشركين، وذلك لبُعد ما بين الشرك والإيمان.
Ширк менен ыймандын ортосундагы алыстыктан улам мусулмандар менен мушриктердин ортосунда нике кыюунун арамдыгы.

• دلت الآية على اشتراط الولي عند عقد النكاح؛ لأن الله تعالى خاطب الأولياء لمّا نهى عن تزويج المشركين.
Аят никеге турууда камкорчунун (валийдин) күбө болуусу шарт экенине далил. Анткени Аллах таала мушриктерге турмушка бербегиле деп камкорчуларга кайрылды.

• حث الشريعة على الطهارة الحسية من النجاسات والأقذار، والطهارة المعنوية من الشرك والمعاصي.
Шарият сырткы ыплас жана булганыч нерселерден таза болууга, ошондой эле ички күнөөлөрдөн жана ширктен таза болууга үндөйт.

• ترغيب المؤمن في أن يكون نظره في أعماله - حتى ما يتعلق بالملذات - إلى الدار الآخرة، فيقدم لنفسه ما ينفعه فيها.
Ыймандуу адамды иш-аракеттеринде, ал тургай ырахаттанууга байланышкан нерселерде да акыретке назар салууга жана ал үчүн өзүнө пайдалуу нерселерди камдоого үндөдү.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (220) سورت: البقرة
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول