د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (251) سورت: البقرة
فَهَزَمُوهُم بِإِذۡنِ ٱللَّهِ وَقَتَلَ دَاوُۥدُ جَالُوتَ وَءَاتَىٰهُ ٱللَّهُ ٱلۡمُلۡكَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَعَلَّمَهُۥ مِمَّا يَشَآءُۗ وَلَوۡلَا دَفۡعُ ٱللَّهِ ٱلنَّاسَ بَعۡضَهُم بِبَعۡضٖ لَّفَسَدَتِ ٱلۡأَرۡضُ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ ذُو فَضۡلٍ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ
Аллахтын каалоосу менен аларды жеңишти жана Дауд алардын башчысы Жалутту өлтүрдү. Аллах ага падышалыкты жана пайгамбарлыкты берди, ага илимдин каалаган түрлөрүнөн үйрөтүп, дүйнөдө жана акыретте пайдасы тийген нерселерди ага топтоду. Эгерде кээ бир адамдар аркылуу башкалардын бузукулугун токтотуу – Аллахтын тутунган жолу болбогондо, анда жер бети бузукулардын башкаруусу менен бузулуп кетмек. Бирок Аллах бардык макулуктарга жакшылык кылуучу.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• من حكمة القائد أن يُعرِّض جيشه لأنواع الاختبارات التي يتميز بها جنوده ويعرف الثابت من غيره.
Жол башчынын өз аскерлерин айырмалап, алардын кимиси туруктуу экенин билиш үчүн аларды ар кандай сыноолорго дуушар кылуу анын акылмандыгынан.

• العبرة في النصر ليست بمجرد كثرة العدد والعدة فقط، وإنما معونة الله وتوفيقه أعظم الأسباب للنصر والظَّفَر.
Жеңишке жетүүдө тек гана сандын көптүгү жана даярдыгы маанилүү эмес, жеңишке жетүүнүн эң чоң себеби – Аллахтын жардамы жана ийгилиги.

• لا يثبت عند الفتن والشدائد إلا من عَمَرَ اليقينُ بالله قلوبَهم، فمثل أولئك يصبرون عند كل محنة، ويثبتون عند كل بلاء.
Козголоңдордо жана кыйынчылыктарда жүрөгүндө Аллахка болгон терең ишиним орногондор гана бекем турушат. Андайлар бардык сыноолорго чыдашат жана ар бир кыйынчылыкка туруштук беришет.

• الضراعة إلى الله تعالى بقلب صادق متعلق به من أعظم أسباب إجابة الدعاء، ولا سيما في مواطن القتال.
Аллах таалага чын жүрөктөн жалынып-жалбаруу – дубанын кабыл болушунун эң чон себептеринен, айрыкча согуш майдандарында.

• من سُنَّة الله تعالى وحكمته أن يدفع شر بعض الخلق وفسادهم في الأرض ببعضهم.
Кээ бирлердин жер бетиндеги жамандыгын жана бузукулугун башка бирөөлөр аркылуу токтотуу – Аллах тааланын тутунган жолу.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (251) سورت: البقرة
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول