د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (93) سورت: البقرة
وَإِذۡ أَخَذۡنَا مِيثَٰقَكُمۡ وَرَفَعۡنَا فَوۡقَكُمُ ٱلطُّورَ خُذُواْ مَآ ءَاتَيۡنَٰكُم بِقُوَّةٖ وَٱسۡمَعُواْۖ قَالُواْ سَمِعۡنَا وَعَصَيۡنَا وَأُشۡرِبُواْ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلۡعِجۡلَ بِكُفۡرِهِمۡۚ قُلۡ بِئۡسَمَا يَأۡمُرُكُم بِهِۦٓ إِيمَٰنُكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ
Биз силерден Мусаны ээрчүү жана ал Аллахтан алып келген нерсени кабыл алуу тууралуу бекем убада алганыбызды эстегиле. Биз силерди коркутуу үчүн үстүңөргө тоону көтөрүп койдук жана силерге: «Биз Тооратта келтирген нерселерди олуттуу жана тырышчаактык менен алгыла жана кабыл алуу жана моюн сунуу менен уккула, болбосо үстүңөргө тоону кулатабыз» – деп айтканда, силер: «Кулагыбыз менен уктук, бирок иш жүзүндө баш ийген жокпуз» – дедиңер жана каапырлыгыңар себептүү торпокко сыйынуу жүрөгүңөргө отурукташып калды. Оо, пайгамбар! Айткын: «Эгер ыймандуу болсоңор, силерди Аллахка каапырлык кылууга буйруп жаткан бул ыйманыңар кандай жаман! Анткени чыныгы ыйманда каапырлык болбойт». Оо, пайгамбар! Бул силердин ыйманыңар буйруп жаткан нерсе кандай жаман - деп айт. Анткени, чыныгы ыйман, ага эч бир каапырлык аралашпайт.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• اليهود أعظم الناس حسدًا؛ إذ حملهم حسدهم على الكفر بالله وردِّ ما أنزل، بسبب أن الرسول صلى الله عليه وسلم لم يكن منهم.
Жөөттөр эң көрө албас адамдар. Анткени алардын көрө албастыгы Аллахка каапырлык кылууга жана Ал түшүргөн нерсени четке кагууга түрттү. Себеби пайгамбар алардан эмес болчу.

• أن الإيمان الحق بالله تعالى يوجب التصديق بكل ما أَنزل من كتب، وبجميع ما أَرسل من رسل.
Аллах таалага болгон чыныгы ыйман, Ал түшүргөн бардык китептерге жана Ал жиберген бардык пайгамбарларга ишенүүнү талап кылат.

• من أعظم الظلم الإعراض عن الحق والهدى بعد معرفته وقيام الأدلة عليه.
Чындыкты жана туура жолду билип туруп, ага далил келтиргенден кийин андан баш тартуу – эң чоң зулумдуктардан.

• من عادة اليهود نقض العهود والمواثيق، وهذا ديدنهم إلى اليوم.
Келишимдерди жана убадаларды бузуу жөөттөрдүн адаты жана ушул күнгө чейин кылып келген көнүмүш адаты.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (93) سورت: البقرة
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول