Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (54) سورت: بقره
وَإِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِۦ يَٰقَوۡمِ إِنَّكُمۡ ظَلَمۡتُمۡ أَنفُسَكُم بِٱتِّخَاذِكُمُ ٱلۡعِجۡلَ فَتُوبُوٓاْ إِلَىٰ بَارِئِكُمۡ فَٱقۡتُلُوٓاْ أَنفُسَكُمۡ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ عِندَ بَارِئِكُمۡ فَتَابَ عَلَيۡكُمۡۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ
Дагы бул жакшылыктардын ичинен Аллах силерге торпокко сыйынганыңардан кийин тообо кылууга мүмкүнчүлүк бергенин эстегиле. Анткени Муса силерге айткан: «Силер торпокту кудай тутуп сыйынып, өзүңөргө зулум кылдыңар. Эми Жаратуучуңарга тообо кылгыла жана Ага кайткыла. Анүчүн бири-бириңерди өлтүргүлө. Ушундай жол менен тообо кылуу – тозокто түбөлүк калууга алып баруучу каапырлыктан кайтпай жүргөндөн жакшыраак. Анан силер Аллахтын ийгилиги жана жардамы менен аны аткардыңар, Ал тообоңорду кабыл кылды. Анткени Ал тооболорду көп кабыл кылуучу, пенделерине ырайымдуу.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• عِظَمُ نعم الله وكثرتها على بني إسرائيل، ومع هذا لم تزدهم إلا تكبُّرًا وعنادًا.
Аллахтын Исраил урпактарына кылган жакшылыктарынын улуулугу жана көптүгү. Бирок ага карабастан, бул алардын текеберлигин жана баш ийбестегин күчөттү.

• سَعَةُ حِلم الله تعالى ورحمته بعباده، وإن عظمت ذنوبهم.
Пенделердин күнөөлөрү канчалык чоң болсо да, Аллахтын аларга карата болгон токтоолугу менен ырайымдуулугунун кеңдиги.

• الوحي هو الفَيْصَلُ بين الحق والباطل.
Вахий – акыйкат менен жалганды ажыратуучу.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (54) سورت: بقره
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول